СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Предметтик стандарттын зарылдыгы эмнеде?

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Предметтик стандарт базалык жана автордук программалар менен окуу китептерин түзүүгө негиз болуп берет жана багыт катары кызмат кылат. Мугалимдин позициясын жана чыгармачыл потенциалын, окуучулардын индивидуалдык жөндөмдүүлүктөрүн, кызыгууларын, муктаждыктарын, билим берүү уюмунун материалдык базасын, жергиликтүү социалдык шарттарды, улуттук каада-салттарды, эмгек рыногунун өзгөчөлүгүн эске алуу менен автордук окуу курсун түзүүгө карата ар кандай жолдорду ишке ашырууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Просмотр содержимого документа
«Предметтик стандарттын зарылдыгы эмнеде?»

Предметтик стандарттын зарылдыгы эмнеде?

Предметтик стандарттын

зарылдыгы эмнеде?

 Предметтик стандарт  базалык жана автордук программалар менен окуу китептерин түзүүгө негиз болуп берет жана багыт катары кызмат кылат. Мугалимдин позициясын жана чыгармачыл потенциалын, окуучулардын индивидуалдык жөндөмдүүлүктөрүн, кызыгууларын, муктаждыктарын, билим берүү уюмунун материалдык базасын, жергиликтүү социалдык шарттарды, улуттук каада-салттарды, эмгек рыногунун өзгөчөлүгүн эске алуу менен автордук окуу курсун түзүүгө карата ар кандай жолдорду ишке ашырууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Предметтик стандарт базалык жана автордук программалар менен окуу китептерин түзүүгө негиз болуп берет жана багыт катары кызмат кылат. Мугалимдин позициясын жана чыгармачыл потенциалын, окуучулардын индивидуалдык жөндөмдүүлүктөрүн, кызыгууларын, муктаждыктарын, билим берүү уюмунун материалдык базасын, жергиликтүү социалдык шарттарды, улуттук каада-салттарды, эмгек рыногунун өзгөчөлүгүн эске алуу менен автордук окуу курсун түзүүгө карата ар кандай жолдорду ишке ашырууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берет.

 Предметтик стандарт билим берүү процессинин бардык катышуучуларынын предметти окутуунун максаттары , мазмуну , ошондой эле окуу каражаттары аркылуу окуучуларды окутуу, тарбиялоо жана өнүктүрүүнүн жалпы стратегиялары тууралуу маалымат алуусун камсыздоо менен бирге, предметтин мазмундук жана тематикалык багыттарын аныктайт, предмет аралык байланыштарды, негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрдү, окуу процессинин логикасын, ошондой эле окуучулардын жаш өзгөлүктөрүн эске алуу менен бөлүмдөр боюнча окуу сааттарынын болжолдуу бөлүнүшүн жана аларды окутуунун ырааттуулугун камсыз кылат.

Предметтик стандарт билим берүү процессинин бардык катышуучуларынын предметти окутуунун максаттары , мазмуну , ошондой эле окуу каражаттары аркылуу окуучуларды окутуу, тарбиялоо жана өнүктүрүүнүн жалпы стратегиялары тууралуу маалымат алуусун камсыздоо менен бирге,

предметтин мазмундук жана тематикалык багыттарын аныктайт,

предмет аралык байланыштарды,

негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрдү,

окуу процессинин логикасын, ошондой эле окуучулардын жаш өзгөлүктөрүн эске алуу менен бөлүмдөр боюнча окуу сааттарынын болжолдуу бөлүнүшүн жана аларды окутуунун ырааттуулугун камсыз кылат.

Стандарт эмненин негизинде түзүлгөн?

Стандарт эмненин негизинде түзүлгөн?

Стандарттар төмөнкү нормативдик документтердин негизинде түзүлгөн: Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамы. - Бишкек, 2003-ж. КР жалпы билим берүүчү мектептеринде предметтерди окутуунун Концепциясы (2015-ж. май айында жаңыланган). «Кыргыз Республикасынын мектептеринде жалпы орто билим берүүнүн мамлекеттик стандартын бекитүү жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы №403 Токтому. Кыргыз Республикасын 2013-2017-ж.ж. туруктуу өнүктүрүү багытындагы улуттук стратегиясы; Кыргыз Республикасын 2013-2017-ж.ж. туруктуу өнүктүрүү багытындагы улуттук стратегиясын ишке ашыруу боюнча Өкмөттүн программасы; Кыргыз Республикасынын жалпы орто билим берүүчү уюмдары үчүн Базистик окуу планы.

Стандарттар төмөнкү нормативдик документтердин негизинде түзүлгөн:

  • Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамы. - Бишкек, 2003-ж.
  • КР жалпы билим берүүчү мектептеринде предметтерди окутуунун Концепциясы (2015-ж. май айында жаңыланган).
  • «Кыргыз Республикасынын мектептеринде жалпы орто билим берүүнүн мамлекеттик стандартын бекитүү жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы №403 Токтому.
  • Кыргыз Республикасын 2013-2017-ж.ж. туруктуу өнүктүрүү багытындагы улуттук стратегиясы;
  • Кыргыз Республикасын 2013-2017-ж.ж. туруктуу өнүктүрүү багытындагы улуттук стратегиясын ишке ашыруу боюнча Өкмөттүн программасы;
  • Кыргыз Республикасынын жалпы орто билим берүүчү уюмдары үчүн Базистик окуу планы.
Мамлекеттик стандартта кандай терминдер камтылган?

Мамлекеттик стандартта кандай терминдер камтылган?

Мамлекеттик стандарттагы терминдер: Баа Баа берүү Баалоо Базалык мазмун Базистик окуу планы Билим берүү тармагы Билим берүүнүн сапаты Жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандарты Индивидуалдык билим берүү траекториясы Инклюзивдик билим берүү Компетенттүүлүк Маалыматтык компетенттүүлүк Натыйжалар (билим берүүчүлүк )  Негизги компетенттүүлүк Окутуунун максаттары  Окутуунун технологиялары Окуу материалдары Окуу программасы Өзүн-өзү уюштуруу жана проблемаларды чечүү компетенттүүлүгү Предметтик компетенттүүлүктөр Социалдык жана коммуникативдик компетенттүүлүк

Мамлекеттик стандарттагы терминдер:

  • Баа
  • Баа берүү
  • Баалоо
  • Базалык мазмун
  • Базистик окуу планы
  • Билим берүү тармагы
  • Билим берүүнүн сапаты
  • Жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандарты
  • Индивидуалдык билим берүү траекториясы
  • Инклюзивдик билим берүү
  • Компетенттүүлүк
  • Маалыматтык компетенттүүлүк
  • Натыйжалар (билим берүүчүлүк )
  • Негизги компетенттүүлүк
  • Окутуунун максаттары
  • Окутуунун технологиялары
  • Окуу материалдары
  • Окуу программасы
  • Өзүн-өзү уюштуруу жана проблемаларды чечүү компетенттүүлүгү
  • Предметтик компетенттүүлүктөр
  • Социалдык жана коммуникативдик компетенттүүлүк
Предметтик терминдер Алгоритм  Долбоор  Интернет Информатика Информация жана коммуникациялык технологиялар (ИКТ) – Кибернетика Модель Объект Программалык камсыздоо  Система

Предметтик терминдер

  • Алгоритм
  • Долбоор
  • Интернет
  • Информатика
  • Информация жана коммуникациялык технологиялар (ИКТ) –
  • Кибернетика
  • Модель
  • Объект
  • Программалык камсыздоо
  • Система
Предметтин методологиялык негизи деген эмне?

Предметтин методологиялык негизи деген эмне?

Предметтин методологиялык негизин компетенттик жана системалык-ишмердүүлүк мамиле түзөт. Компетенттик мамиле түшүнүгүнүн маңызы жалпы адамзаттык, улуттук баалуулуктардын алкагында окуучуларда коом үчүн, анын жеке өзү үчүн зарыл болгон компетенцияларды калыптандырууда жана өнүктүрүүдө турат. Стандарттын биринчи мууну «билимге ээ болуучулук», «билим алуучулук» парадигмасына ылайыкталгандыгына күбө болсок, эми учурдагы зарылчылык – стандарттын жыйынтыктуулук, кайтарымдуулук, б.а. «ишмердүүлүк» парадигмасына негизделиниши белгиленди .

Предметтин методологиялык негизин компетенттик жана системалык-ишмердүүлүк мамиле түзөт.

Компетенттик мамиле түшүнүгүнүн маңызы жалпы адамзаттык, улуттук баалуулуктардын алкагында окуучуларда коом үчүн, анын жеке өзү үчүн зарыл болгон компетенцияларды калыптандырууда жана өнүктүрүүдө турат. Стандарттын биринчи мууну «билимге ээ болуучулук», «билим алуучулук» парадигмасына ылайыкталгандыгына күбө болсок, эми учурдагы зарылчылык – стандарттын жыйынтыктуулук, кайтарымдуулук, б.а. «ишмердүүлүк» парадигмасына негизделиниши белгиленди .

Бүгүнкү биз жашап жаткан мезгилдин негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири катары бизди курчап турган айлана-чөйрөдө токтоосуз өзгөрүүлөрдүн болуп турушу. Жашоонун мындай шарттарында адамдын профессионалдуу мобилдүүлүгүн, маалымат технологиялары менен бирге башка көптөгөн жаңы технологияларды өздөштүрүүгө даярдыгын камсыз кыла турган негизги билим берүү абдан маанилүү болуп саналат. Инсанды коомдогу болуп турган ылдамдыгы өтө тез өзгөрүүлөргө даярдоо муктаждыгы окуучулардагы ой жүгүртүүнүн ар түрдүү формаларын, окуучуларда өздүк билим алуу ишмердүүлүгүн уюштуруу жөндөмдүүлүгүн, алардын ишмердүүлүгүнүн жашоо позициясына багытталуусун калыптандырууну талап кылат.

Бүгүнкү биз жашап жаткан мезгилдин негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири катары бизди курчап турган айлана-чөйрөдө токтоосуз өзгөрүүлөрдүн болуп турушу. Жашоонун мындай шарттарында адамдын профессионалдуу мобилдүүлүгүн, маалымат технологиялары менен бирге башка көптөгөн жаңы технологияларды өздөштүрүүгө даярдыгын камсыз кыла турган негизги билим берүү абдан маанилүү болуп саналат. Инсанды коомдогу болуп турган ылдамдыгы өтө тез өзгөрүүлөргө даярдоо муктаждыгы окуучулардагы ой жүгүртүүнүн ар түрдүү формаларын, окуучуларда өздүк билим алуу ишмердүүлүгүн уюштуруу жөндөмдүүлүгүн, алардын ишмердүүлүгүнүн жашоо позициясына багытталуусун калыптандырууну талап кылат.

Компетенттүүлүктөр: Мектепте предметтерди окутууда окуучулар негизги жана предметтик компетенттүүлүктөргө ээ болушат. Компетенттүүлүк – ( лат. ылайык келүү, шайкештик) – белгилүү бир кырдаалдарда (окуу, инсандык, кесиптик иште) окуучунун билимдерди, ыктарды жана жөндөмдүүлүктөрдү жана алардын ар кандай элементтерин өз алдынча колдоно алуучу өзүнүн көп кырдуу жөндөмү. Негизги компетенттүүлүктөр конкреттүү предметтин мазмунунда калыптанып, ишке ашырылган жана окуучунун социалдык тажрыйбасына негизделген билимдин натыйжалары болуп эсептелет. Негизги компетенттүүлүктөр көп функциялуулулугу менен айырмаланат.

Компетенттүүлүктөр:

Мектепте предметтерди окутууда окуучулар негизги жана предметтик компетенттүүлүктөргө ээ болушат.

Компетенттүүлүк – ( лат. ылайык келүү, шайкештик) – белгилүү бир кырдаалдарда (окуу, инсандык, кесиптик иште) окуучунун билимдерди, ыктарды жана жөндөмдүүлүктөрдү жана алардын ар кандай элементтерин өз алдынча колдоно алуучу өзүнүн көп кырдуу жөндөмү.

Негизги компетенттүүлүктөр конкреттүү предметтин мазмунунда калыптанып, ишке ашырылган жана окуучунун социалдык тажрыйбасына негизделген билимдин натыйжалары болуп эсептелет. Негизги компетенттүүлүктөр көп функциялуулулугу менен айырмаланат.

Ушуга байланыштуу негизгилер катары төмөнкү үч компетенттүүлүк каралат :

1) маалыматтык компетенттүүлүк – өз ишмердүүлүгүн пландаштыруу жана ишке ашыруу, аргументтүү тыянактарды чыгаруу үчүн маалыматты пайдаланууга болгон даярдык. Маалымат менен иштей билүү төмөнкүлөрдү: жетпеген маалыматты максаттуу издөөнү, айрым фрагменттерди салыштырууну; бүтүн алып анализдөө көндүмдөрүнө ээ болууну; божомолдорду (гипотезаларды) коё билүүнү карайт. Адамга сынчыл ой жүгүртүүгө негизделген маалыматтын негизинде ойлонулган чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берет.

2) социалдык-коммуникативдик компетенттүүлүк – өз умтулууларын башка адамдардын жана социалдык топтордун кызыкчылыктары менен шайкеш келтирүү, позициялардын ар түрдүүлүгүн таануунун жана башка адамдардын баалуулуктарына (диний, этникалык, кесиптик, инсандык ж.б.) сыйлуу мамиленин негизинде өз көз карашын цивилизациялуу коргоого болгон даярдык. Диалогдо керектүү маалыматты алуу жана инсандык, социалдык жана кесиптик проблемаларды чечүү үчүн аны оозеки жана жазуу жүзүндө туюнта билүү зарылдыгы. Милдеттерди чечүү үчүн башка адамдардын жана социалдык институттардын ресурстарын пайдаланууга мүмкүндүк берет.

3) өзүн-өзү уюштуруу жана маселелерди чечүү компетенттүүлүгү – маалыматта, окуудагы жана турмуштук кырдаалдардагы карама-каршылыктарды табууга жана ар түрдүү ыкмаларды өз алдынча жана башка адамдар менен өз ара биргелешип колдонууга, ошондой эле андан аркы аракеттер тууралуу чечимдерди кабыл алууга болгон даярдык.

Компетенттүүлүктөрдүн калыптануу деңгээлдерин аныктоо үчүн негиз болуп окуучунун өз алдынчалыгынын деңгээли жана маселени чечүүдө ишмердүүлүктүн пайдаланылган түрлөрүнүн татаалдыгы эсептелет.

Компетенттүүлүктүн ар бир түрү бир катар аспектилерди камтыйт . Ар бир аспект үчүн калыптануунун үч деңгээли белгиленген.

Компетенттүүлүктүн ар бир түрү бир катар аспектилерди камтыйт .

Ар бир аспект үчүн калыптануунун үч деңгээли белгиленген.

Биринчи деңгээл ( репродуктивдүү ) окуучулардын үлгү боюнча (аткаруунун берилген алгоритмин) аткара билүүсү менен мүнөздөлөт. Экинчи деңгээл ( продуктивдүү ) окуучулар жөнөкөй ишмердикти аткаруу, ал ишмердиктин өздөштүрүлгөн алгоритмин башка кырдаалда колдонуу жөндөмдүүлүгү менен мүнөздөлөт. Үчүнчү деңгээл ( креативдүү ) окуучулардын өз алдынча конструкциялоонун элементтери жана аны негиздөө менен

Биринчи деңгээл ( репродуктивдүү ) окуучулардын үлгү боюнча (аткаруунун берилген алгоритмин) аткара билүүсү менен мүнөздөлөт.

Экинчи деңгээл ( продуктивдүү ) окуучулар жөнөкөй ишмердикти аткаруу, ал ишмердиктин өздөштүрүлгөн алгоритмин башка кырдаалда колдонуу жөндөмдүүлүгү менен мүнөздөлөт.

Үчүнчү деңгээл ( креативдүү ) окуучулардын өз алдынча конструкциялоонун элементтери жана аны негиздөө менен

Предметтик компетенттүүлүк деген эмне?

Предметтик компетенттүүлүк

деген эмне?

Билим берүүнүн мамлекеттик стандартында өзүнчө (предметтик) компетенттүүлүктөр орун алган. Негизги компетенттүүлүккө караганда жекече мааниге ээ болгон компетенттүүлүк предметтик компетенттүүлүк деп аталат.

Билим берүүнүн мамлекеттик стандартында өзүнчө (предметтик) компетенттүүлүктөр орун алган.

Негизги компетенттүүлүккө караганда жекече мааниге ээ болгон компетенттүүлүк предметтик компетенттүүлүк деп аталат.

Предметтик компетенттүүлүктөргө: окуучулар тарабынан предметти окуп-үйрөнүү учурунда өздөштүрүлгөн, предметтик тармакка тийиштүү билимдер жана жөндөмдүүлүктөр, окуу предметинин чегинде жаңы билимдерди өздөштүрүүгө, окуу, окуу-долбоордук, социалдык-долбоордук абалдарда кайрадан түзүү жана колдонууга багытталган ишмердүүлүктүн түрлөрү, илимий ой жүгүртүү жөндөмдүүлүктөрү, негизги теориялар, мамиленин типтери жана түрлөрү боюнча илимий түшүнүккө ээ болуу, илимий терминологияны өздөштүрүү, негизги түшүнүктөргө ээ болуу, методдорду жана ыкмаларды үйрөнүү сыяктуу иш-аракеттер кирет.

Предметтик компетенттүүлүктөргө:

  • окуучулар тарабынан предметти окуп-үйрөнүү учурунда өздөштүрүлгөн,
  • предметтик тармакка тийиштүү билимдер жана жөндөмдүүлүктөр,
  • окуу предметинин чегинде жаңы билимдерди өздөштүрүүгө,
  • окуу, окуу-долбоордук, социалдык-долбоордук абалдарда кайрадан түзүү жана колдонууга багытталган ишмердүүлүктүн түрлөрү,
  • илимий ой жүгүртүү жөндөмдүүлүктөрү,
  • негизги теориялар, мамиленин типтери жана түрлөрү боюнча илимий түшүнүккө ээ болуу,
  • илимий терминологияны өздөштүрүү, негизги түшүнүктөргө ээ болуу, методдорду жана ыкмаларды үйрөнүү сыяктуу иш-аракеттер кирет.

Окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин баалоонун негизги стратегиялары:

Баалоо системасы–бул окуучулардын окутуунун жетишкендиктерин диагноздоонун, проблемаларын өлчөөнүн, кайтарым байланышты ишке ашыруунун, коомдогу билим берүүнүн жетишкендиктерин, проблемаларын анын абалын окуучуларга, ата-энелерге, мамлекеттик жана коомдук структураларга жеткирүүнүн негизги каражаты.

Окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктерин жана улам алдыга өсүүсүн өлчөөнүн үч түрү колдонулат: диагностикалык, формативдик жана суммативдик

Суммативдик баалоо – окутуунун ар бир баскычы үчүн пландаштырылган натыйжаларга окуучунун жетишүү даражасын аныктоо үчүн жардам берет жана учурдагы, аралык жана жыйынтыктоочу баа берүүдөн келип чыгат.

Учурдагы баалоо ар бир сабактын аягында жалпы класстын окуу материалын өздөштүрүү деңгээлин аныктоо максатында аткарылат.

Аралык баалоо ар бир теманы өздөштүрүүнүн жыйынтыктары боюнча жүргүзүлөт (окуу модулу).

Жыйынтыктоочу баалоо жарым жылдыктын, окуу жылынын жыйынтыктары боюнча, ошондой эле предметти окутууну аяктаганда жыйынтыктоочу аттестация формасында ишке ашырылат.

Шыктандыруучу окуу чөйрөсүн түзүү  Шыктандыруу –окуу ишмердигинин маанилүү структуралык компоненти, ал окуучу үчүн иштелип чыккан ички шыктануу анын калыптангандыгынын негизги критерийи болуп саналат. Шыктандыруу баланын бардык эле окуу предметтеринин материалдарын эмес, бала өзүнө зарыл болгон материалды өздөштүрүүсүнө түрткү берет. Тематикалык пландарды, кандайдыр сабактардын тематикалык пландарын иштеп чыгууда, көрсөтмө материалдарды топтоодо же окутууга керектүү материалдарды топтоодо алардын мазмуну окуучуну канааттандыргандай болуп, кийинки жаңы окуу ишмердүүлүктөрдүн калыптанышына таяныч билим катары кызмат кылгандай болуусу керек.

Шыктандыруучу окуу чөйрөсүн түзүү

Шыктандыруу –окуу ишмердигинин маанилүү структуралык компоненти, ал окуучу үчүн иштелип чыккан ички шыктануу анын калыптангандыгынын негизги критерийи болуп саналат.

Шыктандыруу баланын бардык эле окуу предметтеринин материалдарын эмес, бала өзүнө зарыл болгон материалды өздөштүрүүсүнө түрткү берет.

Тематикалык пландарды, кандайдыр сабактардын тематикалык пландарын иштеп чыгууда, көрсөтмө материалдарды топтоодо же окутууга керектүү материалдарды топтоодо алардын мазмуну окуучуну канааттандыргандай болуп, кийинки жаңы окуу ишмердүүлүктөрдүн калыптанышына таяныч билим катары кызмат кылгандай болуусу керек.

Окуп үйрөнүүдө ички шыктандырууну калыптандыруунун жолдору : балдардын турмуштук тажрыйбаларын талкуулоо; проблемалык кырдаал түзүү; оюндагы иштерди аткаруудагы көрсөтмөлүүлүк; стандарттык эмес маселелерди аткаруу менен тажрыйбаны жана логиканы өнүктүрүү; ишмердүүлүккө кызыктыруунун элементтери менен иштөө: кроссворддор, сканворддор, ребустар, чыгармачылык түзүмдөр баяндама ж.б. коркутуу, кооптонуу жаратпастан, таанып-билүүгɵ шарт түзүлүшү керек; кайтарым байланыш ɵз убагында болушу керек; жакшы жактарын белгилɵɵ керек. Негативдүү кайтарым байланыш ɵтɵ конкреттүү болуп, окуучуга эмес, иштин мүчүлүш жактарына багытталуусу зарыл; кемчиликтер элдин кɵзүнчɵ айтылып, кемсинткен сɵздɵр колдонулбоого тийиш.

Окуп үйрөнүүдө ички шыктандырууну калыптандыруунун жолдору :

  • балдардын турмуштук тажрыйбаларын талкуулоо;
  • проблемалык кырдаал түзүү;
  • оюндагы иштерди аткаруудагы көрсөтмөлүүлүк;
  • стандарттык эмес маселелерди аткаруу менен тажрыйбаны жана логиканы өнүктүрүү;
  • ишмердүүлүккө кызыктыруунун элементтери менен иштөө: кроссворддор, сканворддор, ребустар, чыгармачылык түзүмдөр баяндама ж.б.
  • коркутуу, кооптонуу жаратпастан, таанып-билүүгɵ шарт түзүлүшү керек; кайтарым байланыш ɵз убагында болушу керек;
  • жакшы жактарын белгилɵɵ керек. Негативдүү кайтарым байланыш ɵтɵ конкреттүү болуп, окуучуга эмес, иштин мүчүлүш жактарына багытталуусу зарыл;

кемчиликтер элдин кɵзүнчɵ айтылып, кемсинткен сɵздɵр колдонулбоого тийиш.

Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат!

Көңүл бурганыңыздарга

чоң рахмат!


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!