СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Органикалык химия предмети боюнча ОКУУ-УСУЛДУК КОМПЛЕКС

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Химия предметин окутуунун  максаты - студенттердин  химиялык заттар жана алардын өз ара аракеттенишүүсү жөнүндөгү билимдерин системалаштыруу,  ар түрдүү химиялык процесстердин   жүрүшүнөн жалпы негизги мыйзам ченемдүүлүктөрүн түшүндүрүү жана   жаратылыш, техникалык  процесстер боюнча түшүнүктөрүн калыптандыруу.

Просмотр содержимого документа
«Органикалык химия предмети боюнча ОКУУ-УСУЛДУК КОМПЛЕКС»

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги

Ош технологиялык университети

Академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технология жана билим берүү

институту

Табыгый техникалык илимдер кафедрасы

Касымбеков Амангелди Ажикурбанович

Оганикалык химия предмети боюнча

ОКУУ-УСУЛДУК КОМПЛЕКС

окутуунун формасыкүндүзгү

Өзгөн


Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги

Ош технологиялык университети

Академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технология жана билим

берүү институту

Табыгый техникалык илимдер кафедрасы


Бекитемин Жактырылды

окуу иштери боюнча дир.орун басары институттун окуу-усулдук кеңешинин

____________ Б.Тынай уулу. 20_______ ж. «______» ____________________

20_______ ж. «______» _____________________ № _________ протоколу



Макулдашылды

Бүтүрүүчү кафедралардын аталыштары

Кафедра башчысынын аты-жөнү

Колтамгасы

1.

ПТИ

Маткеримов З.


2.

УКИ

Дүйшөмамат кызы А.


3.

ТТИ

Сапарова Б.


Химия предмети боюнча ОКУУ-УСУЛДУК КОМПЛЕКС

окутуунун формасыкүндүзгү

Окуу планы боюнча окуу жүктөмүнүн көлөмүнүн бөлүштүрүлүшү

Адистиктер

Семестр

Баары

Ауд.

Лек.

Прак.

СӨИ

КИ

Экз

1.

Мектепке чейинки билим берүү

2

30



30




2.

Укук таануу

2

30



30




3.

Башталгыч класстарда окутуу

2

30



30




4.

Эсеп.тех.жана автом.сист.прог.камсыздоо

2

30



30




5.

Финансы (тармактар боюнча)

2

30



30




6.

Экономика и бухг.эсеп (тармакт.боюнча)

2

30



30




7.

Электр менен жабдуу (тармакт.боюнча)

2

30



30





Сын-пикир жазгандар: 1. _________________________________________________________________________

2. _________________________________________________________________________

Кафедранын 20_______ ж. «________» ____________________ дагы отурумунда каралды, № _____ протокол.

Кафедра башчысы ________________________ Абдуллаева Р.

Иштеп чыккандар: ________________________ Касымбеков А.А.


Окутуучу жөнүндө маалыматтар


Лектор- окутуучу:

Касымбеков Амангелди Ажикурбанович - ТТД кафедрасынын мугалими, жалпы

стажы – 19 жыл, билими – жогорку,

ОшМУнин химия факультетин бүтүргөн 1975-жылы

Жумуш орду: 715520 Өзгөн шары, Манас

Көчөсү- 186, № 1 корпус,ӨТББИ,

Мобилдик телефон: 0552-07-07-61,0770 -25-87-27


Байланыш маалыматтары (контактная информация):


Лекциялык,практикалык сабактар өткөрүлөт 007,

209 кабинеттерде, лабораториялык сабактар

№ 209 – 212 лабораторияларда өткөрүлөт.


Окутуучунун күзөткө туруу кезеги: дүйшөмбү,

аудитория 209, саат 15 – 17 -00 чейин.


1. Химия предметине жалпы түшүндүрмөсү (пояснительная записка)


«Химия» предмети багыты боюнча жалпы билим берүү системасынын табият таануу жана жалпы техникалык дисциплиналар бөлүмү болуп эсептелип, базалык бөлүмдү түзгөндүктөн коллеждин (9 базасынын) студенттери окуп – үйрөнүүгө милдеттүү

Программа Кыргыз Республикасынын ГОС стандартынын негизинде ПОВТАС, ЭК, ЭБ, ФН, УТ, БК багытындагы адистиктерге түзүлгөн.


2. Химия предметин окутуунун максаты - студенттердин химиялык заттар жана алардын өз ара аракеттенишүүсү жөнүндөгү билимдерин системалаштыруу, ар түрдүү химиялык процесстердин жүрүшүнөн жалпы негизги мыйзам ченемдүүлүктөрүн түшүндүрүү жана жаратылыш, техникалык процесстер боюнча түшүнүктөрүн калыптандыруу.

- Курсту окутуунун негизги борборун заттардын түзүлүшү, химиялык процесстердин жүрүшү. кинетика жана аларды башкаруу жолдору, эритмелердин химиясы, электрохимиялык процесстер түзөт.

- Химия курсун аяктаганда химиялык кубулуштардын жаратылыштагы жана техникалык системаларындагы маанисин, техникалык процесстердин жүрүшүндөгү экологиялык талаптарды сактоонун эрежелерин туура пайдаланууну өздөштүрөт.

- Химия предметинен алган билим адистиктерди даярдоодо илимий фундамент болуп, алардын практикалык ишмердиктерин өнүктүрөт.

- Инсандын интеллектуалдык, маданияттык жана нравалык талаптарын өркүндөтүү орто кесиптик билим алуу менен бирге алардын билимге болгон талаптарын канаатандыруу;

- Бардык адистиктердеги студенттердин билимдерин ­өркүндөтүү үчүн табият таануу жана жалпы техникалык базалык билим алуусун толук камсыз кылуу менен практикалык жактан пайдалана билүүгө көнүктүрүү.



3. Химия предметин окутуунун милдети:

- химиялык процесстерди анализдеп бүтүм чыгарган, ойлоо сезими өнүккөн, азыркы замандын денгээлиндеги маселелерди чечүүдө өз салымын кошо турган билимдүү, заманбап адистерди даярдоого салым кошу;

Предметтин лекциялык бөлүгү химиянын жалпы принциптерин жана программасын өздөштүрүүгө карата багытталган. Бардык темаларды окутуп үйрүтүүдө иллюстрациялык материалдарды колдонуу менен мисалдар келтирилип бышыкталынат;


Лабораторияда студент лабораториялык жумуштарды жасоо менен жекече окуу тапшырмаларын аткарып, өз алдынча жыйынтык чыгарууга, теориялык алган билимдерин практикалык жол менен бекемдеп, турмушта колдоно билүүгө көнүгөт.



Кезектеги текшерүү (текуший контроль) студенттердин өтүлгөн материалды өздөштүрүүсүн практикалык тапшырмаларды аткаруусу боюнча текшерүү

Жыйынтыктоочу текшерүү предметтин жумушчу программасында камтылган материалдарды, окутуунун бардык формалары боюнча өздөштүргөн билимин жана аны практикада колдоно билүү деёгээли боюнча билимин жыйынтыктоо.


4.Курстун саясаты (Политика курса)

Бул курсту окутууда теориялык алган билимин практикалык жактан бекемдөө үчүн мисалдарды чыгарып, билимин келечектеги кесиби менен байланыштырып адистерди даярдоо.

Окуу процессти ишке ашырууда модулдук - рейтингдик системаны жана информациялык AVN системасын пайдаланып студенттердин билим сапатын аныктоо жана баалоо.


Студенттер сабактарга коюлган төмөнкүдөй талаптарды жана эрежелерди аткарууга милдеттүү:

а) Сабактарга толук катышуусу милдеттүү;

б) Сабак учурунда активдүүлүгүн көрсөтүү;

в) /йгө берилген тапшырмаларды аткаруу, сабакка даярдануу жана

өз алдынча иштерди аткарууга милдеттүү;

г) Окутуучунун күзөттө турган убактысында консультациясына катышуу: дүйшөмбү - 15- 17-00, (ауд.209)


Сабак учурунда мүмкүн эмес талаптар (недопустимо):

- Сабакка кечигүү жана кетип калуу;

- Сабак учурунда сотовой телефондорду пайдалануу мүмкүн эмес;

- Калп жана плагиатка (башка бирөөнүн даяр жумушун көчүрүп алуу)

Мүмкүн эмес;

- Берилген тапшырманы өз убагында тапшырбоо.





5. Курстун пререквизити


«Химия» предметин окутуудагы негизги окуу базасын төмөнкү дисциплиналар толуктап бүтүн бир системаны түзөт, «Жалпы химия», «Органикалык эмес химия», «Органикалык химия», «Физикалык жана коллоиддик химия», «Аналитикалык химия» илимдери.

«Химия» предмети азыркы өндүрүштүк процесстердин теориялык негизин чагылдырат жана өндүрүштө жүргүзүүнүн технологиялык процесстерин иштөө принциптерин түшүндүрөт.


6. Курстун постреквизити

«Химия» педмети багыты боюнч жалпы билим берүү системасынын табият таануу жана жалпы техникалык дисциплиналар бөлүмү болуп эсептелип, базалык бөлүмдү түзгөндүктөн коллеждин (9 базасынын) студенттери окуп – үйрөнүүгө милдеттүү.

Химия эн негизги фундаменталдык табият таануу илимдеринин бири болуп саналат. Химия илими жаратылышта, өндүрүштө, техникада болуп турган бардык процесстердин жүрүшүн себептерин түшүндүрөт. Ошону менен энергетикалык, экологиялык, технологиялык, сырьелук проблемаларды чечүүгө жардам берет.

Химия предметинин башка предметтер менен болгон байланыштары.

Химия башка табият таануу илимдери: физика, математика,экология, биология, геология ж.б. илимдер менен тыгыз байланышта. Бул программа окутуунун максатынын акыркы натыйжасын эске алуу менен түзүлгөн. Жалпы билим берүүчү илим катары жана ошондой, эле андан ары өз алдынча практикалык иштерде пайдалануу максатында адистиктерди эске алуу менен колдонулат.


7. Дисциплинаны өздөштүрүүгө коюлган талаптардын денгээли


Курсту окуп-үйрөнүүнүн натыйжасында студент төмөнкү билимдерди өздөштүрүп, жана аларды колдоно билүүүгө ээ болушу керек.

Студент билиши керек:

- химиянын негизги закондорун, түшүнүктөрүн, техникалык системаларды жаратылыштын кубулуштарынын негизинде түшүндүрүүнү;

- химилык системаларды: дисперстик, эритмелер, электрохимиялык, каталиттик;

- химиялык процесстердин энергетикасын жана кинетикасын;

- заттардын кислоталык-негиздик жана кычкылдануу-калыбына келүү касиеттерин;

- заттардагы химиялык байланыштарын жана молекулалардын түзүлүштөрүн;

-органикалык химиянын негизидери, полимерлердин жана биополимерлердин касиеттерин;

- уулуу заттар, химиялык реагенттер менен иштөөдө коопсуздук эрежесин сактоо;

- азыркы мезгилдеги химиянын технологиялык өндүрүштөгү, керектүү материалдарды өндүрүүдөгү ролун;

- азыркы учурдагы технологиялык өндүрүшдөгү химиянын негизи жана химиялык процесстер курулуш материалдарын өндүрүүдөгү, химиялык элементтер жана анын бирикмелеринин касиеттерин;


Студент өздөштүрүүсү зарыл:

- молекуланы түзүп турган атомдордун ортосундагы химиялык байланыштарды түзүү, заттардын түзүлүштөрүн жана касиеттерин билүү:

- ар түрдүү системадагы өз алдынча жүрүүчү процесстердин жүрүү ыктымалдуулугун алдын ала божолдоп билүү;

- химиялык экспермент жана байкоо жүргүзүүнүн натыйжасында алынган маалыматтарды өлчөө аны иштеп чыгып, анализдеп жыйынтык чыгаруу;

- практикалык ишмердүүлүктү жана башка илимдерди окуп жатканда химия илиминен, алган билимди пайдалана билүү.

Студент алган билимди практикада колдоно билүүсү керек:

-химия курсунан теориялык алган билимди эксперименталдык изилдөө иштеринде, дипломдук, курстук иштерди жана рефераттарды жазууда пайдалан билүү, азыркы замандын өндүрүштүк , тамак-аш, дары-дармектерге ж.б. көптөгөн маселерди чечүүдө колдонууга жетишүүсү.


8. Билим берүү технологиясы

Предметти коллектив менен бирге окутууда традициялык болуп калган жолдор - лекция, лабораториялык сабактар, өз алдынча берилген тапшырмаларды аткаруу жана аягында отчет берүү.

Маалыматтык технологияны колдонулуу: лекцияны презентациялык формасы, окутуучу жана тестирлөө программалары, электрондук китептер.

Баалоонун каражаты катары жетишүүнү кезектүү текшерүү дисциплинаны өздөштүрүүсүнөн жыйынтыгы брюнча, чектик (рубежный) текшерүү жана студенттердин өз алдынча жумуштарын аткарууда окуу- методикалык жактан камсыздоо:

Студенттердин билимин кезектеги (текущий контроль) текшерүү формасы болуп лабораториялык жана өз алдынча аткара турган жумуштарды туура аткаруу жана жасалгалоо иштери кирет.

Студенттердин курсту окуп жаткандагы билимин жана өздөштүрүүсүн аралык (промежуточный )текшерүү формасы болуп модулдар жүргүзүлөт.


Студенттердин билимин жана өздөштүрүүсүн жыйынтыктоочу текшерүү формасы экзамен эсептелинет.


I Бөлүм.Органикалык химия

ЖУМУШЧУ ПРОГРАММАГА Түшүндүрмө

«Органикалык химия» предмети боюнча жумушчу программа орто кесиптик билим берүү (колледждин) студенттерине жалпы билим берүү системасынын МББС (ГОС) стандарттынын талабына ылайык түзүлгөн.

Окуу дисциплинасы «Органикалык химия» жалпы кесиптик билим берүүчү илим болуп саналат. Ал адистик багыттары боюнча студенттерди органикалык химиянын теориялык негиздери менен органикалык бирикмелердин касиеттерин, алардын алыныштарын, эл чарбасындагы колдонууларынын практикалык маанисин окуп- үйрөтүүгө багытталган.

Прогрпмманын негизи органикалык бирикмелердин класстары, түзүлүштөрү жана функционалдык топтор боюнча бөлүнүштөрү камтылган. Материалдарды окутуп түшүндүрүүдө бирдиктүү терминолгиялык эрежелер, белгилөөлөр,бирдей өлчөө бирдиктери пайдаланууга кабыл алынган стандартка ылайык жана эл аралык система (СИ) эрежелери сакталат.

Предметти окутуу атом- молекулалык теориянын негизинде Д.И.Менделеевдин мезгилдик системасын жана атомдун түзүлүшүн түшүндүрөт. А.М. Бутлеровдун органикалык заттардын түзүлүш теориясын базасын түзгөн. Органикалык химия предмети кийинки адисти боюнча окула турган дисциплиналардын базасын түзөт.

Программа профессионалдык (кесиптик) адистиктер даярдоодо заттардын курамын, түзүлүшүн, касиеттерин жана алардын айланууларынын жалпы мыйзам ченемдүүлүктөрүн химиялык өндүрүштүн негизин камтыйт.

Студенттерди практикалык жактан даярдоодо дайыма системалуу көнүгүүлөрдө жана маселелерди чыгаруу, пландаштырылган текшерүү жумуштарды, ошондой эле ар бир бөлүмдөрдө аяктаганда текшерүү иштерин жүргүзүү камсыз кылат.

Студенттердин экспериментальдык-практикалык өздөштүрүүсүн жана көнүгүүсүн арттыруу үчүн программада атайын лабораторияда химиялык эксперменттер каралган.


Программаны окуп үйрөнүүнүн натыйжасында студенттер төмөнкүлүрдү билүүсү керек:

- заттарды функционалдык топтор боюнча класстарга бөлүштүрүү;

- органикалык заттардын көп төрдүүлүгү жана изомерия кубулушу;

- заттардын касиеттеринин алардын түзүлүшүнө болгон көз карандылыгы;

- органикалык бирикмелердин кээ бир өкүлдөрүнүн өндүрүштө колдонулушу;

- органикалык бирикмелердин кээ бир өкүлдөрөнүн алынышы;

- органикалык бирикмелерге сапаттык реакцияларды жасоо.

өздөштүрүүсү зарыл:

- органикалык заттарды сапаттык реакция менен аныктоо, сандык эсептөөлөрдө жүргүзүү;

- органикалык бирикмелерди молекуланын түзүлүшүнө көз карандылыгы боюнча алдын ала болжолдоо;

- химиялык тендемелердин жардамы менен органикалык бирикмелердин алынышын жана анын касиеттерин жаза билүү



Сабактарды максатка ылайыктуу өткөрүү үчүн лекциялык- семинардык сабактарды ишкер оюндар, органикалы химиянын актуалдык маселелери боюнча дискуссияларды өткөрүү, методикалык жана энциклопедиялык материалдарды пайдалануу, техникалык каражаттарды жана компьютердик техниканы колдонуу менен өтүлөт.

Студенттердин чыгармачылык активдүүлүгүн өстүрүү үчүн органикалык химиянын актуалдуу маселелери боюнча өз алдынча иштерди аткаруу сунуш кылынат.

2.1. Теориялык билимдин темалары жана мазмуну

Киришүү

Органикалык химия предмети, анын милдеттери, башка дисциплиналар менен байланышы. Көмүртектин бирикмелери жана алардын өзгөчөлүктөрү. Органикалык бирикмелердин адам баласынын жашоосундагы жана турмуш тиричилигиндеги мааниси.

Алана- чөйрөнү коргоо ишиндеги өнүгүүнүн перспективасы.

Тема 1.Органикалык заттардын химиялык түзүлүш теориясынын жалпы маселелери

А,М, Бутлеров түзгөн органикалык бирикмелердин химиялык түзүлүш телориясы. Теориянын негизги жоболору. Теориянын мааниси. Органикалык заттардын молекулалык жана структуралык түзүлүшү. Изомерия кубулушу.

Көмүртек атомунун түзүлүшү. Электрондордун аргындашуусу (гибриддешүүсү). Органикалык реакциянын типтери. Коваленттик байланыштын гомолиттик жана гетеролиттик үзүлүшүнүн механизмдери. Радикалдар жөнүндө түшүнүк. Изомерлердин түзүлүш формасын түзүү.

2. Углеводороддор

Тема 2.1.. Алкандар

Алкандардын гомологиялык катары, жалпы формуласы, метандын, молекуласынын түзүлүшү. SP3-гибриддешүүсү жөнүндө түшүнүк. Түзүлүш изомериясы. Алкилдик радикалдар. Рационалдык жана азыркыи эл аралык номенклатура (IVPAC).

Алкандардын жаратылыштагы булактары жана алыныштары. Физикалык, химиялык касиеттери жана колдонулуштары. Углеводороддун башка түрлөрүнөн алкандардын сапаттык айырмасы.

Метан. Жаратылыш газы. Алкандардын эл чарбасындагы колдонулушу. Циклоалкандар


Практикалык сабак.

Алкандардын номенклатурасы, алыныштары жана касиеттери боюнча билимдерин бекемдөө үчүн көнүгүүлөр. Реакциянын тендемелери боюнча маселелерди чыгаруу.


Тема 2.2. Алкендер


Алкендер: аныктамасы, жалпы формуласы, гомологиялык катары, изомериясы, номенклатурасы: рационалдык жана азыркы эл аралык (IUPAC). Этилендин молекуласынын түзүлүшү, кош байланыш, байланыштарга мүнөздөмө.

Алынышы лабораторияда жана өндүрүштөгү. Физикалык касиеттери. Этилендин химиялык касиеттери: кошуп алуу реакциясы,В.В. Марковниковдун эрежеси, кычкылдануу, полимерлешүү реакциялары, кош байланышка сапаттык реакциялар.

Практикалык сабак.

Алкендердин номенклатурасы, алыныштары жана касиеттери, алкандардан алкендерге айлануулар боюнча билимдерин бекемдөө үчүн көнүгүүлөрдү жана маселелерди чыгаруу.


Тема 2.3. Алкиндер

Алкиндер: белгилери, гомологиялык катары, жалпы формуласы, изомерия, номенклатурасы (рационалдык жана эл аралык (IUPAC). Ацетилендин молекуласынын түзүлүшү, үчтүк байланышы, бир π- жана эки δ- байланышы.

Алыныш жолдору. Физикалык жана химиялык касиеттери: кошуп алуу реакциясы, кычкылдануу, полимерлешүү реакциялары, ацетилендеги суутек атомдорунун орун алмашуу реакциясы.

Практикалык сабак.

Алкиндердин номенклатурасы, алыныштары жана касиеттери, алкандардан, алкендерден, алкиндерге айлануулар боюнча билимдерин бекемдөө үчүн көнүгүүлөрдү жана маселелерди чыгаруу.


Тема 2.4. Диен углеводороддору (алкадиендер)

Алкадиендер: аныктамасы, жалпы формуласы, классификациясы, изомерлери, номенклатурасы (рационалдык жана азыркы эл аралык IUPAC).

Диен углеводороддордун сопряжондук кош байланышы барларынын пактикалык мааниси. Бутадиен-1,2 молекуласынын түзүлүшү. Касиеттери жана бутадиен-1,3, изопрендин алыныштары.


Тема 2.5. Ароматикалык углеводороддор (арендер)


Бензол. Бензолдун түзүлүшү. Ароматикалык абалдын белгиси. Бензолдун гомологдору : аныктамсы, жалпы формуласы, гомологиялык катары, изомерлери 2-лик жана 3-лүк орун алмашкан гомологдору, тривиалдык атылышы, эл аралык номенклатурасы. Ароматикалык радикалдар.

Сырьелук булактары, алыныш жолдору.

Физикалык жана физиологиялык касиеттери.

Бензолдун гомологдорунун химиялык касиеттери: орун алмашуу реакциясы (нитрлөө, галогендештирүү, сульфирлештирүү, алкилдештирүү); суутекти, хлорду кошуп алуу реакцииялары, кычкылдануу реакциясы.

Көп ядролуу ароматикалык углеводороддор. Дифенил, нафталин.

Практикалык сабак.

Ароматикалык углеводороддордун касиеттери, бензол шакекчесндеги орун алмашкан радикалдардын багыталып жайланыш абалы боюнча билимдерин бекемдөөчү мисалдар.


Текшерүү иш № 1 «Углеводороддор». боюнча

1. Номенклатуралар боюнча

2.Углеводороддордун айлануулары же касиеттерин салыштыруу боюнча.

3.Вюрцтун тендемесин түзүү же расчеттук эсептөөлөрдү чыгаруу.

3. Бөлүм. Спирттер жана фенолдор

Тема 3.1. Гидроксилдик бирикмелер жана анын туундулары

Чектүү бир атомдуу спирттер. Функционалдык группа жөнүндө түшүнүк, жалпы формула, гомологиялык катар, изомерия, номенклатура (рационалдык жана эл аралык). Алуунун жалпы жолдору. Физикалык касиеттери. Суутектик байланыш.

Спирттердин химиялык касиеттери: кислоталык, негиздик, жөнөкөй жана татаал эфирлердин пайда болушу, дегидратация, кычкылдануу, дегидрлөө реакциялары. Кээ бир өкүлдөрү: метанол, этанол.

Къп атомдуу спирттер: этиленгликоль, глицериндин алынышы, касиеттери, колдонулушу. Сапаттык реакция.

Фенол: аныктамасы, алыныш жолдору. Физикалык касиеттери. Химиялык касиеттери.

Тема 3.2. Альдегиддер жана кетондор.

Функционалдык группасы, жалпы формула, гомологиялык катар альдегидер жана кетондор. Изомерия. Эл аралык жана рационалдык номенклатура.

Алыныш жолдору. Физикалык касиеттери. Карбонил группасынын түзүлүшү. Химиялык касиеттер: Карбонил группасындагы кычкылтек жана суутек кошуп алуу реакциясы..Кээ бир өкүлдөрү: формальдегид, ацетальдегид, ацетон.


Тема 3.3. Карбон кислоталары жана анын туундулары

Карбон кислоталары: функционалдык группасы, классификациясы.

Бир негиздүү карбон кислоталары: жалпы формуласы, гомологиялык катары, изомериясы, номенклатура (тривиалдык, эл аралык, рационалдык), жалпы алыныш жолдору, физикалык касиеттери, суутектик байланыш, кислоталардын диссоциасы Карбоксил группы. Химиялык касиеттери, туздарды пайда кылышы, функционалдык туундулары, суутектин алмашышы, калыбына келиши, кычкылдануусу.

Кээ бир өкүлдөрү: кумурска, уксус, жогорку молекулалуу карбон кислоталары, самын. Алардын алынышы,жаратылышта кездешиши, колдонулушу.

Чексиз кислоталар: акрил кислотасы, алынышы, түзүлүшү, касиеттери. Эки негиздүү карбон кислоталары. Козу кулак кислотасы.

Карбон кислотасынын галогенангидриддери. Хлорангидриддеринин: түзүлүшү, номенклатурасы, алынышы жана касиеттери.

Татаал эфири карбон кислоталарынын: түзүлүшү, номенклатурасы, алынышы жана касиеттери. Этерификация реакциясынын өзгөчөлүгү.

Липиддер. Жаратылыштагы майлар, түзүлүшү жана касиеттери.

Амиддер жана кислотанын нитрилдери кислот: түзүлүшү, номенклатурасы, алынышы жана касиеттери.

Лабораториялык жумуш. Карбон кислоталарынын жана майлардын касиеттерин изилдөө.(Исследование свойств карбоновых кислот и жиров).


Практикалык жумуш:

1. Монофункционалдык бирикмелердин рационалдык жана эл аралык номенклатуралары боюнча

2.Монофункционалдык бирикмелер айлануулары же касиеттерин салыштыруу боюнча.

3.Химиялык тендемелер боюнча расчеттук эсептөөлөрдү чыгаруу.


Тема 3.4. Углеводдор

Углеводдордун аныктамасы, жалпы формуласы, классификациясы. Жаратылышта кездешиши, колдонулушу.

Моносахариддер: глюкоза, фруктоза. Физикалык касиеттери. Химиялык касиеттери (спирттик группа, оксогруппасы боюнча).

Дисахариддер: калыбына келүүчү жана калыбына келбөөчү канттар жөнүндө түшүнүк. Сахароза. Мальтоза: түзүлүштөрү, касиеттери.

Полисахариддер: крахмал, клетчатка. Молекуласынын түзүлүшү, физикалык жана химиялык касиеттери..

Лабораториялык тажрыйба: глюкоза менен сахарозанын касиеттери.

Пактикалык иштер.

  1. Углеводдордун класстары, аталыштары, айлануулары жана алыныштары боюнча тапшырмалар.



4. Азоту бар органикалык бирикмелер


Тема 4..1. Нитробирикмелер Аминдер

Нитробирикмелердин функционалдык группасы, изомерлери, номенклатурасы.

Нитробирикмелердин алынышы (орун алмашуу реакциясы, чектүү жана ароматикалык углеводороддорду нитирлөө). Физикалык касиеттери. Химиялык касиеттерине жалпы мүнөздөмө. Аминдердин түзүлүшү, касиеттери, анилиндин колдонулушу.

Лабораториялык тажрыйба:Аминдердин касиеттерин изилдөө анилиндин мисалында



.

Тема 4.2. Аминокислоталар. Белоктор

Аминокислоталардын классификациясы, изомерлери, номенклатурасы, алыныш жолдору, түзүлүшү. Ичкимолекулалык нейтралдашуу. Химиялык касиети аминогруппа жана карбоксил группалары боюнча. Белоктордун түзүлүшү жана касиеттери. Пептиддик группалар. Биополимерлердин өзгөчөлүгү.

Лабораториялык тажрыйба: белокторго сапаттык реакциялар.

Практикалык иштер.

1.Нитробирикмелер,аминдер,аминокислоталар жана белоктодун класстары, аталыштары боюнча тапшырмалар жана маселелер.

2.Заттардын айлануу чынжырлары же касиеттерин салыштыруу боюнча мисалдар.

10. Теориялык сабактын тематикалык план.

Бөлүктөрдүн аталыштары,модулдар, темалар жана окуу суроолору

Саат-н

саны

Модуль 1

1

Органикалык химия предмети жана органикалык заттардын касиеттери.

2

2

Органикалык бирикмелердин химиялык түзүлүш теориясы.

Органикалык заттардын класстары.


2

3

Чектүү углеводороддор (Алкандар)


2

4

Чектүү углеводороддор боюнча маселелерди чыгаруу

Ар түрдүү типтеги маселелерди жана көнүгүүлөрдү чыгарууга көнүктүрүү.



5

Чексиз углеводороддор.

Этилен катарындагы углеводороддор (алкендер)


2

6

Чексиз углеводороддор.

Диен углеводороддор (алкадиендер)


2

7

Ацетилен жана анын гомологдору (алкиндер)


2

8

Чексиз углеводороддор боюнча маселелерди чыгаруу

ар түрдүү типтеги маселелерди жана көнүгүүлөрдү чыгарууга көнүктүрүү.

.

2

9

Жыпар жыттуу углеводороддор (арендер). Бензолдун гомолоктору


2

10

Кычкылтеги бар органикалык бирикмелер.

Спирттер. Чектүү бир атомдуу жана көп атомдуу спирттер. Фенолдор


2

11

Альдегиддер жана кетондор


2

12.

Карбон кислоталары жана анын туундулары



2

13

Углеводдор жана алардын класстары



2

14

Азоту бар органикалык бирикмелер. Нитробирикмелер

Аминдер. Аминокислоталар жана белоктор


2

15

Кычкылтеги жана азоту бар органикалык бирикмелер боюнча текшерүү иши.


2


Жалпы:

30



11. Студенттердин өз алдынча иштерине тапшырмалар

(Задания для СРС)

Өз алдынча иштердин темалары

Сааттары

Отчет алуунун формасы

1.

Углеводороддор арасындагы генетикалык байланыштар

4

Суроо- жооп

2.

Углеводороддордун табигый булактары жана аларды кайра иштетүү жолдору

4

Реферат

3.

УУлуу химиялык заттар жөнүндө түшүнүутөр

4

Маалыматтарды жыйноо

4.

Жогорку молекулалуу бирикмелердин алыныш жолжору жана алардын түрлөрүнөн практикалык колдонулушу

4

Суроолорго жазуу түрүндө кеңири жоопторду берүү

5.

Кир кетирүүчү каражаттар жөнүндө жалпы түшүнүк. Синтетикалык кир кетирүүчү каражаттар: жетишкендиги жана кемчиликтери.


4

Мини- сочинения

6.

Синтетикалык каучуктар: тарыхы, көп түрдүүлүгү жана перспективасы.


2

Суроо - жооптор

7.

Этанолдун пайдалуу жактары жана коркунучтуу жактары.

Алкоголизм жана анын профилактикасы

2

Маалыматтарды жыйноо

8.

Майлар тамак-аш продуктысы жана химиялык сырье катары пайдаланышы.


4

Реферат

9.

Кыргызстандагы кант өндүрүшүнүн өнүгүүсү


2

Мини- сочинения


Бардыгы:

30














13. ОКУУ-МЕТОДИКАЛЫК КАМСЫЗДАНДЫРУУ


Сунушталынган адабияттардын тизмеси:


13.1. Негизги адабияттар


1. Вейсман В.А. Органическая химия – М.: СЛОВА, 2002. – 578 с.

2.Жиряков В.Г. Органическая химия – М.: Химия, 2005. – 348с.

3. Перекалин В.В., Зонис С.А. . Органическая химия – М.: Просвещение, 1989. – 478с.

4. Степаненко Б.Н. . Органическая химия – М.: Медицина, 1989. – 478с

5. Векслера В.И., Хавина З.Я, Сборник упражнений по органической химии. – М.: Высшая школа, 1995. – 216с


.


13.2. Кошумча адабияттар


1. Молдогазиева С.М., Иманкулова Г.И., Кособаева Б.М. Органикалык химия. – Б.:Инсанат, 2008. – 223 б.


2 .Догдуров К.С. Задачи и упражнения по органической химии. –Ф.: КГУ, 1987. – 126с.

3. Потапов В.М., Чертков И.Н. Строение и свойства органических веществ. – М.: Просвещение, 1993. – 176с.

4. Потапов В.М., Татаринчик С.Н., Аверкина А.В. Задачи и упражнения по органической химии. – М.: Химия, 1985. – 348с.

5. Глинка Л.Н. Упражнения и задачи по общей химии. – М.: Химия, 1989 – 2007. – 325 с.

6. Эргешбаев Ж.Э., Алишерова Ч.А. Жалпы химия. – Ош: 2010. – 270б

7.Пацак В.А. . Органическая химия. – М.: Высшая школа, 1989. -255с.


13.3. Методикалык иштелмелер жана көргөзмөлөр


1.Суворов А. В. Общая химия : учеб. для вузов / А. В. Суворов, А. Б. Никольский. - 5-е изд., испр. - СПб. : Химиздат, 2007. – 622с

2.Суворов А.В. Вопросы и задачи по органической химии.-СПб.:Химиздат, 2002.-304с.

3. Сергеев Г.Б. Нанохимия: Учеб. пособие для вузов / Г.Б.Сергеев. 2-е изд. -М.: Книжный дом "Университет", 2007. 333 с.

4. Кузьмичева В.П., Пчёлина Е.А. Основные классы органических соединений. НовГУ, Новгород, 2007. 26с..

5.Петров А.А., Бальян Х.В., Трощенко А.Т. Органическая химия. СПб.;2008.

6. Шиманович И.Л. Химия: Метод. указ., прогр., решение типовых задач, програмированные вопросы для самопроверки и контрольные задания для студ.-заоч. инж.-тех. спец. вузов. 3-е изд., испр. М.: ВШ, 2001, 2003. 124с.


13.4.Көргөзмө куралдар жана окутуунун техникалык каражаттары


1.Мультимедиялык проектор

2.Видеоматериалдар DVD- форматтагы

3. Электрондук китепкана

4. Электрондук почта: risalatxan


14. Экзаменге даярданууга түзүлгөн суроолордун тизмеси


1.Органикалык бирикмелер жана алардын өзгөчө касиеттери.

2. Органикалык бирикмелердин химиялык түзүлүш теориясы.

3. Көмүртек атомунун түзүлүшү жана валенттик электрондордун гибридешүүабалдары.

4. Органикалык бирикмелердин гомологиялык катарлары.

5. Изомерия кубулушу жана анын түрлөрү.

6. Органикалык бирикмелердин класстары.

7. Органикалык бирикмелердин номнеклатуралары

8. Углеводороддордун класстарга бөлүнүшү. Чектүү углеводороддор. Вюрцтун теңдемеси.

9. Чексиз углеводороддордун топтору. Этилен катарындагы углеводороддор.

10. Чектүү углеводороддорду чексиз углеводороддордон кантип ажыратып таанууга болот?

11. Диен углеводороддору жана анын практикалык мааниси.

12. Резинаны каучуктан кантип өндүрүүгө болот?

13. Резинаны кандай максаттарга колдонот?

14. Каучук, резина жана эбониттердин бири-биринен кандай айрымалары бар?

15. Алкиндерге мүнөздүү касиеттер. Ацетилендин өнөр жайлык жана лабораториялык алыныш жолдору. Кучеровдун реакциясы.

16. В.В. Марковниковдун эрежеси жана аны чексиз углеводороддордун бардык түрлөрүнө колдонулса болобу?

17. Полимерлешүү реакциясы депкандай реакцияны атайбыз анын кошулуу реакциясынан айрымасы кайсы?

18. Жыпар жыттуу углеводороддорго канбай белгилер мүнөздүү болт?

19. Бензол жана анын гомологдору, кандай изомерлерди пайда кылышат?

20. Бензолдун алкандар жана алкендерден өзгөчөлөнгөн касиети кайсы?

21. Нефть жана анын иштетүүдөн алынган продуктулары кайсы тармактарда колдонулат?

22. Детонациялык туруктуулук жана октан саны деген эмнени билдирет?

23. Чектүү бир атомдуу спирттер жана нын гомологиялык катары, касиеттери.

24. Көп атомдуу спирттердин касиеттери жана каолдонулуш тармактары.

25. Фенолдор жана анын касиеттери, түрлөрү.

26. Альдегидднр жана кетондор. «Күмүш күзгү» реакциясы.

27. Бир негиздүү карбон кислоталары жана алардын туундулары.

28. Көп негиздүү карбон кислоталары.

29. Татал эфирлер. Майлар. Липиддер.

30. Углеводдордун кпасстары жана алардын жаратылыштагы булактары.

31.Глюкоза жана фруктозанын касиеттери жана колдонулушу.

32. Канттын түзүлүшү, касиеттери жана кант кызылчасынан алуу жолдору.

33. Крахмал: негизги азык зат, табигый полимер.

34. Целлюлоза (клетчатка) жаратылышагы ролу жана кызматы.

35.Нитробирикмелерди алуу жолу, Коноваловдун реакциясы.

36.Аминдер. Анилиндин практикалык мааниси.

37. Аминокислоталарга мүнөздүү касиеттер.

38. Белоктордун түзүлүштөрү жана денатурациясы.

39.Белоктордун гидролизденүүсүнүн акырында кайсызаттар алынат?

40. Нуклейин кислоталры.



15. Студенттердин билимин баалоо белгилери( критерий)

Экзаменде баа каюу обөективдүү принциптин негизинде коюлат, студенттердин билимин сапатына жараша ар тараптуу анализдеп, башка эрежелерди, сабактарга дайым катышып билимин жогорулатууга ынтызар, жөндөмдүүлүгү бар жана кемчилдиктерин жайгонун эске алып бааланат .

КРнын билим берүү жана илим министрлиги иштеп чыгып сунуштаган, азыркы учурда толук күчүндө турган нормативдик актыларга туура келген окутуунун төмөнкү критерийине дал келтирип экзаменде баа коюлат:

«Эё жакшы» баа - студенттин окуу-программалы материалдарды ар тараптуу өздөштүрүүсүнө, системалуу жана тереё билимине, берилген тапшырманы эркин аткаруусуна, программадагы көрсөтүлгөн негизги жана кошумча адабияттардагы матермалдарды өздөштүрүүсүнө, предметен алган негизги түшүнүктөрдүн маанисин өздөштүрүп жаткан кесибине байланыштыра билген, чыгармчылык жөндөмдүүлүгү жогору болушу керек.

- "Жакшы" баа - экзаменде окуу – программалык материалды толук өздөштүргөндүгү аныкталынган,программадагы тапшырмаларды натыйжалуу алдын ала чыгарган,программада көрсөтүлгөн негизги адабияттарды өздөштүргөн, өз алдынча иштерди эркин системалуу билимге ээ болу менен чыгарган адистигинде туура пайдалана билген студентке коюлат;

- «Канааттандырарлык» баа – тандап алган адистиги боюнча негизги окуу – материалынын көлөмүнө ээ болгондугу аныкталынган, андан ары кесибине пайдалана алган, экзаменде жооп берип жаткан мезгилде кээ бир каталарга жол берген студентке коюлат жана окутуучунун жетекчилиги менен ал кемчилдиктер жоюла;

- «Канааттандырарлык эмес»о баа – негизги окуу – материалдарын өздөштүрүүдөгү билими боюнча проблемалары көп, программада берилген маселелер боюнча принципиалдуу катааларга жол берген, базалык билимди өздөштүргөн эмес, дисциплинаны өздөштүрбөгөн студент алат.

Колледждин студенттеринин билими боюнча баа берүү ( академиялык жетишүүсү) 100 баллдык система төмөндөгүчө.

Оценка знаний (академической успеваемости) магистранту осуществляется по 100 балльной системе (шкале) следующим образом:


Рейтинг (баллдар)

Тамга системасы боюнча баалоо.

Баалоонун сандык – эквиваленттик баало GPA боюнча

Традициялык система менен баалоо

87 – 100

А

4,0

Эң жакшы

80 – 86

В

3,33

Жакшы

74 – 79

С

3,0

68 - 73

Д

2,33

Канааттандырарлык

61 – 67

Е

2,0

31 - 60

FX

0

Канааттандырарлык эмес

0 - 30

F

0


Методические рекомендации для преподавателя
по организации изучения дисциплины «Х И М И Я »

Введение

Целью методических рекомендаций является повышение эффективности теоретических занятий и лабораторных работ по химии вследствие более четкой организации этих занятий преподавателем, создания целевых установок по каждой теме, систематизации материала по курсу.

«Химия» предметин

  1. Дисциплинаны өздъштүрүүнү камсыздандыруучу каражаттар

( Средства обеспечения освоения дисциплины).

Дисциплинаны окуп үйрөнүүгө сунуш кылынган каражаттар төмөнкүлөр:

- Д.И.Менделеевдин химиялык элементтердин мезгилдик системасы;

- окулуучу курстун темалары боюнча физикалык-химиялык чоёдуктар жөнүндөгү таблицалар, сурап билүүчү материалдардын комплектиси;

-лабораториялык жумуштарды аткарылышы жанажасалгалоо боюнча методикалык көргөзмөлөр;

- теориялык материалдарды бекемдөөчү тестер жана маселелер.

- тесты и задачи для закрепления теоретического материала.

2 Дисциплинанын материалдык - техникалык жактан камсыздоо.

Дисциплины материалдык-техникалык жактан камсыздоодо химиялык лабораторияга керектүү буюмдар жана реактивдер менен жабдылышы каралат, студенттерди лабораториялык жумуштарды аткарууга керек болгон каражаттар менен толук камсыздайт.

Зарыл болгон приборлор жана материалдардын минимальдык тизмесине төмөнкүлөр киргизилген:

- химиялык реактивдер (кислоталар, жегичтер, туздар ж.б.);

- термометрлер тактыгы 0,10 чейинки;

- калориметрлер;

- таразалар техникалык жана электрондук тактыгы 0,01г чейинки;

- рН-метрлер;

- иономерлер;

- спектрофотометрлер;

- түзөткүчтөр;

- секундомерлер;

-  титрлөө үчүн установкалар;

- электроплитка;

- химиялык идиш аяктар.
































.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!