СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Microsoft office

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Microsoft office

Просмотр содержимого документа
«Microsoft office»

Датасы:______________ 1-2-3-группа

Датасы: ______________ 4-5-группа

Датасы: ______________ 6-7-группа


Сабактын темасы: Microsoft office пакети. Текстик информация.

Сабактын тиби: Жаны тема түшүндүрүү, билимдерди бышыктоо, билгичтиктерди жана көндүмдөрдү калыптандыруу сабагы;

Сабактын максаты:

  1. Билим берүүчүлүк- Окуучулар Microsoft office жөнүндө маалымат алышат, билимин, билгичтигин калыптандырышат.

  2. Өнүктүрүүчүлүк- программалар менен иштөөгө көнүгүшөт, ой жүгүртүүсүн өстүрүшөт;

  3. Тарбия берүүчүлүк- Берилген тапшырмалар аркылуу тапкычтыкка, шамдагайлыкка, өз алдынча иштөөгө, тартынбастыккачычкан менен иштөөгө. Сабакта тынч отурууга жана көңүл бөлүүгө, сылыктыкка, ынтымакка, бирин-бири угууга тарбияланышат.

Окутуу каражаттары: методикалык адабияттар, «Компьютер боюнча практикум»

Ж.Исманалиев, К. Мурзакулов. Исфана 2010-ж.

Интернет булактары.

Жабдылыштар: компьютер, сүрөттөр, доска, маркер,

Сабактын методу: Иновациялык түшүндүрүү,

Сабактын формасы: компьютердик сабак

Предмет аралык байланыш: кыргыз тили, англис тили,

Сабактын планы:

  1. Уюштуруучулук.

  2. Мотивация.

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу-Окуучулар менен жылуу маанайда учурашып, журналга белгилөө

Бүгүнкү сабакта биз

  1. Өткөн теманы кайталоо, бышыктоо;

  2. Жаны тема боюнча маалымат алышат;

  3. Бышыктоо үчүн көнүгүүлөрдү аткарышат;

  4. Баалоо, үй тапшырма берүү, жыйынтык;

  5. Окуучулардан күтүлүүчү натыйжалар: (окуучулар бул сабактын соңунда кандай деңгээлди көрсөтүш керек?)

Компетенциялар/

Деңгээлдер

Маалыматтык


Социалдык-коммуникативдик

Өзүн-өзү уюштуруу жана маселелерди чечүү

Репродуктивдүү

Окуучу Microsoft office пакетин билишет

Окуучулар аталган теманы талкуулашат, ой бөлүшөт

Окуучулар Microsoft office кызматын үйрөнүшөт

Продуктивдүү

Окуучулар Microsoft office мүмкүнчүлүгүн үйрөнүшөт

Окуучулар бири-биринен үйрөнүшөт жана талкуулайт

Microsoft office тин иштерин, элементтерин билишет


Креативдүү

Окуучулар Microsoft office тин программаларын айырмалай алышат

Окуучулар ар бир программа менен иштегенди билишет

Окуучулар Microsoft office ти турмушта колдоно алышат


Билимин актуалдаштыруу:

  1. Paint кандай программа?

  2. PAINT программасын кантип ачабыз?

  3. Paint терезеси кандай структурадан турат?

  4. Кандай панель инструменттери бар?

  5. Панель инструменттери кандай кызмат аткарат?

  6. Сүрөттөрдү боёчу команда кандай аталат?

  7. Сүрөттөргө текст жазуучу команда кандай аталат?

  8. Паинте сүрөттүн бөлүгүн кантип кесип алабыз?

  9. Кесип алынган сүрөттү кантип көчүрүп, кантип башка жерге коёбуз?

Жаны тема:

Текст– бул бастырылган, жазылган же оозеки формадагы ар кандай сѳз түрүндѳгү билдирүү (айтылыш). Жазылган текст формасында берилген информация тексттик

информациядеп аталат.

Миңдеген жылдар бою адамдар информацияны жазып келишкен. Бул убакыттын ичинде жазууну эмнеге (таш, чопо, жыгач, папирус, пергамент, кагаз) жазгандыгы жана эмненин жардамы менен (курч таш, сѳѳк таяк, куштун канаты, куштун канатынан жасалган калем, авторучка, XIX кылымдын аягынан баштап жазуучу машинка колдонула баштаган) жазгандыгы ѳзгѳрүп келген. Бирок, эң башкы нерсе ѳзгѳргѳн эмес, ал: текстке ѳзгѳртүү киргизүү үчүн аны кайрадан жазып чыгуу керек болгон. Бул абдан узак жана кѳп эмгек талап кылган процесс.

Компьютердин пайда болушу жазуу технологиясын түп-тамырынан бери өзгөрттү. Атайын компьютердик программалардын жардамы менен каалагандай текстти терсе болот. Зарыл болгон учурда ага ѳзгѳртүү киргизе алабыз. Узакка сактоо үчүн

компьютердин эсине текстти жазууга болот. Текстти кайталап киргизбестен каалаган сандагы кѳчүрмѳсүн принтерде басып чыгарууга болот. Текстти электрондук почтанын жардамы менен башка компьютерлерге жѳнѳтүүгѳ болот.

Тексттик документтер

Тексттик документ болуп статья, доклад, аңгеме, ыр, чакыруу, кулактандыруу же куттуктоо баракчалары эсептелишет.

Тармак менен иштегенде бир татаал документтин бѳлүктѳрү бири-биринен алыс турган ар түрдүү компьютерлерде сакталышы мүмкүн.

Тексттик документтин негизги объекттери

Гипертекст– бул керектүү информацияны тез табууга мүмкүндүк берүүчү документтерди уюштуруу жолу. Гипертекст кѳп учурда чукул жардам берүү системаларын жана чоң маалымдамалар менен энциклопедиялардын компьютердик версияларын курууда колдонулат. Бир орундан гипертексттеги башка орунга ѳтүү шилтеменин жардамы менен жүзѳгѳ ашырылат.

Тексттик документтин негизги объекттери болуп: символ, сѳз, сап, абзац, барак, фрагмент эсептелет.

Символ– цифра, тамга, тыныш белгилери ж. б.

Сѳз – эки тарабынан кызматчы символдор (пробел, үтүр, кашаалар сыяктуу) менен чектелген символдордун (цифра, тамга ж. б.) ар кандай ырааттуулугу.

Сап – документтин сол жана оң чектеринин ортосундагы символдордун ар кандай ырааттуулугу.

Абзац– абзацтын аягы деген атайын символ менен чектелген символдордун ар кандай ырааттуулугу. Бош абзацтардын болуусуна жол берилет.

Фрагмент– символдордун ар кандай ыраатуулугу. Фрагмент болуп бир сѳз, сап, абзац, барак, ошондой эле бардык киргизилген текст болушу мүмкүн.

Компьютер – текстти даярдоочу негизги аспап.

Тексттерди даярдоо – компьютерди колдонуунун кеңири тараган чѳйрѳсүнүн бири. Ар бир компьютерде тексттерди түзүү үчүн арналган атайын программа – тексттик редакторлор орнотулган.

Microsoft office-бул ар түрдүү мүмкүнчүлүктө иштөөчү колдонмо прграммалардын пакети. Microsoft officeтин программалары бири-бири менен тыгыз байланышкандыктан аларды бир эле программа катары көрүүгө болот. Мындан ары Microsoft office пакетинин эӊ кубаттуу программалары менен таанышабыз жана өзүбүз үчүн документ түзүүнү, ал документти ондоо, жасалгалоо жолдорун үйрөнөбүз.

Колдонмо программалык жабдылыш

Колдонуучу программалоого кѳз карандысыз ар кандай информациялардын түрлѳрү менен иштей ала турган атайын багытта жазылган программа колдонмо (прикладдык) программалык жабдылыш же тиркеме деп аталат.

Буларды жалпы арналыштагы тиркемелер жана атайын арналыштагы тиркемелер деп айырмалашат. Жалпы арналыштагы тиркемелер түрдүү информация менен иштѳѳдѳ иш жүзүндѳ ар бир колдонуучуга керек. Жалпы арналыштагы тиркемелердин түрлѳрү жана арналыштары:

- тексттик редактор – тексттик информация менен иштѳѳ үчүн;

- электрондук таблица – эсептѳѳлѳрдү автоматташтыруу үчүн;

- графикалык редактор – бардык мүмкүн болгон графикалык сүрѳттѳлүштѳрдү түзүү жана редакциялоо үчүн;

- мультимедиа ойнотуучулар – видеону, үндү жана анимацияларды кайра ойнотуу үчүн;

- презентация редактору – лектор чоң аудиторияларда лекция, доклад окуган учурда ылайыктуу слайддарды, видео-слайддарды түзүү үчүн;

- маалымат базасын башкаруу системалары – белгилүү бир предметтик чѳйрѳлѳрдѳ иреттелген информацияга жетүү үчүн.

Колдонуучу компьютерине жалпы максатта колдонуучу программалардын офистик пакетин орнотуп алат. Офисттик пакеттердин кыйла кеңири тарагандары: Windows операциялык системасы үчүн Microsoft Office; Windows жана Linux операциялык системалары үчүн Mac OS жана OpenOffice.org (6-сүрѳт).

Компьютердин колдонмо програмаалары өзүнчө офис деп аталган пакетте орун алган.

Microsoft office негизинен төмөнкү тиркемелерден турат:

M icrosoft office пакети төмөнкү программалардан турат:


Microsoft office пакетиндеги программалар ар бири ар кандай жумушту аткарат.

Мисалы: Microsoft office WORD – текстик редактор. Текстик иш кагаздар менен иштөөчү программа.

Microsoft office EXCEL – электрондук таблица менен иштөөчү программа.

Microsoft office PowerPoint –графикалык редактор, презентация түзүү үчүн колдонулат.

Биз кийинки сабактарда Microsoft officeтин программалары менен бирден бир таанышабыз. Бул программалардын пакети Microsoft компаниясынын эӊ акыркы белгилүү officeтик бөлүгү болуп саналат.

Microsoft office программаларын иштетүү үчүн төмөнкүлөрдү аткарабыз:

  1. Документ ачуу

  2. Тексти жазуу жана ондоо

  3. Документтерди жасалгалоо

  4. Документке сүрөттөрдү коюу

  5. Аткарган жумушту сактоо

  6. Документти кагазга чыгаруу


Жаны теманы бышыктоо: практикадан Microsoft office пакетинин программаларын көрүшөт. Суроолоруна жооп алышат.

Жалпы электрондук билим берүүнүн бирдиктүү коллекциясынын дарегинен үйдѳгү компьютерге клавиатуралык тренажёр «Руки солиста» программасын орнотуп алып иштесе клавиатурада тамгалардын жайгашуусун тез үйрѳнүүгѳ болот (http://school-collection.edu.ru/) . Алдыга койгон максатка жана шартка жараша жогорудагы даректе кѳрсѳтүлгѳн клавиатуралык тренажердун жардамы менен тѳмѳндѳгү кѳндүмдѳргѳ ээ болуу мүмкүн:

он манжа менен иштѳѳнүн кѳндүмдѳрү (1-дењгээл),

клавиатураны карабай басуу методу (2-дењгээл)

жана он манжа менен туруктуу басуу кѳндүмдѳрүнѳ ээ болуу (3-дењгээл).

Клавиатурадагы тамгалардын жайгашуусу кокусунан алынган эмес.

Клавиатурадагы тамгалар «эң кѳп кайталануучу» принциби боюнча жайгашкан. Адабий тилдерде, документтерде үндүү тамгалар О, Е, И, А жана үнсүз тамгалар Н, Т, С, Р көп колдонулат. Бул тамгалар клавиатуранын орто жерине жайгаштырылган.

Клавиатура менен иштѳѳдѳ тѳмѳнкү сунуштарды эске алуу зарыл:

Эки колду клавиатуранын экинчи катарындагы дењгээлде кармаш керек. Манжаларды алма кармагандай болгон абалда кармоо керек. Манжалардын учтары менен клавишаларды жеңил басуу керек:

Текстти киргизүүдѳ тѳмѳнкү эрежелерди сактоо зарыл:

- саптын бүтүшүнѳ кѳңүл бурбагыла: аягына жеткенде курсор кийинки саптын башына автоматтуу түрдѳ ѳтѳт.

- жаңы абзацка ѳтүү үчүн клавишин басуу керек;

- баш тамга керек болсо, + клавиштерин басуу керек;

- сѳздѳрдүн арасы бир пробел менен ажыратылат;

- тыныш белгилерин (үтүр, кош чекит, чекит, илеп жана суроо белгилери) мурунку сѳздүн аягына бирге (жабыштыра) жазып, кийинки сѳздү бир пробел менен ажыратыш керек.

- тырмакчаларды жана кашааларды тиешелүү сѳздѳргѳ жабыштыра жазуу керек;

- тире белгисинин эки тарабынан тең бирден пробел коюу керек;

- дефис белгисин биригүүчү сѳздѳр менен бирге (жабыштыра) жазуу керек

ТАПШЫРМА:

Тѳмѳндѳ келтирилген сүйлѳмдѳгү сѳздѳрдүн арасына пробел жана тыныш белгилерди туура койгула:


Үйгө тапшырма: Кайталоо


Билимин баалоо: Сабакка активдүү катышып, берилген суроолорго туура, ойлонуп жооп берүүсүнө, бири-бирине оригиналдуу суроолорду берүүсүнө жана берилген ташырмаларды өз алдынча аткаруусуна жараша оозеки бааланат.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!