СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Окутуу кыргыз тилинде жургузулгон мектептерде кыргыз тили предметин окутуу.

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Окутуу кыргыз тилинде жургузулгон мектептерде кыргыз тили предметин окутуу. 2019 - 2020 - окуу жылы.

Просмотр содержимого документа
«Окутуу кыргыз тилинде жургузулгон мектептерде кыргыз тили предметин окутуу.»

ОКУТУУ КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ ЖҮРГҮЗҮЛГӨН МЕКТЕПТЕРДЕ КЫРГЫЗ ТИЛИ ПРЕДМЕТИН ОКУТУУ БОЮНЧА

Актуалдуулугу

2019-2020-окуу жылында окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн 5-11-класстарда кыргыз тили предметин окутууда төмөнкү укуктук-ченемдик документтер өзгөрүп жаңыланды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы № 403 токтому менен бекитилген жана КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы №590 токтомунун редакциясына ылайык КР Жалпы мектептик билимдин Мамлекеттик билим берүү стандарты жана предметтик стандарттар, базистик окуу планы.

Ошондой эле жаңы окуу китептери жана окуу-методикалык комплекстердин жаңыланышына байланыштуу окутуунун максатын, маңызын жана мазмунун кайрадан карап, иштеп чыгып, мугалимдерге сунуштоо.

“Өлкөнү санариптештирүү бүгүнкү күндүн талабы болуп жатат. Ал биздин жарандар үчүн мурда болуп көрбөгөн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат,“ – деп өлкөнүн Президенти белгиледи. “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына” карата окуу китептеринин, окуу методикалык колдонмолорунун санариптештирилген вариантын жана мультимедиалык жаңы технологияларды колдонуу учурда актуалдуу маселелерден экендиги талашсыз.

Максаты

Мугалимдер КР Жалпы мектептик билимдин Мамлекеттик билим берүү стандарты жана предметтик стандарттар, базистик окуу планы (БОП) укуктук-ченемдик документтердеги негизги жана предметтик компетенттүүлүктөр жана окуу программасы, окуу китептери, август кеңешмелеринде талкуулана турган болжолдуу темалар жөнүндө жалпы маалымат алышат.

Коюлган максатты жүзөгө ашыруу үчүн төмөндөгүдөй милдеттер белгиленди:

– базистик окуу планынын талаптары жана ал боюнча окуу пландарын түзүүнүн түрлөрүн, болжолдуу сааттардын көлөмүн сунуштоо;

– жаңы окуу планына ылайык түзүлгөн бул окуу программасынын өзгөчөлүгүн бөлүп көрсөтүү;

– КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 2019-2020-окуу жылына карата окуу китептери жана окуу методикалык колдонмолордун санариптештирилген вариантын тактап, сунуштоо;

– негизги жана предметтик компетент-түүлүктөрдү үч деңгээлде окутуу маселелери;

– “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” боюнча мультимедиалык жаңы технологияларды колдонуу.

Базистик окуу планы

Жалпы билим берүүчү мектептердин негизги мамлекеттик документи, мамлекеттик билим берүү стандартынын негизги бөлүгү жана милдеттүү окуу предметтердин тизмесин, окутуу убактысынын ырааттуулугун, окуу жүктөмүнүн көлөмүн аныктайт. Ал бардык класс жана предмет боюнча окуу тилине, менчик формасына карабастан ар бир мектептин окуу планын иштеп чыгуунун негизин уюштуруучу укуктук-ченемдик документ.

Базистик окуу планынын талаптарын сактоо менен төмөндөгүдөй окуу пландары түзүлөт:



1) аймактык, 2) мектептик, 3) болжолдуу жумушчу окуу пландары иштелип чыгат жана мектепти каржылоодо негизги документ болуп эсептелет.

Аймактык базистик окуу планы – аймактык билим берүүнүн башкармалыгы тарабынан мамлекеттик базистик окуу планынын негизинде иштелип чыгат жана ал сунуш кылуу мүнөзүндө болот.

Мектептик окуу планы – мамлекеттик базистик жана аймактык окуу планынын негизинде узак мөөнөткө түзүлүп, конкреттүү мектептин өзгөчөлүгү эске алынат (мектептин окуу планы катары бир же бир нече типтүү окуу планы кабыл алынышы мүмкүн);

Болжолдуу жумушчу окуу планы – күнүмдүк шарттарды эске алуу менен түзүлөт жана жылыга мектептин методикалык кеңешмесинде бекитилет.

Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн 5-11-класстарда кыргыз тили предметин окутууга карата мамиле өзгөрүп, балдардын оозеки, жазуу, байланыштуу кебин, чечендик-ораторлук жөндөмүн өнүктүрүүгө багытталган заманбап технологияларды колдонуу абзел. Базистик окуу планындагы “Тилдик” билим берүү чөйрөсү боюнча биринчи тилдин предметтик стандартына негизделип, т.а. эне тилинде окутуунун натыйжаларына коюлуучу талаптар менен аныкталат. Коммуникативдик ишмердүүлүк ыкмасын пайдалануунун эң негизги милдети – тилдин структурасы жана мыйзамдары тилдик системанын бардык элементтерин бириктирген бир бүтүндүк катары таанытуу. Окутуунун мындай бирдиктүү бир бүтүндүгү бул – текст. Анткени дал ушул текстте тилдин бардык элементтери белгилүү бир системага биригишет жана текст жасоочулук функцияга ээ болот. Кыргыз тилин окутууда адабий тилдин бардык функционалдык стилдерине (оозеки-сүйлөшүү, көркөм, окуу-илимий, публицистикалык, расмий иштиктүү стиль) ылайык тексттердин ар кыл түрлөрүн кеңири пайдалануу сунуш кылынат.

Кыргыз тилин окутуу процессинде окуучулардын кеп ишмердүүлүктөрүнүн бардык түрлөрүн (угуп түшүнүү – аудирлөө, сүйлөө – сүйлөп түшүндүрүү, окуу – окуп түшүнүү, жазуу жазып түшүндүрүү) турмушунда колдонууга ээ болуунун негизинде окуучулардын (негизги компетенттүүлүктөргө: маалыматтык, социалдык-коммуникативдик (карым-катнаштык), өзүн-өзү уюштуруу, көйгөйлөрдү чечүү жана предметтик компетенттүүлүктөргө: тил таануучулук, кептик жана маданият-таануучулук) компетенттүүлүктөрүн өнүктүрүүгө багытталган. Тилдин системасын, анын мыйзамдарын гана таанытуучулук эмес, функционалдык, коммуникативдик ишмердүүлүк, сүйлөшүү маданиятынын деңгээлин көтөрүүнү жөнгө салуу максатын да көздөшү керек.



Окуу программасы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы №403 токтому менен бекитилген жана КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы №590 токтомунун редакциясына ылайык КР Өкмөтүнүн «Билим берүү жөнүндө», «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдарын жана 2012-жылкы «Туруктуулук жана бакубат жашоо» программаларын эске алуу менен, окуу жүктөмү кыскарган окуу планынын негизинде кыргыз тилинин мамлекеттик стандартынын талаптарына таянуу менен даярдалган. Мамлекеттик стандарт окутуу тилине, уюштуруучулук, укуктук формасына жана менчиктин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын бардык жалпы билим берүүчү уюмдары үчүн окуу планынын бирдиктүү моделинин негизинде окуу программасы түзүлөт.



5-11-класстарда жаңы окуу жылында оңдолуп, толукталган кыргыз тилинин программасы (Түзүүчүлөр: А.Сапарбаев, Б.Өмүралиев, С.Үсөналиев, В.Мусаева жана Н.Абдесов. Илимий редактору С.Рысбаев) сунуш кылынат (2016).

Жаңы окуу планына ылайык түзүлгөн бул окуу программасынын өзгөчөлүгү – кыргыз тилин эне тил катары окутуунун натыйжалуулугун, сапатын арттыруу менен, окуучулардын кеп ишмердүүлүктөрүнүн түрлөрүн (угуу-аудирлөө, сүйлөө, окуу, жазуу) колдонууну, кеп маданиятын ар кыл турмуштук кырдаалга ылайык кептин стилдеринин түрлөрүнө жараша, өз алдынча чыгармачылык менен диалог, монолог түзө билүүгө үйрөтүүчү коммуникативдик көндүмдөрүн калыптандыруучу практикалык машыгуу иштерин жүргүзүүгө багытталгандыгы. Эң башкысы, эне тилин окутуу үчүн кептик, тилдик жана маданият таануучулук компетенттүүлүктөрдүн негизинде инсанга багыттап окутуу маселеси да курч коюлуп, ар бир класстын жыйынтыгында аталган негизги жана предметтик компетенттүүлүктөр боюнча репродуктивдүү, продуктивдүү, креативдүү (чыгармачылык) үч деңгээлде окуучулар ээ боло турган натыйжаларга негизделет. Мугалим мына ушуга айрыкча көңүл буруусу зарыл.

Азыркы мектепте авторитардык типтеги окутуунун ордуна инсанды өзүн-өзү таанууга үйрөтүү колго алынуусу зарыл.

Программада кыргыз тилин компетенттүүлүктүн негизинде окутуу сунушталат. Атап айтсак: кептик компетенттүүлүктө – мектеп бүтүрүүчүсү коммуникативдик милдеттерди аныктоого; тилди пикир алышуунун ар кыл кырдаалдарында; оозеки жана жазуу формасында пайдаланууга; өзүнүн сөздүк байлыгын байытуу менен кептик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жөндөмдүү болушу шарт.

Кептик компетенттүүлүктүн негизинде окутууда:

– карым-катнаштын максатына ылайык кептин предметин жана темасын түшүнөт жана белгилейт;

– тексттеги биринчи жана экинчи орундагы маалыматтарды бөлүп көрсөтүп, аларды чындык менен салыштырат;

– адабий тилдин (стилдердин) нормаларына, пикир алышуунун максатына (кептик кырдаалдарга) ылайык текст түзөт;

– текстти ар кыл стилдик талаптарга, ар кыл эмоционалдык жагдайларга ылайыктап кайрадан түзөт;

– коммуникативдик мазмунуна ылайык тексттердин функционалдык семантикалык типтерин, кептин ар кыл жанрындагы жана стилиндеги тексттерди айырмалайт жана өз тажрыйбасында чыгармачылык менен колдонот.

Ал эми тилдик компетенттүүлүктө – мектеп бүтүрүүчүсү тилдин системасы жана анын кепте ишке ашырылыш мыйзамдары жөнүндө билимге ээ болот.

Тилдик компетенттүүлүктүн негизинде окутууда:

– тилдик бирдиктерди алардын тилдин системасындагы функциялары жана алардын тексттеги ролу менен байланышта түшүнөт;

– лингвистикалык бирдиктерди функциялары, маанилери жана стилдери боюнча топтоштурат;

– тилдик бирдиктердин синонимдештигинин түзүлүшүн, маанисин жана стилдерин айырмалайт;

– кептин оозеки жана жазуу формаларынын өзгөчөлүктөрүн салыштырат жана айырмалайт;



– орфограммалардын көлөмүнө жана пунктуациялык эрежелерге ылайык орфографиялык жана пунктуациялык ыкмаларга ээ болот.

Маданият таануучулук компетент-түүлүктө мектеп бүтүрүүчүсү пикир алышууга катышуу менен социалдык-кептик, маанилик жана тарыхый-маданий контекстти эске алууга жөндөмдүү болот. Маданият таануучулук компетенттүүлүктүн негизинде окутууда:

– сүйлөшүү маданиятынын үлгүлөрүнө ээ болот;

– коомдо калыпка түшкөн жүрүм-турумдун үлгүлөрүнө ылайык карым-катнаштын катышуучусунун социалдык ролун өзүнө кабыл алат;

– элдин маданий мурасынын маанилүү бөлүгү, ыйык баалуулукка айланган эне тилине карата жекече аяр мамилесин билдирет.

Окуу-методикалык колдонмолор

5-кл. авт. А.К.Койлубаева, А.К.Койлубаева, Б.С.Орузбаева (2018) негизги, Кыргыз тилин орто мектептин 5-11-класстарында натыйжалуу окутуу боюнча усулдук колдонмо. Б.Исаков. (2011); Жат жазуулар жыйнагы. В.Мусаева,(2015); Азыркы кыргыз тилинин таблицалары. С.Үсөналиев, Б.Өмүралиев (2ОО3); Кыргыз тили 5-9-кл. Балдар риторикасы. Окуу куралы. В.Мусаева, (2018); Байланыштуу кепти, кептин стилдерин кептик компетенттүүлүккө багыттап окутуунун теориялык жана практикалык маселелери. В.Мусаева, (2017); Жазуу маданиятын окутуунун теориясы менен практикасы. Окуу-методикалык курал. В.Мусаева, (2018); Синтаксисти окутуунун методикасы. Б.Өмүралиев, (1978); Кыргыз тилинин синтаксиси. А.Жапаров (1979); Кыргыз тили боюнча методикалык колдонмо. 5-9-кл. В.Мусаева, Т.А.Асанакунов. USAIDдин «Сапаттуу билим» долбоору (2011); Кыргыз тили: Сабактын теориясы жана практикасы. Ж.Чыманов (2007); Кыргыз тилинин таяныч чиймелери. Кошумча окуу куралы. В.Мусаева, (2017);

Кыргыз тилин эне тили катары окутуунун методологиясы, Ж.Чыманов (2015). Кыргыз тилин окуп-үйрөнүүдө деңгээлдер боюнча компетенттүүлүктөрдү баалоо. К.Эсеналиева (2014); Стандарттардагы компетенттүүлүктөрдүн негизинде сабакты пландоонун теориясы, практикасы. К.Эсеналиева (2019); Мектеп үчүн фразеологиялык сөздүк, Т.А.Асанакунов (2019), Кыргыз тили: Сабактын (болжолдуу) планы Т.А.Асанакунов (2019).

Август кеңешмелеринде талкуулана турган болжолдуу темалар

“Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” боюнча мультимедиалык жаңы технологияларды колдонуу.

2.Стандарттардагы компетенттүүлүктөрдүн негизинде сабактын максатын жана анын көрсөткүчтөрүн пландоонун теориясы, практикасы.

Заманбап окутуунун жана баалоонун технологиялары.

Интерактивдүү окутуунун технологияларын колдоно билүүнүн педагогикалык шарттары.

Сынчыл ойломдун стратегияларын пайдалануу аркылуу стандарттын талабындагы окутуунун үч деңгээлин ишке ашыруу менен инсанга багыттап окутуу.

Этнопедагогика, этнолингвистика, этномаданият багытында кыргыз тилин кыргыз элинин алдыңкы маданий мурастары, баалуулуктары менен биримдикте окутуу.

Кеп ишмердүүлүктөрүнүн түрлөрүн (угуу-аудирлөө, сүйлөө, окуу, жазуу) коммуникативдик метод аркылуу мультимедиалык каражаттарды колдонуу.

Окуучунун тилдик, кептик жана маданият таануучулук компетенттүүлүктөрүнө басым жасоо.

“Сүйлөшүү маданияты», “Байланыштуу кеп», «Лексика жана фразеология», “Чечендик-ораторлук кеп” бөлүмдөрүн окутууда кептин коммуникативдик касиеттерин (кептин тазалыгын, тактыгын, тууралыгын, көрктүүлүгүн, орундуулугун, образдуулугун, элестүүлүгүн, эмоционалдуу-экспрессивдүүлүгүн) калыптандыруу.

Тексттеги кептин түрлөрүн (баяндоо, сүрөттөө, ой жүгүртүү), кептин стилдерин (көркөм, илимий, публицистикалык, иш кагаздарынын стили) колдонуу аркылуу жогорку класстарда кесиптик билим берүүгө багыттоо.

«Сүйлөшүү маданияты жана стилистика» сыяктуу курстарды киргизүү жана окутууну пландаштыруу.

Кыргыз тили сабагында “Манас” эпосуна көңүл буруу менен андагы көркөм тил каражаттарын жемиштүү пайдалануу ж. б.у.с.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!