СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мыйзам жаратууда тилдин ролу (автордук макала)

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Мыйзам жаратууда тилдин ролу (Автордук макала: Сагыналы кызы Бактыгул)

Просмотр содержимого документа
«Мыйзам жаратууда тилдин ролу (автордук макала)»

“Мыйзам жаратууда тилдин ролу”

Мен бул макаланы кытай элинин улуу окумуштуусу Конфуцийдин сөзү менен баштагым келип турат. Конфуцийден жанындагылар бир күнү мындай деп сурашат экен:

  • “Эгер сиз өлкөнүн башчысы болсоңуз, эң алгач эмне кылаар элениз?” Улуу окумуштуу мындайча жооп берет.

  • “Албетте эн биринчи тилге маани берип, аны оңдоо менен ишти баштамакмын.” Бул жоопту уккан элдин баары таң калып карап калат. Конфуций сөзүн улайт.

  • “Тил системалуу, эрежеге таянган бир тартипте болбосо, сүйлөмдөр туура болбосо, сөздөр айта турган ойду жакшы бере албай калат. Ой жакшы, так, таамай түшүндүрүлбөсө, жасала турган иштер туура жасалбай, кээ бир жерлери кемтик бойдон калат. Милдеттер жана иштер туура аткарылбаса, салт-санаа, маданият бузулат. Салт бузулса адилеттик болбой, башкага ооп кетет. Адилеттик бузулса эл эмне кылаарын билбей калат, анан бул иш эмне менен бүтөөрү да бүдөмүк бойдон калат. Так ушул себептен эч бир нерсе тилдей маанилүү эмес”. Конфуцийдин жогорудагы сөздөрүнөн тил биздин жашообузда абдан маанилүү экенин түшүнүүгө болот.

Тил илимдин бардык тармактарында колдонулат. Ошол эле илим тармагы өркүндөп, өсүп, алдыга жылган сайын ар кандай жаңы түшүнүктөр, терминдер пайда боло баштайт. Термин- бул илимдеги бир түшүнүктүн атын атоо үчүн алынып, бир мааниде колдонулуучу сөз же сөз тизмеги болуп эсептелинсе, терминология- илимдин ар кайсы тармактары боюнча тилде колдонулган терминдерди үйрөтүүчү илим болуп эсептелинет. Пикир алышууда тил каражаттарынын т.а. сөздөрдүн, терминдердин, колдонулушу жана уюштурулушу дайыма эле бирдей боло бербейт. Коомдун, илимдин, маданияттын, иш жүргүзүүнүн жалпы өнүгүш деңгээли тилде белгилүү өзгөрүүлөрдүн болушун шарттайт. Алардын натйжасында стилдик түрлөр пайда болот. Стилистика кепте сөздөрдүн, терминдердин орундуу пайдаланышын, максатка, сөз жүрүп жаткан шартка, чөйрөгө жараша колдонулушун изилдейт. Мунун өзү кеп маданияты менен тыгыз байланышта жана кеп маданиятынын жогорулашын шарттайт. Ушундай жагдайга байланыштуу кыргыз тилинин функционалдык стилдеринин бир түрү болгон официалдуу-иштиктүү стилге (расмий иштиктүү стилге) жана анда колдонулуучу юридикалык (мыйзам жаратуудагы) терминдердин мүнөздүү өзгөчөлүктөрүнө токтолуп кетейин.

Официалдуу- иштиктүү стиль кызматка, адмнистративдик башкарууга, укуктук мамилелерге тиешелүү документтердин даярдалышына колдонулат. Официалдуу-иштиктүү стилдин же анда колдонулуучу документтердин негизги милдети- ар түрдүү мамлекеттердин же бир мамлекеттеги мекмелердин, жарандарынын бири-бири менен болгон өз ара мамилесин жөнгө салуу, мамлекеттик бийликтин органдары менен калкты өз ара байланыштыруу, аларды бир тартипке баш коштуруу болуп саналат. Жогоруда жазып кеткендй официалдуу-иштиктүү стилде юридикалык терминдер көп колдонулат. Юридика- бул коомдук турмуштун бир областы болгондон кийин анын өзүнө тиешелүү бөтөнчөлүктөрү, укуктун тиешелүү предметтери жана түшүнүктөрү болот.

Алар мыйзам чыгаруу үчүн өтө зарыл каражаттар болуп саналат. Булардын бардыгы тилде чагылдырылып, атайын же расмий лексикадан пайдаланылып, мыйзам чыгаруучунун кебинин так, таамай айтылышына мүмкүнчүлүк берет. Расмий иштиктүү стилде колдонулуучу юридикалык терминдер эки же андан ашык сөздөрдөн туруп, мааниси жагынан өз ара биригип, бир нерсенин атын туюнтат жана ал сөздөрдү бөлүп жиберүүгө мүмкүн болбогон татаал терминдер колдонулат. М.: токтом, террордук кат, айыптоо өкүмү, коомдук уяткаруу ж.б. кирет. Ошондой эле юридикалык терминдерден жаза кодекси, мамлекеттик кылмыш, доону өзгөртүү, жаза мыйзамы кенири колдонулат.

Укук системасы коомдук турмуштун ар түрдүү чөйрөлөрүндөгү адамдардын жалпы жүрүм-турумунун эрежелерин билдирет. Мыйзам чыгаруучунун белгилүү бир тушүнүктөрдү ойлоп, аларды лексикалык каражаттардын жардамы менен түшүндүрүүсү терминдердин пайда болушуна алып келет. Жөнөкөй турмуштук сөздөр конкретүү бир нерсенин атын билдирсе, терминдер бүтүндөй бир түшүнүктүн атын билгизет. М.: жаза-кылмыш үчүн тарта турган айып, мыйзам-мамлекеттик бийликтин жогорку органы тарабынан бекитилген жалпыга милдеттүү жобо, токтом, эреже, укук-адамдардын коомдогу мамилелерин жөнгө, тартипке салуу үчүн мамлекеттик бийлик тарабынан белгиленүүчү жана корголуучу нормалардын, эрежелердин жыйындысы. Юридикалык расмий документтерде бул сыяктуу термин, түшүнүктөрдүн мааниси чоң.

Бул макаланы жыйынтыктап айтчу сөз, тил- юридикалык терминдерде, түшүнүктөрдө, мыйзам чыгарууда негизги ролду ойнойт. Ошондуктан тилибизди илимдин бардык тармактарында, эн негизгиси мыйзам чыгарууда кенири колдонолу.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!