СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ичимдик менен тамекинин зыяндуулугу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сабактын темасы: Ичимдик жана тамекинин зыяндуулугу

Просмотр содержимого документа
«Ичимдик менен тамекинин зыяндуулугу»

ИЧИМДИК МЕНЕН ТАМЕКИНИН ЗЫЯНЫ
Сабактын максаты: Ичимдик менен тамекинин организмге жана үй-бүлөгө тийгизген таасирин окуучуларга тереңирээк билдирүү менен аларды мындай терс жолдон алыс болууга чакыруу.
Сабактын жабдылышы: Класстык бөлмө бүтүн бойдон ичимдиктин жана тамекинин зыян жактарын чагылдырган плакаттар жана адабий чыгармалардын көргөзмөлөрү менен жабдылат ("Ченебей ичкен мастан түңүл, ыгы жок көпкөн жаштан түңүл", "Ичкилик ичүү сулуулукту жоготуп, өмүрдү кыскартат", "Тамеки тартуу өмүргө зыян"). Сүрөттөр, ватман, маркер.
Сабакта колдонулган методдор: Интерактивдүү, көрсөтмөлүүлүк, стандарттуу эмес топтор менен иштөө.
Предмет аралык байланыш: Биология, химия, музыка.
Сабактын жүрүшү: Саламатсыңарбы, балдар! Бүгүн биз силер менен бирдикте "Ичимдик менен тамекинин зыяны" деген теманы өтөбүз. Спирт ичимдиги жөнүндө көп нерселерди айтаардан мурда тарыхына көңүл бурсак.
Биринчи топ: Химиктер сөз сүйлөшөт. 
1-окуучу: Атам замандан бери эле алкоголду акыл-эстин уурусу деп аташат. Спирт ичимдиктин мас кылуу касиети жөнүндө адамзат биздин доорго чейин 800 жыл мурда эле жер-жемиштин ширесинен жана жапайы жүзүмдөн алкоголдук ичимдиктерди даярдоого мүмкүндүк берүүчү карапа идиштер пайда болгондон тартып эле билишкен. Ал балким вино жасоо жерди иштетүүгө чейин эле болгондур.
2-окуучу: Таза спиртти арабдар VI-VII кылымдарда эле ала башташып, анын атын "Алкоголь" (баш айланткыч) деп коюшкан. Аны биринчи жолу 860-жылы араб Рагез даярдап чыгарган. Винодон спирт тартып чыгаруу масчылыкты кескин түрдө күчөтөт. Орто кылымда, батыш Европада күчтүү спиртти, винону ж.б. дагы ачытылган канттуу суюктуктарды тартуу жолу менен алышкан.
3-окуучу: Легенда боюнча бул операцияны италиялык монах - алхимик Валентинус биринчи болуп жасаган. Алынган продуктуну ичип көрүп, андан катуу мас болуп, алхимик: "картаңды жашарта, чарчаганды эс алдыра, капаланууну көңүлүн көтөрө турган кереметтүү эликсирди таптым" деп жарыялаган. Ошондон тартып алкоголдук ичимдиктер арзан сырьелордон (картошка, кант өндүрүүнүн калдыктары ж.б.) жана алкоголду өнөр жайлык өндүрүүнүн туруктуу өсүшүнүн эсебинен бүт дүйнөнүн өлкөлөрүнө тез таркайт. Алкоголь турмушта ушунчалык тез сиңип кеткендиктен иш жүзүндө бул темага кайрылбаган бир да сүрөтчү, жазуучу, акын болгон эмес. Голландиялык, италиялык, испандык жана немецтик байыркы сүрөтчүлөрдүн тарткан сүрөттөрү далил боло алат (сүрөттөр көргөзүлөт).
Экинчи топ: Биологдор сүйлөшөт. 
1-окуучу: Колумбду жандап жүргөн адамдар биринчи жолу аралга түшкөндө, жергиликтүү калктын кандайдыр бир кургатылган өсүмдүктөрдүн жалбырактарынан оролгон түтүктүн бир учун күйгүзүп, экинчи учун соруп, оозунан буркурата түтүн чыгарышканын байкашкан. Мындай жалбырактардан оролгон түйүндү жергиликтүү калк "табако" же "сигаро" деп аташкан. Тамекини эркектер гана эмес, аялдар да, атүгүл балдар да тартышкан.
2-окуучу: Адегенде индеецтер өздөрүнүн "сигаросун" чымын-чиркейлерден коргонуу үчүн гана чегишкен. Бирок тамеки түтүнүнүн банги кылуучу таасирин сезгендер кийин муну бара-бара анын сыйкырдуу касиеттери деп эсептеп, тамекини диний майрамдарда тарта турган болушту. Колумбдун Америкага жасаган экинчи экспедициясынан кийин, Гаити аралдарына баскынчылык аракети аяктаганда гана тамекинин уругу Испанияга алып келинип, декаративдүү өсүмдүк катары эгиле баштаган, кийин Португалияда, дагы башка түштүк өлкөлөргө тамеки плантациялары пайда боло баштаган.
Үчүнчү топ: Ден соолукту сактоочулар сүйлөшөт. 
1-окуучу: Алкоголь аялдардын өмүрүн 10%га, эркектердин өмүрүн 15%га кыскарта тургандыгы жөнүндө маалымат бар. Бирок алкоголдун залалы жеке гана мында эмес. Эгерде үй-бүлөдө ата-энеси спирт ичимдигин ичкен болсо, эненин сүтү аркылуу баланын организмине барган алкоголь анын нервинин бузулушуна, акыл эсинин өнүкпөй калышына, тамак сиңирүү (өзгөчө боордун), жүрөк, кан тамыр системасынын жана башка органдарынын оорушуна алып келет.
2-окуучу: Өткөн кылымдын аягында эле француздук врач - Демме алкоголиктердин үй-бүлөсүндөгү балдарды изилдеп, алардын балдарынын 50% кичинекей кезинде каза таап, аман калгандарынын 10% эпилепсия менен мээсине суу толуп ооруп, 12% кыйын өсүп, 10% дени таза чоңойгондугун белгилейт. Бекеринен эл оозунда "күйөөсүнүн ичкени - үйүнүн жарымы күйгөнү, аялдын ичкени - үйү бүт күйгөнү", - деп айтылбаса керек.
3-окуучу: Тамеки тартуу абдан жагымсыз сезимдерди туудуруп, ал тургай адамдын келбетин өзгөртүп, организмди дартка чалдыктырат. Дем алуу органдары организмге абанын келип турушун камсыз кылат. Дем алуу органдары аба баруунун жолдорунан жана өпкөдөн турат, өпкөгө баруудан мурда аба узак жолду, каңылтарды, кекиртекти, чоң бронхту аралап өтөт. Мына ушундай узак жолду аралап өтүү менен аба жылыйт да, булганычтан, чаңдан жана зыяндуу микроскоптон анча-мынча тазаланат. (Кино тасма көрсөтүлөт).
4-окуучу: Тамеки тартканда анын түтүнү баарынан мурда жогорку дем алуу жолдоруна, андан кийин өпкөгө кошулат. Ошондуктан тамеки түтүнү биринчи кезекте жогорку дем алуу органдарына зыян келтирип, кекиртектин жана каңылжардын сиңишине алып келет. Тамекинин түтүнү дем алуу жолдорун аралап өтүү менен алкымдын, кекиртектин, бронханын былжырлуу челин дайыма думуктуруп турат. Илимий изилдөөлөрдүн көрсөтүүсү боюнча тамеки тарткандардын 70% догдурга кайрылбай эле тамекини өз алдынча таштап коюуга эрки жетет.
Эки достун сөзүнө кулак төшөсөк.
Рамис: Эй кайран дос мынча эмне арыксың?
Чыңгыз: Ичимде чоң илдетим бар.
Рамис: Арык эттен самын жасайт дечү эле.
Чыңгыз: Самын болсом, анда ишине жарадым, азыр эле көбүргөнү баратам, чыгаар элем чын бейиштин өзүнө, мени менен башын жууса аялым.
Рамис: Он жөтөлдүң он мүнөттүн ичинде, чылымды эмне көп тартасың мынчалык? Адам элең айланыпсың түтүнгө.
Чыңгыз: Түтүн болсом жарадым го керекке, түрлүү жерде пайдасы бар анын да. Аялыма чымын-чиркей жолотпой, тураар элем түтөп коюп жанында.
Рамис: Сындап койсо теригесиң телтейип, кутурмаксың курсак күтсөң менчелик.
Чыңгыз: Анда экөөбүз айрылышпай жүрмөкпүз, этке төкчү өгүздөрдөй болтоюп.
Рамис: Койдум досум, кокуй сага теңелбейм.
Чыңгыз: Койсоң койгун теңелбей бир айтаарым - чылым чекпе, жүрө бергин курсак байлап өгүздөй.
Мугалим ар бир топко ватман жана маркер таратып, музыка бүткөнчө бүтүрүү үчүн тапшырма берет.
1-топ: Мас адамдын жаман жана жакшы жактарын жазып чыгуу.
2-топ: Тамеки тартып олтурган адамдын сүрөтүн тартып чечмелөө.
3-топ: Тамеки менен ичимдиктин жалпы жактарын жазып чыгуу.
Жай музыка угулат. 
Биздин Шүкүр чылым жакка сугалак,
Бир алганда он пачкасын бир алат.
Күндөп-түндөп тарта берет быкшытып,
Калбай калса башкалардан суранат.
Өпкөсүндө соруп жаткан курттарды,
Турса керек түтүн менен кубалап,
Олтурат бейм түтүн менен дубалап.
Ар бир топ өз тапшырмасын чечмелеп түшүнүк беришет.
Мугалим: Мына, балдар, тамеки менен ичкиликтин зыяндуу жактары менен кененирээк тааныштык. Тамеки тартаардан жана ичимдик ичээрден мурда ойлонгула, саатыңарды карап 2-3 мин. күтүп көргүлө, тамекини жана ичимдикти көп ичкен тааныштарыңарды элестеткиле, анын кылык-жоруктарын көз алдыңардан өткөргүлө, мүмкүн тамеки тарткыңар, ичимдик ичкиңер келбей калаар.
Мугалим доскада илинип турган макалдарды чечмелеп, түшүнүк берет, окуучулар дагы кошумчалашат.
Үйдөн тамекинин жана ичимдиктин зыяндуу жактары боюнча ыр чыгарып жазып келүү жөнүндө мугалим үйгө тапшырма берет.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!