СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Окуучулардын сабагына жетишпөөсүнүн себептери. Жетишпе албаган балдар менен иштөө.

Категория: Завучу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сабагына жетишпегендик деген эмне?

Сабагына жетишпегендик–бул  каралган окуу программасын канааттандырарлык деңгээлде өздөштүрө албаган мектеп окуучусу.

Просмотр содержимого документа
«Окуучулардын сабагына жетишпөөсүнүн себептери. Жетишпе албаган балдар менен иштөө.»

Жетишпөөнүн себептери. Жетишпеген балдар менен иштөө


Америкалык айрым психолог балдарды келгин куштардын күзүндө жылуу(чыгыш) жакка учуусу менен салыштырышкан. Алардын ортосунда көбүрөөк топтошуп, алдыңкы жана арткы катарда сейрек учушат.

Алдыңкылары- жетишкендери, артка калгандары – жетишпегендер.

Жетишпегендиктин кандай себеби бар жана алар менен кандай иштерди уюштуруу керек?

Жетишпегендик деген эмне?

Жетишпегендик–бул каралган окуу программасын канааттандырарлык деңгээлде өздөштүрө албаган мектеп окуучусу.

Жетишпегендик кайдан келип чыгат?

Жетишпегендик-бул мектеп көйгөйүнүндөгү педагогдордун “баш оорутмасы”. Бул көйгөй азыркы учурда эле пайда болду деп айтууга болбойт, муну чечүү үчүн мурунтадан бери эле көптөгөн педагог– психологдор иштеп келе жатат.

Бул көйгөйдүү чечүүдө конкреттүү психологиялык багыт берүү эки жол менен чечилет.

Биринчи жолу кийинки жылга ордуна калтыруу, жеңилдетилген программа менен талап кылуу. Көйгөйдү чечүүнүн бул варианты көп өлкөлөрдө колдонулуп келе жатат, бирок тилекке каршы биздин мектеп системасында көп деле жайылтылбады.

Класстарда окуучулардын санын кыскартуу, аз сандагы окуучулар менен жекече иштөөгө чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Психологиялык жактан өнүгүүсү начар балдар үчүн атайын мектептер ачылган жана алар үчүн атайын жеңилдетилген программалар каралган.

Турмуштагы бардык көйгөйлөр тарбия менен байланышта боло турганын көрсөтүүдө.

Медик – психолог комиссиянын чечимине карабай “менин балам эң кыйын” деп,-атайы мектепке жибербей коюшунун себебинен да окуучулардын жетишпөөчүлүгү келип чыгууда.

Бул багыт боюнча кесиптештер эмнени сунуштайт?

Ордуна кийинки жылга калтырууда экономикалык, психологиялык жана педагогикалык жактан да эч кандай пайда алып келбесин тажрыйба көрсөткөн. Көпчүлүк учурда балага эч кандай пайда келбейт, ал окууга болгон кызыгуусун жоготот жана мектепке келбей да коёт.

Жетишпегенди жоюу үчүн анын себебин билүү керек. Окуучунун окууга көңүлү жокпу же акыл–эси толук жетиле элекпи.

Жетишпегендиктин көптөгөн себептери болушу мүмкүн.

Белгилүү психологдор Ю.К.Бабанский жана В.С.Цетлин бул себептерди эки топко бөлүшкөн: сырткы жана ички.

Сырткы себептери кайсылар?

1) Биринчи кезекте социалдык, б.а. коомдогу билимдин баалуулугунун төмөндүгү, билим берүү системасынын стабилдүү эместиги. Социалдык абалды жакшыртуу менен жетишпегендик боюнча мектепте ар тараптуу иш алып баруу. Тилекке каршы мындай көйгөйлөрдү ордунан чечүүгө болбой калат.

2) Сырткы себептерине окуу процессин уюштуруу, жекече мамиленин жоктугу, өтө көп тапшырмалардын берилиши, кызыксыз сабактар ж.б.у.с.

3) Айланасындагылардын, үй-бүлөдөгү ж.б. тескери таасири

Жетишпегендиктин сырткы себептерине:

1. Социалдык себеп(коомдогу билим берүүнүн баалуулугун төмөнү)

2. Окуу процессинин жакшыртылбаганы.

3. Айланасындагылардын, үй-бүлөдөгү ж.б. тескери таасири

Жетишпегендиктин ички себеби кайсы?

Бүгүнкү күндө эң негизги себептеринин бири болуп мектеп окуучуларынын ден – соолугунун начарлыгы, жашоо тиричилигинин кескин начарлашы. Медициналык мекемелердин айтымына караганда ар бир төртүнчү төрөлгөн бала Санкт – Петербурда ошол учурдан баштап эле ден -соолугунда көйгөйү бар.

2) Ички себебине дагы интеллекттин төмөндүгү, жаңы окуу куралдарынын көпчүлүк окуучуларга жеткиликтүү болушу зарыл

3) Окуучунун мотивизациясынын жоктугу, ал коомдук маанисин түшүнбөйт жана ийгиликтүү окууга умтулбайт.

4)окуучулардын эркинин боштугу. Тилекке каршы акыркы себепке көп көңүл бурулбайт. К.Д.Ушинский бул тууралуу мындай деген экен:”Окуу, кызыгууга гана негизделет жана окуучунун эркин бекемдейт”

Жетишпегендиктин ички себебине:

1. Мектеп окуучуларынын ден – соолугунун начардыгы

2.Интеллектуалдык(акыл эсинин) начар өнүгүшү.

3. Окууга болгон мотивациянын жоктугу.

4. Окуучунун эркинин боштугу.

Ошентип мектеп окуучуларынын жетишпегендиктеринин себептери толуп жатат.

Бардык жетишпеген окуучулар мугалимдердин көзүнө бирдей эле көрүнөт. Мына ушундан көптөгөн көйгөй келип чыгат: жекече мамиле менен иштөөнүн жоктугу, окуучулар менен иштөөдө рационалдуу эмес ыкмалаларды колдонуу.

Психолог Н.И.Мурачков айтымында жетишпеген окуучуларды типторго бөлүү керек.

Типтерге бөлүүдө автор эки көрсөткүчкө :ой –жүгүртүүнүн өзгөчөлүгү жана баланын өздүк сабакка болгон мамилеси. Ар кандай көрсөткүчтөр төмөнкүдөй жыйынтыкка алып келет.

Жетишпеген окуучулардын топторуна:

1.Ой жүгүртүүсүнүн, таанып билүүсүнүн начар өнүгүшү

2. Ой жүгүртүүсү жогору, бирок жалкоо

3. Ой жүгүртүүсү начар жана жалкоо

Бул топто биздин көзкараш чоң практикалык мааниге ээ. Чыныгы себебин билсек ар топтогу окуучуларга дифференцирленген жардам бере алабыз.


Кимге кандай жардам берүү керек.

Эң кеңири тараган жетишпегендикти жоюу бул – кандай себеп менен жетишпей жаткандыгына карабастан сабактан тышкаркы убакта кошумча сабак өтүү. Мугалим биринчи жана экинчи топтогу окуучуларды сабактан кийин алып калып окутуусу чанда деле эмес. Теманы, тапшырманы берип “Отуруп, окугула!” –деп коюшат, окуучуларга ар тараптуу жардам керек да.

Экинчи топтогулар кандайдыр бир даражада акталган, үйүнөн сабакка даярданбайт. Биринчи топтогу балдар экинчи топко кандайча түшүп калды? Алар дайыма сабакка даяр жана абдан аракетчил болушат.

Мында келтирилген мисалда жетишпеген ар бир топко сабакта да, сабактан тышкаркы окууда да, ылайык келе турган анык форманы жана жардам берүү ыкмасын тандоосу зарыл. Биринчи топтогу жетишпегендер(ой жүгүртүүсү начар, бирок, окууганга калоосу бар) буларга атайы уюштурулгпн сабактар өтүлүшү абзел, негизгиси окууганды үйрөтүш керек, ата-энелерин мектепке чакыруу эч кандай деле пайда бербейт. Алар ансыз деле азап чегүүнүн ичинде да, тескерисинче алар менен чогуу кубанып, кичине болсо да, алдыдага жеңиштерге жетүүгө араке жасоо керек.

Жетишүүсү начар окуучулар экинчи топто, алардын ички өзүмдүк позициясы- окууга калоосу жок. Мектепке эч калбай келе беришет, бирок сабакка активдүү катышуудан баш тартышат, мугалимдин тапшырмаларына кайдыгер карашат.

Жетишпегендиктин эң татаал тобу үчүнчү тип, мындай окуучулар көбөйгөндөн көбөйүүдө. Мында позитивдүү психологиянын жардамы керек.ар баланын күчтүү жагы, оң сапаттары бар. Мугалим баланын эмнеге жөндөмдүү экенин табуусу керек.

Мектепте жетишпегендиктин эрте жана кечи болот. Эртесине эң башында эле б.а. 1-класста окуй баштаганда эле байкалат.окуудан арта калуунун ар кандай себептери болушу мүмкүн. Алар: Балдардын мектепке чейин жетишээрлик билиминин жоктугу;

  1. Психологиялык жактан окууга даяр эместиги 80% түзөт;

  2. Аң – сезими начар өнүккөн балдар;

  3. Мугалимдин айтканын укпайт жана доскада жазылгандарды көрбөйт;

  4. Ой жүгүртүүсү начар өнүккөн окуучулар(мындай балдар үлгү менен да иштей алышпайт).

Айрым учурда кеч жетишпегендикти эске алуу зарыл.Аны ортоңку класстарда байкоого болот.

Валентина Борисовна айткандай башталгыч класстан ортоңку класска өтүүдө билим сапаты 30% ке төмөндөйт. Бул мезгилде окуу программасы татаалдана баштайт да окуу кыйыныраак болот.

Кээ бир окуучулар мурун канаатандыраарлык жана жакшы окушса, мында жетишүү деңгээли кескин төмөндөйт.

Бул, биринчиден –мектепке даярдыгы жогору балдар өзүлөрүнүн классташтарынан эң жакшыларынан болгон. Аларды окутуу жеңил болгондуктан эч кандай кыйынчылыксыз эле жогорку баага жетишкен. Ортоңку звенодо талап башкача болгондуктан, алардын каалоосу мурунку башталгыч класстагыдай эле деңгээлде болот. Баланын окууга болгон кызыгуусу начарлайт.

Экинчиден - башталгыч класстан ортоңку класска өтүүдө өзүлөрүнүн курбулары менен болгон мамилеси өзгөргөндүктөн, мурунку орто окуган бала жетишпей баштайт.


Үчүнчүдөн- көпчүлүк учурда окуучулар көп убактысын башка жумуштар менен алек болуп, өтө кызыккандан жетише албай калат.

Жыйынтык: эгер окуучу сабагынан жетишпей жатса баарынан мурда анын себебин сөзсүз түрдө аныкташ керек.

Жетише албаган балдар менен иш алып баруу

Турмуш көргөзгөндөй 100% жетишкендиктерди, бирок жетишпегендер болуп келген жана боло берет.

Төмөндө жетишпөөчүлүктү жоюунун заманбап дидактикасын карап көрөлү.

  1. Педагогикалык профилактика- жаңы педагогикалык технологияны, активдүү ыкмаларды колдонууну издөө.

  2. Педагогикалык диагностика- системалык контролдоо жана окуунун жыйынтыгы.


  1. Педагогикалык терапия – окуудагы арта калууну ченөө. Кошумча сабактарды өтүү.


Буларды атай даярдалган мугалимдер өтүшөт, сабакка сөзсүз түрдө катышуу керек.

4. Тарбиянын таасири.

Начар тарбиянын мааниси да сабакка өз терс таасирин тийгизет. Булар менен жекече пландалган тарбиялык иштерди ата-энеси менен чогуу жүргүзүү керек.

Жогоруда педагогикалык профилактика, педагогикалык терапия, сабактан жетишпеген окуучуларга кандай жардам көрсөтүү керек экендиги жөнүндө сөз




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!