СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Наадан менен пайгамбар

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Нурмолдо "Наадан менен пайгамбар"

Просмотр содержимого документа
«Наадан менен пайгамбар»

НУРМОЛДО. НААДАН МЕНЕН ПАЙГАМБАР

Наадан менен пайгамбар
I
Токулдатып керкисин
Устажолдош чоңатам.
"Наадан менен Пайгамбар"
Деп ырдады карасам.

Андан бери көп акты
Алда канча дарыйаң.
Дагы да бар наадандар
Деп ырдады карыйам.

–Эселек болбо, балалар, I
Эсиңе тут Калмурат,
Эбереңе айтып бер
Бу заман эстен тандырат.

"Нурмолдонун сөзү" –деп,
"Устажолдош көзү" –деп.
Айта жүр бала-чакана
Акыл-чындык озү деп.

Лаалахилааха иллаллаах
Мухамедурра суулуллах.
Азабы бар болмоктун
Чыныгы Расулаллаах. I

Меккеликтер тааныды
"Пайгамбар –деп Мухаммет".
Каршы чыгат кафирлер:
"Муну кабыл этмедек".

Көрө алышпайт гөрдөйлөр
Кадыр-баркка жеткенин.
Жактырышпайт атүгүл
Жан көчөдөн өткөнүн.

Ошонун бири Байкемпир
Ойлонот балаканада
"Кантип жагып калды экен,
Куурагыр Алла Таалага?"

Башка жол жок басууга,
Пайгамбар өтөр күнүгө.
Келгенде кемпир түкүрөт
Балакана түбүнө.
"Астагфирулла!" –деп койуп,
Пайгамбар бетин арчынат.
Күндө кемпир түкүрөт
Келишпес кеги барчылап.

Ыраазы болбой буга да
Ойлонот кемпир пикирди:
Башына куйду жугунду
Шыпырып икир-чикирди.

Кайаша айтып койбостон
Пайгамбар кирин аарчынат.
Күндө куйуп жугунду
Куураган кемпир каршыгат.

Пайгамбар өтөр көчөдөн
Бир быш этип койбостон.
А кемпир икир-чикирди
Куйады күндө болбостон.

Кийимдерин тазалап
Күндө кийет которуп.
Кайсар кемпир жугунду
Кайра куйат бозоруп.
II
Дагы бир күнү Мухаммет
Көчөдөн өтүп баратыр.
Куйбады кемпир жугунду
Пайгамбар болду кабатыр!

Көрүңүз мунун зикирин
Улук инсан пикирин:
–Байкемпир ооруп калганбы?
Не куйбайт икир-чикирин?

Деп ойлоп кирсе үйүнө,
Байкемпир жандан түңүлө,
Онтолоп ооруп жатыры
Чакчайып шыпка үңүлө.

Зангырайт балаканалуу
Тамдары толо дүнүйө.
Коргону бийик калаалуу
Пайгамбар сөздөйт күйүгө:

–Күйөрмандар болбосо
Бу байлыктар бейпайда.
Өлөжазган Байкемпир!
Каралашар эл кайда?

Ана дализ, төркү үй
Бош аңгырайт киши жок.
Килем баркыт, жибе жүк
Көз тайгылтат дүйнө шок.

Ачылат өзү сандыктар
Алтын, күмүш шагырайт.
Ажыдар жутуп кеткенсип
Адам пенде табылбайт.

Кайра кирип кемпирди
Колу менен дабалайт.
Ичине дарты түшүптүр,
Ит болуп үрүп абалайт.

Көздөрүндө огу бар,
Колдорунда чогу бар.
Мухаммет апсун алаамат
Башкаларда жогу бар.

Чогун кактап иштетип,
Жогун салып биштетип.
Огун атып ичине
Итин чыкты тиштетип.

Кемпир ачып көздөрүн
Көргөнүнө ишенбей.
Каңгырап жылай баштады
Кайгырады кемшиндей:

– Кайырмазир –деп Пайгмбар
Кайра түштү жолуна.
Айыккан кемпир ыйлады
Аңгырайт окшоп долуга.

Нурмолдо Наркул уулу (1838, азыркы ЖалалАбад Облусттук, Ала-Бука району,Кош-Терек айылы – 1920, ошол эле жер, сөөгү Кош-Терек мазарына коюлган) – жазгыч жана төкмө акын, ойчул, агартуучу. Ата-теги хан ордолорунда, илим-билим борборлорунда, дин ислам изилдөөчүлөрүнүн арасында жашап өткөн аалым адамдар болгон. Атасы Наркул, ата-бабалары: Молдо Темир, Кара Кычкач, Молдо Кыргыз, Нурмуххаммат, Молдо Сайпидин, Абасхан, Чурчар, Аличур болгондугу айтылат. Н. 9 жашынан Кош-Терек кыштагында мечиттен сабатын ачкан. Окуткан молдо баланын өтө зээндүү жана идирек экенин байкаган, эки жылдан кийин Намангандагы Молдо кыргыз медресесине жиберип, медресеге талаба (студент) болуп кабыл алынат. Нурмолдо медреседе окуп жүргөндө эле ошол медресенин өзүнө сабак берип, мударистик кылат. Нурмолдо чыгармаларын кагазга түшүргөн жана төгүп ырдаган акын болгон. Совет доорундагы молдолордун, ислам илимпоздорунун артынан куугунтук жүргүзгөн мезгилде кол жазмалары жоголуп, мезгил каарынан чочулаган туугандары, урпактары атайылап жоготкон учурлары да болгон дешет. СССР мезгилинде Нурмолдо жөнүндө оозеки учкай гана айтылып, Жеңижок, Токтогул, дагы башкалар менен айтышканы гана эскерилип, ал да анын кемчил жагын көрсөтүү үчүн айтылчу. Эгемендүүлүк келгенден кийин «Замана», «Молдо кыргыз медресесиндеги ыр» (1997) аттуу чакан эки китеби жарык көргөн. «Замана» акын өзү жашоо кечирген заман туурасындагы ойчул ырларынан жана «Нурмолдо тууралуу» икаялар деген бөлүмдөрдөн турат. Экинчи китепте да өз доорундагы саясий-социалдык абалдарды чагылдырган «Замана» аттуу айрым ыры бар. Нурмолдонун бул ырдагы жана замандаш ырчыларды мүнөздөгөн чыгармаларындагы көз карашы Калыгул, Молдо Нияз, Молдо Кылыч жана башка акындардан айырмаланып, орустардын келишине карата оңчул мүнөздө экени даана көрүнөт. Нурмолдо тууралуу маалыматтарды К. Рыскулов топтогон. А. Какеевдин «Нурмолдонун философиясы», С. Байгазиевдин «Нурмолдо-XIX кылымдын тунгуч агартуучу-педагогу жана эне тилдин даанышман патриоту» (2005) деген эмгектери жарык көргөн.

Бул аманат дүнүйөдө
Бирөө жүрөт зор болуп, 
Бирөө жүрөт кор болуп.
Жетелетип аса алып
Бирөө жүрөт көр болуп. 
Бирөөгө бирөө эс болуп,
Бирөө макоо - пес болуп.
Аланын дагын көрбөсүн.
Курук тукмат жабышып,
Жалаанын дагын көрбөсүн,
Баарыдан жаман баламат
Баланын дагын көрбөсүн.
Камчыбек деп кан жутуп,
Курбанжан датка жойулду.
Баланын дагын көрбөсүн.
Алымбек датка балдары
Атасыдан зор болду.
Албарс кефир оруска
Акыры жүрүп кор болду.
Абак болуп асылып,
Сибирге кетип сил болду.
Жети миң кагаз пул чачып
Кеткен жери шул болду.
Ак илечек султайы
Атка чакан Курбанжан
Күлүшөдө күл болду.
Күйүт менен чок болду.
Сибирге кетип жок болду:
Мурзапайаз, Баатырбек.
Булардын дарди бир жактан
Мактубек деп мас болду.
Камчыбек деп гаш болду.
Ичкени заар аш болду,
Душмандын боору таш болду.
Эсиз марттар жок болуп
Эки көзүң жаш болду.
Аламда калган беклерге
Асанбегиң баш болду.
Санаа тартыр Курбанжан
Саңа кыйын иш болду.
Алымбектин даврида
Кийгениң кымкап, киш болду.
Итайагың мис болду.
Дөөлөр келип кашыңа,
Давлат куш конуп башыңа
Аалымнын баары дос болду.
Шариатты хар кылып
Балдарың баары мас болду.
Кара түн менен гам басып
Карып болдуң бу чакта.
Абдуллабектен айрылып
Дүйнөң кетти шу чакта.
Муңдуу болдуң бу чакта.
Булбулуңнан айрылып,
Муңайгансың о чакта
Жалтанчаак болдуң бу чакта.
Жакшы уулуңнан айрылып,
Жаңылган башың о чакта.
Орустун карап көзүгө
Осол болдуң бу чакта.
Жолборсунан айрылып
Жолдон чыктың о чакта.
Ааламдын баары жайланып,
Алайдай жакшы жер кана?
Алымбектин беш уулу
Абдыллабектей эр кана?
Кулан сындуу эр эде,
Карадан түшкөн төрө эде.
Айры калпак кыргызда
Ашар ачкан зор эде.
Камчыбектен айрылып
Какшап калдың бу чакта.
Ак алачык султаны
Аты чыккан Курбанжан
Абдыллабектен айрылып
Караан болдуң о чакта.
Сибирге кеткен балдарың
Сил кылды сени бу чакта.
Алганы калып тул болуп
Алымбек датка аблады.
Азалдан тагдыр шул болду
Иштен түшүп зур болду
Ишсиз бектер кор болду.
Атадан калып зур болду
Азамат беклер кор болду.
Калкалуу шаар сураган
Хандар шундай болуучу.
Беш күндө бир жашаган
Беклер шундай болуучу.
Төрт күндө бир жашаган
Төрөлөр шундай болуучу. 
Кулан сындуу эр эде,
Карадан түшкөн төрө эде.
Айры калпак кыргызда
Ашар ачкан зор эде.
Камчыбектен айрылып
Какшап калдың бу чакта.
Ак алачык султаны
Аты чыккан Курбанжан
Абдыллабектен айрылып
Караан болдуң о чакта.
Сибирге кеткен балдарың
Сил кылды сени бу чакта.
Алганы калып тул болуп
Алымбек датка аблады.
Азалдан тагдыр шул болду
Иштен түшүп зур болду
Ишсиз бектер кор болду.
Атадан калып зур болду
Азамат беклер кор болду.
Калкалуу шаар сураган
Хандар шундай болуучу. Беш күндө бир жашаган
Беклер шундай болуучу. Төрт күндө бир жашаган
Төрөлөр шундай болуучу. Алымбек датка балдары
Абдыллабек, Асанбек Айры калпак кыргызда
Ашкере түшкөн төрө эде, Ак шумкардай эр эде.
Баатырбек менен Махмутбек Карчыга сындуу Камчыбек
Куландай катуу эр эле. Ак жолборстой марттарың
Азалдан кылган сөөлатти. Көк жолборс сындуу марттариң
Көрүп келген давлатти. Көп жерде кылган сөөлатти.
Азалдан көргөн давлатти. Ар жерде кылган сөөлатти
Ак алачык султаны Аты чыккан Курбанжан
Башы Алайгабатпаган Малыңнын көбүн айтамын.
Казынаңа батпаган Пулуңнун көбүн айтамын.
Эшигиңде кызматкер Кулуңнун көбүн айтамын.
Тонмодон жайлап жаз болсо Тогуз уруу журт барып
Тойлугуңду айтамын. Колотко жайса батпаган
Койлугуңду айтамын. Ашканаңда алты ай
Түлкүлүгүң айтамын.
Жылтыркан башын бурдуруп
Жылкылыгың айтамын.
Кырк жигитке баш болуп
Кызыл-Арт жайлап жаз болсо
Кымыздан арак тарттырып,
Кыз, жубанды жыгдырып,
Кызыл-Жар кыштан кыш болсо,
Кыш салганы куш болсо,
Ордолуу жай Ош болсо
Орус берип амалди
Өлфөң берип күз болсо,
Ойногону кыз болсо
Оң болобу, даткайым.
Орус каттык жоо экен,
Өзүнү билип жүрбөсө
Чоң болобу, даткайым.
Ногой менен орустан
Нойубагын, даткайым.
Кафирдин жайы газали
Кейибегин, даткайым.
Бу дүнүйа беш күндүк
Бу иштин баары азали
Кадыр эгем каалашы.
Камчыбек кетти асылып
Кара көзү жумулду.
Худайымдын иши деп
Курбанжан датка түңүлдү.
Мурзапайаз, Махмутбек
Сибирдин жолун көздөдү.
Алымбек датка авлады
Амали жок боздоду.
Камчыбек Ошто асылды,
Кара көзү жоодурап
Ботосу өлгөн каймалдай
Боздоп калды амал жок
Курбанжан датка даудурап,
Шер баласы шер байлап
Шерхимматтуу Асанбек
Билдирбеди бел байлап.
Асылып кетти балам деп,
Арман кылба, Даткайым!
Жан эгем берер жаннетти
О дүнүйанин давлетин.
Балдарың менен кошулуп,
Максатка жеткин, Даткайым!
Бу дүнүйа беш күндүк
Муратка жеткин, Даткайым.
Буракка минип махшарда
Кылдан ничке көпүрүк
Сырттан өткүн, Даткайым!
Ажалдын аччык шарбатин
Балдарың кетти баары ичип,
Сен хам таткын, Даткайым!
Жердин болот жүн бети
Башыңа жапкын, Даткайым!
Алганың менен балдарың
Пардазори махшарда
Шейиттердин ичинен
Шарбат ичип олтурар,
Кавсардан тапкын, Даткайым!
Жан күйдүргөн балдарың
Жаннаттан тапкын, Даткайым!
Эненин жашы нур болот,
Ата-эне деген пир болот.
Энеси ыраазы болгонун
Жайы болот жаннатта,
Жан жолдошу үр болот.
Камчыбекке кабыр кыл,
Мурзапайаз, Мамытбек,
Баатырбекке сабыр кыл!
Алымбектей дарман кыл!
Акыретти фикир кыл!
Эч арманың калбады
Эгемди дайым зикир кыл!

















































































Тематикалык барак «Адабий саякат» Технология: Слайдер (презентация) Слайдер 25 слайддан туруп, кыргыз элинин улуу акыны Алыкул Осмоновдун өмүрү жана чыгармачылыгына арналат. Бул сүрөттөр А.Осмоновдун ар кайсы жылдары түшкөн сүрөттөрү, акындын төрт музейи, андагы экспонаттар. Сүрөттөр кыскача тесттер менен коштолот. Окуучу уккан материалдын 10-70% , көргөн 20-72%, бир учурда угуп жана көргөн 65-85% пайызын өздөштүрөт. Ошондуктан биз бул топтомду көрсөтмөлүүлүк үчүн эле эмес, окуучулардын элестетүүсүн, кеп маданиятын, изилдөөчүлүк, долбоор менен иштөө, чыгармачылык көндүмдөрүн калыптандыра тургандай колдонууну сунуштайбыз. Мисалдарды келтирели: 1-мисал. Окуучуларга А.Осмоновго арналган окуу китебиндеги же энциклопедияда берилген макаладагы маалыматтар менен берилген слайддар менен жасалгалоо сунушталат. 2-мисал. Окуучуларга бир нече слайддын негизинде кыскача маалымат даярдоону сунуштагыла. Тапшырманы кичи топтордо аткарышат. 3-мисал. Окуучулардын арасында балким музыкага кызыккандары бар. Слайдерлерге ылайыктуу музыка тандоону сунуштаса болот. Музыканын коштоосунда слайддарды көрсөтүүгө болот. 34 4-сүрөт. «Портреттер баяндайт». Окуучуларга тиги же бул слайдды баяндап берүүсүн сунуштагыла. Ал үчүн тандалып алынган слайдды кунт коюп карап чыгып, анын маансин аныктап, окуу китебиндеги маалыматтар менен салыштырып, А.Осмоновдун ылайыктуу ырларынан же акын тууралуу замандаштарынын, изилдөөчүлөрдүн айткандарын тандап алуу туура болот. Аягында жыйналган маалыматтын негизинде анча кыскача аңгеме жазуу зарыл. Бул долбоордук иш болуп эсептелет. 5-сүрөт. Окуучуларга акындын мектеп курагындагы сүрөттөрүн көңүл коюп кароо сунушталат. Азыркы мектеп менен ошол кездеги мектептин айырмасы эмнеде? Бул изилдөө иши үчүн тема болуп калат. 6-мисал. Окуучуларга айрым слайддарга титр (астына сөз жазуу) даярдоону сунуштагыла. Бул тапшырма башкы маалыматты экинчи катардагы маалыматтан бөлүп алууга үйрөтөт. 7-мисал. Окуучуларга берилген слайдердин негизинде викторина үчүн суроолорду даярдоосун сунуштагыла. «А.Осмоновдун мыкты биографы» же «А.Осмоновду мыкты изилдөөчү» сабак-викторина өткөрүүгө болот


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!