СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до 21.05.2025

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Нан жөнүндө жомок

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Нан жөнүндө жомок»

Классы даярдоо классы

Предмет; Кеп өстүрүү

Сабактын

темасы: Түшүм майрамы. Нан ыйык

Сабактын максаты

1.Балдар нандын ыйыктыгы пайда болушу жөнүндө түшүнүк алышат.

2.Таанып билүүсү жөндөмдүүлүгү артат. Адабий тилдин нормасында эркин айтып берүүгө машыгышат.

3.Сулуулукка суктанып эмгекчил, бирдиктүү болууга тарбияланышат


Сабактын тиби; Жаңы билимди өздөштүрүү

Сабактын усулу; Сахна сабак

Сабактын жабдылышы; Саткын Шаелдаеванын «Биздин майрамдар» китеби

Сабактын жүрүшү

Уюштуруу убагы

Жаңы тема: “Нан ыйык”


  1. Хор

  2. Куз жөнундө ырлар

  3. Чымчык бийи

  4. Нан жомогу

  5. Бий кап кап

  6. ырлар

  7. Мамалак

  8. Нандын пайда болушу жөнүдө айтышатм

  9. Ырлар айтышат

  10. Балдардын бийлейт


Хор

Чунга-чанга-көпкөк асманы

Чунга-чанга-күндө жапжаңы

Чунга-чанга-мында жыргайбыз

Чунга-чанга –шаттуу ырдайбыз

Кайырма «

Укмуш-арал, укмуш арал,

Мында келген жыргал табар

Мында келген жыргал табар

Чунга-чанга!
Бул бактылуу арал дейбиз,

Кокос жейбиз, банан жейбиз

Кокос жейбиз, банан жейбиз

Чунга-чанга!


Чунга-чанга-жерсиú табылбас

Чунга-чанга-кайгы табылбас

Чунга-чанга-сени жайлаган

Чунга-чанга –кетпейт кайрадан

Кùз жөнүндө ырлар

Усман Дарбыз

Дарбыз чылбыр чалыптыр

Гùлдөн сөйкө тагыптыр

Хай-хэй кызык өзгөчө

Отурган жер жагыптыр

Ала чапан кийгизип

Атам жакшы багыптыр

Күнү түнү биз берген

Сууга бою каныптыр

Топтой болчу кечээ эле

Бүгүн болсо чоң болуп

Курсагы анын даардайып

Кучак жетпей калыптыр

Исабек Токтогулов


Нуржан

Жамгыр жаап күз келди

Жалбырактар күбүлөт

Сары кызыл жалбыра

Бутубузга үйүлөт

Элхан

Улууларданнакыл кеп

Кундо угуп жатабыз

Жаз-жарыш, куз курөш деп

Айтат апа-атабыз

Алтынай

Берекелүү күз келди

Айыл алма жыттанып

Ак буудайдын данына

Кампа толду шыкалып


Нан жомогу «Нан – Ыйык»

Доскага нан жөнүндө макалдар , сүрөтттөр илинет .

Буудай , дан, ун, нандардын түрлөрүнөн көргөзмө уюштурулат .

Мүгалим – Нандардын көп . нандын пайда болушун айтып отурсак , көптөгөн эмгек , кыйынчылыктар менен биздин ак дасторконго келет. Ошондуктан нан – улук

Балдарга көúүл буралы

Нан жөнүндө үгалы.

(кыргыз күүлөрүнөн угулат)

Алып баруучу Гулзана;

эне келет небересин жетелеп,

баштыгына нан көтөргөн энтелеп.

Небереси суроо берет, сурай берет

Угалычы, эне эмне деп жооп берет.

( чоú эне небереси менен баштыгына нан көтөрүп келе жатышат . Отургучка отура кетишет. неберенин колунда жеген нан бар.)

Небере Тимур:

Энекебай , жегим келбейт,

Таштайынбы бүл нанды

Ким жейт эле жарым бөлүп

Жеген нандан ашканды

Эне Асылжан:

Кой берекем ,жерге таштаба.

Убал болот нанды таштаса

Небере Тимур:

Дайым эле убал дейсиз

Нан деген көп, энеке.

Айтынызчы , эмне сыр бар ?

Убал дебей жөн эле .

Эне Асылжан:

Бул нан үчүн

Далайлардын мандай тери төгүлгөн .

Бул нан үчүн

Далай адам кош айтышкан өмүрдөн .

Угуп тургун айтып берейин

Нандын бизге кайдан келерин:

( ошентип тракторчу жер айдайт. Алар элестетип карап отурушат .)

Тракторчу Нурмухаммед:

Жерди тереú айдадым

Быйыл буудай мол болот

Тракторум түлпарым

Кырманга алтын дан толот.

( жер айдап , бүүдай сепкен бөлөт )

Буудай тегиз себилди

Быйыл түшүм мол болот

Жер семирткич берилди

Ырдайын эми ойо ойлоп

(тракторчу ырдаган бойдон кетет айдалган талаага буудайча кийинген кыздар келип тизилип турушат .)

Буудай: Фатима Тунук Аделя

Биз суусадык суу керек,

Бизге суну ким берет (ыргалат)

Алып Баруучу:

Күндөр өтүп кылтайышып

баш көтөрдү ак буудай

Терин төгүп баба дыйкан

Суу сугарат кобурай .

(дыйкан кетмени менен суу сугарып жүрөт)

Дыйкан Умар:

Суу жиберем, суу жеткирем

Арам ой жок кымындай

Чанкадын го тегиз ичкин

Айланайын , ак буудай

(көк көйнөкчөн 3.4 Кыз суу сыяктуу буудайды аралап ырдап өтүшөт.)

Суу Алтынай Нуржан Айбийке:

Ич , ичегөй , тунук суудан ,

Чанкаганын басылат .

Жамгыр төксө , ак жуунгун

Балкып денен жазылат.

(буудайлар баш көтөрүп турушат да кыймыл менен ырдашат)

Бүүдай Фатима Тунук Аделя:

Кандай сонун муздак суу

Сергий түштү денебиз

Бах, сонун ай күн нуру

Түшүмдү мол беребиз

Алып баруучу:

Кен таланы карап турат

Баба дыйкан кубана

Көз жиберсен кандай соонун

Буудай тегиз бышканда

Баба дыйкан Умар

Комбайынчы келсин мында

Тез оролу , жыйнайлы

Карагыла кубандырып

Буудай бышкан турбайбы .

(комбайынчы бүүдай чаап жатат)

Көмбайынчы Амсангелди:

күн-түн дебей буудай чаап

Калкым үчүн иштеймин

Айтаар сөзүм , аксын терим

Жалкоолукту билбеймин

Бункер толо алтын буудай

Машиналар ташыйт тынбай

Кырман толо, кап да толо

Жүргөнү жок иш кылбай.

(машиналар келишет)

Машина Нурел:

Дан ташыйбыз кырманга ,

мингенибиз машина

Пип-пип, пип- пип-пип

Рулду бекем кармайбыз

Зуулдата айдайбыз

Пип-пип-пип,пип-пип

Алып баруучу

Машиналар зүүлдашып тынбады

Андан кийи Тегирменге

апкелишти буудайды

Тегирмен Рысбек:

Ак буудайдан ун жасаймын

Мен тегирмен , тегирмен

Өз ишимди сүйөм дайым

Ун тарткандан эринбейм

Алып баруучу:

Машиналар зуулдашып тынбады

Андан кийин кап кап унду ташышып

Нан заводго , дүкөндөргө жыйнады

Эмгенин үзүрөнө кубанып

Баба дыйкан ундан жасайт ак нанды

Дыйкан Умар :

Мына мына карагыла ,

Жаны бышкан буудайдан .

Жеп көргүлө, даамын татып

Мен бышырган – боорсок нан

Эне Асылжан :

Мына балам, нан жомогу .

Айта берсем түгөнбөйт

Көпкө өтурдук, жүр кетели

Көргөн адам эмне дейт

Небере Тимур;

Ырахмат эне !

Жомоктордун сонуну экен бүгүнкү

Ыргытпаймын нандын баркын түшүндүм

Алып баруучу:

сары тала, буудай тала

көзгө элестеп көрүнгөн

Шуудурашып баш ийкешет

Кирпиктери төгүлгөн

А тигинде бара жатат чоú эне

Ээрчиткени нан көтөргөн небере.


Алып баруучу:

А сүйүктүү билим кени мектепте

өтүп жатты нан жөнүндө ангеме .

5. Кап-кап бийи

Мүгалим : нан жөнүндө кайсы ырларды билесинер?

1-өкүүчү Абубакир

Нан жөнүндө

Бүүдай бышат күзүндө .

Жер ширеси даамында

Күн ыраны жүзүндө

2- окуучу Мариям

Ак бүүдайга эгиздер

Баба дыйкан дегендер

Ардакташып аларды

Ак нанынан жегендер

3- окуучу Рамадан

Бүл дүйнөдө жер улук

Жерди иштекен эл улук

Элин бакан нан менен

Баба дыйкан эр улук

4- окуучу Розалина

Байлыкты жерден табасын

Жерди баркта түбөлүк

Эмгектенсен жер иет

Энебиз чексиз сүйөлүк

5- окуучу Ислам

Сени дагы , мени да

Дайыма көтөрөт эне жер

Жалкоолукту жек көрөт

Талыкпай иште чыксын тер

7. Мамалак

Мугалим : А нан кандайча пайда бөлгөн

6-окуучу

Нан мындан 16 мин жыл мурда пайда болгон дешет. Адам баласы качан гана дандарды чогултуп , жерди иштете баштаганда пайда болуп . нанды чийки дан бойдон жей башташкан .

7- окуучу

Андан кийин эки таштын ортосуна талкалап , кийин суу куюуп , оттун пайда болушу менен отко кактап жешкен .

8- окуучу

Байыркы эгипетте ачытылган камырды пайдаланышкан. данды эки таштын ортосона коюуп талкалап , сууга аралаштырып , ачытып отко кактап жешкен.

9- окуучу

Нан турк элдеринин “нон” деген сөзүнөн алынган “нон” нык дегенди билдирет себеби, дан тартылган дан кийин нык бөлүп калат 10- окуучу

Эки мин жыл мүрда Римде нан бышыруучулардын үйбүлөсүнө эстеликтер тургузушкан . Ал эстеликтер ушул күнгө чейин сакталып турат.

11- окуучу

Ар бир адам өз байлыгына жараша нан жешкен. Хандын уруктары , үй бүлөсү жаны жабылган нан , кызматчылары бир күн болгон , дворяндар эки күн болгон, ал эми монахтар менен мектеп окуучулары үч күн мурда, жабылган нан жешкен.

12- окуучу

Италияда тартип бузуучуларга бир нече күн нан берген эмес. Бул аны түрмөгө салган менен барабар болгон.

13- окуучу

Ата- бабаларыбыз нанды аябай урматташат. Жерге түшкөн нандын күкùмүн издеп жүрүп , таап жешкен. Нан биздин калк үчүн аябай кымбат болгон .

14- окуучу

Кыргыз элинде нандын мындай түрлөрү бар : катырма боорсок, каттама , күймак, майлама нан , токоч, жупка.

Хор: нан болсо дайым курсак ток

Нан болсо бизде кайгы жок


19- окуучу

Нан –ыйык ,нан улук!

Ушул буудай ушул нан

Биздин өмүр биздин жан

Колдо кубат белде күч

Жүрөктөгү жылуу кан

20- окуучу

Сонун шаар , сулуу там

Көккө карай жулунган

Завод, фабрика,шахталар

Бары бары ушундан

21- окуучу

Парохоттор көлдөгү

Паровоздор чөлдөгү

Сан жетпеген машина

Бары нандын бөбөгү

22- окуучу

Дүр-дүнүйө ,ак,сары

Көз тайгылткан таштары

Алтын,күмүш, жакуттар

Бары нандын кыздары

23- окуучу

Ааламды жарган ардагы

Өнөрпөз,чебер, көсөмдөр

Бары нандын ардагы

26- окуучу Д Байэл

Көп ичсем сүттөн танам

Көп жесем эттен танам

Айранга алымсынбайм

Кымызга ачырканам

Хор :

түбөлүк түк танбаган

Бир гана сенсин мага нан

10Балдар бийи

Мүгалим: нандын баркы үшүндай балдар

Дайыма нанды ыйык туткула Үйдө,ашканаларда, коомдук жайларда аны сарамжалдуу пайдалангыла нанды эмгек гана жаратат

Жыйынтыгы: Мугалимдин жана ата-эненин суйлөөсү менен аяктайт


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!