СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мукамбетова Гулзат Бекбосуновна

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Мукамбетова Гулзат Бекбосуновна»

САНАРИПТЕШТИРҮҮ МЕНЕН ЖАҢЫ МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ

САБАКТА КОЛДОНУУ



1-слайд. Тегерегибизди карасак, биз көрүп жаткан нерселер: класстагы проектор, көчөдөгү светофор жана автомобилдер, үйдөгү телевизор жана муздаткыч, мобилдик телефон жана социалдык тармактар, компьютердик оюндар, кинодогу атайын эффекттер, электростанциянын иштөө системасы, космос кемеси,

роботтор – мунун баары компьютердик программанын жардамы менен жасалган жана башкарылат.

2-слайд. Маалымат технологиялары (МТ) жашообуздун бардык чөйрөлөрүнө таасирин тийгизет. Алар жашообузду кыйла коопсуз жана жайлуу кылып, эң негизгиси - бардык маселелерди ылдамыраак чечкенге жардам беришет.

20 цифрадан турган санды акылыңызда же кагазда көбөйткөндү, же керектүү маалымат алыш үчүн ондогон саат коротконуңузду, же текст терип башка шаардагы досуңузга же тууганыңызга кат жазганды элестетип көрүңүз.

3-слайд. Маалымат технологиясы – адамзаты миңдеген жылдар жыйнаган маалыматарга жана билимге ошол замат жеткизип, адамдын жеке жашоосуна, чыгармачылыкка жана жаңы жетишкендиктерге көбүрөөк убакыт бөлгөнгө шарт түзөт.

4-слайд. Технологиялар абдан ылдам өнүгүүдө! Биздин ата-энелерибиз жана чоң ата-чоң апаларыбыз жаӊы технологиялар биздин турмушубузду канчалык өзгөртөөрүн элестете дагы алышкан эмес. 3 жаштан – 80 жашка чейин адамдардын баары жаӊы технологияларды башкара билүүсү керек экендигин коомубуз талап кылууда десек болот.

5-слайд. Биз таң калычтуу, кызык мезгилде жашап жатабыз: Фантастикалык кинолордогу нерселер күнүмдүк жашообуздан орун алып баштады.


6-слайд. Айталы, азыр жаӊыдан келип баштаган, бирок кийин кадыресе көрүнүш болуп калуучу технологиялардан мисал келтирип көрөлүчү.

Тегерегибиздеги нерселердин баары (турмуш техникасы, транспорт, үйлөр) акылдуу (smart) боло баштайт. Алар өзүн өзү тейлеп, байланышып, интернет аркылуу ээси менен байланыша алышат.

Бара-бара буюмдар эле эмес, үйлөр, көчөлөр жана шаарлар дагы акылдуу боло баштайт. Акылдуу-буюмдар биздин буйругубуз менен күнүмдүк иштерди аткарып, өз ара маалымат алмашып жана ар түрдүү маселелер боюнча бизге суроолорду же билдирүүлөрдү жөнөтө алышат. Машинеңиз сиз жок эле өзү май куюп келсе, муздаткычыңыз үйдө сүт жок экенин билдирсе, жашылчалар же нан жок экенин өзү билип, аларды арзан баада таап, интернет дүкөнгө талап жөнөтүп, сизге ылайыктуу жеткирип берүү убактысын макулдашып койсо, жашоо абдан ыңгайлуу болуп калаарына макул болосуз го?

Буюмдардын ишин -булуттук эсептөө борборлорунда жайгашкан жана булут технологияларында сакталган маалыматтарды супер күчтүү компьютерлер башкарып турат.

7-слайд. Берилиштерди сактоо жана иштетүү борборлорунун өнүгүшү менен маалыматтын коопсуздугун камсыздоо дагы алдыга чыгат, анткени биздин бүт жашообуз, жумушубуз, банктагы эсебибиз, эскерүүлөрүбүз – баары электрондук форматтарда гана сакталып калат. Азыр деле, күн сайын сүрөттөр, видео, музыка, документтер, 3D үлгүлөр, өздүк оюн дүйнөлөрү сыяктуу Террабайттаган мазмундар жаралып жатат жана алардын көлөмү күн санап өсө бермекчи. Маалыматтар коопсуздукта болсо, санаабыз дагы тынч болот.

8-слайд. Жасалма интеллект жана роботтор – үйдө дагы, жумушта дагы бизге көбүрөөк жардам бере башташат. Жакынкы арада технологиялардын жардамы менен биз көптөгөн ооруларды жеңип, карылыкты алыстата алабыз деп окумуштуулар айтышууда. Ошондой эле, нанороботтордун жардамы менен кишинин органдарына жана клеткаларына керектүү дарыларды жеткизип жана эң татаал операцияларды жүргүзсө болот. Начар уккандар же көргөндөр кайрадан угуу жана көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушса, буту колунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер атайын түзмөктөрдүн(драйвер) жана экзосклеттердин (супер протез) жардамы менен эркин кыймылдай алышат.

9- слайд. Виртуалдык чындык жана кадимки жашоонун өзгөрүшү менен голограммалар, 3D сканерлөө жана бастыруу, онлайн котормочулардын жардамы менен ар түрдүү тилде сүйлөгөндөр баарлаша алышат. Бул технологиялардын жардамы менен башка өлкөдөгү киши менен тилин билбестен эле баарлашып, анын толук голограммалык сөлөкөтүн өз бөлмөңүздөн көрө аласыз.

10-слайд. Таң калаарсыз, бирок булардын баарын бүгүн мектепте же университетте окуп жаткан улан кыздар жаратышат. Маалымат технологиясы менен каалаган фантазияны ишке ашыра алышат, алардын жаратуучулары аларга биринчилерден болуп жетишет жана ар дайым трендде болушат. Азыр деле сиздин бир мыкты кыялдарыңыз болушу мүмкүн, маалымат технологияларын санариптештирүү менен програмалоону өздөштүрүп, биз аларды жашообузга алып келсек болот.

Санариптик сабаттуулук ийгиликтүү окутуу үчүн зарыл болгон көндүмдөргө оң таасир этет. Окуучулар маалыматка оңой эле жете алышат, себеби окутуу үчүн традициялуу кагаз ресурстарына караганда санариптик ресурстарга кирүү оңой, жеткиликтүү жана мындай ресурстардын саны күн санап, саат санап өсүүдө. Маалыматты башкаруу – бул санариптик сабаттуулуктун компоненти, ага окуучулар жеке жашоосунда онлайн-топторго кошулуу жана ар кандай тармактарда байланышты колдоо менен ээ болушат жана колдонушат. Маалыматты интеграциялоо жана баалоо мектепте окутулушу керек болгон көндүм болуп эсептелинет, мында мугалим маалыматты баалоо эксперти катарында каралат, ал окуучуларга ишенимдүү жана пайдасыз санариптик ресурстардын айырмасын көрсөтүп берет.

Биз кийин дүйнө такыр башкача болуп өзгөрөрүн көрдүк. Жаңы технологиялар жана драйверлер күнүмдүк жумуштарды адамдан мыкты аткара алышат жана алардын баарын өзүнө алып, биздин алмаштырылгыс жардамчыларыбыз болуп калат.

Програмдоого үйрөнүп алыш үчүн гений болуштун кереги жок!

Ар бир киши програмдай алат! Бул чет тил үйрөнгөндөй эле иш.











  • Бардык предметтерге колдонууга ыңгайлуу

  • Чейрекке карата тест алууда

  • Өтүлгөн теманы кайталоодо

  • Сабакты бышыктоодо

Онлайн тесттин натыйжалуулугу



  • Окуучуларды кызыктыра алабыз

  • Окуучуларда атаандашуу болбойт

  • Окуучулардын билими объективдүү бааланат

  • Мугалим убактысын үнөмдөй алат

  • Окуучуга уюлдук телефонду туура пайдаланууга үйрөтүү

  • Электрондук тесттердин китепканасы катары сактап коюп колдонууга ыңгайлуу

  • Каалаган убакта бериле турган тапшырманы оңдоого болот

  • Кагазга жаздырып, текшерип аны кайда сактайм дебестен дароо жыйынтыгын алууга жана ишенимдүү сактоого болот







































Бизнестин дээрлик бардык чөйрөлөрүндө програмдоо же маалымат технологиялары боюнча билим талап кылынып калат. Бул технологияларда жана адистикти бирдей жакшы билген, мейли маркетинг, медицина, жарнама дизайнын, башкаруу, курулуш, билим берүү болсун, бирок өзгөчө маалымат технологиялардын жана табигый илимдердин айкалышында иштеген (физика, химия, биология) көп кесиптүү адистер баарынан жогору бааланышат дегенди түшүндүрөт.







































Жакында пайда боло турган айрым кесиптердин тизмеси:

  • МТ-медик жана Клиникалык биоинформатик

  • Биороботехник

  • Акылдуу үйлөрдүн архитектору-куруучу

  • Компүтердик лингвист

  • Чоң берилишитер (Big Data) үлгүсүн түзүүчү

  • Интернет коомдоштуктардын уюштуруучусу жана виртуалдык дүйнө дизайнери

  • ИТ-генетик

  • Нейроинтерфейстедин дизайнери

  • Гиперпротездөөнүн адиси

  • Маалымат системдеринин архитектору

  • Учкучсуз авиация, авто жана деңиз транспорт интерфейстеринин түзүүчүсү

 

Демекчи,жаңы кесиптердин атласын жакшылап изилдесеңер, айрым кесиптер азыр эле бар экененин көрө аласыңар... Болгону азыр алар сейрек сандуу, бирок 2020-ж. кийин алар абдан көп талап кылына баштайт!



МТ адистердин иши миллиарддаган кишилер жеке жашоосунда жана жумушунда күнүгө пайдаланган керектүү кызматтарды жаратууга жана колдоого мүмкүнчүлүк түзөт (мис.: wi-fi, издөө системи, социалдык желелер, билет алуу, интернет дүкөндөр жана мобилдик колдонмолор).

Бул кесиптердин ээлери бүгүн дүйнө жүзүнүн бардык өлкөлөрүндө, компанияларында, чөйрөлөрүндө керек болгон адистер. Бул адистердин иши өркүндөө менен кирешеге, жашоо чөйрөлөрүнүн өнүгүүсүнүн ылдамдыгына, кызматкерлердин маалымат алмашуусуна жана ишинин майнаптуулугуна, бир сөз менен айтканда – өлкөлөрдүн, шаарлардын, ишканалар менен бизнестердин, мектептердин, үй-бүлөнүн, кишинин – атаандаштык артыкчылыктарына түздөн түз таасирин тийгизет.

Програмчылар жана МТ адистери Кыргызстандагы эң жогорку төлөнгөн кызматкерлер, анткени МТ тармагында иштеген бир адис жылына орто эсеп менен 1,5 млн сом турган өнүмдөрдү жана кызматтарды жаратат.

Айлыктардын ансыз деле чоңдугуна карабастан, компаниялар алар үчүн күрөшүп, айлыктарын көтөрүп жан иш шарттарын жакшыртып турушат. Бүгүнкү күнү МТ адистердин саны талап кылынгандан 5-8 эсе (!) аз. Учурдагы мектеп окуучуларынын көбү, күнүгө МТ кызматтарын ж-а өнүмдөрүн пайдаланганына карабастан, МТ чөйрөдөгү кызматкерлерге чоң талап бар экендигин жана бул тармакта иштөө келечектүү экендигин биле беришпейт. Ата-энелер жана мугалимдер жаштарга бул чөйрөнү сунуштап, багыт бере алышпайт. Натыйжада, мектепти бүтүргөн окуучулардын 8% гана ЖОЖдорго МТ адистиктерине өтүшөт.



Бүгүн өлкөбүздө айлыгы 1000 доллардан 3000 долларга чейин жеткен 4 000 програмчы иштейт. 2025-жылы Кыргызстанга 50 000ден ашык програмчы керек болот. Силер мектепти же ЖОЖду бүтүрүп чыккыча, керектүү адистердин саны дагы бир нече эсе өсөт. Өлкөбүздө жана дүйнөдө МТ адистери эң кадырлуу жана жогору төлөнгөн үч кесиптин бири болуп калат.



«SuperJob» порталынын версиясына ылайык, эң көп талап кылынган МТ адистиктеринин тизмеси:

1. 1. 1С програмчы

2. Системдик администратор

3. Java програмчы

4. PHP програмчы

5. Сыноочу

6. C++ програмчы

7. 1С киргизүү жана коштоо боюнча консультант

8. Web-дизайнер

9. .NET програмчы

10. SEO - оптимизатор

11. Сайт калыптоочу

12. C# програмчы

13. Сервистик инженер

14. Системдик аналитик

15. SQL програмчы

Бизнеске МТ чечимдерин киргизүү чөйрөсүндө иштеген, долбоорлорду башкарууга даяр програмчыларга жана мобилдик колдонмолорду жана онлайн кызматтарды түзүүчүлөргө талап абдан чоң.



Келгиле, програмдоо деген иш жүзүндө эмне экендигин карап көрөлү?

Програмдоо – түзмөктүн тилинде ал эмне кылышы керектигин билдирүү

Компүтер менен сүйлөшө билүү – өздөштүрсө боло турган “супер күчтүн” өзү.

 

Програмдоого үйрөнүп алыш үчүн гений болуштун кереги жок!

Ар бир киши програмдай алат! Бул чет тил үйрөнгөндөй эле иш.





Келечекте програмчы болуш үчүн ойлонгонду, туура чечим тапканды, “мээсин иштеткенди” үйрөнүп алган маанилүү. Ай сайын программалардын жаңы версиялары чыгып, жабдыктардын мүнөздөмөлөрү өзгөрүп турат. МТ чөйрөсүндөгү адистер булардан кабардар болуп турушу керек. Ошондуктан өз алдынча үйрөнүү жөндөмү програмчыга керектүү эң негизги жөндөмдөрдүн бири.

Экинчи мааанилүү жөндөм - командада иштөө жөндөмү.





Маалымат технологиялар тармагында адистик алуу менен, сиз Кыргызстандын компанияларында эл эмес, чет өлкөлөрдө дагы керектүү киши болосуз. Интернет МТ-адистерге аралыктан иштегенге мүмкүнчүлүк берет. Кыргызстанда жашап, бүт дүйнө менен иштесе болот.

Кыргызстанда чет өлкөлөргө софт жазган програмчылар үчүн атайын салык тартиби бар

Жумушка орношуунун деле кереги жок болот. Сиз стартап – өз бизнесиңизди ачып өзүңүзгө иштеп баштасаңыз болот! МТ долбоор менен өз компанияңызды ачыш оңой: ал үчүн ноутбук, програмдоонун негиздерин билүү жана кичине бош убакыт эле керек болот.





МТ бизнесте иштөөнү тандоо - өзүңүздү кызыктуу жана келечектүү жумуш менен, үй-бүлөңүзгө татыктуу жашоо камсыздайсыз жана коомдун урматтоосуна ээ болосуз дегенди түшүндүрөт.

Эмнегедир элдин көбү муну кыйын деп ойлойт...



Жакшы жаңылык! Ар бир киши програмдай алат!

Бүгүнкү Код саатында биз силерге, жашына же жынысына карабастан, чындап эле ар бир киши програмдай ала тургандыгын көрсөтөбүз. Ал үчүн STUDIO.CODE.ORG шилтемесин басабыз.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!