СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сабакка талдоо жургузуу

Категория: Завучу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Сабакка талдоо жургузуу»

Cабактын жүрүшүн, мугалим жана окуучунун

иш-аракетин байкоо.

Сабакка катышып жаткан учурда эске алынуучу бир нече эрежелер бар:

1.сабакка окутуу- тарбиялоо иштери боюнча директордун орун басары өз убагында же 5минут эрте келиши керек. Кээ бир учурда алар 10-15минутка чейин кечигип, мугалимди ыңгайсыз абалга калтырган учурлары болот.

2.Сабакты талдоонун өзүңүзгө керектүү формасын тандап алыңыз да толтура баштаңыз.

Мугалимге же окуучуга жеке суроолоруңуз болсо, сабакка чейин же сабактан кийин бериңиз. Сабак учурунда суроо берип, ары-бери басып жолтоо болбоңуз. Мугалим менен сабакты талкулоо катардагы маалыматтарга таянуу менен жүргүзүлөт.

3.Ар бир сабагыңыз картага белгилениши керек.

4.Карта сабак учрунда толтурулушу керек.

5.Карталар Усулдук бирикменин жетекчисинде же Усулдук иштер боюнча директордун орун басарында сакталат. Картадагы маалыматтар аттестациялоо учурунда да пайдаланылат.

6.Усулдук бирикменин жетекчиси же Усулдук иштер боюнча директордун орун басары карталарга предметтер боюнча тиркемелерди кошсо да болот.

7.Картадагы маалыматтарды жалпы мугалимдер жамаатына билдирүүнүн эч кажети жок. Ал эми жыйналыштарда сунуштарды гана айтуу керек. Себеби, мугалим үчүн кемчиликтерин башкалардын көзүнчө баса белгилөө эмес, сунуштар жана көрсөтмөлөрдү айтуу бир топ пайдалуураак.

8.Бир топ убакыттан (2-3 жума, 1 ай) кийин мугалимдин сабагына кайрадан катышып,сиз айткан сунуштар, көрсөтмөлөрдүн аткарылгандыгын көзөмөлдөп коёсуз. Ошондо гана сиздин ишиңиздесистемалуулук болот. Мугалимдин иш-аракетиндеги өнүгүү, сабактын сапатынын жогорулашы ишке ашат.

9.Сабакты талкуулоодо сиз объективдүү болуп, педогогикалык этикетти сакташыңыз керек. Кеңештер, сунуштар ачык, конкреттүү, жагымдуу түрдө айтылышы керек. Эгерде кемчиликтер орой, кескин түрдөайтылса, мугалимдин негативдүү мамилесине алып келет.


Сабакты талдоо.

Предмет________________________________________________________________

Мугалимдин аты-жөнү______________________________________________________________

Күнү__________________класс_______________________________________________________

Сабакка катышуунун максаты_______________________________________________________


1.Сабакты уюштуруу.

Класстагы окуучулар сабакка даяр даяр эмес

Сабактын темасы берилди берилген жок

Максаты милдети айтылды айтылган жок

2.Окутуунун техникалык каражаттары:

а)Окутуунун техникалык каражаттары (ОТК).

б)Досканы пайдалануу.

в)Көрсөтмө куралдарды пайдалануу.


3.Жаңы материалды түшүндүрүүсү.

а)жеткиликтүүлүгү

б)илимийлүүлүгү

в)көрсөтмөлүүлүгү


4.Класс менен болгон байланыш.

5.Иштөө формасы.

а)фронталдык в)ролдук оюн

б)группалык г) жекече д)түгөйү менен


6.Уй тапшырмасы.

Берилди: а)коңгуроого чейин б)коңгуроодон кийин

в)түшүндүрүү менен г)түшүндүрүүсү жок


7.Уй тапшырмасынын көлөмү.

а)жетишсиз

б)оптималдуу

в)ашыкча


8.Сабакта коюлган баалар.

«5»_________ «4»________ «3»_________ «2»__________

(маалымат бериллүү менен, маалымат болгон жок)


9.Класстагы окуучулардын активдүүлүгү.


10.Начар окуган окуучулар менен иш алып баруу.

а)жекече иш алып баруу.

б)иш алып барылган жок.

в)деңгээлдештирип иш алып баруу.


11.Сабактын жыйынтыгы.

а)чыгарылды б)чыгарылган жок

Жыйынтык:___________________________________________________________________________

______________________________________________________________________________________

Сунуштар:___________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________



Кыскача талдоо

Сабактын билим берүүчү, өнүктүрүүчү жана тарбиялык максаттарынын аткарылышын мүнөздөө.

Структуралык (этап боюнча) талдоо

Сабактын өзгөчөлөнгөн структурасын аныктоо жана окуучулардын таануу жөндөмдүүлүгн өнүктүрүүсүнө көңүл буруу.

Системалык талдоо

Сабактын өнүктүрүүчү максаттарынын аткарылышын бирдиктүү система катары кароо, окуучунун билгичтигинин, билиминин өнүгүшүнө көңүл буруу.

Толук талдоо

Сабактын милдеттеринин аткарылышын, окутуунун мазмунунун, формасынын жеткиликтүүлүгүн баалоо.

Структуралык убакыттык талдоо

Сабактын ар бир этабындагы убакытты туура бөлүштүрүүнү баалоо.

Аралаш талдоо (комбинированный)

Сабактын дидактикалык максаттарын жана структурасын баалоо.

Психологиялык талдоо

Сабакка болгон психологиялык талаптардын аткарылышын баалоо.

Дидактикалык талдоо

Негизги дидактикалык категорияларды талдоо (усулдун, ыкманын туура тандалышы, сабактын жабдылышы)

Аспекттик талдоо

Сабактын кандайдыр бир максатынын аткарылышы боюнча окуучунун иш-аракетин ар тараптан карап чыгуу.


Сабакты талдоонун үлгүлөрү.







Сабакты баалоонун мазмуну.

Мугалимдин уюштуруучулук иш-аракети.

1.Сабактын максатын жана милдеттерин аныктоо. Коюлган максатка жетүүгө окуучуларды кызыктыруу.(мотивдештирүү).

2.Сабактын масатынын жана милдеттеринин аткарылышы. Сабак боюнча иш-кагаздарынын алып баруусу.

3.Мугалимдин предметти билиши, педогогикалык чыгамачылык деңгээли.

4.Сабакты уюштуруу деңгээли.

5.Окуучулардын билимди кабыл алуусунун эфективдүүлүгү.

6.Сабакка коюлган психологиялык талаптардын аткарылышы.

7.Техникалык каражаттарды колдонуу.

8.Предмет аралык байланыштын болушу.

9.Убакытты туура бөлүштүрүү.

10.Санитардык-гигиеналык норманын сактылышы.

11.Техникалык коопсуздуктун сакталышы.


Мугалимдин билим берүүчүлүк иш-аракети.

1.Сабактын мазмунун мамлекеттик стандарттын талаптарына туура келүүсү.

2.Сабактын усулунун туура тандалышы, анын окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө жана өнүгүү деңгээлине туура келиши.

3.Сабактын илимийлүүлүгү.

4.Сабактын жеткиликтүүлүгү.

5.Турмуш менен байланыштуулугу.

6.Окуучулардын жалпы билим берүүчү көндүмдөрдүн жана ыкмалардын өнүгүшү.

7.Уй тапшырмасынын оптималдуулугу жана окуучуларга багыт берүүнүн эфективдүүлүгү.

8.Сабакта мектептин усулдук темасынын ишке ашырылышы.



Мугалимдин тарбия берүүчү иш-аракети.

1.Сабактын рухий адептүүлүккө чакырган багыты.

2.Сабактын эстетикалык багыты.

3.Окуучунун ийгилигин белгилөө.

4.Окуучуну баалоодо сөз менен же баллдык система менен анын аракетин үлгүлүүлүгүн белгилөө.

5.мугалимдин окуучуга жасаган мамилеси, туура стилдин тандалышы.


Окуучунун иш-аракетин баалоо.

1.Таануу активдүүлүгүнүн деңгээли.

2.Окуучунун өз алдынчалуулугу.

3.Окуучунун турмуштук тажрыйбага таянуусу.

4.Талдоочу жана жалпы билим берүүчү көндүмдөрүнүн, ыкмаларынын деңгээли.

5.Сүйлөө речинин, жазуу ыкмасынын өнүгүшү.

6.Топтук ишке тартылышы.

7.Окуучулардын тартиптүүлүгү жана уюшкандыгы.


Эскертүү:Ар бир бөлүм «0»дөн «2»баллга чейин бааланат.

«0»-аткарылбайт.

«1»-толук эмес, айрым бөлүгү аткарылат.

«2»-толугу менен аткарылат.






Сабактан кийин мугалим менен жекече

аңгемелешүүдө бериллүүчү суроолор:


1.Сабак учурунда:

а)билим берүүчүлүк максаты,

б)тарбиялык максаты,

в)өнүктүрүүчүлүк максаттары аткарылдыбы?

2.Окуучулардын иш аракетин кантип уюштурдуңуз?

3.Эмне үчүн бул усулдарды тандадыңыз? Аргументин келтириңиз.

4.Эмне үчүн бул көрсөтмөлүүлүктөрдү пайдаландыңыз?

5.Бул көрсөтмөлүүлүктөрдүн психологиялык-педогогикалык баалуулугу эмнеде?

6.Сабактын планын түзүүдө сиздин багытыңыз туура бекен?

7.Окуучулардын эмнеден кыйналгандыгын байкадыңыз?


Текшерүүчүнүн эсине!

Сиздин максатыңыз сабакка катышуу эмес. Негизгиси-сиздин жыйынтыктарыңызда жана сунуштарыңызда,б.а. мугалимге көрсөткөн усулдук жардамда.

Көзөмөлдүн эфективдүүлүгү сабакка берилген талдоонун тереңдигинен жана сапатынан көз каранды экендигин эсиңизден чыгарбаңыз. Мугалимдин ар бир кадамы кандайдыр бир иш-аракетке негизделиши керек.



Сабактын жыйынтыгы боюнча окуучулардан алынуучу анкета.

(сабактын талдоосуна тиркелет.)


1.Бүгүнкү сабак сага жактыбы?____________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

2.Эмнеси менен жакты же жаккан жок?_________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

3.Сабакта сага кандай кыйынчылыктар болду?________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

4.Сабактын кайсы формасы сага көбүрөөк жагат?_______________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________



Жекече иштөө_________________________

Түгөйү менен иштөө___________________________

Топ менен иштөө_____________________________

Оз алдынча иштөө________________________

Ролдук оюндар____________________________

Тестирлөө_____________________________

Долбоор жактоо_________________________

Эссе жазуу (дил баян)______________________

Жазуу иштерин аткаруу_________________________

Текст менен иштөө____________________________


Мугалимдин өзүнүн сабагын талдоосу.

Мугалимден сабаттуу, ар тараптуу өзүнүн сабагын талдоосун талап кылуудан мурун, мугалимдер жамаатын өзүнүн сабагын талдоонун усулдары менен тааныштыруу керек.

Мугалим өзүнүн сабагын талдоосу үчүн төмөнкү суроолорго жооп бериши керек:

1.Сабакты пландоодо максатыңыз кандай болду?

2.Бөлүмдөгү сабактын, теманын орду кандай?

3.Мурунку сабакта өтүлгөн темага таянасызбы?

4.Башка предметтер менен болгон байланышы барбы?

5.Сабакта программадагы талаптар эске алындыбы?

6.Сиздин сабактан кийин окуучулар эң негизги кандай түшүнүктөрдү алышы керек?

7.Сабактардын формасын, усулун тандоодо сабактын кайсы өзгөчөлүктөрүн эске алдыңыз?

8.Эмне үчүн сабактын ушул тибин тандап алдыңыз?

9.Сабакка даярданууда окуучулардын кайсы өзгөчөлүутөрүн эске алдыңыз?

10.Сабактын структурасы сакталдыбы?

11.Окуучуларды деңгээлдештирип окутуу болдубу?

12.Сабакты өтүүдө кандай шарттар түзүлдү?

-окуу-материалдык

-моралдык психологиялык

-гигиеналык

-эстетикалык

-убакытты туура бөлүштүрүү

13.Сиз толугу менен өзүңүз түзгөн пландар менен иштедиңизби же өзгөртүүлөр болдубу? Болсо, эмне үчүн?

14.Сабакта сиз койгон милдеттер аткарылдыбы7

15.Сабактын ийгилиги жана кемчилиги болдубу?

16.Сиз бүгүнкү сабактан кандай жыйынтык чыгардыңыз?

17.Сиздин берген жалпы бааңыз?

18.Эмнени өзгөртүү керек деп ойлойсуз?


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!