СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Менин интеллектуалдык денгээлим кандай

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Менин интеллектуалдык денгээлим кандай»

Менин интеллектуалдык денгээлим кандай?



Сабактын максаты:
1. Окуучулар интеллект, интеллектуалдык денгээл жонундо тушунук алат.
2. Окуучулар озунун интелектуалдык денгээлин остуруу жонундо ой жугуртууго оболго тузуу.
3. Жанычылдыкка, алдыга умтулуучулукка, ан сезимин остурууго аракет кылууга тарбиялоо.


Сабактын жабдылышы: Таркатма материалдар.
Сабактын журушу:

:
Сабактын максаты жонундо тушунук беруу.
Жаны теманы тушундуруу:
   Интеллект  — бул абстрактуу ой жугурто алуу, прооблемаларды туура чече алуу, татаал идеяларды тушуно алуу, тез окуп –уйроно алуу мумкунчулукторун камтыган акыл-эс жондомдуулугу. Бул жон эле китепти коп окуу же тесттерди жакшы тапшыруу эле эмес. Интелект ото терен жана кенири дуйно таанууну билдирет.  
    Адамдын интелектинин денгээлин сапаты болуп анын акылынын терендиги, ийкемдуулугу, логикасы, Уюштуруу кыймылдуулугу, далилдуулугу эсептелет. Адамдын коп нерсеге кызыгуучулугу, ар тараптуулугу, жаны нерседен коркпостугу анын интеллектуалдык денгээлин онуктурууго шарт тузот. Ал эми чектелген ой-жугуртуу тескери таасир этет.
    Ар ким өз мүмкүнчүлүгүн билиши парз. Бирок  өз мүмкүнчүлүгүн чектебеш керек. Изилдөөлөргө караганда ар бир адам өмүрүндө орточо эсептегенде турмушунда жети жолу өнөр кызматын алмаштырат экен.. Тилекке каршы, бүгүнкү заманда алган өнөрүң тез эле эскирип калууда. Ошондуктан адам заманга, агымга жараша билимин да, адистигин да тез өзгөртүп алган касиеттерге ээ болушу абзел.
Ал интеллектуал деп биз тез өзгөрмөлүү заманда баалуулуктарын, принциптерин тепсебей туруп, өзүнүн жолун тез таап, жаңы учурга тез ыңгайлашып кеткен адамды айтсак туура болоор деп ойлойм.
     Өнөр же адистик жөнүндө токтоло турган болсок, бүгүнкү күндө адам өзүнүн гана тегерегинде, айылында калбай дүйнө жүзүндөгү эң алдыңкы жетишилген ийгиликтерге карап түзөлүүгө, ага жетүүгө аракет кылуулары тийиш. Ошондо гана жакшы жашоого жетише алабыз.

  Суроо-жооп.
- Озубуздун интеллектуалдык денгээлибизди кантип билебиз жана остуробуз? (Окуучулардын ой-пикирлерин угуу керек).
- Интеллектуал-шоу деген эмне? (окуучулардын жооптору)
- Интеллектуалдык кандай оюндарды билесинер? (окуучулардын жооптору)
- Телевизордон «Акыл ордону» ким корот?
- «Акыл ордодогу» суроолорго озунорчо жооп бересинерби?

Бышыктоо.
    Интеллектуал денгээлибизди аныкташ учун бир нече логикалык суроолорго жооп берип королу:
1. Оорулуунун уйуно бара жаткан врач биринчи эмнеге конул бурат?(дарегине)
2. Короз эмне учун бир бутун которуп турат? (себеби эки бутун тен которсо жыгылып тушот).
3. Былтыркы жылдагы карды кантип табууга болот?
4. Арабтар аны чолдун кемеси дешет… ал эмне? (тоо)
5. Спутник жерди биринчи  айланганда 1 саат 40 минута кеткен, ал эми экинчи айланганда 100 минута кеткен. Эмне учун?(1саат 40 мин=100 мин).
6. Бул нерсе эки адамды бактылуу кылат… бул эмне? (кызыл алма Ч. Айтматов)
7. Дуйно жузу боюнча бардык адамдар бир убакта эмне кылышат?     (карыйт)
8. Жерден эмнени оной которуп аласын, бирок узакка ыргыта албайсын?(кагазды)
9.  . Бир сулууну эгиз балдар жактырып калышат. Анда кыз: “Асан, асманымсың, жеримсиң. Үсөн, оң колумсуң, сол колумсуң”,- дейт. Ошондо кыз жигиттерге кандай жооп берди? (Туура жообу – Асанга “ооба” дейт. Анткени “асман-жер” дегенде башын ийкегени, Үсөнгө “жок” дейт, анткени башын оңго-солго бурганы “жок” дегени)
10. Бөлмөдө 5 мышык бар. 5 мышык 5 мүнөттө 5 чычкан кармады. Ошондо мышыктар канча мүнөттө чычкан кармашты? (5 мүнөттө)
11. Эмне үчүн Гренландияны ачкан саякатчы аралды “жашыл жер” деп атаган. (Туура жообу – Гренландия англисчеден которгондо “жашыл жер” дегенди түшүндүрөт
12. 1. Столдун үстүндө 3 шалгам, 4 алма турат. Бала келип, 1 алманы алды. Столдун үстүндө канча жемиш калды?(Туура жообу – үч)
13. 2. Гитарада, домбрада алты, комузда бешөө эле. Сөз эмне жөнүндө болууда. (Туура жообу – сөз жөн гана аспаптардын аталышында жана тамгалардын саны жөнүндө)
14. . Кафеде апасы, атасы, уулу, кызы, эжеси, агасы, таякеси, иниси, жээни тамактанып отурушат. Ал жерде канча адам отурат? ( Туура жообу – 4 адам отурат. Биртууган аял жана эркек, алардын уулу жана кызы) 
Жыйынтыктоо:
    Суроолорго эн коп жооп берген окуучулар оздорунун логикалык ой жугуртуусу чектелбеген, кенири экендигин билдирет. Келечек интеллектуал жаштардын колунда!


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!