СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мидин Алыбаевдин омуру чыгармачылыгы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Мидин Алыбаевдин омуру чыгармачылыгы»

Акын, драматург жана котормочу Мидин Алыбаевдин өмүрү жөнүндө


Мидин Алыбаев 1917-жылы Нарындын Жумгал районуна караштуу Чаек айылында кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Азан чакырып койгон аты Асамидин болчу экен. 

1931-жылы айылдын жети жылдык мектебин аяктагандан кийин, Фрунзенин педтехникасында, андан соң комсомолдук кызматкерлердин окуусун бүтүргөн. 

1936 – 1938-жылдары "Ленинчил жаш" гезитинде иштеп жүрүп, 1938-жылы Советтик аскерлердин катарына чакырылган. 1940-жылга чейин кызмат өтөп, ак финндерге каршы согушка катышкан. Ал эми Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жана андан кийин респубилканын түрдүү гезит-журналдарында эмгектенген. 

Мидин Алыбаевдин 1934-жылдары башталган чыгармачылык турмушу көп кырдуу болгон. Ошентсе да, акын көпчүлүк күч-жөндөмүн поэзияга берген. Мидиндин ырлары бир жагынан терең лирикага толуп турса, бир жагынан сатиралык курч мазмунга ээ. Акын салттык сөз ыргактары менен ошол кезде жаңы калыптанып келе жаткан жаңы поэзиялык агымдардын ыкмаларын чеберчилик менен айкалыштыра билген. 

1937-жылы Мидин Алыбаевдин "Бактылуу жаштык" деп аталган биринчи ырлар жыйнагы жарык көрөт. Китептин кириш сөзүн жазган акын Кубанычбек Маликов Мидинге "келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш акын" деп баа берген. Анда акындын алгачкы мыкты сатиралык жана лирикалык чыгармалары топтолгон эле. Ал эми жалаң гана сатира жаатында жазылган ырлары кийинчерээк "Акчүч", "Мидин" жана башка аттар менен өз алдынча жыйнак болуп чыккан. Ошондой эле Мидиндин калемине бир катар аңгемелер, жомоктор, баяндамалар жана ошол кездеги курч социалдык темаларга арналган ар кыл фельетондор тандык. Анын "Маяковскийге поэзиялык отчет" публицистикалык поэмасы, "Курорттогу окуя", "Жантектин керээзи" аттуу пьесалары кенен белгилүү болгон. Ошондой эле акын Пушкиндин, Лермонтовдун, Маяковскийдин мыкты котормочуларынын бири болуп эсептелет. 

Мидин сүрөттү да жакшы тартчу экен. Кызы Зарема апанын эскерүүсүндө, акын карикатураларды мыкты тартчу. Баса, Зарема Мидинова кесипкөй сүрөтчү. 2000-жылдардагы "Алиппе" окуу китебиндеги бардык сүрөттөрдү тарткан. Ал өзү айткандай, атасынын сүрөтчүлүк шыгы ага ооптур. 

Мидин Алыбаев 1959-жылы 6-декабрда күтүүсүз жерден каза болгон. Жакындарынын эскерүүлөрүнө караганда, ошол күнү акындын үй-бүлөсү мейман күтүп жаткан. Бир маалда эле үй ээси "коноктор келгенче сейилдеп" келмекчи болуп сыртка чыгып кетет. Бирок ошол боюнча кайтып келбейт. Акын башына каттуу сокку жеп оор абалда жаткан жеринен көчөдөгүлөр таап ооруканага жеткиргенден кийин көз жумган экен. 

Мидин Алыбаевдин кокустан эле жана табышмактуу өлүмү анын үй-бүлөсү үчүн эле эмес, достору, устат-шакирттери, деги эле поэзия сүйүүчүлөрү үчүн күтүүсүз жана чоң жоготуу болгон. 

Калеминен жаз гүлүндөй, тоонун жумшак желиндей назик ырлар менен кошо, бычактын мизиндей курч, аткан октой таамай, ачуу да, адилет да сатиралык чыгармалар төгүлүп, куйкум сөзү өлгөн адамды күлдүргөн Мидинди жоктогондор көп болгон дешет замандаштары. 

Акындын шакирти Байдылда Сарногоев бул жөнүндө төмөнкүдөй ыр саптарын жараткан:

Талантың таңкы чолпон жылдыз эле,

Таптаган мүнүшкөрүң турмуш эле,

Аялдар акын төрөйт, баатыр төрөйт, 

Сендейди сейрек төрөйт кыргыз эне!

Адабий сынчылардын пикиринде, биздин заманга чейинки байыркы доордогу Гораций, Овидий, Европанын кайра жаралуу доорундагы Петрарка, Данте, Байрон, Гете, 19-кылымдагы Пушкин, Лермонтов, 20-кылымдагы Есенин сыяктуу дүйнөнү дүңгүрөткөн акындар "улуу" деген наамга чындап татыктуу болушканы менен, бири да Мидин Алыбаев өңдөнүп лирика менен кошо сатираны тең жаза алышкан эмес экен. Мидиндин кайталангыс өзгөчөлүгү ушунда болгон. 

Сатирик катары ал “Балтек жөнүндө баян”, “Кызматтан түшкөн короз”, “Карга менен сагызган”, “Бак жана жылан”, “Түлкү менен кашкулак” сыяктуу бир топ тамсилдери жаратып, өтө көйгөйлүү темаларды сатиралык маанайда терең ачып берген.

Дагы бир кызыктуу көрүнүш, Мидин Алыбаевдин чыгармачылыгында достук азилдери, эпиграмма жанрындагы саптар чоң орунду ээлеген. Акын замандаштарынын эсинде ары шайыр, ары сөзмөр, бирок көзүнө кабыла калган бир кичине да калыссыздыкты жөн калтырбай ырга салып угуза калган, чындыкты бетке айткан адам катары сакталган. "Чалкан дос", "Осмонаалы лөөкүй", "Дүжүр бука" сыяктуу чыгармаларын окуган адам муну таасын сезет. 

Ал эми "Жомокчу мерген", "Эки бүркүт”, "Эмне үчүн короз таң алдында чакырат" аттуу чыгармалары акындын балдар адабиятына кошкон салымы катары бааланат.

Мидиндин окуяларынан айрым мисалдар: 

Согуш учурунда Мидин Алыбаев өз мекени Жумгалга көчүп барат. Так жолго чыгарда эле ал бир жакка жок болуп кетип, бир маалда, бооруна бир күчүк катып келип калат. Акын, көрсө, өкүл атасы жана устаты Аалы Токомбаевге коштошкону барса, ал кошо ала кетип багып ал деп бир күчүгүн берген экен… Бир топ мезгилден кийин Мидин Аалыга мындай кат жазыптыр.

Аалыке!

Баягы өзүңүз берген кабылан,

Кабаанак болду абыдан.

Өзүңүздү тартыптыр, өжөрлүгү жагынан.

Короого киши жолотпой,

Жумгалга болду таанымал.

"Аалыкенин ити"- деп,


Алыста жүрсөм сагынам!

Акын өтө кыска өмүр сүргөнүнө карабай, өзгөчө бир чыныгы лирикалык чыгармаларды таштап кетти. Ал кыргыз жеринин ажайып кооздугун, баа жеткис асыл касиетин даңазалап кетти. 

Соң-Көл

…Жээгиңде турдум, Соң-Көл, болдум сынап,

Көйкөлүп көлкүп жаткан сен бир сымап,

Сөөлөтүң, сулуулугуң кубандырды,

Эзилтип жүрөгүмдү кытыгылап.

Берилип, куштар болуп, жедеп сага,

Кээде, шат, кээде мени алат санаа.

Кайгысыз, ойсуз, муңсуз кайкып учкан,

Кап чиркин каз-өрдөгүң болсом гана…





















КИРИШЏЏ 

Изилдљљ темасынын актуалдуулугу: Калем алып жазгандын баары эле соолбос болуп љмџр бою аты љчпљй кыргыз адабиятынын алтын булагы болуп кала албайт. Адабият биринчи иретте талантты талап кылат. Талантсыз жазылган чыгармалар жансыз, муздак келип, окуучуларды ичиркентип алыстатат. Адабияттын кџчџ соолбос булактай болуп адабият дењизине кошулуп, толкуп турат. Мына ушул адабият дењизинде толкуп турган Алатоо элине кара аттын какасындай ашкере таанымал керемет акын Мидин Алыбаев – кыргыз совет адабиятынын жалпы хорунда кыраакы окурмандын кайсы гана категориясы болбосун баарына орток таасир эткен сыйкырдуу тил сљзџ бар акын.

Акын калтырып кеткен адабий аманатты аздектеп карап отуруп, нукура таланттын илебине жалынбаган бир да чыгармасы жаралбаганын сезген соњ ал љзџнџн акындык абийирин сџттљй ак алып љткљнџнљ ыраазы болосуњ. Анын улуу касиет сапаты бџгџнкџ кайра куруунун булбулдары џчџн да чоњ сабак болор эле… Дегеле акын бџткџл турган турпаты, чыгармачылыгы граждандык абийир-намысы менен бџгџнкџ кџндџн орчундуу маселелерине активдџџ аралашып, ак кызматы алиге чейин кџчџнљн танбай турган сатиралык чыгармаларына айрыкча тийиштџџ.

Сатира кљркљм ойлоонун кљрљгљч кљздџџ, тикен тилдџџ љзгљчљ бир кљрџнџшџ. Ал эми Мидин тубаса «суу кошулбаган» сатирик болгондугун, ошол жанрдагы чыгармалары жаралаган кџнџнљн баштап бџгџнкџсџнљ чейин «уусу тарабай» келаткандыгын мезгил љзџ аеосуз сыноосунан љткљрџп далилдеп койду.

Сатиралык чыгармалар жалпы эле прогресске кедерги терс кљрџнџштљрдџн жаралышына себепкер болгон кемчиликтерди, кесир-кусуру керт башынан ашып кеткен айрым эргулдарды кежигесинен алып, уяткаруу милдетин эл алдында аткарып келатат. Ошондуктан акындын башкы курал-каражаты – кџлкџ, мыскыл. Ал эми адамды кљндџрџш џчџн адаттан тышкары жагдайлар ошолорду жеткирџџ џчџн чыњалуу кџчџ - болоттой курч сљздљр керек. «Тууган кџйдџрџп айтат» деген элдик накыл сљздџн тљркџнџнљ байланышып, сатиранын табияты да гумандуу. Анын да кљздљгљн максаты – жашоо турмушубузда бутубузга чалына калып жаткан эскиликтин тескери калдыктарын куйкалап, адамдар арасында профилактикалык иштерди жџргџзџп, коомубуздун саламатчылыгынын сакчылыгында турган сатираларга да тџспљлдљшџп кетет.

Мидин жаркын талантынын кљп кырдуулугундагы сатиралык љнљрџ – анын адабиятыбызда љзџнљ гана тийиштџџ орунду ээлешин камсыз кылат. Ал орунду эч ким талаша албайт, ага эч ким атаандаштык кылбайт. Анткени сатиралык образдардын љзџнчљ катарын таасын элестерин, жийиркеничтџџ келбетин жаратуу жагынан Мидин кыргыз адабиятында новатор-сатирик катары орун алды.

Мына ушул акындын сатирасын, лирикаларын кенже мектептин окуучуларынын жаш љзгљчљлџгџнљ карата тандап алып, кџнџмдџк турмуштун кљрџнџштљрџн, адамдагы туура эмес сапаттарды, жџрџш-туруштарды сатиранын тили менен баланын таза жџрљгџнљ жеткирип, тарбиялык маанисин колдонуу максатында, азыркы мезгилде адабий окуу программасына кењири киргизџџ биздин оюбузча ашыкча болбос эле.


Изилдљљ ишинин обьектиси: М.Алыбаевдин чыгармачылыгы жана анын кенже мектеп окуучуларына тийгизген таасири. 
Изилдљљ ишинин предмети: Башталгыч мектепте «Адабий окуу» сабагын окутуу процесси. 
Изилдљљ ишинин максаты: М.Алыбаевдин сатиралык жана лирикалык чыгармаларын башталгыч мектептин окуучуларына окутуунун жолдорун иштеп чыгуу. 
Изилдљљ ишинин милдеттери: 


  1. М.Алыбаевдин љмџрџ жана чыгармачылыгын терењ љздљштџрџџ; 


  2. Акындын чыгармаларынын кенже мектеп окуучуларына тийгизген тарбиялык маанисин аныктоо; 


  3. Башталгыч класстын окуучуларынын жаш љзгљчљлџгџнљ ылайыктуу болгон чыгармаларын тандоо жана алардын иштелмелерин сунуштоо. 



Изилдөө ишинде төмөндөгүдөй методдор колдонулат: 


  • Илимий адабияттарды теориялык талдоо; 


  • Педагогикалык байкоо ж.б. 



Изилдљљнџн практикалык баалуулугу: «Адабий окуу» сабагынын окуучунун айлана-чљйрљнџ таанып, инсандык сапаттарын калыптандырууга тийгизген таасирин эске алынып, белгилџџ новатор-сатирик М.Алыбаевдин чыгармаларын окутуунун иштелмелеринин иштелип чыгышы келечектеги педагогдор жана мектеп мугалимдери џчџн пайдасы зор болмокчу. 
Иштин структурасы: Дипломдук иш киришџџдљн, 2 негизги бљлџмдљн, корутунду жана колдонулган адабияттардын тизмесинен турат. Жалпы кљлљмџ 65 бетти тџзљт. 

Биринчи бљлџм 

Мидин Алыбаев-кыргыз адабиятындагы белгилџџ акын. 

§1.1. Мидин Алыбаевдин љмџрџ жана чыгармачылыгы. 
М.Алыбаевдин поэзиясы жљнџндљ сљз болуп, ага конкреттџџ баа берџџ маселеси акындын адабиятта алган ордун аныктап тактоодо љзџнљн љзџ келип чыгат. Кыргыз адабиятында Мидин Алыбаевдин поэзиясы кандай кљрџнџш, агып чыккан башаты кайсы, кайсы кљркљм салттар менен байланышып, кайсы салттарды улантты, љзџнчљ алып келген жањылыгы эмнеде болду, кандай из калтырды, чыгармаларында эмнеге жетип, эмнеге жетпей калды, эмнени бериш керек эле, эмнени бере албай калды? Деги эле акындын кљркљм принциби, поэзияга жасаган мамилеси кандай болгон жана чыгармачылыктын мањызын кандайча тџшџнгљн, талантынын табияты кандай эле жана ал канчалык дењгээлде ачыла алды? Мына ушундай суроолорго канчалык даражада туура жана так жооп алынса Мидин Алыбаевдин жалпы эле кыргыз адабиятынан алган орду да ошончолук даражада туура белгиленмекчи.

Мидин Алыбаевдин поэзиясы баарыдан мурда жазма профессионал адабиятыбыздын љсџп-љнџгџџ процессинде љз мыйзам-ченеми менен љз учурунда пайда болгон жана љз мезгилинин социалдык-тарыхый, эстетикалык, кљркљм муктаж таламдарынан чыккан бийиктиги да, љзџнљ чейинки жана љзџ менен жашап турган учурдагы кљркљм принциптер менен салттардын чектелген алкактарынан чыга албай калган чабал жактары дал ошол факторлор менен шартталып, ошол факторлорго багынычтуу болуп турган љзџнчљ бир поэтикалык кљрџнџш катары каралууга тийиш. Бул болсо М.Алыбаевдин љмџр жолу менен тикеден-тике байланыштуу экендиги талашсыз.

Адабияттын тарыхында кљптљгљн акындар ыр чыгарууну эрте баштагандыгы тууралуу фактылар арбын кездешет. Буга биринчиден, тубаса талант, табыгый шык, жљндљм керек болсо, экинчиден шыктын себеби анын генинде, башкача айтканда, канында болушу мџмкџн. Мидин жљнџндљгџ маалыматтарга караганда анын таланты да эрте ойгонгон. Жогоруда биз белгилегендей анын атасы «Алыбай чукугандай сљз тапкан чечен, ак пейил адам болгон… Жарык дџйнљгљ Мидинди алып келген эне Бегим апа колунан кљљрџ тљгџлгљн уз, куюлуштуруп сљз сџйлљгљн кошокчу экен».1 Демек, бул акындын канында эле чыгармачылыктын бар экендигинин далили. Ал эми шык жљндљмдџн эрте ойгонгондугу жљнџндљ жубайы Ж.Кудайбергенова Мидин окуй электе атасына:

Жылкычы атам Алыбай,

Љтљбџ малсыз жарыбай.

Малыњды багып жџрљ бер,

Барга жокко кайгырбай.

Белињди бекем байлагын,

Мен љскљнчљ кайгырбай, -

деп, ал эми апасына:

Берешен Бегим апасыњ,

Конок келсе шашасыњ.

Дасторконго жайнатып,

Май курутуњ чачасыњ.

Бирок љз балањдан,

Каймагыњды катасыњ, -

деп ырдаганын эскерет.1 Демек, Мидиндин чыгармачылыгы кичине кезинде эле башталгандыгы кљрџнџп турат. Бирок анын мектепте окуп жџргљндљгџ мезгили тууралуу маалыматтар жок. Ал эми адабиятты тџшџнџп, нукура чыгармачылыктын жолуна тџшџшџ педтехникумда окушу менен байланыштуу. 1930-31-жылдары айылда мектепти бџтџрџп келип, педтехникумга келип кирет. Бул анын љмџр жолундагы жана чыгармачылыгында зор бурулуш болгон. Педтехникумда окуган мезгили жљнџндљ жакын досу Р.Шџкџрбеков: «Алыкул, Мидин болуп 30-жылдарда педтехникумда окуп жџргљн кезибизде эки нерсеге љтљ тањ калчубуз. Анын бири театр, экинчиси адабият жљнџндљгџ педтехникумда болгон љтљ кызык жыйналыштар… Алдыњкы студенттер бџтџрџп кеткенден кийин «Џмџтџџ жаш» кереге газетасы, педтехникумдун драмалык кружоктору биздин колдо калды. Ошондо Алыкул, Мидин жана бирдеме жазып коюп жџргљн жаштар чыгарманы жайнаттык»,1 – деп эскерет. Мидин Алыбаевдин басма сљзгљ жарыяланган эњ алгачкы, тунгуч ырлары – «Болот аттын эмгеги», «Тањыркатты». Бул ырлар «Кыргыз совет адабияты» журналынын 1936-жылдын №1-санына жарык кљргљн. «Болот аттын эмгеги» аттуу ыры 30-жылдардын негизги темаларынын бири болгон тракторго, экинчиси Москва шаарына баргандыгына байланыштуу жазылган. Ошол учурда акын љзџн-љзџ ачып, адабиятта кайсы орунда туруп, кандай сљздџ айтып, эмнелер жетпей жатты деген суроого акын 1936-жылы жазган «Тарбияга талпынам» деген ырында минтип реалдуу жооп берген:

Талпынам темир канат, азыр жашмын,

Талабым толкунданат, болуп ташкын.

Жетилсе колумдагы болот калем,

Жолумда чок турса да тартынбаймын.

Чыгат го каламымдан эмгек љнџп,

Мен дагы жетилем го кљптџ кљрџп.

Окубай ушул баштан жибере албайм,

Булбул тил чечен сљздџ толук тљгџп. 
Таралар булбул сљзџм келечекте,

Толкуган жаш талабым кетпес текке.

Уу болуп жаштар џчџн менин тилим,

Каламым найза болор кызыл чепте.1

М.Алыбаевдин жеке турмушунда жана чыгармачылыгында љтљ маанилџџ орунду ээлеген мезгил – Москва шаарында 1935-36-жылдары комсомолдук курста окуган мезгили. Илим менен маданияттын очогуна барып билим алышы, «Тањыркатты» деп ыр кылып љзџ тамшана жызгандай, чоњ таасир эткен. Орус адабияты, анын кљрџнџктџџ љкџлдљрџ А.С.Пушкин, И.С.Тургенев, М.Ю.Лермонтов, В.Маяковскийлердин чыгармалары менен жакындан таанышкан.

Акындын «Бактылуу жаштык» аттуу алгачкы жыйнагы 1937-жылы жарык кљрљт. Ага акын К.Маликов «Бактылуу жаштардын жаш акыны» деп баш сљз жазып, анын келечегинен чоњ џмџткљр экендигин айтат.

1936-38-жылдары «Ленинчил жаш» газетасында кызмат кылат. 1938-40-жылдары Советтик Армиянын катарында болуп, ак финдерге каршы согушат. Акындын калеми негизинен согуш убагында тапка келип, согуштан кийинки мезгилде айрыкча жемиштџџ иштеген.

30-жылдардагы кыргыз поэзиясында «социалисттик курулуштун ар тџрдџџ жањылыктары, турмушта болуп жаткан революциялык љзгљрџџлљр, айыл-кыштактардагы коллективдџџ чарбанын орун-очок алгандыгына байланыштуу келип чыккан жањыруулар, эркин эмгектин артыкчылыгы жана анын жемиштџџ натыйжалары, ал жылдардагы кыргыз акындарынын негизги тематикаларынан болгон».1 Мидин да 30-жылдардагы башка калемдештериндей эле эл турмушуна кирип жаткан жањылыктарды ырга салган. «Болот ат», «Инженер бололу», «Эжемдер билсе, окуса», «Учкуч курбум», «Коен, тоок багамын» ырларынын темасы айтып тургандай эле акындын 30-жылдардагы ырларынын негизги мазмунун тџзгљн.

Мисалы: Эски турмуш орунун,

Жањылык менен басалы.

Жањы турмуш келгенин,

Биз тарыхка жазалы.

Жогорудагы ыр саптары ошол мезгилдин актуалдуу темасына арналса да, окуган адамдын ички сезимин козгой албайт, кљркљм эстетикалык кџчкљ эгедер эмес. Мындай кемчиликтер ошол учурдагы кљпчџлџк акындарга да мџнљздџџ болуп жана бардык акын-жазуучулардын жараткан чыгармалары, чыгарган ырлары, жазган эмгектери бири-биринен эч айырмаланбай, бирдей жана окшош болгон учурлары кездешкен. Бул тууралуу белгилџџ адабиятчы А.Садыков: «Акын - жазуучуларыбыз чыгармалары кџчтџџ чыкпай жатканын љздљрџ деле сезишкен. Ал эми башкача жазууга билим, тажрыйба, жалпы эле чеберчилик жетишкен эмес»,1 – деп адилет белгиленет. Чындагында эле 30-жылдардын поэзиясынын супсак чыгышы жашоо, љмџр, љлџм, кайгы, кубаныч, адам, табигат тууралуу субстанттык тџшџнџктљр жљнџндљ кљркљм философиялык, нравалык жалпылоолордун жоктугу жана ал чыгармалардын кљркљм эстетикалык кенчке айланбай тек гана ошол мезгилдин тарыхый хрестоматиясы болуп калышы менен тџшџндџрџлљт.

Мезгилинде мындай кљрџнџш М.Алыбаевдин поэзиясына да таасир этпей койгон эмес. Сынчы, адабиятчы К.Даутов: «Бактылуу жаштык» (1937), «Ырлар жыйнагы» (1938) китептери идеялык-тематикалык жагынан да, автордун кљркљм ойлоосунун индивидуалдуу белгилер боюнча, ыр тџзџлџш формалары, кљркљм туюнтуу каражаттарынын колдонулушу боюнча да, љзџнчљ жањы сапаттар менен айырмаланып кљрџнљ алган жок», - деп белгилейт. Ушундай эле пикирди К.Артыкбаев да айтуу менен катар: «Бирок айрым бир ырларда лирикалык сезимдин жылт эткен учкуну, турмуш чындыгынын жџрљккљ жакын жылуулугу да кљрџнџп жаткан эле», - деп кљрсљткљндљй, анын айрым ырларында андай касиет бар экендигин айтпай кетџџгљ болбойт. Маселен,

Жайытыњ жарашыктуу, малга белен,

Чынында сендей болсун жайлоо деген.

Алыстан эки љзљн суу башын кошуп,

Суусамыр. Суктандырып сулуулугуњ,

Керимсел кечки соккон желињ менен.

же болбосо:

Тетиги жол боюнда чычырканак,

Ай «капыр» калбадыбы далай санат,

Аралап кирип кеткен уйду айдайм деп,

Ыйлагам тикен кирип, бутум канап.

Жогорудагы «Суусамыр», «Капчыгайда», «Бир кызга» аттуу ырларында кадыресе кљркљм ой жџгџртџџ, лирикалык илеп, так ритм, шыдыр уйкаштык бар. Бул ырларды кунт коюп окуп чыккан адам акындын љздџк менин ачууга далалат кылган сезимтал кљркљм кљрљњгљсџнџн бар экендигин байкабай койбойт.

Ал эми «Кыял» аттуу ырында љз чыгармачылыгына карата жасаган мамилеси конкреттџџ берилген:

Ой бийлеп тџнкџ уйкуга кљњџл чаппай…

Олтурам кљз ирмебей, кирпик какпай.

Башыма алда нечен ой келтирем,

Оюмду бџт берерлик сџйлљм таппай.

Бир жолду алда нече љчџрљмџн,

Кљљнџмљ бири жакса, бири жакпай.

Кљрџнџп тургандай анын љз башынан кечирип жаткан тџйшџгџ, чыныгы поэзиянын жолуна тџшџџ аракетин айтып жатат. «Жалпысынан алганда учурдун адабиятынын инерциясы менен келаткан автордун али жетилбеген кљк канат ырларындагы кысталбай шар агып, сезим жарып чыга калган айрым саптар менен куплеттерден кандайдыр бир жапан таланттын стихиясы туюлуп турган».1

М.Алыбаев алгачкы ырларын 30-жылдарда жарыялоо менен катар «Бактылуу жаштык», «Ырлар жыйнагы» жыйнактарын чыгаруу менен поэзиядагы кадамын ишенимдџџ таштаган. Поэзиянын мињ бир тџркџн сырларын џйрљнџџ менен изденџџ тџйшџгџн башынан кечирип, ыр жазуунун техникасын љздљштџрџџгљ чоњ маани берген. Адабиятчылар адилет белгилеп кеткендей, Мидиндин 30-жылдардагы чыгармачылыгы ошол мезгилдин саясий-экономикалык, маданий љнџгџшџнљ байланыштуу жеке инсандык жана чыгармачылык жактан калыптануу жана такшалуу мезгили болгон.

Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде элди, жерди коргоого кыраакылыкты, кайраттуулукту жар салууга, жоокерлерди жана жалпы элди жењишке шыктантып, дем берген курч патриоттук ырларды жазат. Бирок, ал ырларын куру агитация, плакат тџрџндљ эмес, оргуган эмоция менен жџрљктљн атылып чыккан, граждандык сезиминен жаралып чыккан дем менен жазган.

Коргойм, жерим,

Кљз ирмебей сак турам.

Керек кылсањ бџт канымды сарп кылам,

Компартия элге берген бактыны

Душманга мен кана кантип тарттырам.

Мен жаралагам элдин урмат-дањкына,

Бердим антты чексиз сџйгљн калкыма.

Мезгил жетип, љмџр бџтџп љлгљнчљ,

Бек турамын ушул берген антыма.1

Акындын бул анты ошол мезгилдеги ар бир гражданиндин анты болчу. «Кыргыз акындарынын согуш мезгилинде жазылган ырларындагы мекенди коргоо темасы, мекенди дањазалоодон тышкары чакырык жана милдет тапшыруу мазмунуна да ээ болду. Ошондой эле ант берџџ, коштошуу, узатуу, кат жазышуу, фронтко жардам, белек берџџ, сџйџџ сезимдерин билдирџџ тџрлљрџндљ жазылган ырлардын бир кыйласында да чакырык, милдет багытындагы ойлор айтылды».1 Мидиндин бул ыры ант берџџ тџрџндљ жазылган А.Токомбаевдин «Ал мындай деди», Т.Џмљталиевдин «Аткарам берген антымды», «Энеге берген ант», Ж.Бљкљнбаевдин «Антым» сыяктуу ырларынын катарына кирет. Акын љзџнџн оюн, санаасын, бџткџл элдикине ортоктош кылып, элге, жерге болгон сџйџџсџн ого бетер кџчљтџп арттыруу менен баатырдык гимнге айландырат. Мында лирикалык каарман эненин берген ак сџтџн актоочу мезгил келгендигин билдирип, мекенди кашык каны калганга чейин кџрљшџп, аны коргоого ант берет. Ал эми «Ыйлабачы» аттуу ыры кан майданда каза болгон кџйљљсџнљн айрылган жаш келиндин муњ- кайгысына кљњџл айтуу, сооротуу, кайрат берџџ мазмунунда жазылган. Окуган адамды кайдыгер калтырбаган саптарга назар салсак:

Билесињ го,

Кансыз согуш болбосун?!

«Кан» деп учат,

«Жан» деп учат коргошун.

Кан майданда

Каза болгон кљрџнљт,

Баалап тийген

Кадыр шерињ жолдошуњ.

Кара кийдињ,

Кайран эрден айрылып,

Сљгџлгљндљй бџт кайышып кабыргањ.

Кайрат кылчы,

Кара кљзџњ аарчычы.

Саамайыњ жый,

Садагасы сабырлан!

- деп кайран эрден айрылып, кара кийген келиндин трагедиясы жџрљк титиреткен саптар менен берилип, адамдын кљњџлџндљ айыкпас жара калтырса да андагы эњ башкы пафос:

Ыйлабачы,

Тырмабачы,

Сулуу беттин анарын.

Кейибе,

Ташта! 


Кереги жок каранын!

Жыл оњолот,

Кемтик толот,

Жаш жетилет…

Жашын тиле,

Эмчектеги баланын.

- деген оптимисттик дух, бийик гуманизм ырдын негизги багыты экендиги эч кимди кайдыгер калтырбайт.

Ыйлабачы!

Кайгыны ичке батыргын.

Сабыр кылчы,

Айтканын ук акындын:

Коркок бирљљ

Коюнуњда жаткыча,

Аты жакшы,

Жесири бол баатырдын! (56-б.)

- деп бийик оптимизмге чакырат.

Кљрџнџп тургандай кыска жљнљкљй, элестџџ, терењ маанидеги сљздљр менен кџчтџџ берилип, жаш келиндин жџрљгџнљ салынган согуштун кара тагы поэтикалык тил менен таамай айтылган.

Мидин Алыбаевдин чыгармачылыгында сџйџџ лирикасы љзгљчљ орунда турат. Махабат ырларына кайрылбаган акынды адабият тарыхында жолуктуруу кыйын. Бирок бул темада жазган акындардын бардыгынын махабат лирикалары Мидиндин жараткан кљркљм туундуларына окшоп, кењири аудитория чакырып турган жери жок. Анткени, махабат ырларынын махабаттын љзџндљй тазалыгында, адам жџрљгџн элжиреткен назиктиги, сезимге шоокум чачкан элестџџлџгџ жана кљркљмдџџлџгџндљ. Алардын кљпчџлџгџ кыргыз композиторлору жана обончулары тарабынан обонго салынып, профессионал ырчылар, ошондой эле карапайым катардагы угуучулар тарабынан театр сахналарында, оюн-зоок кечелеринде, чогулган топтордо аткарылып, жатка айтылып, кљпчџлџгџ элдик ырга айланып кеткендигинде, тџбљлџк љмџр сџрџџ укугуна ээ болуп эл арасында жашап жаткандыгында.

Мидиндин сџйџџ лирикаларынын эл арасында тџбљлџк жашап калышынын дагы бир себеби анын лирикалык каармандарынын љзгљчљлџгџндљ. Анын лирикалык каарманы сџйџџ деген эмне экендигине «жети љлчљп, бир кесип» тџшџнгљн адамдардан. Анын тџшџнџгџ боюнча сџйџџ – эки адамга тењ, эгер андай болбосо, сџйџџнџн келечеги тайкы. Ошондуктан, анын сџйгљнџ «жџрљгџн жалындай куйкалап, мемиреген Ысык-Кљлдџн тањындай болуп» элеси жџрљк сезимине бџлџк салып жатса да, ал бийик адамынан «бир белги билдирген» бир кљз караш тапмайынча зарылганы зарылган. Андыктан ал адамдын љзџнљ жараша тете сезимди кџтљт, ошондо гана бактылуу сџйџџгљ жетерине ишенет. Болбосо махабаттын, ак сџйџџнџн азабына чљксљм дагы «киши жалдап сџйљ албаймын паралап» дейт. Муну ал «Ойлончу» деген ырында:

Жџрљгџмдџ куйкалайсыњ жалындай,

Жџрљ албаймын кџндљ сени сагынбай.

Мээ сегитет менде жџргљн элесињ,

Мемиреген Ысыккљлдџн тањындай. 
Кљзџњ укмуш ак чыныда карагат,

Кљп карайсыњ жџрљгџмдџ жаралап.

Кљљнџњ болсо бир белгињди тџшџндџр,

Киши жалдап сџйљ албаймын паралап. (123-бет)

- деп сезим козгоп таамай да, элестџџ да айтып, чыныгы сџйџџгљ болгон љзџнџн бекем жана туура позициясын билдирет. Ошентип, Мидиндин махабат лирикаларынын бир гана каарманы бар. Ал – сџйгљнџн алпечтеген мээримине орногон кџндљ да, же ага жетиш џчџн тџшкљ кирбесе да, аза кџтџп, азап чегип жџргљн кџндљ да, мезгилинде жетпей калып, кийин чачы буурул тартып агарганда кезигип, жџрљк жарасын кайрадан козгогондо да, сџйџџнџн тоо булагындай тунуктугуна, жан сергиткен илебине, љлџмдљн кайра тартпас кџчџнљ ишенген, аны асман тењириндей жогору баалаган адам. Акындын сџйџџгљ болгон мамилеси, сагынып куса болуусу, љкџнџп жетпей калуусу, кџчтџџсџ, тџйшџк тартып санаркоосу, ийменип тартынуусу, «кайыр кош, кайда жџрсљњ кат кџтљм» деп коштошуусу жана дагы башкаларынын бардыгы махабаттын машакаттуу сыр тџйџнџнљ тџшџнгљн лирикалык каармандын айынан айтылат. Карасањыз, акындын «Баягы» деген ырындагы лирикалык каарманы:

Жылдар љттџ, капыс жерден кабылдым,

Кљзџњ жылуу… Тааный албай жањылдым.

Беш кљкџл кыз! Бетињ башка болуптур,

Чач агарды, мен да жашты сагындым.

Сен тааныдыњ, кљзџњ-кљзгљ кадалды,

Бирок алтын айта албадыњ саламды.

Айла кетип, амандыгыњ сурабай,

Алып љптџм колуњдагы балањды. (126-бет)

- деп тагдыр кайчылаш келип, тилектерине жете албай калып, мањдайлаш жолукканда да баягы таза сџйџџсџн љчџрбљй жџргљндџктљн, шашып кетип, салам айтуунун ордуна колундагы баласын љпкљнгљ арањ жарап отурат. Таза, тунук махабаттын кандайча боло тургандыгынын бир кырдаалын мына ушундай сџрљттљсљ, сџйџџнџ терењ баалаган экинчи бир каарманынын психологиялык абалын:

Кыйнабачы жџрљктљгџ жарадай,

Кылгырбачы, койчу мени карабай.

Же кџлџп кой, же кирпигињ ирмечи,

Куса болдум сагынычым тарабай.

Џн жок, сљз жок томсоросуњ турасыњ,

Ыйлап-ыйлап улутунган баладай. (122-бет)

деп куса болуп отурган жеринен кљрсљтљт. Ал эми «Сагындым» деген ырында болсо:

Канчалык сынап жџрљктџ,

Катарлар, жылдар, кџн љттџ.

Каниет кылып караймын,

Качанкы тџшкљн сџрљттџ. ( 74-бет)

- деп сџрљткљ канагат кылып, сџйгљнџн кџтџп олтурган сџйџџгљ туруктуу каарманды кљрљсџњ. Сџйџџнџн машакатын, арзыган адамына жетџџнџн азаптарын махабатты баалай билген адам гана кљтљрљ алат, баалай билет. Мидиндин махабат лирикаларынын каармандары дал ушундай адамдардан.

Ким жыттабайт, сџйџџ чиркин гџлџнљн,

Кџндљ љтљмџн терезењдин жанынан.

Кайырчыдай каранамын жалдырап,

Алтын, айтчы качан сенден тџњџлљм.


Бџт ээледињ, жџрљгџмдџ бийледињ,

Тамтањдаттыњ, такыр колго тийбедињ.

Анда-санда жылмайгансып коесуњ,

Же шылдыњыњ, же чындыгыњ билбедим. (51-бет)

Мына ушул саптарды окугандан кийин сџйџџнџн машакатын тарткан лирикалык каарманды аяйсыњ, ошол эле учурда анын тазалыгына, терењдигине ыраазы болуп, башыњды иесињ. Акындын жогоруда белгилегендей махабат ырларынын ушундай љзгљчљлџккљ ээ болгондугу, жџрљккљ жакын кљркљмдџгџ менен мињдеген окурмандардын жџрљгџнљн тџнљк таап, тџбљлџк љмџр сџрџџдљ. Махабат сезимдеринин тџрдџџ жагдайларын ачып, алардын эмоциялуулугун, таасирдџџлџгџн поэтикалык тил менен бийик кљркљмдџк дењгээлине жеткире айтуу жагынан Мидин Алыбаев кыйла ийгиликтерге ээ болгон. Акындын сџйџџ лирикаларынан бир нерсени ачык байкоого болот. Бул – махабат сезиминин ыйыктыгы, чыныгы сџйџџнџн назиктиги, кир колду жолоткус тазалыгын кадырлоо, сыйлоо. М.Алыбаевдин поэзиясынан мына ушул назиктик менен ыйманы ысыктыкты ачык сезебиз:

Сџрдљп кетем капыс жерден кабылсам,

Кечирип кой, мен сџйџџдљн жањылсам.

Качан болсо жарашкансып кљрџнљт,

Кайсы кџнџ кандай жоолук салынсањ. (124-бет)

же: 


Кучактадым мен сен жакка ыктадым,

Сен да ыктадыњ, кучагымдан чыкпадыњ.

Шылтоо кылып чочубасын дегенсип,

Жакањдагы кызыл гџлдџ жыттадым. (124-бет)

болбосо:

Саламат жџр, табигаттан суранам,

Жетпесем да жењиши жок убарам.

Сџйбљ, бирок кол берџџдљн эринбе,

Какшык кошуп кџлгљнџњљ кубанам!

Жџрљт белем карааныња жалынып,

Менде болсо жџрљктљгџ бурамањ.(125-бет)

Мындай махабат ырлары Мидиндин лирикаларында бир топ эле арбын. Махабат темасында жазылган ырларынын бардыгы махабаттын мињ тџркџн сырын ачууга, анын љлчљмсџз бийиктигин баалай билџџгљ чакырган ырлар.

Жыйынтыктап айтканда, Мидин Алыбаев љзџнџн кыска љмџрџндљ (1917-1959) кљптљгљн чыгармаларын калтырды. Алар окурмандардын жџрљгџнљн тџнљк таап, жылдар љтсљ да љз маанисин жогото элек. Ушундай таасирдџџ чыгармаларды башталгыч мектеп џчџн да тандап алып, адабий окуу сабагында, класстан тышкаркы окууда да кењири сунуштасак, кыргыздын акындарын тааныган жаш муундар љсџп чыгуусуна шарт тџзгљн болот элек. 



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!