СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Пиза 2025ке даярдануу

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Пиза 2025ке даярдануу»

«Эл аралык PISA 2025  изилдөөсүнүн алкагында окуучулардын математикалык сабаттуулугун жогорулатуу

«Эл аралык PISA 2025 изилдөөсүнүн алкагында окуучулардын математикалык сабаттуулугун жогорулатуу"

Бегалиева А.А.

Васильевка – 2023

PISA деген эмне?  PISA кимди баалайт?  PISA эмнени баалайт?  PISAдагы баалоо кандай жүргүзүлөт?  Кыргызстан катышканбы?  PISAга катышуу Кыргызстанга эмне берет?   Изилдөө куралдары .  Тапшырмалардын форматы .  Жыйынтыктар кантип бааланат?

PISA деген эмне? PISA кимди баалайт? PISA эмнени баалайт? PISAдагы баалоо кандай жүргүзүлөт? Кыргызстан катышканбы? PISAга катышуу Кыргызстанга эмне берет? Изилдөө куралдары . Тапшырмалардын форматы . Жыйынтыктар кантип бааланат?

 PISA ДЕГЕН ЭМНЕ?  PISA ДЕГЕН- кыскартылган тамгалардын топтому.   ( P rogramme for I nternational S tudent A ssessment). PISA - Окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык программа. PISA изилдөөсүнүн дүйнө жүзүндөгү уюштуруучусу болуп Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму саналат. Бул эл аралык программага 15-жаштагы гана окуучулар катыша алат. 3 жылда бир жолу болуучу программа болуп саналат. Муну Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму (ОЕСD) иштеп чыккан.

PISA ДЕГЕН ЭМНЕ?

PISA ДЕГЕН- кыскартылган тамгалардын топтому. ( P rogramme for I nternational S tudent A ssessment).

PISA - Окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык программа.

PISA изилдөөсүнүн дүйнө жүзүндөгү уюштуруучусу болуп Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму саналат.

Бул эл аралык программага 15-жаштагы гана окуучулар катыша алат. 3 жылда бир жолу болуучу программа болуп саналат. Муну Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму (ОЕСD) иштеп чыккан.

 PISA 2025  PISA (Programme for International Student Assessment) – дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө окуучулардын сабаттуулугун жана билимин, практикада колдонуу билгичтигин баалоо боюнча эл аралык программа бүгүнкү күндө актуалдуу.   Сынак 1997-жылы иштелип чыгып, биринчи жолу 2000-жылы башталган. Бул программа экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюму аркылуу ишке ашырылып келүүдө. Кыргызстан 2025-жылы PISA изилдөөсүнө катышуу максатында жер жерлерде билим берүү системасында иш—аракеттер жүргүзүүсүн баштады.

PISA 2025

PISA (Programme for International Student Assessment) – дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө окуучулардын сабаттуулугун жана билимин, практикада колдонуу билгичтигин баалоо боюнча эл аралык программа бүгүнкү күндө актуалдуу.

Сынак 1997-жылы иштелип чыгып, биринчи жолу 2000-жылы башталган. Бул программа экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюму аркылуу ишке ашырылып келүүдө. Кыргызстан 2025-жылы PISA изилдөөсүнө катышуу максатында жер жерлерде билим берүү системасында иш—аракеттер жүргүзүүсүн баштады.

Мугалим PISA тапшырмалары тууралуу билиши шарт жана колдоно алышы керек.

  • Ар бир мугалим окуучулардын функцианалдык сабаттуулугун тынымсыз өнүктүрүүгө умтулушу зарыл. Бул мектептердеги билим берүүнүн сапатын жогорулатуу менен түздөн-түз байланыштуу. Мындан сырткары 2025-жылы негизги изилдөөгө катышуу үчүн кайсы мугалимдердин окуучулары тандалып алынаары белгисиз. Андыктан өлкөнүн бардык мугалимдери жана окуучулары PISA тесттерин билиши жана тапшырууга даяр болушу маанилүү.
  • Негизги изилдөө учурунда колдоно турган тесттерди алдын ала алууга болбойт. Колдоно турган тапшырмалар конфеденциалдуу жана алар окуучулар менен мугалимдерге тестирлөө күнү гана берилет. PISAга катыша турган окуучуларды гана алдын ала даярдоого болбойт. Эл аралык баалоо программасына катыша турган окуучулардын тизмесин Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлиги тарабынан берилген мектептер боюнча расмий маалыматтардын негизинде өз алдынча жүргүзүлөт. Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму PISA эл аралык баалоо программасы тарабынан өлкөгө тандап алуунун жыйынтыктарын негизги тестке 1 ай калганда гана кабарлайт. Тестирлөө орус жана кыргыз тилинде жүргүзүлөт.

3

Кыргыз Республикасы 2025- жылга карата PISA изилдөөсүнө даярдануу үчүн кандай талаптарды аткарышы керек. Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму PISA изилдөөсүнө катышуучу бардык өлкөлөр үчүн милдетүү болгон техникалык талаптарды коет. Алардын ичинде тестирлөө жүргүзүлө турган мектептерде атайын техникалык мүнөздөмөлөргө ээ болгон компьютерлердин болушу, ар кандай катмардагы окуучулардын саны боюнча толук маалыматтардын берилиши, тапшырмаларды которууну камсыз кылуу жана башка керектелет. Бүгүнкү күндө 1200 мектепке техникалык камсыздоо болду.  3

Кыргыз Республикасы 2025- жылга карата PISA изилдөөсүнө даярдануу үчүн кандай талаптарды аткарышы керек.

  • Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму PISA изилдөөсүнө катышуучу бардык өлкөлөр үчүн милдетүү болгон техникалык талаптарды коет. Алардын ичинде тестирлөө жүргүзүлө турган мектептерде атайын техникалык мүнөздөмөлөргө ээ болгон компьютерлердин болушу, ар кандай катмардагы окуучулардын саны боюнча толук маалыматтардын берилиши, тапшырмаларды которууну камсыз кылуу жана башка керектелет. Бүгүнкү күндө 1200 мектепке техникалык камсыздоо болду.

3

Ар бир окуучу PISAнын изилдөөсүнө катышпаса да, анын эмне экенин билиши керек.  Ар бир окуучу изилдөөнүн катышуучусу болушу мүмкүн экендигине даяр болушу керек. Бул ага психологиялык жактан тестке даярданууга, толкундануу жана тестирлөөдөн коркуу сезимин азайтууга мүмкүндүк берет. Окуучулардын билимдик жана мазмундук даярдоодон тышкары психологиялык даярдыгы да манилүү.  3

Ар бир окуучу PISAнын изилдөөсүнө катышпаса да, анын эмне экенин билиши керек.

  • Ар бир окуучу изилдөөнүн катышуучусу болушу мүмкүн экендигине даяр болушу керек. Бул ага психологиялык жактан тестке даярданууга, толкундануу жана тестирлөөдөн коркуу сезимин азайтууга мүмкүндүк берет. Окуучулардын билимдик жана мазмундук даярдоодон тышкары психологиялык даярдыгы да манилүү.

3

PISAнын негизги алты багыт Окуу сабаттуулугу 2025-жылда баалана Математикалык сабаттуулук турган багыттар: Табият таануу сабаттуулугу 1.Санариптик дүйнөдө билим алуу Креативдүү ой жүгүртүү 2. Чет тили Финансылык сабаттуулук Глобалдык компетентүүлүк 3

PISAнын негизги алты багыт

  • Окуу сабаттуулугу 2025-жылда баалана
  • Математикалык сабаттуулук турган багыттар:
  • Табият таануу сабаттуулугу 1.Санариптик дүйнөдө билим алуу
  • Креативдүү ой жүгүртүү 2. Чет тили
  • Финансылык сабаттуулук
  • Глобалдык компетентүүлүк

3

PISA 2025-жылы кандай инновациялык областары бааланат. 2025-жылы эки жаңы компененттин бааланышы пландаштырылууда. Чет тили –өлкөнүн каалоосу боюнча. Санариптик дүйнөдө билим алуу. Кыргызстан чет тили опциясын тандаган жок, ошондуктан бул эки инновациялык областын ичинен Кыргыз Респулбикасында бир гана санариптик дүйнөдө билим алуу деңгээли бааланат. 3

PISA 2025-жылы кандай инновациялык областары бааланат.

  • 2025-жылы эки жаңы компененттин бааланышы пландаштырылууда.

Чет тили –өлкөнүн каалоосу боюнча.

Санариптик дүйнөдө билим алуу.

Кыргызстан чет тили опциясын тандаган жок, ошондуктан бул эки инновациялык областын ичинен Кыргыз Респулбикасында бир гана санариптик дүйнөдө билим алуу деңгээли бааланат.

3

«Санариптик дүйнөдө билим алуу» инновациялык облусту эмнени түшүндүрөт. Бул багыттын алкагында окуучулардын мектепте жана башка жерлерде колдонулуп жаткан санариптик куралдарды (браузерлер, онлайн курстар, виртуалдык лабораториялар) колдонуу менен өз алдынча билим алууга даярдыгы бааланат. Бул багытта өзүн-өзү уюштурууга басым жасалат. Башкача айтканда окуучулардын убакытты эффективдүү пайдалануусу, керек болгон учурда жардам суроосу жана автоматтык түрдө пикир алгандан кийин ишти оңдоп жасоосу бааланат. 3

«Санариптик дүйнөдө билим алуу» инновациялык облусту эмнени түшүндүрөт.

  • Бул багыттын алкагында окуучулардын мектепте жана башка жерлерде колдонулуп жаткан санариптик куралдарды (браузерлер, онлайн курстар, виртуалдык лабораториялар) колдонуу менен өз алдынча билим алууга даярдыгы бааланат. Бул багытта өзүн-өзү уюштурууга басым жасалат. Башкача айтканда окуучулардын убакытты эффективдүү пайдалануусу, керек болгон учурда жардам суроосу жана автоматтык түрдө пикир алгандан кийин ишти оңдоп жасоосу бааланат.

3

PISA башка баалоо системаларынан эмнеси менен айрымаланат? 1.  Камтуу. Тестке дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү катышат. Келечекке багыттоо. Тестке катышкан өспүрүмдөр кийин өздөрүн тааныштырышат. Мектептен кийин окууну улантууга болгон мотивациялары, кошумча билимдерди жана көндүмдөрдү алуу ыкмалары жөнүндө баяндашат.  Саясатка багыт алуу.  Окуучулардын социалдык абалы менен мектеп билимдерин жана көндүмдөрүн өздөштүрүүсүнө таасир эте турган жөнүндө маалыматтар жана окутуунун натыйжаларынын ортосундагы байланышты көрсөтөт.  Системалуулук жана пландуулук. Катышуучу мамлекеттер билим берүү тармагындагы жетишкендиктин ийгилигинин динамикасын көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ.  3

PISA башка баалоо системаларынан эмнеси менен айрымаланат?

1. Камтуу. Тестке дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү катышат.

  • Келечекке багыттоо. Тестке катышкан өспүрүмдөр кийин өздөрүн тааныштырышат. Мектептен кийин окууну улантууга болгон мотивациялары, кошумча билимдерди жана көндүмдөрдү алуу ыкмалары жөнүндө баяндашат.
  • Саясатка багыт алуу. Окуучулардын социалдык абалы менен мектеп билимдерин жана көндүмдөрүн өздөштүрүүсүнө таасир эте турган жөнүндө маалыматтар жана окутуунун натыйжаларынын ортосундагы байланышты көрсөтөт.
  • Системалуулук жана пландуулук. Катышуучу мамлекеттер билим берүү тармагындагы жетишкендиктин ийгилигинин динамикасын көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ.

3

PISA кимди баалайт? Бул эл аралык программалык тестке дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн 15 жаштагы окуучулар катышат. 15 жаштагы окуучулардын программасын жана классын эсепке албастан алардын өз билимин практикада колдонуу жөндөмдүүлүгүн баалайт. Көпчүлүк өлкөлөрдө билим берүү системасы жалпы багытка ээ, ошондуктан ушул жашка келип, мектептеги милдеттүү билим алуу аяктайт. Демек изилдөөгө 15 жаштагы мектеп окуучулары б.а тестирлөө мезгили башталышында 15 жаш 3 айдан толук баштап 16 жаш 2 айга толук чейинки окуучулар катыша алышат. Ошондуктан 15 жаштагы окуучулардын билим сапатына баалоо болот. Көпчүлүк өлкөлөрдө бул куракка келгенде милдеттүү билим алуу менен аяктайт.

PISA кимди баалайт?

  • Бул эл аралык программалык тестке дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн 15 жаштагы окуучулар катышат. 15 жаштагы окуучулардын программасын жана классын эсепке албастан алардын өз билимин практикада колдонуу жөндөмдүүлүгүн баалайт.
  • Көпчүлүк өлкөлөрдө билим берүү системасы жалпы багытка ээ, ошондуктан ушул жашка келип, мектептеги милдеттүү билим алуу аяктайт. Демек изилдөөгө 15 жаштагы мектеп окуучулары б.а тестирлөө мезгили башталышында 15 жаш 3 айдан толук баштап 16 жаш 2 айга толук чейинки окуучулар катыша алышат.
  • Ошондуктан 15 жаштагы окуучулардын билим сапатына баалоо болот. Көпчүлүк өлкөлөрдө бул куракка келгенде милдеттүү билим алуу менен аяктайт.
PISA эмнени баалайт?  PISA окуучулардын функционалдык сабаттуулугун баалайт. Функцианалдуу сабаттуулук деген бул- окуу сабаттуулугу, математикалык сабаттуулук, табигый илимдер сабатуулугу болуп саналат. PISA изилдөөсү окуучулардын алган билимин кайра чагылдыра алышын гана эмес, жаңы жагдайларда алар өз компетенцияларын колдоно алаарын же колдоно албастыгын баалайт.  Компьютердик сабаттуулугун жана мектепте алган билимин практикада колдонуу жөндөмдүүлүгүн жана балдардын коомдо өз алдынча жашоого даярдыгын дагы баалайт.  Башкача айтканда, жалпы орто билим алган окуучу коомго толук кандуу аралашып кетүүсүнө, же болбосо өз ордун табуусуна керектүү болгон көндүмү жана билими бар же жок экенин баалоону максат кылат .

PISA эмнени баалайт?

  • PISA окуучулардын функционалдык сабаттуулугун баалайт. Функцианалдуу сабаттуулук деген бул- окуу сабаттуулугу, математикалык сабаттуулук, табигый илимдер сабатуулугу болуп саналат.
  • PISA изилдөөсү окуучулардын алган билимин кайра чагылдыра алышын гана эмес, жаңы жагдайларда алар өз компетенцияларын колдоно алаарын же колдоно албастыгын баалайт.
  • Компьютердик сабаттуулугун жана мектепте алган билимин практикада колдонуу жөндөмдүүлүгүн жана балдардын коомдо өз алдынча жашоого даярдыгын дагы баалайт.
  • Башкача айтканда, жалпы орто билим алган окуучу коомго толук кандуу аралашып кетүүсүнө, же болбосо өз ордун табуусуна керектүү болгон көндүмү жана билими бар же жок экенин баалоону максат кылат .
 Функцианалдык сабаттуулук деген эмне ?  Функцианалдык сабаттуулук – алдыга коюлган максаттарга жетүү, билим деңгээлин жогорулаттуу, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, коомдук жашоо турмушка аралашуу үчүн окуу менен алектенүү, жазуу жүзүндөгү текстерди түшүнүү жана аларды пайдалануу жөндөмү.

Функцианалдык сабаттуулук деген эмне ?

  • Функцианалдык сабаттуулук – алдыга коюлган максаттарга жетүү, билим деңгээлин жогорулаттуу, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, коомдук жашоо турмушка аралашуу үчүн окуу менен алектенүү, жазуу жүзүндөгү текстерди түшүнүү жана аларды пайдалануу жөндөмү.
 PISA 2025 изилдөөсүнө канча мамлекет жана канча окуучу катышат?  PISA биринчи жолу 2000-жылы өткөрүлгөн жана ага 32 мамлекет катышкан. Орто эсеп менен ар бир раундга дүйнөнүн 50дөн 70ке чейин өлкөсү катышат. Мисалы PISA 2022ге 88 өлкө катышкан. PISA 2025ке болжолуу 100 өлкөнүн катышуусу күтүлүүдө.  PISA тандап алган тизмеге окуган мекеменин түрүнө жана күндүзгү же сырттан окуганына карабастан бул критерийлерге жооп берген бардык окуучуларды камтыйт. Эки компьютердик тестирлөө үчүн кеминде 150 мектеп жана катышкан мектептерден 6300 окуучу бааланганга тандалат. Ар бир мектеп минималдуу алгылыктуу үлгү өлчөмү бир мектепте 25 окуучуну түзөт.

PISA 2025 изилдөөсүнө канча мамлекет жана канча окуучу катышат?

  • PISA биринчи жолу 2000-жылы өткөрүлгөн жана ага 32 мамлекет катышкан. Орто эсеп менен ар бир раундга дүйнөнүн 50дөн 70ке чейин өлкөсү катышат. Мисалы PISA 2022ге 88 өлкө катышкан. PISA 2025ке болжолуу 100 өлкөнүн катышуусу күтүлүүдө.
  • PISA тандап алган тизмеге окуган мекеменин түрүнө жана күндүзгү же сырттан окуганына карабастан бул критерийлерге жооп берген бардык окуучуларды камтыйт. Эки компьютердик тестирлөө үчүн кеминде 150 мектеп жана катышкан мектептерден 6300 окуучу бааланганга тандалат. Ар бир мектеп минималдуу алгылыктуу үлгү өлчөмү бир мектепте 25 окуучуну түзөт.
PISA изилдөөсүндө функцианалдык сабаттулукту баалоо үчүн концептуалдык алкак Мазмундук үлгү (Модель) Текстин түрлөрү Маалымат менен иштөө: Табуу жана керектүүсүн чыгарып алуу, Аңдап билүү жана баа берүү, Интерпритациялоо Математиканын бөлүмдөрү Табигый жана так илимдер боюнча сабактар методология Математикалык жана реалдуу көйгөйдүн негизинде жыйынтыктарды калыпка салуу, колдонуу, интерпритациялоо жана баалоо. Компетенттүүлүкө негизделген үлгү (модель)  Контексттер  жана  кырдаалдар Милдеттердин блогу Окуунун максаты Индивидуумдун, социумдун дүйнөсү, билим берүү жана илим Илимий түшүндүрмө берүү Изилдөө ыкмаларын колдонуу Маалыматтарды интерпретациялоо, таянак чыгаруу Ден соолук, ресурстар, курчап турган чөйрө, илим жана технологиянын байланышы

PISA изилдөөсүндө функцианалдык сабаттулукту баалоо үчүн концептуалдык алкак

Мазмундук үлгү (Модель)

Текстин түрлөрү

Маалымат менен иштөө:

Табуу жана керектүүсүн чыгарып алуу,

Аңдап билүү жана баа берүү,

Интерпритациялоо

Математиканын бөлүмдөрү

Табигый жана так илимдер боюнча сабактар методология

Математикалык жана реалдуу көйгөйдүн негизинде жыйынтыктарды калыпка салуу, колдонуу, интерпритациялоо жана баалоо.

Компетенттүүлүкө негизделген үлгү (модель)

Контексттер

жана

кырдаалдар

Милдеттердин блогу

Окуунун максаты

Индивидуумдун, социумдун дүйнөсү, билим берүү жана илим

Илимий түшүндүрмө берүү

Изилдөө ыкмаларын колдонуу

Маалыматтарды интерпретациялоо, таянак чыгаруу

Ден соолук, ресурстар, курчап турган чөйрө, илим жана технологиянын байланышы

PISAдагы баалоо кандай жүргүзүлөт? Окуучулардын билим жетишкендиктерин изилдөө негизги 3 багытта жүргүзүлөт: окуу сабаттуулугу, математикалык сабаттуулук жана табигый илимдер боюнча сабаттуулук баары компьютердин жардамы менен тапшырылат. Мында окуучулардын жалпы билимди жана интеллектуалдык көндүмдөрдү өздөштүрүүсүнө баа берүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Баалоодо негизги көңүл жогорудагы 3 багыттын бирөөсүнө коюлат. Тактап айтканда, тестирлөөгө кеткен убакыттын үчтөн эки бөлүгү негизги делген багытка бөлүнөт. 2025-жылы табигый илимдер боюнча сабаттуулукту баалоого басым жасалат. PISA изилдөөcүнүн ар бир циклында баалоонун приоритеттүү багытын өзгөртүү — изилдөөнүн негизги багыты боюнча толук кандуу маалыматты алуу жана бул багыттагы жетишкендиктерге салыштырма талдоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгү.

PISAдагы баалоо кандай жүргүзүлөт?

Окуучулардын билим жетишкендиктерин изилдөө негизги 3 багытта жүргүзүлөт: окуу сабаттуулугу, математикалык сабаттуулук жана табигый илимдер боюнча сабаттуулук баары компьютердин жардамы менен тапшырылат.

Мында окуучулардын жалпы билимди жана интеллектуалдык көндүмдөрдү өздөштүрүүсүнө баа берүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Баалоодо негизги көңүл жогорудагы 3 багыттын бирөөсүнө коюлат. Тактап айтканда, тестирлөөгө кеткен убакыттын үчтөн эки бөлүгү негизги делген багытка бөлүнөт.

2025-жылы табигый илимдер боюнча сабаттуулукту баалоого басым жасалат. PISA изилдөөcүнүн ар бир циклында баалоонун приоритеттүү багытын өзгөртүү — изилдөөнүн негизги багыты боюнча толук кандуу маалыматты алуу жана бул багыттагы жетишкендиктерге салыштырма талдоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгү.

Негизги баалоо багыттарынан тышкары, PISAнын акыркы циклдарында кошумча инновациялык багыттар иштелип чыккан . Ар бир 3 жылда бир инновациялык баалоо багыты киргизилет: - Санариптик сабаттуулук (2009) - Тапшырмаларды өз алдынча аткаруу (2012) - Тапшырманы биргеликте аткаруу (2015) - Глобалдык компетенттүүлүк (2018) - Креативдүү ой жүгүртүү (2022). -Табигый илимдер боюнча изилдөө (2025) Ар бир мамлекет кошумча багытты тандоону же андан баш тартууну өзү чечет.

Негизги баалоо багыттарынан тышкары, PISAнын акыркы циклдарында кошумча инновациялык багыттар иштелип чыккан .

Ар бир 3 жылда бир инновациялык баалоо багыты киргизилет:

- Санариптик сабаттуулук (2009)

- Тапшырмаларды өз алдынча аткаруу (2012)

- Тапшырманы биргеликте аткаруу (2015)

- Глобалдык компетенттүүлүк (2018)

- Креативдүү ой жүгүртүү (2022).

-Табигый илимдер боюнча изилдөө (2025)

Ар бир мамлекет кошумча багытты тандоону же андан баш тартууну өзү чечет.

Кыргызстан катышканбы? Кыргызстан 2006-жылы жана 2009-жылы катышкан. Эки жолу тең кыргыз окучуларынын натыйжасы канаттандыраарлык болгон эмес.  Эң акыркы орунду ээлеген. Бирок бул сынакка катышкандан, кандай сабак алдык жана кандай пайда алып келди?-бул жөнүндө олуттуу иликтөөлөр дээрлик жокко эссе.

Кыргызстан катышканбы?

Кыргызстан 2006-жылы жана 2009-жылы катышкан.

  • Эки жолу тең кыргыз окучуларынын натыйжасы канаттандыраарлык болгон эмес.
  • Эң акыркы орунду ээлеген. Бирок бул сынакка катышкандан, кандай сабак алдык жана кандай пайда алып келди?-бул жөнүндө олуттуу иликтөөлөр дээрлик жокко эссе.
Кыргызстан 2025-жылы эмне үчүн PISA изилдөөсүнө катышуу чечимин кабыл алды. Өлкөнүн 2025-жылдагы PISA изилдөөсүнө катышуусу биздин мектеп билим берүү системасы кайсы өнүгүү баскычында экендигин аныктайт. Мындан сырткары изилдөөдө акыркы 19 жыл ичинде билим берүүнү реформалоо аракеттери канчалык деңгээлде окуучуларга заманбап коомдо өзүн өзү реализациялоо үчүн зарыл болгон билимдерди жана көндүмдөрдү алууга мүмкүндүк бергендиги бааланат.

Кыргызстан 2025-жылы эмне үчүн PISA изилдөөсүнө катышуу чечимин кабыл алды.

Өлкөнүн 2025-жылдагы PISA изилдөөсүнө катышуусу биздин мектеп билим берүү системасы кайсы өнүгүү баскычында экендигин аныктайт. Мындан сырткары изилдөөдө акыркы 19 жыл ичинде билим берүүнү реформалоо аракеттери канчалык деңгээлде окуучуларга заманбап коомдо өзүн өзү реализациялоо үчүн зарыл болгон билимдерди жана көндүмдөрдү алууга мүмкүндүк бергендиги бааланат.

PISAга катышуу Кыргызстанга эмне берет?   PISA изилдөөcү мамлекеттеги билим берүүнүн абалы боюнча объективдүү маалымат бере алат.  Биздин жаш муун алган билимин канчалык деңгээлде жашоодо колдоно алышын баалап берет. Билим берүү тармагында кандай реформа жасоонун жолун белгилеп берет.

PISAга катышуу Кыргызстанга эмне берет?

PISA изилдөөcү мамлекеттеги билим берүүнүн абалы боюнча объективдүү маалымат бере алат.

Биздин жаш муун алган билимин канчалык деңгээлде жашоодо колдоно алышын баалап берет. Билим берүү тармагында кандай реформа жасоонун жолун белгилеп берет.

PISA-изилдөөнүн жыйынтыгы Кыргызстан үчүн төмөндөгүлөргө жардам берет: - Кыргызстандагы окуучулардын функционалдык сабаттуулугунун деңгээлин баалоо жана аны менен бирге экономикалык жактан анча өнүкпөгөн же өнүккөн өлкөлөрдүн билим берүү системаларына карата Кыргызстандын билим берүү системасынын эффективдүүлүгүн салыштыруу; - билим берүүгө ийгиликтүү колдонулган дүйнөлүк практикада эң ийгиликтүү практикаларды табуу; - окутуунун эффективдүүлүгүнө жана жыйынтыктарына таасир этүүчү факторлорду баалоо жана Кыргызстандын билим берүү системасын реформалоо үчүн сунуш жана стратегияны иштеп чыгуу; - убакыттын өтүшү менен Кыргызстандагы окуучулардын функционалдык сабаттуулугун өнүктүрүүдөгү өзгөрүүлөрдү байкоо.

PISA-изилдөөнүн жыйынтыгы Кыргызстан үчүн төмөндөгүлөргө жардам берет:

- Кыргызстандагы окуучулардын функционалдык сабаттуулугунун деңгээлин баалоо жана аны менен бирге экономикалык жактан анча өнүкпөгөн же өнүккөн өлкөлөрдүн билим берүү системаларына карата Кыргызстандын билим берүү системасынын эффективдүүлүгүн салыштыруу;

- билим берүүгө ийгиликтүү колдонулган дүйнөлүк практикада эң ийгиликтүү практикаларды табуу;

- окутуунун эффективдүүлүгүнө жана жыйынтыктарына таасир этүүчү факторлорду баалоо жана Кыргызстандын билим берүү системасын реформалоо үчүн сунуш жана стратегияны иштеп чыгуу;

- убакыттын өтүшү менен Кыргызстандагы окуучулардын функционалдык сабаттуулугун өнүктүрүүдөгү өзгөрүүлөрдү байкоо.

PISAнын негизги ачкычы бул......

Логика  (грек тилинен logos – сөз, ой, кеп, акыл, мантык) – ой жүгүртүүнүн калыпы жана мыйзамдары жөнүндөгү илим. Ал үч бөлүктөн турат:  диалектикалык логикаматематикалык логика  жана  формалдуу логика .

Диалектикалык логика  – табияттын, коомдун жана адамдын ойлоосунун өнүгүшүнүн Жалпы мыйзамдарды  үйрөтүүчү илим. Жалпы Мыйзамдар – логикалык категориялар катары каралат. Ошондуктан Диалектикалык логика диалектиканын категорияларынын илими деп эсептөөгө болот. Диалектикалык логика категориялардын бири-бири менен байланышын, өзгөрүшүн, өнүгүшүн изилдейт. Объективдүү дүйнөнүн өнүгүшүнүн адамдын ой жүгүртүүсүндөгү чагылыш калыпы жана мыйзымдары, чындыкты таанып-билүүнүн мыйзам ченемдери жөнүндөгү илим. Анын элементтери  ГераклитПлатонАристотель  ж. б. ойчулдардын эмгектеринде, ал эми таанып-билүүнүн, ой жүгүртүүнүн жалпы принциптери жана методдору катары Ф. Бекон,  ДекартЛейбниц  ж. б. окууларында кездешет.

Математикалык логика  – логикада математикалык методдорду колдонуу, ошондой эле математикалык талдоолорду жана далилдөөлөрдү логикалык изилдөө жөнүндөгү билимдердин жыйындысы. Математиканын формалдуу методдорун жана математикалык ой жүгүртүүлөр менен далилдөөлөрдүн логикалык изилдөөлөрүн колдонуунун натыйжасында түзүлгөн билимдер тармагы.

Формалдуу логика  – ойдун формаларынын (ойдо талдоо, ой жыйынтыктоо, түшүнүү, далилдөө ж. б.) логикалык түзүлүшүн үйрөтүүчү илим. Формалдуу логиканын негизги максаты – корутунду билимге ээ болуу жараянында сакталуучу мыйзамдарды жана принциптерди иштеп чыгуу болуп саналат.

 

1. Милдетти чечүүгө ылайыктуу булактарды издөө; 2. Маалыматты алып чыгуу жана адеп иштетүү; 3. Маалыматтарды иштетүү жана анын негизинде чечимдерди кабыл алуу; 4. Маалыматтарды берүү; Мамлекет-тик билим берүү стандарты 1.Маалыматты табуу жана алып чыгуу; 2. Маалыматты интеграциялоо жана интерпретациялоо; 3.Тексттин мазмуну жана формасы боюнча ой жүгүртүү жана баалоо 4.Тексттен маалыматты пайдалануу PISA

1. Милдетти чечүүгө ылайыктуу булактарды издөө;

2. Маалыматты алып чыгуу жана адеп иштетүү;

3. Маалыматтарды иштетүү жана анын негизинде чечимдерди кабыл алуу;

4. Маалыматтарды берүү;

Мамлекет-тик билим берүү стандарты

1.Маалыматты табуу жана алып чыгуу;

2. Маалыматты интеграциялоо жана

интерпретациялоо;

3.Тексттин мазмуну жана формасы боюнча ой жүгүртүү жана баалоо

4.Тексттен маалыматты пайдалануу

PISA

PISA-изилдөө куралдары . PISAнын изилдөө куралдарына тесттик тапшырмалар жана анкеталар кирет.  Куралдар Концорциумдун (долбоорду ишке ашыруу үчүн түзүлгөн бирдиктүү команда) менен Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмунун эл аралык алдыңкы илимий уюмдар консорциумдун жетекчилиги астында баалоо программасына катышуучу өлкөлөрдүн жана алдыңкы эл аралык уюмдардын эксперттеринин катышуусунда түзүлөт. Тестти тапшырып бүткөн соң, ар бир окуучу жарым сааттын ичинде билим берүү уюму, үй-бүлө, анын жакындары менен болгон мамилеси жана өзүнүн кызыгуусу боюнча суроолордон турган анкета толтурат. Билим берүү уюмунун администрациясы да кошумча анкеталоодон өтөт.

PISA-изилдөө куралдары .

  • PISAнын изилдөө куралдарына тесттик тапшырмалар жана анкеталар кирет. Куралдар Концорциумдун (долбоорду ишке ашыруу үчүн түзүлгөн бирдиктүү команда) менен Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмунун эл аралык алдыңкы илимий уюмдар консорциумдун жетекчилиги астында баалоо программасына катышуучу өлкөлөрдүн жана алдыңкы эл аралык уюмдардын эксперттеринин катышуусунда түзүлөт.
  • Тестти тапшырып бүткөн соң, ар бир окуучу жарым сааттын ичинде билим берүү уюму, үй-бүлө, анын жакындары менен болгон мамилеси жана өзүнүн кызыгуусу боюнча суроолордон турган анкета толтурат.
  • Билим берүү уюмунун администрациясы да кошумча анкеталоодон өтөт.
Тапшырмалардын форматы . Тест тапшырмалары анкета түрүндө болот жана белгилүү бир көйгөйдүн түшүндүрмөсү менен тапшырмалар берилет. Анда ар кандай мүнөздөгү жана кыйынчылыктагы бирден алтыга чейин суроолор берилет. Тест суроолорунун ар кандай форматтары (ачык же жабык) колдонулат. Мында окуучулар суроолорго өз оюн жазышы, жеке көз карашын билдире алышы керек, же туура, же туура эмес деп баалана турган (жабык жооптор) чектелүү варианттардын ичинен жоопторду тандап алышы керек. Тесттик тапшырмалардын дээрлик жарымын эркин түрдө жооп берүүгө болжолдонгон суроолор түзөт. 2015-жылдан тартып PISA компьютердик баалоого өттү. Дээрлик бардык өлкөлөр санариптик форматтагы тестирлөөгө катышкан жана мындан кийин да катышышат. 17

Тапшырмалардын форматы .

  • Тест тапшырмалары анкета түрүндө болот жана белгилүү бир көйгөйдүн түшүндүрмөсү менен тапшырмалар берилет.
  • Анда ар кандай мүнөздөгү жана кыйынчылыктагы бирден алтыга чейин суроолор берилет. Тест суроолорунун ар кандай форматтары (ачык же жабык) колдонулат.
  • Мында окуучулар суроолорго өз оюн жазышы, жеке көз карашын билдире алышы керек, же туура, же туура эмес деп баалана турган (жабык жооптор) чектелүү варианттардын ичинен жоопторду тандап алышы керек. Тесттик тапшырмалардын дээрлик жарымын эркин түрдө жооп берүүгө болжолдонгон суроолор түзөт.
  • 2015-жылдан тартып PISA компьютердик баалоого өттү. Дээрлик бардык өлкөлөр санариптик форматтагы тестирлөөгө катышкан жана мындан кийин да катышышат.

17

Жабык тестин түрүнүн мисалы:

Жабык тестин түрүнүн мисалы:

Ачык тестин түрүнүн мисалы:

Ачык тестин түрүнүн мисалы:

Жабык суроонун тестинин мисалы:

Жабык суроонун тестинин мисалы:

Тапшырмаларды тести каерден алабыз? . www.ncokoit.kg - Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялардын улуттук борбору www.kao.kg - Кыргыз билим берүү академиясы www.ripk.kg - Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту www.skiv.instrao.ru - Институт стратегии развития образования 17

Тапшырмаларды тести каерден алабыз? .

  • www.ncokoit.kg - Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялардын улуттук борбору
  • www.kao.kg - Кыргыз билим берүү академиясы
  • www.ripk.kg - Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту
  • www.skiv.instrao.ru - Институт стратегии развития образования

17

Тесттер кантип өтөт... Сыноо бул максат үчүн атайын орнотулган программанын жардамы менен компьютерде жүргүзүлөт. Изилдөөгө катыша турган мектептерде локалдуу (офлайн) иштей турган атайын тиркеме орнотулат жана окуучуларга сурамжылоону толтуруу үчүн интернетке кирүү талап кылынбайт. 17

Тесттер кантип өтөт...

  • Сыноо бул максат үчүн атайын орнотулган программанын жардамы менен компьютерде жүргүзүлөт.
  • Изилдөөгө катыша турган мектептерде локалдуу (офлайн) иштей турган атайын тиркеме орнотулат жана окуучуларга сурамжылоону толтуруу үчүн интернетке кирүү талап кылынбайт.

17

PISAда тапшырмалардын кандай форматы колдонулат. Тестик тапшырма эки түргө бөлүнөт. Стандартык- көйгөйлөрдү жана суроолорду сүрөттөгөн кадимки тапшырмалар. Интерактивдүү- компьютердик симуляция катары иштелип чыккан интерактивдүү материалдар менен тапшырмалар. Сиз муну компьютердик оюн менен салыштырсаңыз болот: тест субьектиси виртуалдык реалдуулукка кирип кеткендей сезилет, мында ал реалдуулукка абдан окшош кырдаалды чечиши керек. Мындай тесттер учурунда окуучуга ар кандай жоопторду жана андан аркы аракеттерди сунуш кылган суроолор берилет. Тесттик тапшырмалардын дээрлик жарымы эркин жоопту талап кылган суроолор. 17

PISAда тапшырмалардын кандай форматы колдонулат.

  • Тестик тапшырма эки түргө бөлүнөт.
  • Стандартык- көйгөйлөрдү жана суроолорду сүрөттөгөн кадимки тапшырмалар.
  • Интерактивдүү- компьютердик симуляция катары иштелип чыккан интерактивдүү материалдар менен тапшырмалар. Сиз муну компьютердик оюн менен салыштырсаңыз болот: тест субьектиси виртуалдык реалдуулукка кирип кеткендей сезилет, мында ал реалдуулукка абдан окшош кырдаалды чечиши керек. Мындай тесттер учурунда окуучуга ар кандай жоопторду жана андан аркы аракеттерди сунуш кылган суроолор берилет.
  • Тесттик тапшырмалардын дээрлик жарымы эркин жоопту талап кылган суроолор.

17

Тексттер  PISA изилдөөсүндө

Тексттер

PISA изилдөөсүндө "тексттер" деген сөз табигый тилди колдонгон

кол менен жазылган, басылган, электрондук тексттерди билдирет.

Мындай текст диаграммалар, сүрөттөр, карталар, таблицалар,

графиктер түрүндөгү визуалдык сүрөттөрдү камтышы мүмкүн.

PISA окуу сабаттуулугун баалоодо фильмдерди, телекөрсөтүүлөрдү,

мультфильмдерди, сөзсүз сүрөттөрдү, аудио жазууларды камтыбайт,

бирок алар вербалдык тексттердин ажырагыс бөлүгү боло алат.

PISA сынагында окуу сабаттуулугун аныктоо үчүн “маалымат” деген сөз

эмес,“текст” сөзү тандалган, анткени ал көркөм адабиятты да, башка

тексттерди да камтыйт.

Мисалдардын көрүнүшү

Мисалдардын көрүнүшү

Мисалдардын түрдүүлүгү.

Мисалдардын түрдүүлүгү.

Изилдөөнү өткөрүүнүн жолу жана стандартташтыруу . Изилдөө бирдиктүү координациялык борбор тарабынан даярдалган инструкция жана эрежелерге ылайык жүргүзүлөт.  Изилдөөнүн ар бир этабы (үлгү алуу, куралдарды которуу жана адаптациялоо, тестирлөөнү өткөрүү жана анкеталоо, маалыматтарды анализдөө жана текшерүү) эл аралык эксперттер тарабынан көзөмөлдөнөт. Жоопторду тандоо менен тапшырмалардын аткарылышын текшерүү атайын программалык камсыздоонун жардамы менен автоматтык түрдө жүргүзүлөт. Ачык жооп менен болгон тапшырмаларды текшерүүнү улуттук жана эл аралык деңгээлдеги эксперттер жүргүзүшөт.

Изилдөөнү өткөрүүнүн жолу жана стандартташтыруу .

  • Изилдөө бирдиктүү координациялык борбор тарабынан даярдалган инструкция жана эрежелерге ылайык жүргүзүлөт.
  • Изилдөөнүн ар бир этабы (үлгү алуу, куралдарды которуу жана адаптациялоо, тестирлөөнү өткөрүү жана анкеталоо, маалыматтарды анализдөө жана текшерүү) эл аралык эксперттер тарабынан көзөмөлдөнөт.
  • Жоопторду тандоо менен тапшырмалардын аткарылышын текшерүү атайын программалык камсыздоонун жардамы менен автоматтык түрдө жүргүзүлөт.
  • Ачык жооп менен болгон тапшырмаларды текшерүүнү улуттук жана эл аралык деңгээлдеги эксперттер жүргүзүшөт.
 Тесттен өткөн ар бир окуучуга эл аралык 1000 баллдык шкала боюнча балл берилет, ал эми ар бир топтогу тапшырманы аткаруу үчүн өзүнчө (математика, окуу жана табигый илимдер).  Эл аралык 1000 баллдык шкала төмөнкүдөй мүнөздөмөлөргө ээ: шкала боюнча орточо балл 500, стандарттык чектөө 100 балл, ошондо бул изилдөөгө катышкан бардык өлкөлөрдөгү билим алуучулардын болжол менен 2/3 бөлүгү 400дөн 600га чейин балл ала турганын билдирет. Жыйынтыктар кантип бааланат?

Тесттен өткөн ар бир окуучуга эл аралык 1000 баллдык шкала боюнча балл берилет, ал эми ар бир топтогу тапшырманы аткаруу үчүн өзүнчө (математика, окуу жана табигый илимдер). Эл аралык 1000 баллдык шкала төмөнкүдөй мүнөздөмөлөргө ээ: шкала боюнча орточо балл 500, стандарттык чектөө 100 балл, ошондо бул изилдөөгө катышкан бардык өлкөлөрдөгү билим алуучулардын болжол менен 2/3 бөлүгү 400дөн 600га чейин балл ала турганын билдирет.

Жыйынтыктар кантип бааланат?

Сабаттуулуктун кандай деңгээлдери аныкталган?  Бардыгы табигый илимдер жана математикалык сабаттуулук шкаласында 6 деңгээл, ал эми окуу сабаттуулугу боюнча шкалада мүмкүн болгон 7 деңгээл бар. 5,6 жана 7 деңгээлдеги окуучулар келечекте интеллектуалдык эмгектин жогорку квалификацияланган адиси болуу жолунда деп эсептелинет.  PISA изилдөөсүндө башкы деңгээл болуп 2- деңгээл деп эсептелинет. Бул деңгээл сабаттуулуктун базалык деңгээли катары каралат жана бул деңгээлге жеткен окуучулар коомдун жашоосуна эффективдүү жана натыйжалуу катышууга мүмкүндүк берүүчү компетенцияларды көрсөтө башташат.

Сабаттуулуктун кандай деңгээлдери аныкталган?

Бардыгы табигый илимдер жана математикалык сабаттуулук шкаласында 6 деңгээл, ал эми окуу сабаттуулугу боюнча шкалада мүмкүн болгон 7 деңгээл бар. 5,6 жана 7 деңгээлдеги окуучулар келечекте интеллектуалдык эмгектин жогорку квалификацияланган адиси болуу жолунда деп эсептелинет.

PISA изилдөөсүндө башкы деңгээл болуп 2- деңгээл деп эсептелинет. Бул деңгээл сабаттуулуктун базалык деңгээли катары каралат жана бул деңгээлге жеткен окуучулар коомдун жашоосуна эффективдүү жана натыйжалуу катышууга мүмкүндүк берүүчү компетенцияларды көрсөтө башташат.

PISA - функционалдык сабаттуулук деңгээли   Көз карандысыз ой жүгүртүүсү бар жана кыйын шарттарда иштей алат  4-деңгээл - жаңы маалымат алуу үчүн болгон билимди жана көндүмдөрдү колдонуу жөндөмүн билдирет  2-деңгээл – босого болуп саналат, ага жеткенде окуучулардын билимин жана көндүмдөрүн эң жөнөкөй билим берүүдөн тышкаркы кырдаалдарда колдоно башташат

PISA - функционалдык сабаттуулук деңгээли

Көз карандысыз ой жүгүртүүсү бар жана кыйын шарттарда иштей алат

4-деңгээл - жаңы маалымат алуу үчүн болгон билимди жана көндүмдөрдү колдонуу жөндөмүн билдирет

2-деңгээл – босого болуп саналат, ага жеткенде окуучулардын билимин жана көндүмдөрүн эң жөнөкөй билим берүүдөн тышкаркы кырдаалдарда колдоно башташат

Математикалык сабаттуулук деген эмне? « Математикалык сабаттуулук» – бул инсандын математикалык ой жүгүртүүсү. Ар кандай реалдуу контексттерде маселелерди чечүү үчүн математиканы формулировкалоо, колдонуусу жана чечмелөө жөндөмдүүлүгү. Математикалык ой жүгүртүү менен кубулуштарды сүрөттөөдө, түшүндүрүүдө жана божомолдоо үчүн математикалык түшүнүктөрдү, процедураларды, фактыларды колдонууну билдирет. Бул адамдарга математиканын дүйнөдөгү ролун түшүнүүгө, ой жүгүртүүгө жигердүү ой жүгүрткөн жаран үчүн зарыл болгон чечимдерди кабыл алууга жардам берет. Ошондой эле өзүнүн тастыкталган ой-жүгүртүүсүн айтууган жана активдүү, ойчул жаран катары чечим кабыл алууга жардам берет .

Математикалык сабаттуулук деген эмне?

  • « Математикалык сабаттуулук» – бул инсандын математикалык ой жүгүртүүсү. Ар кандай реалдуу контексттерде маселелерди чечүү үчүн математиканы формулировкалоо, колдонуусу жана чечмелөө жөндөмдүүлүгү.
  • Математикалык ой жүгүртүү менен кубулуштарды сүрөттөөдө, түшүндүрүүдө жана божомолдоо үчүн математикалык түшүнүктөрдү, процедураларды, фактыларды колдонууну билдирет.
  • Бул адамдарга математиканын дүйнөдөгү ролун түшүнүүгө, ой жүгүртүүгө жигердүү ой жүгүрткөн жаран үчүн зарыл болгон чечимдерди кабыл алууга жардам берет. Ошондой эле өзүнүн тастыкталган ой-жүгүртүүсүн айтууган жана активдүү, ойчул жаран катары чечим кабыл алууга жардам берет .

Эң башкысы математиканы мыкты үйрөнүү

  • «Математика – акылдын гимнастикасы» деген сөз бар. Бул сөздү башкача кылып, «Математика – мээни ар дайым тонуста кармап турчу машыктыргыч» деп айтса болот.
  • Баланын акыл-эсинин калптанышына математика эң керектүү нерсе. Биринчиден, бул балдарды ойлондура турган сабак. Экинчиден, математика баардык жерде кездешет. Сабактарда балдарга жашоосунда керек болчу нерселерди үйрөтүүгө аракет кылынышы зарыл. Мисалы, көп оозеки эсептөө. Окуучулар дүкөндөрдө арзандатуулар болуп жатканда проценттерди тез эсептеп чыгарганды билишет. Алар бөлмөдөгү дубалдарга канча обой керектелерин билиш үчүн алардын аянтын эсептөөнү үйрөнөт.
  • Ар бир кадамды көрө билип, жасаган кыймыл аркетти анализдөө-бул өтө маанилүү. Жашоодо дагы дал ошондой: бүтүрүүчү бизнесте дагы, чыгармачылыкта дагы ар бир кадамын алдына ала эсептей алат. Анализдөө жана туура алгоритм түзүүнү билүү – математика ушул нерселерди берет. Жогорку класстарда оор тригонометриялык эсептерди чыгара баштаганыбызда, окуучулар «бизге мунун эне кереги бар?» деп көп сурашат. «Булардын силерге эч качан кереги тийбейт, бирок алардын чыгарылышы туура алгоритм курууну үйрөтөт» деп жооп берилет. Математика адам өмүрүндө ким болгусу келсе дагы керек. 

Окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоонун эл аралык программасына PISAга Кыргызстандын катышуусу:

  • Кыргыз Республикасы бул изилдөөгө эки жолу — 2006-жылы жана 2009-жылы — катышкан.
  • 2006-жылы изилдөөгө өлкөдөгү 201 билим берүү мекемесинен 15 жаштагы 5904 окуучу катышкан. 2009-жылы болсо PISA изилдөөсүнө 173 билим берүү уюмунан 4986 окуучу катышкан.
  • Анын жыйынтыгы боюнча толук маалыматты testing.kg сайтынан алсаңыздар болот. Кыргызстан мектептик билим берүүнүн эл аралык рейтингине 2025-жылы кайрадан кошулууга даяр. Учурда өлкөнү PISAга даярдоо иштери башталды. PISA-2025тин эң башкы багыты табигый илимдер боюнча сабаттуулук болот. Мындан сырткары эл аралык баалоо Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюму жаңы эки компонентти киргизүүнү мерчемдеп жатат:
  • Санариптик дүйнөдө окутуу (инновациялык тармак). Азыркы учурда мектепте жана андан сырткары колдонулуп жаткан санариптик инструменттердин (браузерлер, онлайн курстар, виртуалдык лабораториялар) жардамы менен окуучулардын өз алдынча билим алууга даярдыгы бааланат;
  • Чет тили (эл аралык опция). Алгач өлкө тандаган чет тилин билүү деңгээли бааланат. Кийин бул опция ар 6 жылда финансылык сабаттуулук боюнча тест менен кезектешип өткөрүлөт.

 

Көңүл бурганыңыздарга рахмат! Ар бир учурду туура колдонуу – жыйынтыгын берет! Бир багытта болуу чоң жол ачат!  

Көңүл бурганыңыздарга рахмат!

Ар бир учурду туура колдонуу – жыйынтыгын берет!

Бир багытта болуу чоң жол ачат!

 


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!