СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Проблемы экологической безопасности

Категория: Экология

Нажмите, чтобы узнать подробности

рассмотрены вопросы проблем экологической безопасности

Просмотр содержимого документа
«Проблемы экологической безопасности»

Тема: Экологиялык коопсуздуктун проблемалары. Экологиялык мыйзамдуулук.   План:  1. Экологиялык экспертизанын негизги критерийлери жана принциптери 2. Экологиялык экспертизанын негизги баскычтары 3. Экологиялык мониторинг 4. Айлана-чөйрөнүн сапатын баалоо

Тема: Экологиялык коопсуздуктун проблемалары. Экологиялык мыйзамдуулук.

План:

1. Экологиялык экспертизанын негизги критерийлери жана принциптери

2. Экологиялык экспертизанын негизги баскычтары

3. Экологиялык мониторинг

4. Айлана-чөйрөнүн сапатын баалоо

Экологиялык экспертизанын негизги критерийлери жана принциптери

  • Кооптуулукту талдоо – бул коомдун коопсуз өнүгүшүнүн иштелип чыккан стратегиясынын татаал процесси, кооптуктарды иликтөөнүн илимий усулу. Технологиялардын коркунучтуулугун баалоо менен катар, мамлекеттик деңгээлде “айлана-чөйрөгө таасир этүүлөрдү баалоо” же “экологиялык экспертиза” аталыштагы түшүнүк калыптана баштады. Экологиялык экспертизанын максаты катары – коомдун өнүгүшүн, анын өндүргүч күчтөрүн, биринчи кезекте адамдын өзүн, анын ден-соолугу менен жашоосун, ошондой эле айлана-чөйрөсүн экологиялык жактан коопсузудугун камсыздоо эсептелет. Мындан анын башкы функциясы келип чыгат : эгерде алардын ишке киришүүсү айлана-чөйрөнүн сапатына же калктын ден-соолугуна терс таасирин тийгизүүсүн иликтөө менен кабыл алынган чечимдерди (аларды корректирлөө же жокко чыгаруу максатында) экологиялык жактан негиздөөнү аныктоо.
  • Демек, экологиялык экспертиза – бул жаратылыш ресурстарына жана айлана-чөйрөгө белгиленген чарбалык же башка ишмердүүлүктүн тийгизген терс таасиринин деңгээлин баалоого багытталган иш-чаралардын жыйындысы.
Экологиялык экспертизанын негизги баскычтары Экологиялык экспертизанын эки тиби белгилүү: долбоордук жана долбоордон кийинки экспертиза (51-сүр.). Долбоордук экспертиза – бул курулманын долбоорун, жаңы техниканын, технологиянын, материалдардын нормативдик-техникалык документтерин, ошондой эле административдик актылардын жана мыйзамдардын долбоорлорун экспертизадан өткөрүү. Долбоордон кийинки экспертиза (экологиялык аудит) – бул иштеп жаткан жабдыктарды, ишканаларды жана курулмаларды, ошондой эле колдонулуп жаткан мыйзамдуулукту экспертизадан өткөрүү. Экологиялык экспертизанын негизги баскычтары  Коомдук экологиялык экспертиза Мамлекеттик экологиялык экспертиза Долбоордон кийинки экологиялык экспертиза Долбоордук экологиялык экспертиза Экологиялык аудит Лицензия

Экологиялык экспертизанын негизги баскычтары

  • Экологиялык экспертизанын эки тиби белгилүү: долбоордук жана долбоордон кийинки экспертиза (51-сүр.).
  • Долбоордук экспертиза – бул курулманын долбоорун, жаңы техниканын, технологиянын, материалдардын нормативдик-техникалык документтерин, ошондой эле административдик актылардын жана мыйзамдардын долбоорлорун экспертизадан өткөрүү.
  • Долбоордон кийинки экспертиза (экологиялык аудит) – бул иштеп жаткан жабдыктарды, ишканаларды жана курулмаларды, ошондой эле колдонулуп жаткан мыйзамдуулукту экспертизадан өткөрүү.

Экологиялык экспертизанын негизги баскычтары

Коомдук экологиялык экспертиза

Мамлекеттик экологиялык экспертиза

Долбоордон кийинки экологиялык экспертиза

Долбоордук экологиялык экспертиза

Экологиялык аудит

Лицензия

Объектинин экологиялык коопсуздуктун нормативдик талаптарына жооп бергенде аны эксплуатациялоого лицензия (жол) берилет. Мына ошентип, лицензия берүү экологиялык экспертизанын курамдык бөлүгү болуп саналат. Ал долбоордук жана долбоордон кийинки экспертизанын баскычтарынын ортосунан орун алат. Долбоордук экспертизанын кийинки этаптары объектинин иштөө процессин камтыйт. Экологиялык экспертизанын бүтүмдөрү жергиликтүү бийликтер тарабынан каралат жана бекитилет. Экологиялык экспертизаны ошондой эле коомчулук тарабынан да жүргүзүлүшү каралган. Экологиялык экспертизанын башкы максаты-чарбалык ишмердүүлүктүн натыйжасында жаралган негативдүү таасир этүүлөрдөн эскертүү, коомчулуктун экологиялык коопсуздугунун талаптарына белгиленген ишмердүүлүктүн дал келүүсүн текшерүү жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу эсептелет 1
  • Объектинин экологиялык коопсуздуктун нормативдик талаптарына жооп бергенде аны эксплуатациялоого лицензия (жол) берилет. Мына ошентип, лицензия берүү экологиялык экспертизанын курамдык бөлүгү болуп саналат. Ал долбоордук жана долбоордон кийинки экспертизанын баскычтарынын ортосунан орун алат. Долбоордук экспертизанын кийинки этаптары объектинин иштөө процессин камтыйт. Экологиялык экспертизанын бүтүмдөрү жергиликтүү бийликтер тарабынан каралат жана бекитилет. Экологиялык экспертизаны ошондой эле коомчулук тарабынан да жүргүзүлүшү каралган.
  • Экологиялык экспертизанын башкы максаты-чарбалык ишмердүүлүктүн натыйжасында жаралган негативдүү таасир этүүлөрдөн эскертүү, коомчулуктун экологиялык коопсуздугунун талаптарына белгиленген ишмердүүлүктүн дал келүүсүн текшерүү жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу эсептелет 1

Экологиялык мониторинг

  • Экологиялык мониторинг-бул антропогендик ишмердүүлүктүн натыйжасында айлана-чөйрөнүн абалынын өзгөрүшүн аныктоого мүмкүнчүлүк берген байкоолордун, баалоонун жана прогноздоонун жалпы системасы. “Мониторинг”-термини латындын “монитор”-байкоочу (жел кайыктагы алды жакты караган матросту аташчу) деген сөзүнөн алынган. Бул термин “айлана-чөйрөнүн абалын көзөмөлдөө” терминине кошумча катары пайда болду.
  • 1972-ж. Стокгольмда БУУ эгидасынын алдында айлана-чөйрөнү коргоо боюнча конференция уюштурулган, анда “мониторинг” түшүнүгүн аныктап алуу маселеси да каралган. Ю.А. Израэлдин аныктамасы боюнча, мониторинг-бул мейкиндикти да, убакытты да камтыган атайын түрдө уюштурулган биосферанын белгилүү компоненттерине жүргүзүлгөн байкоолордун жыйындысы. Экологиялык мониторингдин курамына төмөнкүлөр кирет:
  • айлана-чөйрөнүн сапатынын өзгөрүшүнө, айлана-чөйрөгө таасир эткен факторлорго байкоо жүргүзүү;
  • жаратылыш чөйрөсүнүн учурдагы абалын баалоо;
  • чөйрөнүн сапатынын өзгөрүшүн прогноздоо.
  • Байкоолор физикалык, химиялык жана биологиялык көрсөткүчтөр аркылуу ишке ашат. Экологиялык мониторингдин глобалдык (биосфералык), улуттук, аймактык жана
  • локалдык ( жергиликтүү ) түрлөрү бар.
Глобалдык (биосфералык) мониторинг эл аралык кызматташтыктын негизинде ишке ашырылат, учурдагы Жердин бүтүндөй жаратылыш системасынын абалын баалоого мүмкүнчүлүк берет. Байкоону планетанын түрдүү аймактарында жайгашкан базалык станциялар (30-40 кургактыкта жана 10 ашыгы океанда жайгаштырылган) жүргүзүшөт. Кээ бир учурларда алар биосфералык коруктарга жайгаштырылат. Улуттук мониторинг  мамлекеттин чегинде атайын түзүлгөн органдар тарабынан ишке ашырылат. Аймактык мониторинг  эл чарбачылыгы интенсивдүү өздөштүрүлүп жаткан ири райондордон алынган маалыматтарды топтогон станциялардын системасы аркылуу ишке ашырылат. Демек, бул райондордо антропогендик жүктөмдөрдүн басымы жогору. Локалдык мониторингге  өзүнчө ишканалардын, айыл-чарбасы менен өнөр-жайлардын, шаардын түрдүү аймактарындагы аба чөйрөсүнө жүргүзүлгөн байкоолор кирет.
  • Глобалдык (биосфералык) мониторинг эл аралык кызматташтыктын негизинде ишке ашырылат, учурдагы Жердин бүтүндөй жаратылыш системасынын абалын баалоого мүмкүнчүлүк берет. Байкоону планетанын түрдүү аймактарында жайгашкан базалык станциялар (30-40 кургактыкта жана 10 ашыгы океанда жайгаштырылган) жүргүзүшөт. Кээ бир учурларда алар биосфералык коруктарга жайгаштырылат.
  • Улуттук мониторинг мамлекеттин чегинде атайын түзүлгөн органдар тарабынан ишке ашырылат.
  • Аймактык мониторинг эл чарбачылыгы интенсивдүү өздөштүрүлүп жаткан ири райондордон алынган маалыматтарды топтогон станциялардын системасы аркылуу ишке ашырылат. Демек, бул райондордо антропогендик жүктөмдөрдүн басымы жогору.
  • Локалдык мониторингге өзүнчө ишканалардын, айыл-чарбасы менен өнөр-жайлардын, шаардын түрдүү аймактарындагы аба чөйрөсүнө жүргүзүлгөн байкоолор кирет.

Айлана-чөйрөнүн сапатын баалоо

  • Мониторингдик изилдөөлөрдүн маанилүү багыты болуп айлана-чөйрөнүн сапатын баалоо эсептелет. Айлана-чөйрөнүн сапаты – адамдын физиологиялык мүмкүнчүлүктөрүнө жаратылыш шарттарынын дал келүү деңгээли.
  • Адамдын чөйрө менен өз ара аракеттенүүсүнөн ден-соолугунун абалында кайтарымсыз өзгөрүүлөр байкалса, анда чөйрө экстремалдуу деп аталат. Андыктан калктын ден-соолугун сактоо үчүн айлана-чөйрөнүн сапатына байкоо жүргүзүп туруу зарыл. Бул үчүн айлана-чөйрөнүн сапатын илимий жактан баалоонун негиздери иштелип чыккан, алар айлана-чөйрөнүн сапатынын стандарттары деп аталат. Алар экологиялык жана өндүрүштүк-чарбалык болуп бөлүнүшөт.
  • Экологиялык стандарттар айлана-чөйрөгө антропогендик таасир этүүнүн чектүү жол берилген нормаларын аныктайт, алардын чектен жогорулашы адамдын ден-соолугу үчүн коркунуч алып келет, жаныбарлар жана өсүмдүктөр үчүн терс таасирин тийгизет. Берилген нормалар булгоочу заттардын чектүү жол берилген концентрациялары (ПДК-предельно допустимые концентрации) жана зыяндуу физикалык таасир этүүнүн чектүү жол берилген деңгээли (ПДУ-предельно допустимые уровни) түрүндө бекитилет.
  • Чектүү жол берилген концентрация (ПДК) – бул айлана-чөйрөдөгү зыяндуу заттын саны. Ал адамдын ден-соолугуна дайыма аралашып жүргөндө же белгилүү бир убакыт ичинде таасир эткенде да зыянын тийгизбейт .
  • Чектүү жол берилген концентрацияны аныктоодо деп белгилешет Т.А.Акимов менен В.В.Хаскин (1994), адамдын ден-соолугуна гана зыяндуу заттардын таасиринин деңгээли эсепке алынбастан, ошондой эле бүтүндөй жаратылыштын коомчулугуна таасир этүүсү эске алынышы керек. Жыл өткөн сайын абадагы, суудагы жана топурактагы заттар үчүн жаңы чектүү жол берилген концентрациянын талаптары бекитилүүдө. Мисалы, учурда аба чөйрөсү үчүн 200 зыяндуу заттардын жана 600 ашык суу чөйрөсүндөгү заттар үчүн чектөөлөр бекитилген. Чектүү жол берилген деңгээли (ПДУ) – негизинен эреже боюнча ызы-чуу жана электромагниттик булгоолор үчүн бекитилет .
  • Айлана-чөйрөнүн сапатынын өндүруштүк-чарбалык стандарттары өндүрүштүк, коммуналдык-тиричилик ж.б.объектилердин иштешинин экологиялык жактан коопсуз режимин камсыздайт. Мындай типтеги стандарттардын түрүнө – айлана-чөйрөгө булгоочу заттардын чектүү жол берилген таштандылары (ПДВ-предельно допустимый выброс) жана суу көлмөлөрүнө булгоочу заттардын чектүү жол берилген саркынды суулары (ПДС-предельно допустимый сток) кирет.
  • Айлана-чөйрөнүн сапатын жакшыртуу боюнча иш-чаралар ар бир ишкана-мекемеде, шаарда, өндүрүштөрдө иштелип чыгышы керек. Аларды төмөнкүдөй топторго бириктирүүгө болот: технологиялык, архитектуралык-пландоочу, инженердик-уюштуруучулук, укуктук, экономикалык иш-чаралар


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!