СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Радикализм, экстремизм деген эмне? (Тарбиялык саат)

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Радикализм, экстремизм деген эмне?  (Тарбиялык саат)

Просмотр содержимого документа
«Радикализм, экстремизм деген эмне? (Тарбиялык саат)»

РАДИКАЛИЗМ ЖАНА ЭКСТРЕМИЗМ ДЕГЕН ЭМНЕ?

Сабактын максаты:

    • «Радикализм» жана «экстремизм» боюнча окуучуларга маалымат берүү;

    • Ар түрдүү чөйрөлөрдө болгон радикализм жана экстремизмдин кесепеттерин талкуулоо.


Сабактын милдеттери:

    • Окуучуларга радикализм жана экстремизм түшүнүктөрүнүн айырмачылыктарын үйрөтүү.

    • Радикализмге, экстремизмге мыйзамдуулуктун жана адамды сыйлоо принциптерине карама – каршы келген жүрүм-турумдун чектен чыккан формасы катары караган көз карашты калыптандыруу.


Керектелүүчү ресурстар: ватмандар, маркерлер.


Сабактын планы:

Көнүгүү

Убакыт

1.

Киришүү

1 мүн.

2.

Негизги бөлүк

  • Мээ чабуулу. Радикализм жана экстремизм деген эмне?

  • Ролдордо ойноо

  • Мини-лекция. Экстремисттик иш-аракеттерге эмнелер кирет?

  • Топтордо иштөө. Радикализм жана экстремизмдин пайда болуу формалары

  • Жалпы талкуулоо

40 мүн.

3.

Жыйынтыктоо

4 мүн.



45 мүн.


Сабактын жүрүшү:

  1. Киришүү (1 мүн.)

Мугалим: Бүгүн биз силер менен коомчулукта терс кесепеттерге алып келген жана терс таасирин тийгизген актуалдуу эки түшүнүктү карайбыз. Биз радикализм жана экстремизм эмнени түшүндүрөт, кандай пайда болот, эмнеге таасир берет жана эмнеге алып келе тургандыгы жөнүндө сүйлөшөбүз.


  1. Негизги бөлүк (40 мүн.)

    1. Мээ чабуулу: Радикализм жана экстремизм деген эмне?

Мугалим: Биз көчөдө, үйдө, мектепте, жаңылыктардан «радикализм» жана «экстремизм» сөздөрүн көп угабыз, бирок биз алар эмнени түшүндүрө тургандыгын билебизби? Ким айта алат

«радикализм» деген эмне?

Мугалимге сунуш: Окуучулардын жоопторун угуңуз жана алардын көңүлүн өздөрүнүн жоопторуна буруу үчүн ватманга же доскага айрым сөздөрдү белгилеп жазыңыз жана белгиленген сөздөрдү кайталап окуп бериңиз. Андан кийин радикализм боюнча өзүңүздүн вариантыңызды энциклопедиядан алынган радикализмдин аныктамасын окуп бериңиз же окуучулардын бирөөсүн окуп коюшун айтыңыз. Окуучулар

менен бардыгы түшүнүктүү болгондугун талкуулаңыз жана радикализмдин негизи бул күч колдонуу аркылуу ишке ашкан чектен чыккан идеялардын болушу

жана ошол идеяларга чектен чыгып берилгендик.

Радикализм (латын сөзүнөн алынган radix- тамыр дегенди түшүндүрөт)

  • кандайдыр бир көз караштарга, идеяларга болгон компромисстик мүнөздөгү эмес, чектен чыгып берилгендик. Көбүнчө идеяларды алдыга жылдыруу жана аларды декларациялоо аркылуу көрүнөт.


Мугалим: Балдар, мына силер менен биз радикализм эмнени түшүндүрө тургандыгын билип алдык, азыр ким жооп берет, «экстремизм» деген эмне?

Мугалимге сунуш: Окуучулардын жоопторун угуңуз, айрым сөздөрдү белгилеп доскага жазып коюңуз, окуучулардын өздөрүнүн жоопторуна көңүлүн буруу үчүн кайталап дагы бир жолу окуп бериңиз. Андан

кийин экстремизм боюнча өзүңүздүн вариантыңызды энциклопедиядан алынган аныктамасын окуп бериңиз же окуучулардын бирөөсүн окуп коюшун айтыңыз.

Экстреми́зм (лат сөзүнөн extremus

  • чектен чыгуу дегенди түшүндүрөт

) — чектен чыккан көз караштарга, ченемдерге күч колдонуу аркылуу чектен чыгып берилгендик. Экстремисттер ар

кандай иш-аракеттерди колдонушат, ал эми ошол иш-аракеттер күч колдонуу менен коштолуп коомчулукка жана укукка каршы келген аракеттер болушу мүмкүн.

Бул түшүнүктөрдүн бири-биринен айырмачылыгы:

Радикализм - бул идеялар, көз караштар, ал эми экстремизм – бул иш- аракеттер.


    1. Ролдордо ойноо Мугалим: Биз радикализм жана

экстремизм эмне экендигин билебиз, азыр биз алардын айырмачылыктарын жана коомчулукка кандай коркунуч туудура тургандыгын карап чыгабыз.


Мугалимге сунуш:

  1. Сабактын башында өз ыктыяры менен чыккан үч окуучуну берилген сценарийден чыкпай бир нече мүнөттүк көрүнүштү ойноп көрсөтүүгө даярданууларын айтыңыз.

    • Биринчи ыктыярдуу окуучу миңдеген жыйылган адамдардын алдына чыгып алып, сүйлөп жаткан адамдын ролун ойноосу керек: Биз бардык адамдар топторго бөлүнүп, ар бир топтун мүчөлөрү бирдей билимге, жумушка, үйгө ээ болгон жалпы тең укуктуулукка аракет кылабыз. Бирок топтор өздөрүнүн ичинен бөлүнүп, бир топ экинчи топту башкарат, эч ким ага нааразы болбош керек, топтон четке чыкпашы керек, эгерде андай болсо, анда ал жазаланат.

    • Эки ыктыярдуу окуучу төмөндөгү көрүнүштү ойнойт. Бирөөсү экинчисине келип, ага кол көтөрөт, «Биз менен макул болбогондордун бардыгын жок кылуу керек» деп өзүнчө сүйлөнгөн көрүнүштү көрсөтүшөт.

  1. Ыктыярдуу окуучуларды доскага чыгуусун жана калган окуучулар актерлордун иш- аракеттерине көңүл буруп байкап турат.

  1. Актерлор кезек менен көрүнүштү көрсөтүшөт. Биринчи ыктыярдуу окуучу, андан кийин экинчи топ көрсөтөт. Актерлор көрүнүштү койгондон кийин аларга рахмат айтып, ролдордон чыгып, орундарына олтуруусун сураныңыз.

  2. Биринчи учурда эмне чагылдырылып көрсөтүлгөнүн класстагылардан сураңыз. Бул жагдайды кандай мүнөздөшөт: радикализм жана экстремизмди?

Биринчи жагдайда радикализм көрүнүшү болгондугу чечимине келиңиз, анткени, сүйлөп жаткан адам өзүнүн идеяларын жөн гана декларациялады. Окуучулардан сураңыз: Экинчи көрүнүшкө эмне мүнөздүү болду? Экинчи жагдай экстремизм көрүнүшү болдубу? Эгерде ошондой болсо, анда эмне үчүн?

Радикализм жана экстремизмдин кандай коркунучтуу кесепеттери бар, эмне үчүн?


5. Жыйынтыктоо: окуучулардын оюн радикализм жана экстремизм коркунучтуу көрүнүш экендигине алып келүү. Эгерде ойдо күч колдонуу идеялары болсо, эртеби, кечпи ал идеялар күч колдонууга өтөт.


Экинчи жагдайда: адамды кандай себептер менен, эмне үчүн жазалаша тургандыгын биз билбейбиз. Кайсы гана жагдай болбосун, биз өкүмсүз жазалоону жана зордук-зомбулукту көрүп жатабыз.


    1. Мини-лекция. Экстремисттик иш- аракеттерге эмнелер кирет:

Мугалим: Радикализм жана экстремизм– коркунучтуу көрүнүштөрдүн четки формасы болгону менен, дайыма экинчи тараптын көз карашын четке кагып турат. Кыргыз Республикасында экстремисттик иш-аракеттерге тыюу салынган, керектүү укук коргоо органдары аларды болтурбоо үчүн иш- чараларды алып барышат. Ошон үчүн КРнын 2009-жылдын 20-февралындагы

«Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү» мыйзамына кайрылсак:

Экстремисттик иш-аракеттерге төмөндөгүлөр кирет:

  1. коомдук бирикмелердин же диний уюмдардын, менчигинин түрүнө

карабастан, дагы башка ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын же жеке адамдардын төмөндөгүлөрдү пландаштырууга, уюштурууга, даярдоого жана ишке ашырууга багытталган аракеттери:


    • Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүнүн негиздерин күчкө салып өзгөртүү жана бүтүндүгүн бузууга;

    • Кыргыз Республикасынын коопсуздугун бузууга;

    • Бийликтин ыйгарым укуктарын тартып алууга же ээлеп алууга;

    • Мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү түзүүгө;

    • Террористтик аракеттерди жүзөгө ашырууга;

    • Расалык, улуттук же диний араздашууларды козутууга,

    • Улуттук ар-намысты кемсинтүүгө;

    • Идеологиялык, саясий, расалык, улуттук жүйөлөр же диний жек көрүү, ошондой эле ошого тете кандайдыр бир социалдык топторго карата жек көрүү жүйөлөрү боюнча же душмандык кылып массалык тополоңдорду, ээнбаштык аракеттерди жасоого, уурдап, талап- тоноого;

    • Динге, социалдык, расалык, улуттук, диний же тилге тиешелүүлүгү жагынан жарандардын өзгөчөлүгүн, артыкчылыгын же кемдигин пропагандалоого.

  1. Нацисттик атрибутиканы жана символикаларды пропагандалоого;

  2. Аталган аракеттерди каржылоо же аны жасоого көмөк көрсөтүүгө;

Кыргыз Республикасынын мыйзамына ыйлайык, төмөндө аталган аракеттер кылмыштуулукка жатат, мисалы идеологиялык, саясий, расалык, улуттук жүйөлөр же диний жек

көрүү, ээнбаштык жана вандализмге багытталган иш-аракеттер Кылмыш кодексинин ылайыктуу беренесинин негизинде каралат. Адамды кемсинтпөө, басынтпоо, алдабоо керек. Биз адам укугунун баалуулуктары, адамдардын, маданияттын, диндин ар түрдүүлүгү таанылган жана мыйзам аркылуу кепилдик берилген мамлекетте жашайбыз.


    1. Топтордо иштөө. Радикализм жана экстремизмдин пайда болуу формалары.

Мугалим: Экстремисттик жана радикализм иш-аракеттерине эмнелер кире тургандыгын биз билебиз, биз алар менен кандай кезигишебиз, биздин күнүмдүк жашообузда алар кандай көрүнө тургандыгын карап чыгууга аракет жасайлы.


Мугалимге сунуш:

  1. Окуучуларды үч топко бөлүп, ар бир топко төмөндөгүдөй тапшырма бериңиз: Бир ватмандын барагын экиге бөлүп, көрсөтүлгөн чөйрөлөрдө биринчи тарабына радикализм жана экинчи тарабына экстремизм боюнча жазуулары керек. Бул жумушка 10 мүнөт берилет.

    • 1-топ. Диний чөйрөдө радикализм жана экстремизм кандай болот?

    • 2-топ. Улуттар аралык чөйрөдө радикализм жана экстремизм кандай болот?

    • 3-топ. Саясий чөйрөдө радикализм жана экстремизм кандай болот?

  1. Топторду жоопторун кезеги менен презентациялоосун айтыңыз, ал эми калган топтор өздөрүнүн кошумчаларын жана комментарийлерин киргизишсе болот. Ар бир презентацияга 3 мүнөт берилет.

  2. Радикализм жана экстремизмдин пайда болуу чөйрөлөрү ар түрдүү, азыр класстагылар эң кеңири көп жайылган, дайыма угулуп жана көп мамлекеттерде болгон көрүнүштөрдү карашкандарын белгилеп кетиңиз.


    1. Жалпы талкуулоо Мугалим: Радикализм жана

экстремизм түшүнүктөрү менен таанышып алдык жана алар бизге терс таасирин тийгизип, коркунучтуу кесепеттерге алып келе тургандыгын көрүп жатабыз. Бирок алар менен

кандай күрөшсө болот, тобокелчиликтер деңгээлин кандай төмөндөтсө болот?


Мугалимге сунуш: Окуучуларды бул көрүнүштөр менен кантип күрөшүү боюнча өздөрүнүн оюн эркин айтуусун сураныңыз. Жоопторду ватманда же доскада жазсаңыз болот. Ал жоопторду окуп, тизмени төмөндөгүлөр менен толуктаңыз: мыйзамдар сакталышы керек, мамлекеттик жана укук коргоо органдары иштеши керек, саясатчылар жана чиновниктер өздөрүн туура

алып жүрүп, сөздөрүнө жана жасаган иштерине жоокерчиликти тартуулары керек, ар бир жаран өзүнүн укугун билүүсү, коргой алуусу жана сыйлоосу керек. Бала бакчадан, мектептен инсанды сыйлоого, ар түрдүүлүккө жана толеранттуулук маданиятына үйрөтүү керек ж.б.

3. Жыйынтыктоо (4 мүн.)

Мугалимге сунуш: Сиз өзүңүз же класстагы каалаган окуучулар сабакта эмне болгондугу тууралуу ой-пикирлерин айтуу менен сабакты жыйынтыктаса болот.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!