СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Окусаң илим үйрөнүп, орундуу жазган кат жакшы

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Билим алуу-ийне менен кудук казгандай

Просмотр содержимого документа
«Окусаң илим үйрөнүп, орундуу жазган кат жакшы»

5-класска өтүлүүчү тарбиялык сааттын планы

Тарбиялык сааттын мөөнөтү: 09.09.2020

Тарбиялык сааттын темасы: Окусаң илим үйрөнүп, орундуу жазган кат жакшы

Тарбиялык сааттын багыты: эмгекке тарбиялоо

Тарбиялык сааттын усулу: өзүн-өзү тарбиялоо

Тарбиялык сааттын формасы: класстык саат

Тарбиялык сааттын баалоосу: байкоо жүргүзүү

Тарбиялоонун финансылык булагы: мамлекеттик бюджет

Тарбиялык сааттын максаты:
- адамдын жашоосунда билимдин баалуулугу жана зарылдыгы тууралуу түшүнүктү калыптандыруу;
- окуучулардын ой жүгүртүүсүн, сөз байлыгын өнүктүрүү;
- билим алууга багыттоо, билимди баалай билүүгө тарбиялоо.
Негизги түшүнүктөр: билим, акыл, бакыт, адам болуу.
Сабактагы негизги иш-аракеттер: 
Жуптарда жана топтордо ой бөлүшүү, аңгемелешүү, дискуссия, макалдарды чечмелөө, турмуштан мисал келтирүү, анализдөө, жыйынтык чыгаруу.Илим, билим, акыл адам баласына ыйгарылган өзгөчө бир дөөлөт эмеспи.
Тээ, байыркы заманда эле улуу ойчул Жусуп Баласагын билим тууралуу мындай дептир:

Билим алсаң, урмат-сый алып келет, 
Билим сага акыл-ой, кубат берет. 
Канча билсең, ошончо үйрөн, оку. 
Билимдүү тилегине дайым жетет. 

Демек билим адам үчүн соолбос булак жана бакыт ачкычы экени кылымдардан бери айтылып келе жаткан талашсыз чындык экен да. Адам өмүр бою билим алып жүрүп отурат.
Билимдин булагы ар түрдүү. Айлана-чөйрө, коом, турмуштун өзү эле чоң мектеп. Ал эми мектеп турмушу баланын өмүрүндөгү кайталангыс учур болуп эсептелет. Бул кезде окуучу билимдин негизин алып, турмуш жолуна даярданып, анын адамдык сапаттары калыптанат. Ошондуктан мектепте ар бир окуучуга билим алууга ыңгайлуу шарт, жылуу маанай түзүлүүгө тийиш. Кенже жаш курагында балдар сезимтал болушат, мектеп курагында калыптанган сапаттар анын кийинки жашоосуна өмүр бою таасир этет. Мугалимдер жана ата-энелер окуучуну ар дайым билим алууга үндөп жана багыттоо менен ийгиликтерге шарт түзө алабыз.
Сабактын жүрүшү: 
Окуучулар чакан топтордо төмөндөгү макалдарды чечмелешет:
"Билеги күчтүү - бирди жыгат, билими күчтүү - миңди жыгат", "Билим - түгөнбөгөн кенч".
Макалдарды чечмелеп, жуптарда, топтордо ой бөлүшкөн соң, мугалим аларга турмуштан мисал келтирүүгө тапшырма берет. Азыркы шартка байланыштуу окуучуларда ар кандай кайчы пикирлер жаралат. Мындай учурда кайчылаш пикирлердин дискуссиясын уюштуруу керек. Дискуссияга окуучулар активдүү катышат. Билимдүү адамдардын өмүр жолун, алардын портреттерин, элибизге жасаган кызматын мисал келтирүү натыйжалуу. Сабакка ата-энелердин айрым өкүлдөрү катышуусу ылайык. Кызуу талкууда мугалимдин жетекчилиги астында төмөндөгү түшүнүктөр аныкталат.
Азыркы учурда билимди бүткүл дүйнөдөгү элдер баалашат, илим өнүккөн өлкөлөрдө элдин турмушу жакшы, маданият гүлдөп өсөт. Ар кандай машиналарды, компьютерлерди адамдар билимдин жардамында ойлоп тапкан. Адамдар акылы менен космоско жетип, айды, күндү, жылдыздарды изилдеп билип алышкан. Адамдын акылынан жаралган машина жер айдайт, пахта терет, кездеме токуйт, кийим тигет. Телевизор, телефон, магнитофон, компьютерлер жана башка техниканын түрлөрү адамдын акылынан жаралган эмеспи. Өнүккөн өлкөлөрдө күндөлүк турмушта роботтор пайдаланылат. Ошентип акылдын, билимдин жардамында адамдар өз жашоосун күндөн-күнгө жакшыртып жүрүп отурат.
Андан соң окуучулар кайрадан жаңы топторго бөлүнүшөт да, "Билим бизге кайдан келген? Биз эмнени билебиз? Эмнелерди билгибиз келет? Билимибиз канча?" деген суроолордун тегерегинде ой бөлүшүп, талкуу жүргүзүшөт. Талкуунун жыйынтыгында мугалимдин жардамы астында окуучулар төмөндөгү маалыматтарды алып чыгышат:
Билимди жалпы адамзат коому топтогон. Байыркы замандарда ата-энеси балдарына билгенин айтып жана көрсөтүп, турмушка даярдап билим беришкен. Атадан балага өтүп, адамдардын билими көбөйө берген. Кийинчерээк элдер билгендерин жазып калтырууга өтүшкөн. Адегенде ташка, териге, кездемеге жазышкан. Анан кагазды ойлоп табышкан. Бара-бара китептер пайда болгон.
Адамдын ойлору, акылы, билими кагазга жазылып, китепке сакталып кала берет.
Китепти улам кийинкилер окуп, мурункулардын билимин пайдаланышат. Улам жаңы китептер жазылат.
"Билимди кантип жана кандай жолдор менен алууга болот?" деген суроо боюнча аңгемелешүү уюштурулса, окуучулар топтордо талкуу жүргүзгөн соң, төмөндөгүдөй жыйынтык чыгарылат: 
Билимдүү болуш үчүн талыкпай эмгектенүү керек, көп окуганга туура келет. Окуганды, жазганды үйрөнүп, жаратылыштын сырларын биз мектептен окуп түшүнөбүз, билимге жол ачылат. "Билим алуу - ийне менен кудук казгандай" деген макал ушундан улам келип чыккан. Билимдин, илимдин тармактары көп. Кесипке ээ болуш үчүн терең билим алуу керек. Терең билим алган адам өз кесибин ошончолук мыкты билет жана эл арасында кадыр-баркка ээ болот. "Мыкты врач", "кыйын мугалим" деп андай адамды элдер урматтап, сыйлайт. Билимдүү адамга көпчүлүк баш иет. Демек билим-бакыт ачкычы болуп эсептелет деп жыйынтыктоодо окуучулар билим алуунун зарылдыгына терең ынанышат.
Бышыктоо үчүн сууроолор жана тапшырмалар :
Билим бизге кайдан келген? Билим кайда сакталат? Билимди кайдан алууга болот?
"Билим - бакыт ачкычы" деген темада аңгеме түз.
Окуучуну билим алууга багыт берүү максатында "Мектептен эмнени үйрөнөбүз?", "Эмне үчүн адамдар мектепте окушат?" деген суроо боюнча талкуу уюштуруу ылайык.
Талкууну жыйынтыктоодо төмөндөгү түшүнүк такталат: 
Мектептен окуганга, жазганга көнүгүп, билим алууга үйрөнөбүз. Силер билген адамдын баары мектептен окуп билим алышкан.
Билим деген эмне? 
Окуучуларга билим эмне экенин даана түшүндүрүш үчүн. Сабакта муну мындайча талкуулап жана түшүндүрө алабыз:
Билим - бул адамдын акылы. Адамдар ойлонуп, акылынын жардамында түрдүү машиналарды, компьютерлерди ойлоп табышкан.
Мектептен окуганды, жазганды үйрөнүп, китептерди окуп, билим алып, күндөн-күнгө акылыңар жана билимиңер өсөт, келечекте мыкты адам болосуңар. Акындардын ырларын, жомокторду мугалим ылайыгына карата өзү тандап алат.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!