СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Музей адиси менен жолугушуунун сценарийи

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Музей адиси менен жолугушуунун сценарийи

Просмотр содержимого документа
«Музей адиси менен жолугушуунун сценарийи»

“Бекитемин”

Директор_________Матикеева Г.М.

“____” “____” 2017-жыл.



Ош шаарындагы №11 В.В.Терешкова мектеп-интернатындагы окуучулар маданият кызматкерлери жана тарыхчы инсандар менен болгон жолугушуусунун жобосу:

Жолугушуунун максаты:

1. Окуучулардын тарых сабагына болгон кызыгуусун арттыруу.

2. Окуучулардын билим деңгээлин жогорулатуу.

3. Логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү.

Өтүлүүчү жай: Акылдуу доска каанасында тегерек стол.

1.Саламатсыздарбы бүгүнкү өтүп жаткан теререк столдун меймандары жана катышуучулары куш келипсиздер!

2. Анда эмесе бүгүнкү тарыхчылар менен болгон жолугушууда тегерек столду ачып берүү үчүн сөздү мектеп директору Матикеева Гүлсүнбү эжекебизге сөз беребиз.

3. Коноктор менен тааныштыруу:

4. Бүгүнкү тегерек столубуздун коногу менен тааныштырып кетсек Ош шаарындагы Сулайман Тоо Сулайман-Тоо" улутгук тарыхый-археологиялык музей комплексинин директорунун орун басары анын жигердүү кызматкери жана тарых мугалими Ибайдуллаев Хайрулло агай келип отурат.

Анда эмесе сөздү Ибайдуллаев Хайрулло агайга берели.

5. Видео ролик « Сулайман Тоо» тууралуу.

Сулайман-Тоо" улутгук тарыхый-археологиялык музей комплекси

жөнүндө маалымат



"Сулайман-Тоо" комплекси Фергана өрөөүнүн түштүк-чыгыш бөлүгүндө, Ак-Буура суусунун сол жээгинде, Ош шаарынын борборунда жайгашкан. Анын эң жогорку бийиктиги — дениз деңгээлинен 1175,3 метр бийиктикте турат. Тоонун узундугу 1663 метр, туурасы 476 метрден (биринчи чокусу) 820 метрге чейин (үчүнчү чокусу) тузөт.

Сулайман-Тоонун байыркы доордон бери бир нече аталыштары бар: "Сулайман-Тоо", "Тахти-Сулайман", «Сулайман-Таг», деген аталыштары болгон. Орто кылымдагы жазуу булактарына караганда анын XV кылымдагы тарыхый аталышы фарс тилинде "Бара-Кух" деп аталгандыгы белгилүү, бул өзүнчө турган же "Көркөмдүү-Тоо" дегенди билдирет. Тоонун беш чокусу болуп, чыгыш жагында символикалуу эстеликтерден болгон «Суу дарбазасы» жана батыш тарабында «От дарбаза» жайгашкан.

Ош шаарынын 3 адамдан

Музей өзүнүн өнүгүү тарыхында бир нече жолу наамы өзгөргөн:

            1949-1978-жылдары Ош облустук аймак таануу музейи;

            1978-1982-жылдарда Ош облустук тарыхый-маданий музейи;

           1982-2004-жылдарда Оштогу бириккен тарыхый-маданий музей коругу;

           2004-жылдын 10-апрелинен баштап «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси деп аталат.

            Музейде 33 миңден ашуун музей фондунун экспонаттары сакталып жана көргөзүлүп турат. Алар 6694 археологиялык, 3702 этнографиялык, 19852 документтер жана сүрөттөр, 1196 кол өнөрчүлүк буюмдары, живопись, скульптура, графикаларды ж.б. камтыйт. Штаттык расписания боюнча бардыгы; 98 кызматкер, алардын ичинен 30 илимий кызматкер эмгектенет. Маданияттын мыкты кызматкерлеринен 11.

Музей экспозициясы эки бөлүмдөн турат: Кыргызстандын түштүгүнүн флора, фаунасын жана кен байлыктары жөнүндө, ал эми тарых бөлүмүндө адамзат коомунун таш доорунан баштап азыркы күнгө чейинки тарыхы чагылдырылган. Сулайман-Тоосунда жайгашкан Үңкүр комплексинин экспозициясы Фергана өрөөнүндө жашаган элдердин руханий маданиятын, диний ишенимдери көрсөтүлгөн.

Музей комплекстин курамында төрт филиал бар:

1) Ноокат районунун тарых музейи;

2) Ноокат р-н, Төөлөс а\ө жайгашкан У.Салиева атындагы музейи;

3) Ноокат р-н, Зулпуев а\ө жайгашкан «Россия» музейи;

4) Өзгөн р-н археологиялык-архитектуралык музей комплекси.

Улуттук-археологиялык музейдин атайын-кайтарылуучу аянтында тарыхый, маданий жана жаратылыш эстеликтери жайгашкан аларга Ош тургун жайы б.з.ч. (XI1-VIII кк.), 400дөн ашуун петроглифтер (б.з.ч. II-I кк..), орто кылымдагы мончо (X-XII кк..), Асаф ибн Бурхия мавзолейи (XVIII к.), Рават Абдуллахан мечити (XVI к.), 1989-жылы реконструкцияланган Тахти-Сулайман мечити жана башка археологиялык-архитектуралык мурастар кирет.

"Сулайман-Тоо" музей комплексинин жалпы аянты жана объектиси ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурасы катары Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтому боюнча (08.09.2006-ж., № 638) 134,8 гектарды тузөт. Бул аянттын 112 гектарына ЮНЕСКОнун номинациясы ыйгарылган, "Сулайман- Тоо" буфердик зонанын аянты 4788 гектар болуп саналат.

1979-жылы 11-декабрда Ош шаарынын Эл депутаттар кеңешинин № 519 чечими боюнча "Тахти-Сулейман" геологиялык коргоо болуп түзүлгөн жана тиешелүү паспорт берилген.

1981-жылы 21-августта Кыргызстан Компартиясынын Ош обкомунун жана областтын Эл депутаттар кеңешинин "Бириктирилген Ош тарыхый- маданий музей-коругу жөнүндө" токтому боюнча (№15/16-532) музей коругунун аймагынын чектери Ленин, Альбастрова, Тельман жана Пионер көчөлөрү боюнча бекитилген. Аталган токтомдун 2-пунктунда КРнын Маданият министрлигинин уруксатысыз бардык курулуш жана чарба иштерин жүргүзүүгө тыюу салынгандыгы көрсөтүлгөн.

            1982-жылы 23-апрелде Кыргызстан КП БКнын жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин "Оштогу бириккен тарыхый-маданий музей-коругу жөнүндө" 242 токтому боюнча "Сулайман-Тоо" жайгашкан жер участкалары бекитилген жана анын тарыхый жана маданий эстеликтери мамлекет тарабынан коргоого алынуучу аймак деп эсептелген.

2002-жылы 20-августта "Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объектилерин коргоо, каттоо, реставрациялоо жана колдонуу жөнүндө уставды бекитүү тууралуу" №568 токтом менен "Сулайман-Тоонун" аймактары Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмесине №343 болуп катталган.

2004-жылы 10-апрелде Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы боюнча (№ 133) " Оштогу бириккен тарыхый-маданий музей коругуна "улуттук" макамы берилген жана КРнын Өкмөтү тарабынан "Сулайман-Тоо" улуттук археологиялык музей комплексинин уставы бектилген.

2008-жылы 9-июнда "ЮНЕСКОнун" бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине "Сулайман-Тоо (Ыйык тоо)" маданий ландшафтын киргизүү үчүн" КРнын Президенти тарабынан тарыхый-маданий музей комплексин мамлекеттик колдоо жөнүндө буйрук,(№ 196) чыгарылган.

2009-жылы 26-июнда "Сулайман-Тоо" тарыхый-археологиялык музей комплекси Кыргызстандагы биринчи объект катары Бүткүл дүйнөлүк мурастар комитетинин Испаниянын Севилья шаарында өткөн 33- сессиясында ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-сентябрындагы №638 токтому менен Ош шаарынын аймагында батыш тарабындагы кызыл тилкесинин чектеринде жайгашкан "Сулайман-Тоо" улуттук-археологиялык музей комплексинин коргоо зоналарынын чек аралары төмөндөгүдөй бекитилген:

-Г.Айтиев атындагы көчөсү боюнча - "Курманжан-Датка" көчөсүнөн А.Навои көчөсүнөн;

-чыгыш тарабы:

-А.Навои көчөсү боюнча - Г.Айтиев көчөсүнөн "Курманжан-Датка" көчөсүнө чейин;

Түштүк тарабы:

-"Курманжан-Датка" көчөсү боюнча — А.Навои көчөсүнөн Г.Айтиев көчөсүнө чейин.

Коргоого алынган жалпы аянт 134,7 гектар жерди түзөт, алардын ичинен 6,2 гектары Кара-Суу районунун аймагы менен чектешет.











































Улуу  Жибек Жолунда жайгашкан Кыргыз Республикасы Кытай, Иран, Индия, Арабия деңизи жана батыш дүйнөсүнүн ортосундагы соода жана маданий салттардын айкалышы, ошондой эле 80ден ашык этникалык топтун өкүлдөрүнүн үйү болуп калды. 


Ак карлуу тоолордун, өзөн суулардын жана гүлдөгөн өрөөндөрдүн   арасындагы ажайып жаратылыштагы жашоо кыргыз элинин мүнөзүн жана кылдат сезимин калыптандырган.  Көркөм кол өнөрчүлүк искусствосу кылымдан кылымга калыптанып, көчмөн жашоо образынын талаптары менен  тыгыз байланышкан. Кыргыздар көптөгөн кол өнөрчүлүктө, мисалы: салтына тиешелүү оюм-чийимдери түшүрүлүп  көз тайгылткан шырдактарды, ала кийиздерди   жана кийизден ар кандай буюмдарды: ар кандай маанини берген ар кыл түстө чий согуу; каада-салттагы текстиль буюмдарын, кийизге, териге, жүнгө, жибекке, пахтадан токулган кездемеге сайма саюуда, жүндөн, жибектен жана металлдан көркөм буюмдарды  жасоодо мыкты чеберлер болуп таанылган. Мындан сырткары, кыргыздар күмүштөн зергер буюмдарын жасоодо өзгөчө техниканы өнүктүрүшкөн жана аны ушу күнгө чейин сактап келишкен.


“Манас” эпосу 
кыргыз элинин маданиятында өзгөчө орунду ээлейт. Эпостун баш каарманы Манас – элдик баатыр, кыргыз элинин көзкарандысыздыгы, эркиндиги үчүн күрөшкөн.  500 000ден ашык ыр саптарынан турган  «Манас» эпосу жөнүндө оозеки легенда муундан муунга көптөгөн кылымдар бою берилип, айтылып келген. «Манас» эпосу дүйнө жүзү боюнча эң чоң эпикалык чыгарма болуп таанылган. Кыргыздардын чыныгы турмушундагы окуяларды чагылдырган эпос,  калк арасындагы кадыр-барктуу жана сый-урматка ээ айтуучу – манасчы тарабынан айтылат.

Мындан сырткары «Манас» кыргыз элинин жашоосун жөнгө  салуучу салттык мыйзамдардын жана жоболордун жыйындысы катары кызмат кылат. Эпостун айрым жоболору өлкөнүн заманбап өнүгүүсүндөгү биримдиктин улуттук идеологиясын түзүү үчүн кызмат кылган.

Салт боюнча кыргыздар үйүнө келген ар бир коногун сыйлап тосуп алат. Эгерде кыргыз келген конокту сыйлабаса, бул абдан кемсинтүү болуп саналат.  Ал эми, тескерисинче, конок сыйдан баш тартса, бир чыны чай ичпей койсо,  анда ал үй ээсин таарынткан болот. Бул салт кыргыздардын арасында гана кеңири жайылбастан, Кыргыз Республикасында жашаган башка улуттардын өкүлдөрүндө да калыптанган.

Азыркы заманбап Кыргызстанда мындан башка да байыркы каада-салттар абдан белгилүү. Мисалы, баланын туулганына карата «Жентек той», же болбосо баланын бир жашка толгондугуна байланыштуу «Тушоо кесүү»   тоюу.  Ал эми кыргыздардын жазгы майрамы жана жаратылыштын жаңырышы – «Нооруз» майрамын өлкөнүн бардык калктары динине жана улутуна карабастан белгилешет.  Кыргыз Республикасынын тарыхы жана маданияты 80ден ашык этникалык топтун өкүлдөрүн бириктирген  калк сыяктуу көп кырдуу.  Кыргыз Республикасынын аймагында өткөн доордогу жана мезгилдеги эстеликтер – алгачкы адамдардын жашаган үңкүрлөрү,   тоо таштардагы сейрек учуроочу руникалык жазуулар, аскага чегилген сүрөттөр жана таш айкелдер, антикалык жана орто кылымдагы жашаган сепилдер жана коргондор сакталып калган. Кыргыз эли жөнүндө биринчи жазма эскермелер биздин эрага чейин 201-жылы белгиленген кытай булактарында кездешет. Көптөгөн убакыттар бою кыргыздар Түштүк Сибирдин жана Орто Азиянын бирден бир ээлери болушкан. Бирок биздин эрага чейин XIX кылмыдын аягында гана кыргыз жазуусу пайда болгондуктан, этнос жөнүндө бардык жазма эскермелер кытай, иран, түрк жана араб булактарында гана кездешет.

Кыргыз эли мамлекеттүүлүккө негиз  салуучу принциптерди кубаттуу көчмөн гунн державасынын гүлдөп турган учурунда, биздин эрага чейин биринчи миң жылдыктын аягында эле  түзүп коюшкан.   Кийинки  булактар  енисей кыргыздарынын мамлекетинин гүлдөшү жөнүндө  көрсөтөт. Кыргыз элинин улуу державасы узакка созулган эмес. Биздин эрага чейин кыргыздар Алтай, Жунгария жана Чыгыш Түркстандын бөлүгүн гана көзөмөлдөп турушкан. XIII кылымда Енисейдеги кыргыз мамлекети  жок болуп, кыргыздар башка түрк урууларынын арасына сиңип кетишкен.

Кыргыздар жашаган аймак адегенде Россия империясынын курамына кирип (1864–1876-жж.),  андан кийин автономдук облус катары Түркстан АССРне кирген (1918-ж.). Кыргыздардын мамлекеттүүлүгү XX кылымда кайрадан калыбына келген. Андан соң кыргыз элинин статусу автономиялык (1924-ж.) жана эң акырында СССРдин курамындагы (1936-ж.) союздук республика  катары таризделген.  1991-жылы гана кыргыздар эгемендүү мамлекет – Кыргыз Республикасы боло алышты.

Кыргыз Республикасы аркылуу Улуу Жибек Жолунун маанилүү бөлүгү өткөн. Качандыр бир кезде батыш дүйнөсү Кытай сыяктуу өлкө бар экенин шек кылышпаганы белгилүү. Тянь-Шань, Гималай жана Памир тоо кыркалары, суусуз чөлдөр Евразияны ар кандай эки маданий дүйнөгө бөлүп турган. Биздин доорго чейин II кылымда гана  саякатчы Чжань-Цань тоо ашууларын ашып түшүп, Согда, Түндүк Афганистан жана башка өлкөлөргө жеткен. Чжань-Цань Кытайга кайтып келгенде батышта жайгашкан өлкөлөрдүн байлыктары жана укмуштары жөнүндө айтып келген. Көп өтпөй саякатчынын жолу менен  соода  кербендери жол жүрөт. Маршруттун көпчүлүк бөлүгү Батыш менен  Чыгышты байланыштырып турган көпүрө жана Улуу Жибек Жолунун маанилүү бөлүгү болгон азыркы Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу жүргөн.

 

 




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!