СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мугалимдерге керектүү принциптер

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Британ орто мектептеринин биринин директору жана 30 жылдык тажрыйбасы бар мугалим Дебора Гиббс Tes педагогикалык журналы үчүн өз колоннасында кесиптештерин стандартташтырылган эрежелердин топтомун эмес, өздөрүнүн стилин карманууга үндөдү, анткени мугалимдер өздөрүнүн индивидуалдуулугу менен жакшы. Бирок Гиббс ошондой эле Розеншайндын принциптеринен мугалимдик кесипти аркалаган 30 жыл ичинде өзү байкаган эң сонун окутуунун негизги аспектилерин көрө турганын моюнга алган.

Просмотр содержимого документа
«Мугалимдерге керектүү принциптер»

Мугалимдер үчүн Rosenshine принциптери: алар эмне жана аларды кантип колдонуу керек

Сабакта когнитивдик жүктөмдү кантип башкаруу керек (Когнитивдик жүктөм теориясына ылайык, окуучулардын мээсине маалымат ашыкча жүктөлбөсө гана эффективдүү сиңирилип, эстеп калышы мүмкүн. Адамдын кыска мөөнөттүү же жумушчу эс тутуму бир эле убакытта чектелген көлөмдөгү маалыматтарды гана сактай алат) жана материалды кайра жыйырма жолу түшүндүрүп бербөө үчүн эмне кылуу керек? Муну Розеншайндын принциптери түшүндүрүп берет.

Ар бир эле педагогикалык практиканын натыйжалуулугу илимий изилдөөлөр менен тастыктала бербейт. Америкалык психолог жана педагог Барак Розеншайн изилдөөлөргө жана чыныгы окутуу тажрыйбасына таянып, мектептеги окутууда колдонууга маанилүү болгон он принципти түзгөн. Алар биринчи жолу 2010-жылы басылып чыккан, бирок бир аз кийинчерээк популярдуулукка ээ болгон - жана бүгүнкү күндө аларды чет өлкөлөрдө көптөгөн практик-мугалимдер колдонушат. Бул принциптер когнитивдик жүктөмдүн деңгээлин эске алуу менен сабактарды жакшы долбоорлоого жардам берет.

Розеншайндын принциптери эмнеге негизделген?

Барак Розеншайндын адистешүүсү - мугалимдин ишинин натыйжалуулугун өлчөө жолдору болуп эсептелет. Ошон үчүн анын принциптеринин үч булагынын бири мугалимдердин сабактарды кантип сапаттуу өткөрөрүн изилдөө болгон. Алар бизге эң ийгиликтүү окутуу практикасын бөлүп көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Бирок илимий негиз катары изилдөөчү эки негизги булакты колдонгон:

• биздин мээбиз жаңы маалыматтарды кантип кабыл алат, кантип колдонот жана сактайт деген суроолорго арналган когнитивдик илимдер чөйрөсүндөгү изилдөөлөр;

• комплекстүү тапшырмаларды аткарууда адамды когнитивдик колдоону изилдөө – б.а., бүгүнкү күндө белгилүү билим берүү каражаттарынын жана ыкмаларынын натыйжалуулугун текшерген илимий иштер.

Бул булактардан изилдөөчү когнитивдик жүктөм теориясынын активдүү жактоочусу экенин түшүнүүгө болот. Эске салсак, бул теорияга ылайык, эс тутумдун эки түрү бар: жумушчу (же “оперативдик”) жана узак мөөнөттүү. Мээ жаңы маалыматты иштеп чыгуучу эс тутумдун жардамы менен иштетет, анын көлөмү чектелген. Андан кийин ал узак мөөнөттүү эс тутумга кирет, анын көлөмү бир топ чоң. Маалымат адамдын мээсинде ар кандай маалыматтар өз ара байланышта болгон кандайдыр бир психикалык схемалар түрүндө сакталат.

Rosenshine карап чыккан изилдөөлөр ийгиликтүү мугалимдер үзгүлтүксүз колдонгон 17 “окутуунун тартибине” негиз болгон. Алар төмөнкүдөй кеңештердин жыйындысы сыяктуу угулат:

• Ар бир сабакты мурунку сабакта эмне болгонун кыскача баяндоо менен баштагыла.

• Жаңы теориялык материалды майда блокторго бөлүп, алардын ар биринен кийин практикалык иштерди аткаргыла.

• Студенттер силер тараптан бир жолку кабыл алган окуу материалдарынын көлөмүн чектегиле.

• Так жана деталдуу көрсөтмөлөрдү жана түшүндүрмөлөрдү бергиле.

• Студенттерге көп суроолорду бергиле жана алардын окуу материалын түшүнгөндүгүн текшергиле.

• Бардык студенттерге жигердүү машыгуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү камсыздагыла.

• Практикалык иштер башталганда студенттерге багыт бергиле.

• Студенттерге угузуп ойлонгула жана кийинки кадамдарды моделдөөнү ишке ашыргыла.

• Проблемаларды чечүү үчүн алгоритмдерди сунуштагыла.

• Студенттердин үйрөнгөндөрүн силерге түшүндүрүп берүүсүн сурагыла.

• Бардык студенттердин жоопторун текшерип тургула.

• Системдүү кайтарым байланыш түзүп тургула.

• Түшүндүрүү үчүн көбүрөөк убакыт колдонгула.

• Көптөгөн мисалдарды келтиргиле.

• Зарыл болсо, материалды кайра түшүндүргүлө.

• Студенттерди өз алдынча практикалык ишке даярдагыла.

• Өз алдынча практикалык иштердин башталышында аларга көз салып тургула.

Убакыттын өтүшү менен изилдөөчү 17 процедураны он принципке айлантты. Бирок, азыр «кыскартуу» иши жарым-жартылай улантылууда - мисалы, британиялык мугалим жана консультант Том Шеррингтон аларды төрт багытка (түшүндүрүү жана алгоритмдердин ырааттуулугу, суроолор, үйрөнгөндөрдү кайталоо, практикалык этаптар) кайра топтоштурган.

Бирок биз принциптерди автор өзү түп нускада формулировкалагандай беребиз.

1-принцип

Өтүлгөндөрдү күн сайын жалпылап карап чыгууну (кайталоону) жүргүзгүлө.

Маңызы: сабактарды өтүлгөндөрдү кыскача кайталоо менен баштагыла – бул жол менен окуучулар өздөрүнүн билимдерин жана көндүмдөрүн бекемдеп, жаңы теманы окуп жатканда эмне керек экенин тез эстеп калышат. Кайталоо жаңы нерселерди үйрөнүүдө жумушчу эс тутумдун жүгүн азайтат. Жаңы теманы үйрөнүүдөн мурун же жаңы шык-жөндөмдү өздөштүрүүдөн мурун, жумушчу эс-тутумуңузду ашыкча жүктөн оолактатуу үчүн, өтүлгөн окуу материалдарын эстетип койгон оң.

Розеншайн башталгыч класстардын математика сабагында жүргүзүлгөн эксперимент жөнүндө айтып берди: мугалимдер күн сайын сабактын башталышында кайталоого сегиз мүнөт бөлүшкөн - мисалы, үй тапшырмаларын текшерүү, ката кетирилген чечимдерди иргеп алуу же жөн гана балдарга өткөндө түшүндүрүлгөн маселелер боюнча машыгууну сунуштоо керек. Натыйжада бул сабактардагы жетишкендиктер мындай практика колдонулбаган класстарга караганда жогору болгон.

Эксперт ар бир сабакта 5-10 мүнөттү буга чейин үйрөнүлгөндөрдү кайталоого же кайра карап чыгууга бөлүү керек, деген жыйынтыкка келген. Бул өткөн сабакты кайра айтып берүү дегенди билдирбейт. Мисалы, силер:

• изилденген теманын эң маанилүү аспектилерин (формулалар, окуялар, сөздөр) эске салгыла;

• кайсы бир учурда кайталоо автоматизмге алып келгидей кылып, аткарылганына жараша бир нече тапшырмаларды бергиле;

• үй тапшырмаларын текшергиле;

• үй тапшырмасын аткарууда кандай кыйынчылыктар жаралганын билип алгыла, аны иретке келтиргиле же балдардан бири-биринин ишин текшерүүнү сурангыла.

2-принцип

Жаңы материалды ирети менен (постепенно) менен бергиле.

Маңызы: жаңы материалды бир нече кичинекей блокторго бөлүп түшүндүргүлө жана арасында сөзсүз түрдө практикалык иштерди уюштургула. Розеншайндин 2-принциби да иштөө эс тутумунун өзгөчөлүктөрүнө негизделген. Анын көлөмү, мурда айтылгандай, чектелген: бир подходдо адам жалпы ойлогондон алда канча аз маалыматты эстей алат. Окуу китебинин бүтүндөй бир параграфын дароо айтып берсеңиз, окуучулар уккандарынын көбүн эстеп калышы күмөн. Ошондуктан, этап-этабы менен мамиле жасоо керек: адегенде теманын кичинекей бөлүгү, андан кийин практика - албетте, мугалимдин жетекчилиги астында - жана дагы теманын чакан блогу. Анын үстүнө жаңы бөлүккө өтүүдө окуучулар мурунку айтылган маалыматтарды өздөштүргөндө гана ишке ашат. Болбосо, окугандар бир нерседен кыйынчылыкка дуушар болушса, алар артка кайрылып, түшүнүксүз жерлерин кайра түшүндүрүүгө аргасыз болушат.

Барак Розеншайн тарабынан каралган изилдөөлөр көрсөткөндөй, ийгиликтүү мугалимдер жаңы материал менен иштөөгө көп убакыт коротушат, мисалы, түшүндүрүү, көрсөтүү, суроо берүү жана мисалдарды келтирүү. Ал эми алардын бир топко эффективдүүлүгү төмөн кесиптештери сабактын калган бөлүгүн өз алдынча иштөөгө арнабастан, теманы эки эсе тез түшүндүрүүгө аракет жасашат. Натыйжада, алар дагы эле түшүндүрүүнү кайталоого туура келет - убакытты үнөмдөөгө болгон аракети эки эсеге көбөйөт.

3-принцип

Ар дайым суроолорду бергиле

Маңызы: окуучуларга көбүрөөк суроолорду бергиле жана ар биринин жообун текшергиле - бул аларга жаңы маалыматты жакшыраак эстеп калууга жана аны мурда үйрөнгөн нерселери менен байланыштырууга жардам берет.

Жаңы материалды консолидациялоо (бекемдөө, бириктирүү ж.б.) жана автоматизмди өнүктүрүү үчүн тынымсыз практика талап кылынат (атап айтканда, бул керектүү маалыматтар узак мөөнөттүү эс тутумда сакталганын көрсөтүп турат). Суроолор жана талкуулар бул практиканын эң сонун куралы болуп саналат, анткени алар окуучулардын материалды жакшы түшүнгөндүгүн же кошумча түшүндүрмөлөрдү талап кылгандыгын текшерүүгө жардам берет. Бул жөн гана суроо берүү эмес, ошондой эле балдар алган жоопторуна кантип так келгенин тактоо маанилүү.

Албетте, окуучулар көп болсо, алардын ар бири менен сүйлөшүүгө мугалимдин убактысы жок. Бул жерде сиздин бүт класстын түшүнүгүн текшерүү жана убакытты үнөмдөө үчүн кээ бир жолдору бар:

• студенттерден бири-бири менен жооп алмашуусун сурагыла – өз сурооңорго алардын жообун отурган кошунаңарга айткыла же, мисалы, кагазга жазылган кыскача түшүндүрмөсүн көрсөткүлө;

• жоопту кагазга же карточкага жазууну сунуштагыла жана классташтарына көрсөтүүнү сурагыла;

• жоопту билген же тигил же бул окуучунун жообуна макул болгон ар бир адамдан кол көтөрүүнү сурагыла.

Ошентип, ар бир адам сабакка активдүү катышат жана алардын көпчүлүгү теманы толук өздөштүрө элек экендигин дароо байкайсыңар.

Розеншайн айткан дагы бир кызыктуу вариант –окугандар тема боюнча суроону өздөрү түзүп, башкаларга да бериши керек болгон көнүгүүлөр. Мындай суроолор төмөнкүчө болушу мүмкүн: "X жана Y эмнеси менен окшош?", "Xтин негизги идеясы эмнеде?", "Xтин кандай артыкчылыктары жана кемчиликтери бар?", "Тема боюнча сен эмнени түшүнө элексин?”

4-принцип

Окугандарга маселени чыгаруунун алгоритмдерин бергиле

Маңызы: Эгерде маселени чыгаруунун так алгоритмдерин жана дайыма көптөгөн мисалдарды сунуштасаңар, студенттер маселелерди тезирээк чыгарышат.

Маселелерди чечүүдө же практикалык тапшырмаларды аткарууда студенттер мугалимдин когнитивдик колдоосуна муктаж: мисалы, аларга маселени чечүүнүн алгоритмин бергиле, мисалдарды көрсөтүп жатканда үн чыгарып негиздегиле. Так логикалык байланыштарды түзүүгө жана жумушчу эс тутумдун жүгүн азайтууга мүмкүндүк берген бардык нерсе жардам берет. Канчалык мисал келтирүүлөр көп жана маселени чыгаруунун алгоритми канчалык айкын болсо, ошончолук жакшы.

Австралияда жүргүзүлгөн бир изилдөөдө мектеп окуучулары бир катар маселелерди чечишкен. Ар бири чечүүнүн мисалдары менен коштолду, ошондуктан, теория боюнча, өз алдынча тапшырманы аткарууда эч кандай кыйынчылыктар болбошу керек эле. Бирок, мисалдарды көпчүлүгү эле чыгарышкан жок. Андан кийин окумуштуулар мындай кылышты: алар мектеп окуучуларына буга чейин жарым-жартылай чечилген же аларды чечүүдө айрым кадамдар ташталган учурларды сунуш кылышканда студенттер ал мисалдарга мурдагыдан көбүрөөк көңүл бура башташты.

5-принцип

Практикалык иштерди аткарууда окуучуларга багыт бергиле

Маңызы: мектеп окуучулары биринчи жолу жаңы билимди жана көндүмдөрдү өз алдынча эмес, мугалимдин жетекчилиги астында практикалык иштерде колдонуусу керек.

Автоматтык түрдө аткаруу жөндөмүн (автоматизмди) өнүктүрүү жана жаңы маалыматтарды бышыктоо (бекемдөө) үчүн аны дайыма кайра карап, талдоо жана жалпылоо зарыл. Чыныгы машыгуудан мурун тапшырмаларды аткарууну канчалык кылдат репетиция кылсаңыз, балдардын өз эс тутумдарынан керектүү маалыматтарды кийинчерээк алуу алар үчүн ошончолук жеңил болот.

«Репетиция өтүү практикасы кыска болгон учурларда окуучулардын маалыматты сактоо, эстеп калуу же колдонуу мүмкүнчүлүктөрү азыраак болот. Белгилүү болгондой, бир нерсени картотекага жайгаштыруу салыштырмалуу оңой, бирок аны кайда койгонубузду эстеп калуу абдан кыйын болушу мүмкүн. Кайталоо бизге кайда жана эмнени сактаганыбызды эстеп калууга жардам берет, ошондуктан биз керектүү учурда ага оңой жете алабыз”, - деп жазган Барак Розеншайн.

Бул жерде мурда айтылган суроолор, мисалдар, окуучулар менен талкуулар иштейт. Акыркысы өтө маанилүү: биринчиден, топтук иштер катышууну камсыздайт – бул эсте сактап калуу үчүн талап кылынат, экинчиден, бул балдар укканын эмес, кантип укканын эстегенде жагымсыз жагдайлардан сактайт. Жөнөкөй сөз менен айтканда, бурмаланган маалыматтар алардын эсинде сакталбай калуусу ишке ашат.

6-принцип

Окуучулардын баарын туура түшүнгөндүгүн ар бир жолу текшергиле

Маңызы: ар бир окуучунун теманын мазмунун туура түшүнүүсүнө көңүл буруу маанилүү.

Студенттер окуган материалды кандай түшүнгөндүгүн текшерүү зарыл экендиги айдан ачык көрүнөт. Бирок, мындай текшерүүлөр туруктуу болушу маанилүү - экинчи принципке ылайык, алар теманын ар бир кичинекей блогунан кийин жүргүзүлүшү керек. Себеби, адамдар билимди жөн эле даяр түрдө кабыл албастан, билим акылда куралып, мээбиз жаңы маалыматттарды мурда кабыл алынгандар менен байланыштырат.

Педагогдун жардамысыз окуучулар эс тутумунда жаңы жана мурда берилген маалыматтардын ортосунда мындай байланыштарды түзүү процессинде көбүнчө ката кетиришет. Болгону алардын негизги билимдери толук калыптана элек, анткени али тема боюнча тажрыйбасы жана түшүнүктөрү азырынча жок. Ошол эле учурда окуучуларга толугу менен логикалык байланышы бардай сезилиши мүмкүн, бирок чындыгында бул туура эмес.

Түшүнүүнү ар кандай жолдор менен текшерүүгө болот: окуучулардан уккандарын жыйынтыктап берүүнү сурануу, тапшырманы аткарып жатканда үн чыгарып ой жүгүртүү же өзүнүн, же башка бирөөнүн жообун аргументтөө.

7-принцип

Ийгиликтерге жетүүнүн жогорку көрсөткүчтөрүнө умтулгула

Маңызы: класста практикалык иштерди ийгиликтүү аткаруу өтө маанилүү болуп саналат.

Барак Розеншайн окутуунун натыйжалуулугу боюнча эки негизги изилдөөнүн статистикасын келтирген: ийгиликтүү мугалимдердин класстарында окуучулардын класста берген туура жоопторунун үлүшү 82%га жетет. “Артта калган” мугалимдер үчүн бул көрсөткүч төмөн – 73%. Анын үстүнө балдар класста канчалык жакшы иштешсе, улуулардын жардамысыз үй тапшырмаларын ошончолук жакшы аткарышат.

«Студенттер окуу жана практикалык ишмердүүлүк учурунда жогорку ийгиликтерге жетүүсү маанилүү. Практика, жетилүүгө (совершенству) алып келет, деп айтылат, бирок студенттер ката кетиришсе, анда бул кырсыкка (катастрофага) алып келиши мүмкүн! Эгерде практикалык иштин ийгиликтүүлүк көрсөткүчү төмөнүрөөк болсо, анда студенттер каталарды оңдоп чыгуусунун (отработка) жана өздөштүрүүсүнүн ыктымалдуулугу бар. Каталарды кетирүү калыптанып калгандан кийин, аларды жеңип чыгуу (кайталабай коюу) абдан кыйын”, - деп эскерткен, изилдөөчү.

Мурунку принцип, түшүнүүнү текшерүүнү, ошондой эле жогорку көрсөткүчтөрдү карманууну талап кылат. Розеншайн бардык студенттерди эч бирин калтырбастан текшерүүнү умтулуу зарылдыгын белгилеген. Ал төмөнкүдөй көрсөтмөлүү окуяны айтып берди: «Мен бир жолу класста тажрыйбалуу мугалим өз алдынча иштөө учурунда үстөлдөн үстөлгө барып жатканын байкап калып, окуучулардын кыйынчылыктарга дуушар болуп жатканын түшүнгөнүн баамдадым. Ал ишти токтотуп, бардык студенттерге үй тапшырмасын аткарбоого буйрук берип, материалды эртеси күнү кайра түшүндүрүп берүүнү убада кылды. Ал студенттердин ката кетирүүсүн каалабагандыктан ишти токтотту».

8-принцип

Татаал тапшырмалар үчүн скаффолдингди колдонуңуз

Маңызы: Татаал маселелерди чечүүдө окуучулар колдоого муктаж болушат, бирок колдоонун деңгээлин акырындык менен төмөндөтүү керек.

Scaffolding - бул студент мугалимдин же жөн эле тажрыйбалуу адамдын колдоосу менен, бирок кийин бул колдоонун төмөндөшү менен көйгөйдү чечкен процесс. Кеп алгач тапшырма ушунчалык оор болгондуктан, окуучу жалгыз ал жүктү көтөрө албайт, бирок колдоонун жардамында аны аткара алат. Окуучу көйгөйдү чечүүдө канчалык өз алдынча жана компетенттүү болсо, ага ошончолук азыраак колдоо көрсөтүлөт.

Колдоо ар кандай жолдор менен көрсөтүлүшү мүмкүн. Мисалы, мугалим тапшырмаларды аткарып жатып үн чыгарып ой жүгүртөт, ошол эле учурда процесстин этаптарын көрсөтөт – жаңы баштагандар тажрыйбалуу адистер кандайча ойлоно тургандыгын жана маселени кантип чечээрин ушинтип үйрөнүшөт. Ошол эле учурда, студенттердин кандайча ой жүгүрткөнүн түшүнүү маанилүү, башкача айтканда, алардан бир нече мисалдарды "үн чыгарып" чечүүнү талап кылуу керек.

«Натыйжалуу иштеген мугалимдин сапаттарынын бири окуучулардын каталарын жана алар кетирип коюусу мүмкүн болгон каталарды эскерте билүүсү. Мисалы, мугалим окуучуларга чыгармадан үзүндү окууну сунуштап, андан кийин үзүндүнүн начар жазылган мазмунун өзү оңдоп айтып бериши мүмкүн. Бөлүү же кемитүү ыкмаларын үйрөтүүдө мугалим башка окуучулар көп кетирген каталарды көрсөтүп, студенттер менен талкуулай алат», - деп жазган Барак Розеншайн.

Скаффолдингдин дагы бир инструменти - бул студенттерге өз иштерин өз алдынча баалоого мүмкүндүк берүүчү чек-баракча. Ал, мисалы, тапшырманын негизги этаптары жөнүндө суроолордон турушу мүмкүн (мисалы, "Мен тексттин негизги идеясын билдире турган эң маанилүү маалыматты таптымбы?"). Дагы бир вариант бар: салыштыруу үчүн мисал – башкача айтканда, окуучулар өздөрүнүн чечимдерин салыштыра ала турган даяр чечим.

9-принцип

Өз алдынча иштөөнү уюштуруңуз

Маңызы: студенттер узак мөөнөттө өз алдынча иштөө аркылуу көндүмдөргө ээ болуу үчүн ийгиликтүү машыгуусу керек

Практикалык иш автоматизмге алып келет жана мунун аркасында жаңы маалыматтар жана көндүмдөр андан ары жумушчу эс тутумда орун ээлебей, узак мөөнөттүү эс тутумга өтөт. Өз алдынча иштөө үйдө гана эмес, класста, ошондой эле эрежелер боюнча иштөөнү камтыйт.

Ошентип, Барак Розеншайн изилдөө маалыматтарын келтирди: мугалим классты кыдырып, ар бир окуучуга көңүл буруп, тапшырманын аткарылышын көзөмөлдөгөндө окуучулар ишке тартылат. Мектеп окуучулары менен мындай байланыш үчүн убакыт чектелген - түз маанисинде 30 секунда гана. Эгерде өз ара аракеттенүү узакка созулса, демек, балдар ката кетирип жатышат, башкача айтканда, мугалим менен машыгуу жетишсиз болуп жатат.

Топтук биргелешип иштөө жакшы чечим болуп саналат: студенттер чогуу иштегенде жакшы натыйжаларга ээ болорубузду изилдөөлөр тастыктайт (мисалы, теманы бири-бирине түшүндүрүү). Эксперт муну мектеп окуучуларынын мындай жол менен бири-биринен дароо пикир алышы, башкача айтканда, алар бир эле учурда үйрөнүп, ишти аткарып жатканы менен байланыштырат.

10-принцип

Ай сайын жана апта сайын кайталоолорду жасаңыз

Маңызы: Дайыма кайталоо билимдер менен идеялардын ортосундагы байланышты бекемдөөгө жардам берет.

Үйрөнгөн билимдер жана идеялар узак мөөнөттүү эс тутумда сакталат - анын көлөмү жумушчу эс тутумуна караганда бир топ чоң. Берилгендер (маалыматтар) когнитивдик схемалар түрүндө сакталат, аларды уюштуруу бул берилгендерди (маалыматтарды) андан ары колдонуудан көз каранды деп, жогоруда айтылган. Адам кандайдыр бир маалыматты канчалык көп кайталаса, иштетсе же пайдаланса, калыптанган схема жана анын байланыштары ошончолук күчтүү болот, ошончолук автоматтуулук күчөйт – мээ бул маалыматты эс тутумдан керектүү учурда чыгарып алуу үчүн ошончолук аз күч жумшайт.

Бул байланыштарды чыңдоо жана шык-жөндөмдү же билимди кайра чыгарууну автоматизмге жеткирүү дайыма кайталоо аркылуу гана мүмкүн. Бул үчүн Барак Розеншайн дагы бир жолу өтүлгөн материалдарды кайталоону дайыма жүргүзүүнү сунуштаган. Мисалы, ар бир дүйшөмбү өткөн аптадагы сабактарда өтүлгөндөрдү кайталагыла, ал эми ар бир төртүнчү дүйшөмбүдө бир айда класс эмнени өткөнүн кайталагыла. Бул кайталоону гана эмес, ошондой эле дайыма тестирлөөнү же викториналардын суроолоруна жооп берүүнү да билдирет.

«Мугалимдердин көйгөйү - алар көп нерселерди камтышы керек (охватить) бар, ошондуктан кайра кайталоого убакыт жетиштүү экендигин сезишпейт. Бирок изилдөөлөр көрсөткөндөй (жана муну баарыбыз жеке тажрыйбабыздан билебиз) практикаланбаган жана кайталанбаган материал оңой эле унутулат», - деп түшүндүргөн эксперт.

Розеншайндын принциптери ушунчалык эле жакшыбы?

Розеншайндын принциптери идеалдуу инструкциялар сыяктуу көрүнөт - аларды кабыл алып, алардын негизинде сабактарыңарды даярдагыла. Баса, америкалык мугалимдердин көбү дал ушундай кылышат, аларды жарым-жартылай "сыйкырдуу таблетка" катары кабыл алышат. Бирок, эстеп калууга чакыргандар бар: принциптер - даяр алгоритмдер эмес, алар баары бир теория, идея.

Британ орто мектептеринин биринин директору жана 30 жылдык тажрыйбасы бар мугалим Дебора Гиббс Tes педагогикалык журналы үчүн өз колоннасында кесиптештерин стандартташтырылган эрежелердин топтомун эмес, өздөрүнүн стилин карманууга үндөдү, анткени мугалимдер өздөрүнүн индивидуалдуулугу менен жакшы. Бирок Гиббс ошондой эле Розеншайндын принциптеринен мугалимдик кесипти аркалаган 30 жыл ичинде өзү байкаган эң сонун окутуунун негизги аспектилерин көрө турганын моюнга алган.

Интернеттен алынган маалымат кыргыз тилине которулду. Өзгөн, 01.12.2023


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!