СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Paint графикалык редактору. Буфер обмен командалары

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Paint графикалык редактору. Буфер обмен командалары

Просмотр содержимого документа
«Paint графикалык редактору. Буфер обмен командалары»

Датасы:______________ 1-2-3-группа

Датасы: ______________ 4-5-группа

Датасы: ______________ 5-6-группа


Сабактын темасы: Paint графикалык редакторунун буфер абмендеги командалары

Сабактын тиби: Билимдерди бышыктоо, билгичтиктерди жана көндүмдөрдү калыптандыруу сабагы;

Сабактын максаты:

  1. Билим берүүчүлүк- Окуучулар паинт графикалык редактордун мүмкүнчүлүктөрү жана надпись баскычы жөнүндө маалымат алышат, билимин, билгичтигин калыптандырышат.

  2. Өнүктүрүүчүлүк- программалар менен иштөөгө көнүгүшөт, ой жүгүртүүсүн өстүрүшөт;

  3. Тарбия берүүчүлүк- Берилген тапшырмалар аркылуу тапкычтыкка, шамдагайлыкка, өз алдынча иштөөгө, тартынбастыккачычкан менен иштөөгө. Сабакта тынч отурууга жана көңүл бөлүүгө, сылыктыкка, ынтымакка, бирин-бири угууга тарбияланышат.

Окутуу каражаттары: методикалык адабияттар, «Компьютер боюнча практикум»

Ж.Исманалиев, К. Мурзакулов. Исфана 2010-ж.

Интернет булактары

Жабдылыштар: компьютер, сүрөттөр, доска, маркер, открыткалардын электрондук варианты

Сабактын методу: Иновациялык түшүндүрүү,

Сабактын формасы: компьютердик сабак

Предмет аралык байланыш: кыргыз тили, англис тили,

Сабактын планы:

  1. Уюштуруучулук.

  2. Мотивация.

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу-Окуучулар менен жылуу маанайда учурашып, журналга белгилөө

Бүгүнкү сабакта биз

  1. Өткөн теманы кайталоо;

  2. Жаны тема

  3. Жаны темага байланыштуу суроолорго жооп берүү;

  4. Баалоо, үй тапшырма берүү, жыйынтык;

  5. Окуучулардан күтүлүүчү натыйжалар: (окуучулар бул сабактын соңунда кандай деңгээлди көрсөтүш керек?)

Компетенциялар/

Деңгээлдер

Маалыматтык


Социалдык-коммуникативдик

Өзүн-өзү уюштуруу жана маселелерди чечүү

Репродуктивдүү

Окуучу паинт графикалык редакторду билишет

Окуучулар аталган теманы талкуулашат, ой бөлүшөт

Окуучулар паинт графикалык редакторду ачууну үйрөнүшөт

Продуктивдүү

Окуучулар аталган тема боюнча көнүгүүлөрдү аткарышат

Окуучулар бири-биринен паинт графикалык редакторду үйрөнүшөт жана талкуулайт

паинт графикалык редактордун иштерин, элементтерин билишет


Креативдүү

Окуучулар паинт графикалык редактордун инструменттерин айырмалай алышат

Окуучулар паинт графикалык редакторунда сүрөт тартканды билишет

Окуучулар паинт графикалык редакторун турмушта колдоно алышат


Билимин актуалдаштыруу:

  1. Компьютердин жөнөкөй программаларына кайсы программалар кирет?

  2. Paint кандай программа?

  3. Word Pad кандай программа?

  4. Калькулятор эмне үчүн колдонулат?

  5. Жөнөкөй программаларды кантип ачабыз?

Жаны тема:

Сүрѳттѳрдү редакциялоо. Каталарды оңдоо Paint графикалык редактору ѳчүргѳнгѳ, жылдырганга, кѳчүргѳнгѳ, кескенге жана койгонго, ошондой эле сүрѳттүн каалаган бѳлүгүн кандайдыр бир ѳзгѳртүү жасаганга мүмкүнчүлүк берет. Керектүү аспаптар Изображение тобунда чогултулган. Адегенде керектүү аймакты – фрагментти «кѳрсѳтүү» (обочолонтуу) же бѳлүп алуу керек. Фрагментти бѳлүп алганга эки аспап арналган: Выделение прямоугольной области (Тик бурчтуу аймакты бѳлүп алуу); Выделение произвольной области (Каалагандай аймак бѳлүп алуу).

Тик бурчтуу аймакты бѳлүп алуу үчүн кѳрсѳткүчтү диагональ боюнча бѳлүп алууга тиешелүү аймак аркылуу жылдыруу керек. Каалаган формадагы аймакты бѳлүп алуу үчүн кѳрсѳткүчтүн сүрѳттүн керектүү бѳлүктүн айланасында жылдыруу керек.

Бѳлүнгѳн аймактан сырткары каалаган жерде чертүү менен бѳлүп алуу (обочолонтуу) алып салынат.Фрагменттерди бѳлүп алуучу ар бир аспапты эки вариантта колдонсо болот: тунук эмес фрагмент (бѳлүнгѳн аймактын бѳлүктѳрү фондун түсү менен кармалат); тунук фрагмент (бѳлүнгѳн аймактын бѳлүктѳрү фондун түсү менен кармалбайт).

Бѳлүнгѳн фрагмент менен тѳмѳнкү амалдарды аткарса болот:

- ѳчүрүү– фрагмент жоголот, анын орду фондун түсү менен толтурулат;

- жылдыруу– сүйрѳп ташуу методу менен холсттун каалаган жерине жылдырат, бул учурда фрагменттин мурдагы жайгашкан орду фондун түсү менен толтурулат;

- сүйрѳп ташуу– бул учурда ал (Shift клавишин жана маустун сол кнопкасы басылган абалда) фигуралуу из калтырат;

- кесип алуу (Буфер обмена тобундагы Вырезать аспабы) – фрагмент экрандан жоголуп, алмашуу буферине жайгашат, холст тогу анын орду фондун түсү менен толтурулат;

- коюу – алмашуу буферинен жумушчу аймактын керектүү жерине коюу (46-сүрѳт) (Буфер обмена тобундагы Вставить аспабы);





- кѳчүрүү (Буфер обмена тобундагы Копировать аспабы) – фрагмент мурдагы ордунда калат, анын так кѳчүрмѳсү алмашуу буферине жайгашат;

- кѳбѳйтүү, Ctrl клавишин басып сүйрѳп ташуу – фрагменттин кезектеги кѳчүрмѳсү маустун кнопкасын коё берген сайын пайда болуп турат;

- ѳзгѳртүү (буруу, чоюу, жантайтуу) (47-сүрѳт).


Практикалык ишти аткаруу менен надпись командасын үйрөтүү, андан сырткары даяр картинкаларга надпись командасы менен ырларды, текстерди жазууну үйрөнүшөт.

Б үгүн силер менен үйрөнө турган темабыз надпись командасын колдонууи менен өз фонтазияӊарды чагылдырып «Апакеме белек» куттуктоо барактарын Paint программасында жасаганды үйрөнөбүз.


Билимин баалоо: Берилген суоолорго так туура, ой жүгүртүү менен жооп берип, оригиналдуу суроолорду берүүсүнө, аталган темалар боюнча кызыгуу менен сүрөт тартуусуна жараша бааланат.



Үйгө тапшырма: «Куттуктоо барактарын бүтүрүп келүү» жана идеяларды табуу




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!