СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Менин кыялымдагы Кыргызстан

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Менин кыялымдагы Кыргызстан»


Нурматова Мехрибону Элдоровна

Ош Мамлекеттик университети

Эссе

Менин кыялымдагы Кыргызстан


Мекен – бардык адамдар үчүн ыйык түшүнүк, ал эч нерсеге алмаштырылбай турган байлык, берекелүү жер. Биздин ата-бабаларыбыздын өчпөс тарыхы. Мекен – бул ар бирибиздин туулган жерибиз, айылыбыз, мамлекетибиз. Дүйнөдө кооз жерлер көп, бирок баары бир адам туулуп өскөн жерден жакшы жер таппайт. Ар бир адамдын жашоосунда улуту, терисинин түсү боюнча ким болбосун, аны эч ким үзө албаган көзгө көрүнбөгөн жип менен байланыштырган жери болот. Бул жер үй. Адам кайсы жерде болбосун, ал ар дайым өз мекенин сүйөт, анткени аны башка эч бир мамлекет алмаштыра албайт.

Кыргызстан биздин мекенибиз. Ал кандай гана сулуу, анын ичинде канчалаган жаркын эскерүүлөр, таасирлер жана сүйүү сакталат! Бул менин туулуп-өскөн жерим, биринчи дем алган жерим, чоңоюп, алгачкы кадамымды таштаган жерим. Мекен бизге эркиндик берди, өмүр берди. Бул жерден биринчи жолу апамдын күлкүсүн, атамдын камкордугун көрдүм, алардын сүйүүсүн сездим. Бул жерде мен мектепке бардым жана билим алуу укугумду колдондум. Жашоомдун жаркын көз ирмемдери мекеним менен байланыштуу. Ар бир кыргызстандык сыяктуу мен да Кыргыз Республикасынын жараны болгонума чексиз кубанычтамын.

Биздин кыргыз жерибиз - абдан кооз, биологиялык жана географиялык жактан төп келген кереметтүү жер. Менин сыймыктанар, мактанар жерим - Кыргызстаным, куттуу Мекеним. Кыргыз жери - адамдын көз жоосун ала тургандай кооз, кереметтүү, касиеттүү өлкө.

Кыргызстандын чебиндей болгон көк мелжиген бийик-бийик тоолору, шаркырап аккан суулары, кызыл-тазыл гүлдөрү, жыттуу арчалары, бийикти мекендеген жапайы жаныбарлары, деги эле койчу, сулуулуктун, байлыктын баары бизде. Кыргыз жерим кенге бай, алтын, көмүр, мунай, уран, сурьма, мрамор, гранит, туз жана ар кандай минералдык суулар бар. Ар бир облустун өзүндө, адамды тамшандырган кооз жерлери жана тарыхый мурастары бар.

Кыргыз жерибиздин тоолоруна жаратылышына суктанып, көптөгөн мамлекеттерден туристтер, чет элдик меймандар келип эс алып кетишет. Чыныгы эң кооз эс алуучу жайлардын бири бул Ысык-Көл. Кыргыз көлү атайын эс алууга жаралгандай, жайы-кышы жылуу. Кыргыз жерине келген чет элдик меймандар, туристтер жакшы ойлорун айтып суктанышат.

Кыргызстан өзү чакан мамлекет болсо да, тоолору, суу сактагычтары, жаратылышы менен бут дүйнөгө таанылган.

Ар бир адам өз мекени тууралуу аз болсо дагы кыялданат. Менин кыялымда, мамлекетибизде тынч жашоо болуп, кичинекей бөбөктөр эшикке чыгып ойногондон коркпой, күнөөлүүлөр жазаланып, карапайым элдин укугу корголот.

Менин кыялымда, мекенибизде «бай», «кедей» деген социалдык бөлүнүү жоголуп, бардыгыбыз бирдей мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, мыйзам жакшы иштеп, ал мыйзамдын алдында бардыгыбыз бирдей жооп беришибиз керек. Колунда барлар жасаган кылмышы үчүн акча менен кутулбай, жөнөкөй адамдар күнөөсү жок соттолбой, бардыгы мыйзам чегинде болушун каалайм. Келечекте акча, байлык эмес, адамдардын бири-бирине болгон мамилеси, тынчтык, акыйкаттык, сүйүү, гармония жашап, ар бир адам бактылуу өмүр сүрөт деп ишенем.

Бийлик өз кардысы үчүн эмес, элдин жашоосу үчүн чын дилинен эмгектенет деп кыялданам.

Ар бир адамдын укугу тең корголуп, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жашоосу башкалардын жашоосунан кем болбошун кыялданам. Алар да, кадимки адамдардай, эмгектенип, окуп, эс алып, жашоонун ыракатын сезүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушу керек деп эсептейм.

Элибиз, түндүк менен түштүккө бөлүнбөй, улутчулдук жок болуп, улут аралык кагылышуулар болбой , бардыгыбыз бир бүтүн Кыргызстан болуп жашообузду кыялданам.

Жарандар бирдей деңгээлде мамлекетине пайдасын көргөзө алат жана ар бир адам Кыргызстан үчүн бирдей чоң ролду ойногон күн келет деп ишенем! Мартин Лютер Кингдин кыялы ишке ашкандай, менин да кыялым өз ордун таап, тынчтык менен бакубат жашоодо өмүр сүрөбүз деген терең ишеничим бар!


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!