СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Натыйжалуу сүйлөшүү. (Тарбиялык саат)

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Натыйжалуу сүйлөшүү.  (Тарбиялык саат)

Просмотр содержимого документа
«Натыйжалуу сүйлөшүү. (Тарбиялык саат)»

НАТЫЙЖАЛУУ СҮЙЛӨШҮҮ

Келишип олтуруп кетишкениңен, Керишип олтуруп келишкениң жакшы.


Макал

Сабактын максаты:

  • Сүйлөшүү (коммуникация) түшүнүгүнө аныктама берүү;

  • Вербалдуу (сөз менен) жана вербалдуу эмес (сөзү жок) сүйлөшүү, баарлашуу;

  • Туура эмес түшүнүү жана түшүнбөстүк эмне экендигин талкуулоо.


Сабактын милдеттери:

  • Окуучуларды натыйжалуу сүйлөшүүгө үйрөтүү;

  • Сабакта коопсуз атмосфераны түзүү.


Керектелүүчү ресурстар:

  • Ар бир партада барактар, ручкалар болуш керек;

  • Вербалдуу жана вербалдуу эмес сүйлөшүүнү көрсөтүү үчүн эмоциялар (ачуулануу, комплимент, каны кызыгандык) жазылган карточкалар;

  • Ватманда төмөнкү түшүнүктөрдү жазып же принтерде чыгарып доскага илүү:

«сүйлөшүү - коммуникация», «вербалдуу сүйлөшүү», «вербалдуу эмес сүйлөшүү»,

«түшүнбөөчүлүк».


Сабакка болгон даярдык

  • «Вербалдуу эмес» көнүгүүсүнө катыша турган окуучуларды мугалим алдын ала даярдайт;

  • Мугалим «эмне үчүн суроолорду берүү маанилүү?»- деген көнүгүүгө алып баруучу боло турган окуучуну тандайт.


Сабактын планы:

Көнүгүү

Убакыт

1.

Уюштуруу. «Бузук телефон» көнүгүүсү.

8 мүн.

2.

Киришүү:

  • Сүйлөшүү деген эмне?

  • Көнүгүүсү «Активдүү угуу»

12 мүн.




3.

Негизги бөлүк:

  • Сүйлөшүү түрлөрү;

  • Көнүгүү «Вербалдуу эмес жүрүм-турум»;

  • Көнүгүү «Түшүнүү – түшүнбөстүк»;

  • Көнүгүү «Эмне үчүн суроолорду берүү маанилүү?»



20 мүн.

4.

Сабакты жыйынтыктоо. Коштошуу адеби.

5 мүн.



45 мүн.

Сабактын жүрүшү:

  1. Уюштуруу. «Бузук телефон» көнүгүүсү (8 мүн.)

Мугалим: окуучулар убактысынын көбүн башка адамдар менен өткөрө тургандыгын айтат. Ошондуктан, адамдар менен тил табышуу жана ар кандай учурларда өзүн алып жүргөндү үйрөнүү маанилүү. Кээ бир ыкмалар адамдар менен жакшы мамиле түзүүгө жардам берет. Мугалим сабактын темасын жана максатын айтат.

Мугалим: окуучуларга стулдарда тегерек болуп олтурууну сунуштайт. Жанында турган адамдын кулагына бир сөздү шыбырайт, андан кийин ал сөздү башка окуучуга айтыш керек экендигин түшүндүрөт.

Мисалы: «Үчүнчү күнү футбол болот, төртүнчү күнү текшерүү иш болот, бешинчи күн - бул жуманын акыркы күнү. Акыркы турган окуучу жанында турган баладан уккан сөздү катуу айтат, ал эми мугалим оюндун башында айтылган сөз менен акыркы окуучунун айткан сөзүн салыштырат.

  • Балдар, биринчи айтылган сөз өзгөрүлдүбү?

  • Кандай ойлойсуңар, эмне үчүн өзгөрүлдү?

  • Бул көнүгүүдөн кандай жыйынтык чыгарса болот?

Болжолдуу жооптор:

  • Ооба, өзгөрүлдү себеби шыбырап айтышты, угулган жок, эреже боюнча кайра сураш болбойт эле.

  1. Киришүү (12 мүн.)

    1. «Сүйлөшүү» деген эмне?

Максаты: «сүйлөшүү» түшүнүгүнө аныктама берүү.

Мугалим окуучуларга сүйлөшүүнү кандай түшүнө тургандыгы боюнча суроо берет. Андан кийин окуучулардан

доскада илинген ватманда «сүйлөшүү» түшүнүгүнүн аныктамасын окуп коюусун суранат.

Сүйлөшүү (коммуникация) – адам өзүн оңой жана туура түшүндүрүү жолу.

  • «Натыйжалуу сүйлөшүү» деген эмне?

  • Сүйлөшүү натыйжалуу болгондугун же болбогондугун кандай билсе болот?

Болжолдуу жооптор:

Маалымат алган адам маалымат жеткирген адамдын ойлогонундай түшүнсө, анда эки адамдын ортосундагы сүйлөшүү натыйжалуу болду десек болот.


    1. Көнүгүү. «Активдүү угуу»

Мугалим: окуучуларга эки жуптан бөлүнүүнү сунуштайт. Эки жуптун бирөөсүн класстан чыгууну суранат.

Оюн мезгилинде класста калган окуучулардан ролдордо ойноо көнүгүүсүндө убактылуу ролго кирүүнү суранат.

  1. тапшырма (класста калган катышуучуларга) мугалим айтат:

«Силердин тапшырмаңар – пассивдүү угуучу болуу. Силердин шеригиңер айтып жаткан маалыматка көңүл бурбоо, кызыкпоо, керек болсо тескерисинче, айтуучунун көзүнө карабай, башка нерселерге алаксышыңар керек».

  1. тапшырма (класстан чыккан окуучуларга) бул ролдордо ойноо көнүгүүсүндө ролго кирүү маанилүү экендигин окуучуларга түшүндүрүү. Силердин милдетиңер бир мүнөттүн ичинде өзүңөрдүн шеригиңерге жашооңордо болгон көйгөйлөрүңөр жөнүндө айтып бергиле жана шеригиңерди укканы кызыктырышыңар керек анткени алар кайра айтып бере ала тургандай болуш керек.

Мугалим: класстан чыккан окуучуларды класска кайра кирүүсүн суранат жана алар шериктеринин жанына барып олтурушат. Мугалим убакыт башталды деп айтат. Бир мүнөт

өткөндөн кийин, окуучуларды токтотот. Айтып бергендерге суроо берет:

  • Силер өзүңөрдү кандай сездиңер?

  • Сыртта турган окуучулар маалыматты айтып берүүгө жетишиштиби?

  • Эмне үчүн айтканга жетишкен жоксуңар?

  • Эмне тоскоолдук кылды?

Эскертүү: Талкуулоону тез убакыттын ичинде өткөрүү керек. Негизгиси бардык окуучулар (айтып берүүчүлөр, угуучулар) өздөрүн ыңгайсыз сезиш керек жана сүйлөшүү натыйжалүү болбошу керек.

Андан кийин мугалим окуучуларды ролдор менен алмашууну айтат, ким угуучу болсо класстан чыгат, ким айтуучу болсо, ал угуучу болот. Анан аларга тапшырма берет.

  1. тапшырма (аудиториядан чыккан окуучуларга) Силердин милдетиңер бир мүнөттүн ичинде шеригиңерге

өзүңөрдүн көйгөйлөрүңөр боюнча айтып берүү, айтып жатканда шеригиңерди кызыктырышыңар керек, кийин силер

айткан маалыматты алар кайра айтып берет.

  1. тапшырма (аудиторияда калган окуучуларга). Келгиле кекчил болбойлу, кайра жакшы жагыбызды көрсөтөлү, мындайча айтканда, активдүү угуучу болобуз, шеригиңердин айткан

сөзүнө көңүл буруп, кызыктуу болуп жаткандыгын көрсөтөбүз: суроо беребиз, кошо кайгырабыз, ырастайбыз.

Мугалим сыртта турган окуучулардын кирүүсүн айтат: Убакыт башталды дейт. Бир мүнөттөн кийин токтотуп, айтып берүүчүлөргө суроолорду берет:

  • Силер өзүңөрдү кандай сездиңер?

  • Маалыматты айтып бере алыштыбы?

  • Айтып бергендерге эмне жардам берди?

  • Сүйлөшүүгө эмне жардам берет?

Талкуулоо учурунда ватманга окуучулардын жоопторун эффективдүү сүйлөшүүнү түзүү үчүн кеңеш, сунуш болгондогудай жазгыла. Жоопторду экиге бөлүп жазгыла:


Угуучу үчүн кеңеш:

Айтып берүүчү үчүн кеңеш:

  • Көз контактын колдонүү;

  • Ачык жесттерди колдонуу;

  • Айтуучуга бериле карап активдүү угуу;

  • «Ырас», «ооба» деп колдоп туруу;

  • Суроолорду берүү;

  • Ачык көңүл менен жылмаюу.

  • Теманын негизинде сүйлөө;

  • Түшүнүктүү, жеткиликтүү, жөнөкөй тил менен сүйлөө;

  • Мисалдарды келтирүү;

  • Бат сүйлөбөө;

  • Жеке мейкиндикке кирбөө;

  • Аңгемелешип олтурган адамды тарбиялабоо, үйрөтпөө.


Мугалим: натыйжалуу сүйлөшүү жана конфликттүү абалдан чыгуу үчүн активдүү угуу ыкмалары керек.

Конфликттерди башкаруунун бир жолу бул эффективдүү сүйлөшүү болуп саналат.

  1. Негизги бөлүк (20 мүн.)

    1. Сүйлөшүүнүн түрлөрү. Максаты: вербалдуу сүйлөшүү

менен вербалдуу эмес сүйлөшүүнүн айырмачылыгын көрсөтүү.

Мугалим окуучуларга сүйлөшүү бул сөз менен (вербалдуу) жана сөзү жок (вербалдуу эмес) боло тургандыгын айтат. Мугалим окуучулардан вербалдуу сүйлөшүү жана вербалдуу эмес сүйлөшүү эмне экендиги боюнча суроолорду берет.

Вербалдуу сүйлөшүү – бул сөз жана үн басымынын жардамы менен сүйлөшүү.

Мисалы: музыка, кат, кеп, кино.

Вербалдуу эмес сүйлөшүү – дене түзүлүштүн тили: өнөкөт, беттин түрү, кол жаңдоолору.

65%дан 80%га чейинки маалымат вербалдуу эмес сүйлөшүү аркылуу бериле тургандыгын мугалим окуучуларга түшүндүрөт.

Сүйлөшүү натыйжалуу болуш үчүн, вербалдуу жана вербалдуу эмес сүйлөшүү бири-бирине дал келиш керек. Көп учурларда түшүнбөстүк жана түшүнбөй калуу вербалдуу жана вербалдуу эмес компоненттердин айырмачылыктарынан келип чыгат.


    1. Көнүгүү «Вербалдуу эмес жүрүм-турум»

Максаты: вербалдуу эмес жүрүм- турум ар түрдүү болуп көрүнүшү боюнча иллюстрация кылуу.

Мугалим окуучуларга вербалдуу жана вербалдуу эмес сүйлөшүүнүн мааниси жагынан бири-бирине туура келбей тургандыгына мисал келтирүүсүн айтат.

Болжолдуу жооптор:

  • Мугалим дайыма айтат окуучулар менен сүйлөшүүгө убактым бар деп, бирок ошол эле мезгилде тычсыздана сумкасын жыйнап, саатына карайт.

Мугалим окуучуларга үч ар түрдүү эмоционалдык абалды көрсөтүүнү суранат жана ошол эле учурда бир эле сөздү ар түрдүү вербалдуу эмес белги менен «Салам!» деп айтышат.


Мүмкүн болгон көрүнүштөр:

  1. Окуучу «Салам!» деп достук мамиле менен жылмаят;

  2. Окуучу «Салам!» деп, өзү башка жакты карайт.

  3. Окуучу «Салам!» деп тиштенип, колдорун кайчылаштырып, көздөрүндө ачууланууну көрсөтөт.

Жыйынтыктоо: Биз айланадагыларыбызга айта турган сөздөрүбүздөн айырмаланган кабарды беребиз.

Мугалим үч окуучуга бирден карточка алууну айтат, ал карточкаларда төмөндөгүдөй сөздөр жазылган:

  • ачуулануу,

  • каны кайноо,

  • комплимент.

Ар бир окуучу сөзү жок жазылган эмоцияны көрсөтөт. Башка окуучулар кайсы эмоцияны көрсөтүп жаткандарын табыш керек.


Жыйынтыктоо: Көбүнчө биздин сезимдерибиз вербалдуу эмес жүрүм- турум аркылуу берилет.

  • Биз берген маалыматтын мазмунун түшүнүү манилүү.

Мугалим суроо берет: «Туура эмес түшүнүүнү кантип болтурбай койсо болот?»


    1. Көнүгүү «Түшүнүү - түшүнбөстүк»

Максаты: туура эмес түшүнүү же түшүнбөстүктү аныктоо, түшүнбөстүк эмнеден чыгат жана болтурбай коюу жолдорун талкуулоо.

Мугалим окуучулардан түшүнбөстүктү кандай түшүнө тургандары жөнүндө суроо берет.

Түшүнбөстүк – бул маалымат алуучу маалымат бергенди жакшы түшүнбөй калуусу.

Мугалим окуучуларга түшүнбөстүккө мисал келтирүүнү жана шериги менен ролдордо ойноп көрсөтүүнү айтат.

Активдүү шериктерди көрсөтүп берүүсүн суранат.

Төмөндөгү суроолор аркылуу талкуулоо:

  • Биз эмнени көрдүк? (маалымат өзгөрүлдү);

  • Маалыматтын өзгөрүлүшү эмнеге алып келет?

  • Ушундай окуялар силер менен болобу? Мисал келтире аласыңарбы?

  • Ушул көнүгүүдөн кандай жыйынтык чыгарса болот?

  • Түшүнбөстүктү кандай болтурбай койсо болот?


Болжолдуу жооптор:

Эки маанилүү же карама-каршы сүйлөшүү болсо төмөндөгүдөй жол менен тактап алса болот:

  • Суроо. Маалымат берген адамдын позициясы менен: “Сен түшүнүп жатасыңбы менин эмне жөнүндө айтып жатканымды?” Маалымат алгандын позициясы менен: “Сен ушул нерсени айттың беле?...”.

  • Маалыматты өзүңдүн сөзүн менен айтып жаткан адамдын атынан жана маалымат алып жаткан адамдын атынан айтып көрүш керек. Мисалы маалымат берген адам айтат: «Үйгө өтө кеч келбе», маалымат алган адам тактаса болот:

«Демек, мен кечки саат 11.00гө чейин үйдө болушум керекпи?».

Окуучулардын сунуштарына карай жуптарды ойногондорун кайталап берүүсүн суранат.


    1. Көнүгүү. «Эмне үчүн суроолорду берүү маанилүү?»

(Окуучулар стулдарын партанын астына киргизип, барак менен ручканы алдыларына коюшат)

Максаты: түшүнбөөчүлүктөн качуунун жолдорун талкуулоо.

Мугалим бир каалоочуну бардык класска геометрикалык фигуралар тартылган сүрөттү сүрөттөп берүүсүн айтат. (ал окуучу алдын ала даярданыш керек).

Калган окуучуларга мугалим сүрөттөлгөн боюнча геометрикалык фигураларды тартууну айтат. Окуучулар өздөрүнүн классташынын сүрөттөп берүүсү аркылуу, өтө кылдаттык менен фигураларды тартат, тартып жатканда суроо бербөө керек.

Мугалим кээ бир окуучулардан сүрөттөрүн көрсөтүүсүн өтүнөт. Андан кийин сүрөттөгөн баланы кайра башынан сүрөттөп класска айтып берүүсүн суранат. Окуучу ошол эле инструкцияны сактайт. Айырмачылыгы азыр гана классташтары суроолорду бере алат.

Мугалим кээ бир окуучуларды сүрөттөрдү көрсөтүүсүн өтүнөт жана үлгү менен салыштырат.

  • Бул көнүгүүдөн кандай жыйынтык чыгарса болот?


Жыйынтыктоо: Бул көнүгүү туура түшүнүү үчүн тактоочу суроолордун ролун эң жакшы иллюстрация кылат.

  1. Сабакты жыйынтыктоо. Коштошуу адеби (5 мүн.)

Максаты: сабактын негизги учурларын жалпылоо.

  • Сүйлөшүү (коммуникация) деген эмне?

Сүйлөшүү - бул жооп алуу же маалыматты жеткирүү максатында бир адам (маалымат берүүчү) башка адамга (маалымат алуучу) бир нерсе жөнүндө кабар берүү процесси.

Вербалдуу сүйлөшүү деген - биз сүйлөгөн сөздөр жана биздин үнүбүздүн басымы.

Вербалдуу эмес сүйлөшүү – дене түзүлүштүн тили: беттин түрү, эмоция, жест, позалар.

Жыйынтыктоо: Натыйжалүү сүйлөшүү бул кабар берүүчү дагы кабар алуучу дагы бирдей түшүнгөндүгү.

Коштошуу үрп-адаты

Максаты: сабакты позитивдүү нотада аяктоо.

  • Парталаш олтурган классташыбызга жылмаябыз жана хор менен «Кош бол!» деп айтабыз.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!