СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Оксиддердин алынышы, колдонулушу. Оксиддердин химиялык касиеттери

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Жаратылышта, өнөр жайда жана турмуш-тиричиликте суунун (суутек оксидинин) кандай мааниге ээ болору баарыбызга жакшы белгилүү. 3%(Н2O2) суутек пероксиди медицинада антисептик, кан агууну токтотуу максатында колдонулат. Башка көп оксиддер да ошондой эле кеңири пайд ал анылат .

Просмотр содержимого документа
«Оксиддердин алынышы, колдонулушу. Оксиддердин химиялык касиеттери»

Сабакка чейин

Сабактын темасы: Оксиддердин алынышы, колдонулушу. Оксиддердин химиялык касиеттери

Сабактын методу: көрсөтмөлүү

Сабактын тиби: Аралаш

Сабактын формасы: аӊгемелешүү


Сабактын максаты

Көрсөткүчтөрү

А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Оксиддердин алынышы, колдонулушу, оксиддердин химиялык касиеттерин окуп үйрөнүшөт.


  • Оксиддердин алынышы;

  • Колдонулушун айтып бере алышса;

  • оксиддердин химиялык касиеттерин химиялык теӊдеме аркылуу жазып бере алышса.

Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук):

Заттар, татаал зат, жөнөкөй зат, оксиддер, оксиддердин классификациясы, оксиддердин физикалык касиеттери, химиялык теӊдеме, химиялык формула боюнча түшүнүгү өнүгөт. Бири-бирин сыйлоого тарбияланышат.

  • Заттар;

  • татаал зат;

  • жөнөкөй зат;

  • оксиддер;

  • оксиддердин классификациясы;

  • оксиддердин физикалык касиеттери;

  • химиялык теӊдеме;

  • химиялык формула боюнча алган билимдерин оксиддердин алынышын, химиялык касиеттерин химиялык реакциялар аркылуу жазып бере алышса. Өз алдынча жана топто иштей алышса.


Күтүлүүчү натыйжа:

  • Оксиддердин алынышы;

  • Колдонулушун айтып бере алышат;

  • оксиддердин химиялык касиеттерин химиялык теӊдеме аркылуу жазып бере алышат.

Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет): Оксиддердин алынышы, колдонулушу, оксиддердин химиялык касиеттери боюнча маалымат алышат.

Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими (мурунку билими)): Заттар, татаал зат, жөнөкөй зат, оксиддер, оксиддердин классификациясы, оксиддердин физикалык касиеттери, химиялык теӊдеме, химиялык формула боюнча билими бар.

Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.

Убакыт: 45 минута

Убакытты бѳлүштүрүү:Чакыруу этабы:6-8мин

Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):22-25 мин

Ойлонуу этабы (сабакты бышыктоо):12-12 мин

Сабак

Сабактын жүрүшү:

Чакыруу этабы:

Сабактын чөйрөсү: Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.

Жагымдуу маанай түзүү:

Элестеткиле бир үңкүргө кирдиңер кетип бара жатып бир туюк жерге келип андан ары жол таппай калдыңар ошол маалда жаныңарга бир жарганат келип бир несе деп шыбырап кетти. Ал сөз кайсы болушу мүмкүн?

  • Чыгуу каякта экенин мен билем

  • Кел, мен сага бул жактан чыгуунун жолун көрсөтөм

  • Изден, дагы изден

  • Сен бул жактан эч качан чыга албайсың

Окуучуларга тандаган сүйлөмдөрүнө жараша чечмелеп берүү

Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:

1.Теңдеме түзгүлө

NaOH + P2O5 =

2.Айланууну аткаргыла:

1) S→SO2→H2SO3→Na2SO3

Түшүнүү этабы(сабактын негизги бөлүгү):

Оксиддердин алынышы:

1. Жөнөкөй заттардын кычкылдануусунан:

4P + 5O2 = 2P2O5

2. Татаал заттардын кычкылданышынан

2H2S + O2 = 2SO2 + 2H2O

3. Татаал заттардын ажырашынан

H2CO3 = H2O + CO2


Оксиддердин колдонулушу

Жаратылышта, өнөр жайда жана турмуш-тиричиликте суунун (суутек оксидинин) кандай мааниге ээ болору баарыбызга жакшы белгилүү. 3%(Н2O2) суутек пероксиди медицинада антисептик, кан агууну токтотуу максатында колдонулат. Башка көп оксиддер да ошондой эле кеңири пайд ал анылат .

Мисалы, темир оксиддеринен Fе2О3 жана Fе3O4 турган кенден чоюнду жана болотту алышат. Кальций оксиди СаО (күйгүзүлгөн же күйгүзүлбөгөн акиташтын негизги курамын түзөт) ал курулушта колдонулуучу өчүрүлгөн акиташты Са(ОН)2 алуу үчүн пайдаланылат. Кремний (IV) оксиди SiO2 курулуш материалдары катары колдонулат. Кээ бир оксиддер боёкторду өндүрүү үчүн пайдаланылат.

Мисалы, цинк оксиди ZnО ак боёк, хром (III) оксиди Сr2О3 жашыл боёк катары колдонулат.


Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):


Мугалимдин иш аракети:

Суроо-жооп, аӊгемелешүү менен сабак лекция түрүндө өтүлөт.

1. Төмөнкү оксиддердин кайсынысы негиздик да жана кислоталык да касиеттерге ээ?

а) Р2О5; б) СО2; в) МgO; г) Al2O3 ; д) NO2;



Үйгѳ тапшырма:

1. Төмөнкү формулалардан IV топтун негизги тобуна келген элементтин оксидинин формуласын көрсөткүлө.

а) Э2О; б) ЭО; в) ЭО2; г) ЭО4; д) Э2О5;

Баалоо:




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!