Просмотр содержимого документа
«Python программалоо тили. Тармактуу программаны уюштуруу»
«Баластан» балдардын билим берүү
чыгармачылык борбору
Компьютердик сабаттуулук ийрими
Python программалоо тилине киришүү
Даярдаган: Маанова Чынара
Тармактуу программаны уюштуруу (if, else, elif, and, or, not)
Өтүлгөн темаларды кайталоо
- math модулунун кызматы кандай?
- Математикалык функцияларды программага жүктөө үчүн колдонулат.
- Программага математикалык функцияны жүктөөчү кызматчы сөздөр?
- import math,
- from math import (функция)
- ceil операторун кайсы учурда колдонобуз?
- Берилген бөлчөк санды жогорку тарапка, бүтүн санга тегеректөө учурунда
- сeil(2.5)== ?, сeil(-4.5)==-?
- floor(3.5)==?, floor(-5.5)==-?
- sqrt() функциясы кайсы учурда колдонулат?
- Сандын квадрат тамырын табуу учурунда колдонулат.
- Логика дегенде эмнени түшүнөсүңөр?
- Берилген суроого ООБА же ЖОК деп эле жооп берүүгө болобу?
- Дубалдын түсү көкпү?
- Акпы?
- Краска кылынганбы?
- -ЖОК
- Акталганбы?
- ООБА
- Ушул жылыбы?
- ООБА
- Мына көрдүңөрбү, суроолорго ооба, жок деп гана жооп бердиңер. Бирок мен, керектүү маалыматка ээ болдум. Python до да ошондой ооба жана жокко ажырата турган оператор бар. Ал оператордун мүчөлөрү менен таанышып чыгабыз:
if – эгер
else – антпесе
elif – антпесе эгер
and – жана
or – же
not – эмес
Бул кызматчы сөздөр тармактуу программада колдонулат.
Тармактуу программа
Курамында шартты камтып турган программа- тармактуу программа деп аталат. Шарт- бул логикалык туюнтма. Логикалык туюнтма эки эле мааниге ээ болот. Чын ( true ) же жалган ( false ).
Тармактуу программаны уюштуруу операторунун форматы:
if (шарт):
команда 1
else:
команда 2
командалар аткарылат
b): print ( ‘chon san=‘ ,a) elif (a print ( ‘chon san=‘ ,b) else: print ( ‘eki san barabar’ ,a==b) " width="640"
Мисалы: Берилген а жана b сандарынын кайсы бири чоң экендигин табуучу программаны түзгүлө.
a= int ( input ( ‘1-sandy kirgiz:’ ))
b= int ( input ( ‘2-sandy kirgiz:’ ))
if (ab):
print ( ‘chon san=‘ ,a)
elif (a
print ( ‘chon san=‘ ,b)
else:
print ( ‘eki san barabar’ ,a==b)
2 ж ана XПрограммасы: x= int ( input ( ‘x=’ )) if (x2 and x print ( ‘korsotulgon intervalda jatat‘ ) else: print ( ‘korsotulgon intervalda jatpait’ ) " width="640"
Логикалык операциялар:
and- «жана» логикалык операциясы берилген интервалды аныктоо учурунда да колдонулат.
Мысалы: [2;11] интервалында х саны жатабы? Х2 ж ана X
Программасы:
x= int ( input ( ‘x=’ ))
if (x2 and x
print ( ‘korsotulgon intervalda jatat‘ )
else:
print ( ‘korsotulgon intervalda jatpait’ )
Логикалык операциялар:
or «же» логикалык операциясы-логикалык туюнтманын жок дегенде бирөөсү аткарылат.
Мисалы: Жыл мезгилинин айларынын аталыштары берилген, жыл мезгилинин аталышын чыгаруунун программасын түз
Математикалык модели:
Х=12 же х=1 же х=2 болсо, кыш мезгили болот.
Х=3 же х=4 же х=5 болсо, жаз мезгили болот.
Х=6 же х=7 же х=8 болсо, жай мезгили болот.
Х=9 же х=10 же х=11 болсо, куз мезгили болот.
Программасын өзүңөр түзүп көргүлөчү.....
Логикалык операциялар:
not ( ) логикалык операциясы барабар эмес дегенди билдирет. n!=0 not(n==0) деп жазсак болот.
Тапшырма:
Берилген 3 түрдүү сандардын эң чоңун табуунун программасын түзгүлө.
Математикалык модели:
а,б,с деген үч сан берилди ушул сандардын ичинен кайсынысы чоң? Салыштырабыз, эң чоң санды а га барабар деп алалы, мах=а, эгер мах
Программасын өзүңөр түзүп көргүлө.......
Тапшырмалар:
Математикалык мисалдардын программасын түзөбүз.
22-беттен 25-бетке чейинки мисалдарды карайбыз
Көңүл бурганыңарга рахмат!!!