СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мои ученики 2020

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Мои ученики 2020»

Датасы:______________ 1-2-3-группа

Датасы: ______________ 4-5-группа

Датасы: ______________ 6-группа

Датасы: ______________ 7-группа

Сабактын темасы: Алгоритмдер жана аткаруучулар

Сабактын тиби: Жаны теманы өздөштүрүү сабагы; билимдерди бышыктоо,

билгичтиктерди жана көндүмдөрдү калыптандыруу сабагы;

Сабактын максаты:

  1. Билим берүүчүлүк- Окуучулар алгоритм жана анын түрлөрү жөнүндө маалымат алышат, билимин, билгичтигин калыптандырышат.

  2. Өнүктүрүүчүлүк- мисалдарды келтирүүгө көнүгүшөт, ой жүгүртүүсүн өстүрүшөт;

  3. Тарбия берүүчүлүк- Берилген тапшырмалар аркылуу тапкычтыкка, шамдагайлыкка, өз алдынча иштөөгө, тартынбастыккачычкан менен иштөөгө. Сабакта тынч отурууга жана көңүл бөлүүгө, сылыктыкка, ынтымакка, бирин-бири угууга тарбияланышат.

Окутуу каражаттары: методикалык адабияттар, Аманжолова С. «методные указание и лабораторные работы по программирование на языке Паскаль» Бишкек 2005

Жабдылыштар: доска, маркер, картинкалар

Сабактын методу: Иновациялык түшүндүрүү,

Сабактын формасы: лекция сабагы

Предмет аралык байланыш: кыргыз тили, англис тили,

Сабактын планы:

  1. Уюштуруучулук.

  2. Мотивация.

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу-Окуучулар менен жылуу маанайда учурашып, журналга белгилөө

Бүгүнкү сабакта биз

  1. Өткөн теманы кайталоо;

  2. Жаны тема

  3. Жаны темага байланыштуу суроолорго жооп берүү;

  4. Баалоо, үй тапшырма берүү, жыйынтык;

  5. Окуучулардан күтүлүүчү натыйжалар: (окуучулар бул сабактын соңунда кандай деңгээлди көрсөтүш керек?)

Компетенциялар/

Деңгээлдер

Маалыматтык


Социалдык-коммуникативдик

Өзүн-өзү уюштуруу жана маселелерди чечүү

Репродуктивдүү

Аткаруучу, формалдуу аткаруучу, аткаруучунун командалар системасы, автоматташтыруу жѳнүндѳ билишет

Окуучулар аталган теманы талкуулашат, ой бөлүшөт

Окуучулар алгоритмди, мисалдарды келтирүүнү үйрөнүшөт

Продуктивдүү

Окуучулар аталган тема боюнча көнүгүүлөрдү аткарышат

Окуучулар бири-биринен теманы үйрөнүшөт, талкуулайт

Алгоритмдин түрлөрүн билишет


Креативдүү

Окуучулар алгоритм түзүүнү үйрөнүшөт.

Окуучулар бири-биринен үйрөнүп алгоритм түзүшөт

Окуучулар өз алдынча ар кандай алгоритмдерди түзө алышат


Билимин актуалдаштыруу:

  1. Power Point программасын суроолор менен кайталоо;

Жаны тема:

Алгоритм-бул көздөгөн максатка жетүүдөгү маселелерди чечүүгө багытталган аракеттердин удаалаштыгын аткаруу үчүн аткаруучуга берилген командалардын удаалаштыгы.

Алгоритм түшүнүгүн чыгыш элинин улуу окумуштуусу Мухаммед ибн Муса аль-Хорезми илимге киргизген. Ал 783-850-жж аралыгында азыркы Өзбекстандын Хорезм областынын аймагында жашап өткөн. Ал көп орундуу сандар менен арифметикалык эсептөөлөрдү аткаруунун ыкмаларын сунуштаган. Ошол ыкмалар алгоритм деп аталып калган.

Алгоритм түшүнүгү биз үчүн кандайдыр бир жаны, өзгөчө нерсе деле эмес, ал биздин күнүмдүк турмушта ар бир кадам сайын жолугат. Ар кимибиз күнүгө ойлонбостон жүздөгөн алгоритмди колдонобуз.

Заманбап адамды ар түрдүү тиричилик техникалык түзүлүштѳр: телевизор, магнитофон, фотоаппарат, телефон, кир жуугуч машина, автомобиль ж. б. курчап турат. Бул

түзүлүштѳрдүн ар бири ѳз жумуштарын аткарууга багытталган жана кандайдыр бир чектелген топтомдогу аракеттерди, же командаларды (буйруктарды) аткарууга жѳндѳмдүү.

Аткаруучу– белгилүү топтомдогу командаларды аткарууга жѳндѳмдүү кандайдыр бир объект (адам, тирүү жандык, техникалык түзүлүш) болуп эсептелет. Белгилүү бир аткаруучу аткара ала турган командалар, аткаруучунун командалар системасын(АКС) түзүшѳт.

Аткаруучулар ар кандай болушат. Эң жѳнѳкѳй аткаруучунун бири деп монитордун корпусундагы электр булагын ѳчүрүп-күйгүзүүчү баскычты эсептесе болот.

Аткаруучу-магнитофондун командалар системасы тѳмѳнкүдѳй командалардан (7-сүрѳт)турат:

Автоматтуу түзүлүштѳрдүн эң ѳркүндѳтүлгѳн аткаруучусу болуп роботтор эсептелет. Автоматташтырылган ѳндүрүштѳ татаал тетикти бат, катасыз жана сапаттуу жасаган робот-манипулятордой адамдар жасай алышы күмѳндүү.

Акыркы мезгилдерде үй жаныбарларынын элесиндеги, адамга окшош роботтор жана робот-оюнчуктар пайда болду (8-сїрєт).

Аткаруучунун дагы бир мисалы – компьютер. Анын айырмалоочу мүнѳзү – универсалдуулугу. Силер тексттик, сан-дык жана графикалык информациялар менен иштѳѳчү компьютердик программалар, окутуп-үйрѳтүүчү программмалар жана

компьютердик оюндар менен таанышсыњар. Мындан тышкары компьютерге байланышкан түзүлүштѳрдү башкарууга ылайыкталган программалар (аткаруучулар) дагы бар.

Формалдуу аткаруучулар жана автоматташтыруу

Аткаруучулардын эки тибин бѳлүп кѳрсѳтүшѳт: формалдуу жана формалдуу эмес. Формалдуу аткаруучу окшош команданы дайыма бирдей аткарат. Формалдуу эмес аткаруучу мындай командаларды ар башкача аткарып коюшу мүмкүн.

Мисалы, кассетадагы же DVD дисктеги сүйүктүү музыканы кайра-кайра уксаңар компьютердеги музыканы угузган программа (формалдуу аткаруучу) бул музыкаларды кайталаганда биринчиси экинчи кайталаганда толук окшош деп ишенесиңер.

Ошондой болсо дагы бир ырды ырчы (формалдуу эмес аткаруучу) бир нече жолу кайталап ырдаса ар бир кайталоо бири-бирине окшош болбойт.


Алгоритмди аткаруучулардын кайсы тиби? _______________________________________________________________ _______________________________________________________________



А лгоритмди аткаруучулардын кайсы тиби? _____________________________________________ _____________________________________________




Аткаруучунун ѳзү бүтүрүүчү аракеттерди аткаруусу тууралуу буйрук команда деп

аталат. Кандайдыр бир аткаруучу тарабынан аткарыла турган бардык командалардын жыйындысы ошол аткаруучунун командалар системасы(АКС) деп аталат.


Жаны теманы бышыктоо:

Үйгѳ тапшырма: Автоматташтыруу

Билимин баалоо: Сабакка активдүү катышып, берилген суроолорго туура жооп берип, оригиналдуу

суроолорду берүүсүнө, практикалык ишти аткаруусуна жараша оозеки

бааланат.





Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!