СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Окутуу кыргыз тилинде жургузулгон мектептерде кыргыз адабиятын окутуу. 201- -2020 - окуу жылы. Кут билим.

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Окутуу кыргыз тилинде жургузулгон мектептерде кыргыз адабияты предметин окутуу. 2019 - 2020 - окуу жылы. Кут билим.

Ар бир мугалим жаны стандарт боюнча маалымат алууга тийиш.

Просмотр содержимого документа
«Окутуу кыргыз тилинде жургузулгон мектептерде кыргыз адабиятын окутуу. 201- -2020 - окуу жылы. Кут билим.»

ОКУТУУ КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ ЖҮРГҮЗҮЛГӨН МЕКТЕПТЕРДЕ КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫН ОКУТУУ БОЮНЧА

Кыргыз адабиятын окутуунун жалпы маселелери

2019-2020-окуу жылында Кыргыз адабияты предметин окутууда төмөнкү жагдайларга көңүл буруу зарыл.

Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2019-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы” деп аталгандыгын эске алуу менен “Кыргызстанда билим берүүнү аймактардын талаптарына ылайык өнүктүрүү жана санариптештирүү милдеттери” аттуу август кеңешмесинин темасынын алкагында алдыңкы маселе катары билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, компетенттүүлүккө негизделген натыйжалуу билим берүү, окуу процессин санариптештирүү менен окутуу материалдарын электрондоштуруу, санариптик материалдык-техникалык каражаттарын эффективдүү колдонуу, окутуунун электрондук базасын түзүү маселелери эске алынат. Башка предметтер сыяктуу эле, кыргыз адабиятын окутуунун мазмунуна да санариптештирүү маселелерин киргизүү – мезгил талабы. Мамлекетибиздин туруктуу өнүгүүсү жана 2020-жылга чейинки Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясы, “Санариптик Кыргызстан 2019-2023-жылдар” концепциясы, КРнын Билим берүүнү өнүктүрүү концепциясы мектептердеги билим берүүнүн сапатын, анын ичинде кыргыз адабиятын окутуунун эффективдүүлүгүн мезгил талабына ылайык жогорулатуу милдеттерин койду.

Азыркы учурда компетенттүүлүктөрдүн негизинде инсанга багыттап окутууда негизги жана предметтик компетенттүүлүктөр боюнча репродуктивдүү, продуктивдүү, креативдүү(чыгармачылык) 3 деңгээлде окуучулар ээ боло турган натыйжаларга көнүл буруу учурдун талабы. Окуучунун окуу ишмердүүлүгүнүн сапатын аныктоодо предметтик компетенттүүлүк чоң мааниге ээ. Кыргыз адабиятынын предметтик компетенттүүлүгү окуу жана практикалык ишмердүүлүк ар дайым айкалышканда гана ийгиликтүү ишке ашат.

Окурмандык компетенттүүлүк – адабий чыгарманы эстетикалык өздөштүрүүгө жөндөмдүүлүк, искусствонун башка түрлөрүнүн катарында адабияттын өзгөчөлүгү жөнүндө түшүнүгүн калыптандыруу, образдуу сөздүн көркөм көп маанилүүлүгүн, ассоциативдүүлүгүн, көрүү жана угуу дааналыгын ачуу аркылуу образдык сөздү түшүнүү жана инсандык деңгээлде өздөштүрүү, теориялык–адабий түшүнүктөр жөнүндө үйрөнүүчү предмет катары эмес, көркөм чыгарманы түшүнө билүүгө жардамдашкан курал, каражат катары түшүнүктү өнүктүрүү.

Баалуулук-дүйнө таанымдык компетенттүүлүк – адабиятта чагылдырылган адеп-ахлактык баалуулуктарды жана дүйнө тааным категорияларды түшүнүү, ушул баалуулуктарга өзүнүн мамилесин аныктоо жана негиздөө, гуманисттик адеп-ахлактык позицияларга бек туруу;

Адабий-чыгармачылык компетенттүүлүк – ар түрдүү типтеги дил баяндарды, түрдүү жанрдагы жана формадагы адабий чыгармачыл иштерди жазууга жөндөмдүүлүк.

Бүгүнкү күндүн мугалиминин максаттары жана милдети окуучуларга жөнөкөй эле маалыматтардын топтомун берүү болуп эсептелбейт. Учурдагы билим берүүнүн максаты – бул сынчыл ойлому өнүккөн инсанды тарбиялоо жана окутуу менен бирге окуучулардын ойлонууга болгон муктаждыгын, ар кандай кырдаалды талдоого жана аларды туура баалоого, ар түрдүү маселелерди чечүүнүн оптималдуу жолун табууга үйрөтүү экендигин ар бир педагог түшүнүүсү зарыл.

Ар түрдүү деңгээлдеги (репродуктивдүү, продуктивдүү жана креативдүү) тапшырмаларды түзүүнүн зарылдыгы ар бир окуучу кандайдыр бир зарыл болгон билимдердин жана компетенттүүлүктөрдүн деңгээлдерине ээ болушу керек.

Адабият – балдарды адептик оң сапаттарга үйрөтүүнүн эң таасирдүү куралы болгондуктан, адабият мугалими компетенттүүлүк жана коммуникативдик мамиле түзө билүүсү абзел. Окуучунун мамлекеттик тилде бай лексика менен сабаттуу сүйлөй жана жаза билиши адабиятты мектепте сабаттуу окутууга байланыштуу экенин эстен чыгарбаганыбыз дурус. Эстетикалык табити өнүккөн, көркөмдүк жактан билимдүү, маданияттуу окуучуну тарбиялоо адабият теориясысыз, көркөм сөз өнөрүнүн образдык-эстетикалык жаратылышын мыйзам ченемдүүлүктөрүн талдап түшүнүүсүз мүмкүн эмес. Окуучуларды теориялык түшүнүктөрдү практикада колдоно билүүгө жатыктыруу, машыктыруу дайыма көңүлдүн борборунда болушу шарт.

Кыргыз адабиятынын окуу программасы тууралуу

2019-2020-окуу жылында Кыргыз адабияты предметин окутуу адабият боюнча кабыл алынган соңку жаңы стандарттардын жана программалардын негизинде жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы №403 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде түзүлгөн предметтик стандарт 5-6-класстар үчүн колдонулат.

Адабият боюнча жаңы стандарттын өзгөчөлүгү – анын компетенттүүлүккө негизделип түзүлгөндүгүндө. Стандарт мугалимди адабиятты окутууда реалдуу натыйжага жетишүүгө багыттайт.

Быйылкы окуу жылында окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерде кыргыз адабияты 5-6-класстар үчүн жаңы стандарттын негизинде түзүлгөн программа (С. Байгазиев, А. Муратов, Б. Абдухамидова, К.Акматов), ал эми 7-11-класстар үчүн өткөн окуу жылында колдонулган окуу программасы, б.а., С.Байгазиев, А. Муратов түзгөн программа жетекчиликке алынат. Мамлекеттик компоненттеги кыргыз адабиятына ыйгарылган сааттарда өзгөрүүлөр болгон жок.

Кыргыз адабиятын окутуунун методдору

Кыргыз адабиятын окутуу иштери педагогика илиминин жалпы, атайын жана жеке методологиясынын жоболоруна негизделет. Кыргыз адабиятын окутуу процессинде инсанга багытталган окутууга өзгөчө маани берилет. Кыргыз адабиятын окутууга коммуникативдик мамиле жасалып, окутуунун объектисин көркөм текст түзүүсү, ал эми сабак процесси жандуу сүйлөшүү, талдоо, талкуулоо, баяндоо иштери, чыгармаларга карата эссе-пикир жазуу, аргументтөө аркылуу жүргүзүлүшү шарт.

Адабиятты окутуу методикасында методдор тууралуу түшүнүктөр ар дайым эволюциялык аракетте болуп, улам жаңы ойлор менен толукталып келгендигин байкайбыз. Эвристикалык (жарым-жартылай изилдөө), изилдөөчүлүк, репродуктивдүү, долбоорлоо, стандарттык эмес сабактын формалары, интерактивдүү ж.б. методдор аркылуу кызыктыруучу окутуу чөйрөсүн түзүү, шыктандыруу окуучулардын натыйжалуу билим алышына өбөлгө түзөт. Окуучулардын өз алдынча иштешине, баяндама, дил баян, реферат, билдирүү, рецензия, аннотация, эссе жазышына көбүрөөк көңүл буруу жакшы натыйжаларды берет.

Кыргыз адабияты предметин окутуудагы айрым көйгөйлөр:

мугалимдердин предметтик стандарт боюнча маалыматынын жетишсиздиги;

кыргыз адабияты окуу китептеринин сапатын жогорулатуунун зарылдыгы;

кыргыз адабиятын окутууга карата методикалык колдонмолордун жетишсиздиги;

кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин алдыңкы тажрыйбаларынын жайылтылбай жатышы;

мугалимдерге керектүү кошумча адабияттардын, дидактикалык материалдардын жетишсиздиги;

компетенттүүлүктөрдүн негизинде сабакты пландоо боюнча тажрыйбанын аздыгы;

жаңы чыккан программа менен окуу китептеринин дал келбестиги;

окуучулардын окурмандык активдүүлүгүнүн начардыгы;

окуучуну көркөм, чечен сүйлөтүү боюнча мугалим тарабынан аракеттердин аздыгы;

кыргыз адабияты сабагында техникалык каражаттардын, көргөзмөлүүлүктүн (электрондук окуу материалдары, мультимедиалык материалдар, аудиотексттер, көркөм окуу боюнча видеофильмдер ж.б.) жетишпестиги ж.б.

Август кеңешмелеринде кыргыз адабиятын окутуу боюнча төмөнкү маселелердин тегерегинде талкуу жүргүзүү сунушталат:

1) Кыргыз адабиятын окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерде окутуунун окуу-ченемдик документтери (КРнын билим берүү концепциясы, предметтик стандарт, окуу программалары) тууралуу.

2) Окуучулардын оозеки жана жазуу кеп маданиятын калыптандыруу, өстүрүү – адабият сабагынын милдети;

3) “Манас” эпосу – мекенчилдикти калыптандыруунун куралы жана өткөн тарыхыбыздын бай мурасы;

4) Ч.Айтматовдун чыгармалары – адабий ой жүгүртүүнүн, талдоонун дүйнөлүк деңгээлинде;

5) Мектеп практикасында кыргыз тили, адабияты мугалимдеринин алдыңкы тажрыйбаларын жайылтуу;

6) Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерде кыргыз адабияты предметинин мазмуну, окуу китептери боюнча ой-сунуштар;

7) Кыргыз адабияты предметин окутууда заманбап усулдарды колдонуу;

8) Кыргыз адабияты сабагындагы аргументтүү эссе, пикир жазуу жумуштары, аларды жүргүзүүдөгү иш-тажрый-балар;

9) Кыргыз адабияты сабагында мультимедиалык каражаттарды колдонуу;

10) Окуу процессинде окутуунун интерактивдүү заманбап каражаттарын (интерактивдүү доскаларды, электрондук китептерди ж.б. маалыматтык булактарды) колдонуу;

11) Кыргыз адабияты боюнча электрондук окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерин түзүү жана колдонуу жолдору;

12) Компетенттүүлүктүн негизинде окуучунун позициясынан сабакты пландоо.

13) Окуучулардын долбоордук-изилдөөчүлүк иштери;

14) ЖРТ, олимпиаданын жыйынтыктарын анализдөө.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!