СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мен жана менин укугум

Нажмите, чтобы узнать подробности

Мен жана менин укугум

Просмотр содержимого документа
«Мен жана менин укугум»

Тема: Мен жана менин укугум

Сабактын максаты:

  1. Билим берүүчүлүк:

Окуучулар, укуктары, милдеттери жана Конвенция жөнүндө кеңири маалымат алышат.

  1. Өнүктүрүүчүлүк:

Ой – пикирлерин эркин айтууга, сынчыл ойлоосун өнүктүрүүгө калыптанышат.

  1. Тарбия берүүчүлүк:

Жүрүм – турумундагы кемчиликтерин оңдой билүүгө, адептүүлүккө тарбияланышат.

Сабактын ыкмасы: РАФТ стратегиясы

Сабактын жабдылышы: Дубал газета, сүрөттөр, накыл сөздөр, видео, слайд, “Укук кодекстери”, “Баланын укуктары жөнүндө конвенция”

Сабактын жүрүшү:

  1. Уюштуруу.

  2. Мотивация жаратуу.

Карагылачы менин колумда эмне болгон жиптер турат? (бири чаташкан, экинчиси түз). Бул экөөнү салыштырып көргүлөчү, эмнеге окшоштурасыңар?

Азыр биз бул жиптин баш-аягын тапсак кандай болот, эмнени билгизиши мүмкүн?

Элестетип көргүлөчү. Ар бир адамдын жашоосу бул жип сыяктуу. Бирде мына мындай түз болсо, бирде чаташып калышы мүмкүн. Ал чаташуу эмнеден келип чыгаарын билесиңерби?

Сабактын темасы, максаты менен тааныштыруу.

Балдар, адам укуктары боюнча баардык документтердин ичинен БУУнун Генералдык Ассамблеясы тарабынан кабыл алынган балдардын укуктары жөнүндөгү Конвенция эл аралык деңгээлде кеңири таанылды. Аны эки өлкөдөн башка дүйнөдөгү баардык мамлекеттер ретификациялаган. Балдардын укуктары жөнүндө конвенция Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык Ассамблеясында 1989-жылдын 20-ноябрында кабыл алынган. Конвенция үч бөлүктөн турат.

  1. Бөлүгү: 1-ден 45-беренеге чейин;

  2. 42-ден 45-беренеге чейин;

  3. 46-дан 54-беренеге чейин.

Эмесе ушул конвенциядагы укуктарыбызды билүү үчүн РАФТ стратегиясы аркылуу билгенге аракет кылалы.

Балдар, биздин эң негизги максатыбыз өз укугубузду билүү болгондуктан, Балдардын укуктары жөнүндө конвенциянын 1-бөлүгү менен тааныштыруу максатында укук таануучу – референт Турусбекова Алинаны жана байкоочу конокторду бүгүнкү тарбиялык сабагыбызга чакырган элек. Эмесе өзүңөрдү кызыктырган суроолор менен референтке кайрылсаңар болот.

1 – суроо: 18 жашка толо элек балдар чоң кишилер менен бирдей укукка ээ боло алабы?

Референт: 1-берене: Эгер сен 18 жашка чыга элек болсоң, анда сен өспүрүм болуп эсептелесиң.

2-суроо: Конвецияда ар бир баланын укуктары кандайча каралат?

Референт: 2-берене: Сен дискриминациядан сактанууга укугуң бар. Бардык балдар бирдей укукка ээ.

3-суроо: Бул конвецияда балдардын таламын камсыздоого көңүл бурулганбы?

Референт: 3-берене: Сен чоң кишилер тарабынан корголууга жана алардын камкордугун көрүүгө укуктуусуң.

4-суроо: Бул конвенцияга бир канча мамлекет катышкан турбайбы? Ошолордун бардыгында балдардын жоопкерчилиги, укуктары бирдейби?

Референт: Ооба бардыгыныкы бирдей. 5-берене: Сен өзүңдүн зээндүүлүгүңдү өстүрүүгө; 31-берене: Эс алууга, ойноого жана чыгармачылык иштер менен иштөөгө укуктуусуң.

5-суроо: Биз төрөлгөндөн баштап эле укукубуз корголгонбу же 18 жаштан кийинби?

Референт: 6-7-берене: Сен жашоого жана ден соолукта өнүгүүгө, ошондой эле ысым алууга, граждандуулукка укуктуусуң.

6-суроо: Мен жекече жарандыгымды сактоого укукгум барбы?

Референт: 8-берене: Сен өзүңдүн индивидуалдуулугуңду сактоого укугуң бар.

7-суроо: Мен жекече көз карашымды билдирүүгө укуктуумунбу?

Референт: 12-берене: Сен ой-пикириңдин эркин болушуна укуктуусуң.

8-суроо: Бала өз пикирин, сөз алмашуусун билдире алабы?

Референт: 13-берене: Сен маалымат алууга жана аны берүүгө укуктуусуң.

Мугалим: Кана балдар, бир аз суроолоруңарды токтосо турсаңар. Референтке кат менен кайрылгандар да бар экен ошол каттын мазмуну менен таанышып көрөлү.

Референт: 9-16-19-беренелерде каралгандай: Эгерде ата-энең ажырашып кеткен болсо, сенин алардын кимиси менен жашагың келээри эске алынышы керек. Сен экөө менен тең катташууга укуктуусуң. Сен жекече, өз алдынча жашоого, зордуктоодон жана жаман мамиле кылуудан коргонууга укукгуң бар.

28-29- берене: Сен билим алууга укуктуусуң. Башталгыч билимдериң бекер болушу керек. Ошондой эле билим алуу сенин зээндүүлүгүңдүн өсүшүнө, талантыңдын өркүндөшүнө, ата-энеңди сыйлоого, бизди курчап турган жаратылышты коргоону үйрөтүүгө жардам бериши керек.

18-берене: Ата-эне баланын тарбияланышына жана өсүшүнө негизги жоопкер.

9-суроо: Биздин ден-соолугубузга кам көрүлөбү?

Референт: 24-берене: Сен эң жакшы медициналык кароого укуктуусуң.

10-суроо: Дин тутуу укугуна, эркиндигине ээбизби?

Референт: 14-берене: Сен ойлоруңдун жана диниңдин эркин болушуна;

30-берене: Кандай гана өлкө болбосун, сен өзүңдүн маданиятыңды, диниңди тутуп, өз эне тилиңди колдонууга укуктуусуң (видео көрсөтүлөт). Окуучулар өздөрүнүн укугу боюнча кластер түзүшөт.

Балдар, укугуң менен бирге милдеттериңерди да унутпагыла! Ар бириңер келечекте жакшы адам болууну көздөсөңөр, көркөм адабияттарды көп окуп маданият жана искусствонун жетишкендиктери менен таанышып, ар кандай ийримдерге, спортко катышып турууңар керек. Силер келечектин ээлерисиңер.

Үй тапшырма: “Мен бүгүн киммин, келечекте ким болом?” деген темада эссе жазып келгиле.

Жыйынтыктоо:

Кайрымдуу бол, калыс бол,

Кара өзгөйдөн алыс бол.

Ата Мекен, эл үчүн

Ар намыстуу атуул бол

Адам бол!

Бар бол!


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!