СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

«Көмүр кычкыл газын соттоо.»

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кутбилим – сабак  №7 Июль, 2008-жыл.

Сабактын темасы:       «Көмүр кычкыл газын соттоо.»

            Сабактын максаты: Көмүр кычкыл газынын составы, анын физикалык жана  химиялык касиеттери, мүмкүн болгон алынуу                                                  ыкмалары,бул газдын жаратылыштагы жана адамдын жашоо тиричилигиндеги оң жана терс                                                                   таасирлери         жөнүндөгү маалыматтарды берүү;

                                               Тажрыйбаларды жүргүзүү жана аларга байкоо жүргүзүүгө үйрөтүү.

      

Просмотр содержимого документа
««Көмүр кычкыл газын соттоо.»»

Кутбилим – сабак №7 Июль, 2008-жыл.


Сабактын темасы:

«Көмүр кычкыл газын соттоо.»


Сабактын максаты: Көмүр кычкыл газынын составы, анын физикалык жана химиялык касиеттери, мүмкүн болгон алынуу ыкмалары,бул газдын жаратылыштагы жана адамдын жашоо тиричилигиндеги оң жана терс таасирлери жөнүндөгү маалыматтарды берүү;

Тажрыйбаларды жүргүзүү жана аларга байкоо жүргүзүүгө үйрөтүү.

Сабактын натыйжасында:

Төмөндөгүлөрдү билүү керек: СО2 нин составы жана түзүлүшүн,анын физикалык жана химиялык касиеттерин, алынуу ыкмаларын, жаратылышта таралышын, жаратылыштагы жана адамдын жашоо тиричилигиндеги оң жана терс таасирлерин,алар менен байланышкан экологиялык проблемаларды.

СО2 ни алынуу,жыйноо жана бул газдын бар экендигин далилдөөчү тажрыйбаларды жүргүзө билүү, СО2 нин химиялык касиеттери боюнча тажрыйбаларды жүргүзө билүү; көмүр кычкыл газынын алынышынын жана анын башка заттар менен болгон реакцияларынын теңдемелерин түзө билүү.


Методдор жана методикалык ыкмалар:

1)Окуу спектаклын коюу;

2)Тажрыйбаларды демонстрациялоо;

3)Доскада иштөө (алдын-ала даярдалган жазуулар)

4)Өтүлгөн материалды окуучулардын конпектилеши.


Сабак өтүлүүчү кабинетти уюштуруу.

1.Сабак башталар алдында кабинеттин эшигинин үстүнө: «Соттук заседаниялардын залы. Акырын!!! Көмүр Кычкыл Газын соттоо жүрүп жатат» деген жазуу илүү.

2.Кабинетте:

а)Судьялар үчүн

б)Соттолуучу – Көмүр Кычкыл газы үчүн

в) Жооптуу катчы (мугалим) үчүн

г) Прокурор үчүн

д) Эки мамлекеттик коргоочу үчүн

орундарды даярдоо.

Бул орундарга атары жазылган табличкаларды кою.

3.Чыгып сүйлөөчүлөр үчүн атайын орун даярдоо.

4.Доскага:

а) Көмүр кычкыл газынын катышуусунда жүрүүчү реакцияларды,

б) Көмүр кычкыл газынын алынуу реакциясын жазуу (Сабак башталаарда досканын бетин жаап койгула).

5.Угуучулардын жумушчу ордуна соттук заседаниянын план-протоколун даярдап коюу.

Демонстрациялык тажрыйбалар.

1.СО2 ни алуу, жыйноо жана бул газдын бар экендигин далилдөөчү тажрыйбалар.

2.Дем чыгарганда көмүр кычкыл газынан акиташ суусунун чаңгылттанышы.

3.Ширеңкенин күйүүсү.

4.Спирт шамынын күйүшү.

5.Натрийдин гидрокарбонатынын ажыроосу.

6.Уксус кислотасынын эритмесин кошкондо тамак-аш содасынын кайноосу.

Тажрыйбалар үчүн эмнелерди даярдоо керек:

1-тажрыйба а) Лабораториялык штатив;

б) мрамор салынып жана туз кислотасы куюлган, штативге бекитилген газ алынуучу жабдуу;

в) суусу бар конус түрүндөгү колба жана парафин шамы;

г) ширеңке, ичке таякчалар.

2-тажрыйба а) Демонстрациялык пробирка;

б) ага куюлган акиташ суусу;

в) узун айнек түтүкчөсү.

3-тажрыйба. Ширеңке

4-тажрыйба. Спирт шамы.

5-тажрыйба. а) Лабораториялык штатив;

б) штативге орнотулган газ өткөрүүчү түтүгү бар тыгын менен тыгындалган натрийдин гидрокарбонаты салынган демонстрациялык пробирка;

в) акиташ суусу куюлган пробирка;

г) спирт шамы.

6-тажрыйба. а) Аш кашык;

б) аш содасы;

в) Уксус кислотасы;

г) Химиялык стакан.


Көмүр кычкыл газынын үстүнөн жүргүзүлгөн соттук заседаниянын план-протоколу.--------------


1.Көмүр кычкыл газынын составы жана түзүлүшү (Соттолуучунун костюмунун деталына: бабочкасына көңүл буруңуз.)

2. Көмүр Кычкыл Газынын физикалык касиеттери.

3. Көмүр Кычкыл Газынын химиялык касиеттери.

4. Көмүр кычкыл газынын алынуу реакциясы, аны идишке жыйноонун ыкмасы,бул газдын бар экендигин далилдөө.

5. Анын жаратылышта жана адамдын жашоо тиричилигиндеги ролу.

Тескери ролу

Оң ролу



6. Сабаркта сизди кызктырган фактылар.

Соттук заседаниянын катышуучулары:

1. Жооптуу катчы.(мугалим)

2. Судья.

3. Соттолуучу – Көмүр Кычкыл Газы.

4. Прокурор.

5. Жактоочулар (2 киши)

6. Соттолуучунун айланасында:

а) Суу,

б) Кальцийдин оксиди,

в) Кальцийдин гидроксиди.

7. Күбөлөр (5 киши):

а) швед окумуштуусу Сванте Аррениус,

б) акдемик /сөн Асанов

в) лаборант

г) чылымчы

д) кемпир

8. Журналистер (2 киши).

Сабактын жүрүшү

I.СО2 ни соттоо.

Жооптуу катчы.Тургула! Сот келе жатат…Отургула. сотолуучу Көмүр Кычкыл Газын алып келгиле.( Көмүр Кычкыл Газын Суунун,Кальцийдин оксидинин, Кальцийдин гидроксидинин курчоосунда алып киришет).Прокурор жана Жактоочулар өз ордуңардан орун алышыңарды суранамын.

Залдагы бардык катышуучулар соттук заседаниянын жүрүшүн план протокол боюнча конспект түрүндө жазып отурушуңуздарды суранамын. Заседаниянын акырында каралган маселе боюнча обьективдүү чечим чыгаруу үчүн протоколдорду тапшырууңуздарды суранамын.

Заседанияны баштоого уруксат бериңиздер. Сөз Судья … берилет (Судянын ролун аткаруучу окуучунун чыныгы аты,атасынын аты жана фамилиясы аталат).

Судья (судьянын баш кийимине мүнөздүү болгон кара мантия кийген).Бүгүн бул залда соттолуучу - Көмүр Кычкыл Газын соттоо иши жүргүзүлөт.

Айыпталуучу Көмүр Кычкыл Газы…(Жооптуу катчыга кайрылып).Урматтуу катчы мага жардам бериңизчи…

Демонстрациялык тажрыйба №1

Демек, биринчиден, газ, экинчиде түссүз газ, үчүнчүдөн, жытсыз газ,төртүнчүдөн абадан 1,5 эсе оор (ошондуктан ал оозу жогору караган колбада жыйналат),бешинчиден, сууда эригич жана ошондой эле (доскадагы жазуунун жарымын ачып):

Көмүр кычкыл газынын химиялык касиеттери

  1. CO2 + H2O = H2CO3;

  2. CO2 + Ca(OH) = CaCO3 + H2O ;

  3. CO2 + CaO = CaCO3;

  4. CO2 + O2 ­­­­= )

суу, шелоч жана негиздик оксидер менен

аракеттенүүчү газ, б.а. кислоталык оксиддердин химиялык активдүүлүгүн көрсөтүүчү газ;кычкылданууга жана күйүүгө жөндөмсүз газ болгондуктан,Көмүр Кычкыл Газы айыпталат:

биринчиден,атмосфералык абааны булгагандыгы үчүн;

экинчиден,Жер планетасында парник эффектин пайда кылгандыгы үчүн.

Сотко:

  1. Прокурорду угуу менен кылмыштын составын

түшүнүү.

  1. Күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү боюнча кылмыш ишинин составын бышыктоо.

  2. Айыпталуучу - Көмүр Кычкыл Газынын көсөтмөсүн угуу.

  3. Айыпталуучуну Жактоочулардын көрсөтмөлөрү менен таанышуу.

  4. Туура чечим кабыл алуу керек.

Кылмыш ишинин составы боюнча сөз шаардык соттун Прокуратурасынын экологиялык бөлүмүнүн прокурору … берилет(Прокурордун ролун аткаруучу окуучунун аты,атасынын аты жана фамилиясы аталат).

Прокурор.Соттун прокуратурасы гражданин Көмүр Кычкыл Газына каршы кылмыш ишин козгоду.

Жоопту катчы.Айыпталуучу,ордуңуздан туруңуз.

Прокурор.Кылмыштын составы:гражданин Көмүр Кычкыл газы бизди курчап турган атмосфераны булгайт жана аны адамдын жана жаныбарлардын жашоосу үчүн жараксыз кылат.Ал ис газы жана күкүрттүү газдар менен бирге,абаны булгоочу газ абалындагы эң кеңири таралган заттардын катарына кирет.

Айыпталуучу Көмүр Кычкыл газы аба бассейнине:

  1. өнөр жайлар бөлүп чыгарган газдар менен бирге;

  2. ТЭЦтер бөлүп чыгарган газдар менен бирге;

  3. Автомобилдер бөлүп чыгарган газдар менен бирге бөлүнүп чыгышы прокуратура тарабынан далилденген.

Эгерде бул проблеманы дүйнөлүк масштабта карап көрсөк,анда бөлүнүп чыккан көмүр кычкыл газы (бүткүл дүйнө боюнча атмосферага бөлүнүп чыккан анын санына карата эсептегенде):

АКШда 25%ти түзөт;

Россияда болжол менен 35%;

Европа Союзунун өлкөлөрүндө – 11%

Ал эми жогорку технологиялардын өлкөсү болгон Япония бул кылмышкерди кармоого үйрөнүп,атмосферага болгону 5% гана көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарат.

Эгерде адамдын жана жаныбарлардын нормалдуу тиричилиги үчүн составында 0,03%тен көп болбогон көмүр кычкыл газы бар аба керек болорун эсепке алсак,ал эми көмүр кычкыл газынын бөлүнүп чыгышы жылдан жылга өсүп жатса,анда жакынкы мезгилдерде тирүү жаныбарлардын тиричилигинде жана дем алуу процессинде олуттуу бузулууларды күтүүгө болот.

Мына ошентип,гражданин Көмүр Кычкыл газынын кылмышы глобалдуу,бүткүл планетардык масштабка ээ болот.

Жердин атмосферсында Көмүр Кычкыл газынын топтолушу булганууга гана алып келбейт.Атмосферанын бул булгануусу ПАРНИК ЭФФЕКТИНИН пайда болушунун натыйжасында Жердин климатынын жылууланышына алып келет.Бул кубулуштун маңызы Көмүр Кычкыл газы инфракызыл нурларын сиңирип алып,Жердин бетинен жылуулуктун бөлүнүп чыгып кетишине тоскоолдук келтиргенинде.

Бул иште анын шериктештери да бар. Алар суу буулары жана органикалык фтору бар заттар.Климаттын жылууланышы эмнеге алып келээрин силер элестете аласыңарбы?

Парник эффектинин натыйжасы.

1.Муз мөңгүлөр эрий баштайт.Жер бетинде мөңгүлөр 27 млн.км3 түзөт.Эгерде алар эрий турган болсо, анда Дүйнөлүк океан 50 м көтөрүлөт Жана жердин кургак бетинин бардык суу астында калат.(Азыркы мезгилде Дүйнөлүк океандын жыл сайын көтөрүлүү деңгээли 0,8 мм түзөт).

2.Түбөлүк моңдордун үстүнө курулган шаарлар кыйрайт.

Мына ушунун бардыгы дүйнөлүк катастрофаны билдирет.мына ошондуктан мыйзамдын талабына ылайык гражданин Көмүр Кычкыл газын соттоо менен анны тез аранын ичинде коомдон бөлүп кою керек.Шаардык соттун Прокуратурасы мына ушундай чечимге келди.

Судья. Сот гражданин Көмүр Кычкыл газына шаардык соттун прокуратурасынын экологиялык бөлүмү тарабынан коюлган айыпты укту. Сот күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн угууга киригет.

Сөз белгилүү щвед окумуштуусу Сванте Аррениуска берилет.

Биринчи күбө - щвед окумуштуусу Сванте Аррениус.Мен Сванте Аррениус,1896-жылы эле,башкача айтканда 112 жыл мурда,атмосферадагы көмүр кычкыл газынын санын 2 – 3 эсе көбөйүшү Жердин бетине жакын жердеги абанын температурасын 8 – 9 градуска жогорулатарын эсептеп чыккамын.Эгерде Антарктидада жайдын күнү кадимки температура -8оС болорун эске алсак, анда мен эсептеген жылуулануу боюнча ал +1оСга барабар болот.Ал эми бул болсо өз учурунда, сөзсүз түрдө муздардын эришине алып келет.Катастрофа болот.

Мен гражданин Көмүр Кычкыл газын 100 жыл мурда соттош керек эле деп эсептеймин.Эгерде ошондой болгондо бүгүн адамзат өзүн коопсуз абалда сезбейт эле.

Судья. Сөз экинчи күбө – академик А.Л.Яншинге берилет.

Экинчи күбө – академик А.Л.Яншин.Мен улуу урматтуу Сванте Аррениуска толугу менен макул эмесмин.Парник эффекти убакыт ичинде көбөйүшү да,жана ошондой эле азайышы да мүмкүн. Анын өнүгүшүндө циклдүүлүк байкалат.Дүйнөлүк океандын практикалык жактан белгилүү деңгээлде жогорулашы мүмкүн эмес.Эгерде мурдагы кылымдарга көз жүгүртүп көрсөк,мындан 20 млн жыл мурда атмосферадагы көмүр кычкыл газынын концентрациясы 0,1%ке барабар болуп,абанын орточо температурасы азыркы мезгилге салыштырганда 5 – 6 оС жогору болгон.Азыркы Якутиянын аймактарында жаңгак токойлору өскөн.Андан кийин көмүр кычкыл газынын сны акырындык менен азайып отуруп ХХ кылымдын орто ченинде 0,03%ке жеткен.Жердин бардык геологиялык тарыхында мындай абал эч качан болгон эмес.Эгерде атмосфера катуу бөлүкчөлөрдүн майда чаңдары менен капталып жатканын эске алсак,анда Жер бетинде температуранын төмөндөшү бизди тынчсыздандырышы мүмкүн.Бул болсо кезектеги муз дооруна алып келиши мүмкүн.

Мен гражданин Көмүр Кычкыл газын абайлап күнөөлөңөрдү суранамын.

Судья.Сөз үчүнчү күбө – мектеп лаборанты… берилет(ролду аткаруучу окуучунун аты,атасынын аты жана фамилиясы аталат).

/чүнчү күбө – мектеп лаборанты.Мен Жумабаев атындагы орто мектепте лаборант болуп иштейм жана ар түрдүү тажрыйбалар үчүн химиялык реактивдерди даярдайм.Химия мугалими көп пайдаланган эритмелерге акиташ суусу – кальцийдин гидроксиди Са(ОН)2 суу эритмеси да кирет.мен иштеген бир жылдын ичинде мына ушул Көмүр Кычкыл газы анны канча жолу жараксыз кылгандыгын билесиздерби? Мына өзүңөр күбө болгула (Көмүр Кычкыл газына акиташ суусу куюлган пробирка менен түтүкчөнү берет)./йлө кантип акиташ суусун жараксыз кылгандыгыңды көрсөт! Ал тургай акиташ суусунун үстүндө кальцийдин карбонатынан турган кабыкча пайда болуп калат.Мен идишке куюлган акиташ суусун алмаштырууга үлгүрө албай мугалимдин алдында уят болгонумду айтпа.ал абада абдан көбөйүп кетти.

Ага мыйзам чегинде катуу жаза берүүңөрдү суранам.

Демонстрациялык тажрыйба №2

Судья.Сөз кийинки күбөгө берилет.Сиз ким болосуз?

Төртүнчү күбө – кемпир ((залдан аялдын үнү(чыгат).Айланайын сот мага көңүл бурчу,менин демим кысылып бара жатат.

Мен айылдык болом.Өмүрүмдүн дээрлик бардык бөлүгүн токойдун четинде жашап өткөргөм. Көмүр Кычкыл газынын бар экендигин сезген деле эмесмин.Мына эми карыганда кызым шаарга алып келе берди.мына ушул жерде гана мен Көмүр Кычкыл газы шаарды курчап алып,адамдарга эмне кылып жаткандыгын билдим.

Менин оюмча аны тикенектүү темир тор менен курчабастан,токой менен болгондо да чытырман түнт токой менен курчоо керек.Мен токойдун четиндеги кыштакта жашаганда анын бар экендиги анча билинбей,жеңил дем алчу элем.Ал эми шаарда таптакыр дем ала албай калдым.Анча мынча тура эмес сүйлөсөм мени кечирип койгула.

Бешинчи күбө – чылымчы. (залдан эркектин үнү угулат).Мага сөз бергилечи.мен 10 жылдан бери тамеки чегем.Көрсө Көмүр Кычкыл газы мени ушунча жылдан бери тамекинин түтүнү менен бирге ууландырып жүргөн турбайбы? У, акмак десе!(Муштумун кезеп коркутат).Ал анысы аз келгенсип,менин гемоглобинимдин бардыгын иштен чыгарган турбайбы.Карагылачы,мен кандай арыктап,купкуу болуп кеткемин.ал тамекини тутандырууда ширеңкенин күйүүсүнө да тоскоолдук келтирет.Ширеңке да акчага келет.Мына көрдүңөрбү эмне болгонун.(Тамеки чегип жаткандай түр көрсөтөт).

Судья. Гражданин! Коомдук жайда тамеки чегүүгө тыйуу салынган!

Демонстрациялык тажрыйба №3

Чылымчы.жарайт, тамеки чекпейм.бирок ширеңке күйгөндө эмне болорун көрсөтөм.Күйгүзүп,күйүп жаткан учун төмөн каратып кармайм.Бирок тамекини тутандыруу үчүн күйүп жаткан учун жогору карату керек.Анткенде ширеңке өчүп калат.Дагы бир жолу көрсөтөмүн.Мындай кылса күйөт,ал эми мындай кылса күйбөйт.Себеби Көмүр Кычкыл газы оор болгондуктан төмөн жагына топтолот да, жалындын төмөн карай күйүп жылышына тоскоолдук келтирет.Күйүүгө ал жардам бербейт,ошондуктан күйүп жаткан учун жогору каратканда ширеңке өчөт.

Анны соттогула.Азыркы оор мезгилде жок дегенде ширеңкени үнөмдөп калабыз.

Судья. Гражданин Көмүр Кычкыл газынын кылмыш иштери боюнча дагы күбө өтүп сүйлөөчүлөр барбы?Каалоочулар жокпу?

Сот бардык күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн укту. (Соттолуучуга кайрылып).Соттолуучу, сиз жасаган иштериңиз боюнча күнөөңүздү мойнуңузга аласызбы?

Сотолуучу Көмүр Кычкыл газы. Мен күнөөмдү мойнума алып,бардык жасаган кылмыштарым үчүн кечирим сурайм.Бирок,адамдардан мага Адам сыяктуу мамиле кылышын суранамын.Ошондой эле,менин ишимдин жүрүшпөгөнүн,менин жарык дүйнөгө келишиме байланыштуу экендигин, эске алууңарды сиздерден суранамын.Менин жарык дүйнөгө келишимин бир топ ыкмалары мына булар.

Биринчиден,Кислотанын кычкыл көз жашы менин чоң атам – карбонаттын денесине тийгенде мен жарык дүйнөгө келемин.Бул демейде химиялык лабораторияда жүрөт.

(№1 тажрыйбаны кайталоо)

Экинчиден, менин ата бабамдын кычкылтекке болгон ысык сезиминен мен жарык дүйнөгө келем. Кычкылтекке болгон ысык сүйүүнүн натыйжасында менин ата бабам күйүп кетишет да,мен жараламын.Мисалы, спирт шамын ар бир жолу күйгүзгөнүңөрдө,пайда болгон продуктулардын арасында мен - Көмүр Кычкыл газы да боломун.

Демонстрациялык тажрыйба №4

/чүнчүдөн, Качан менин ата бабам ажыраганда,мен идиштин түбүнө түшөмүн,анткени мен оормун да.Ал жерден мени чогултуп алышат.

Демонстрациялык тажрыйба №5

Менин паспортумдагы маалыматтар менен таанышып алгыла.

Доскадагы жазуу:

Көмүр кычкыл газын алынуу реакциялары

  1. Лабораториялык ыкма:

СаСО3+ 2НСI = CaCI2+ H2O + CO2

СаСО3+ 2Н+ = Ca2++ H2O + CO2

  1. Күйүү процесстери:

СО + О2= СО2

С2Н5ОН + 3О2 = 3Н2О + 2СО2

СН4 + 2О2 = 2Н2О + CO2

  1. Ажыроо процессии:

СаСО3 --- СаО + CO2

2NaHCO3 --- Na2CO3 + H2O + CO2

Мен күтүлбөгөн себептерден пайда болгон баламын.Муну эске алууңарды суранамын! (Ыйламсыраган түр көрсөтөт).Мен курчап турган чөйрөдө силер элестеткендей, анча деле коркунучтуу эмесмин.

Мен мындан ашык сүйлөй албайм.(Ыйлайт).

Биринчи жактоочу. Жактоочу сөз сурайт.

Судья. Сөз жактоочуга берилет.

Биринчи жактоочу. Мен айыпталуучу – Көмүр Кычкыл газын коргоого алам.Мен анын курчап турган айлана чөрөгө тийгизген оң таасирлерин далилдеп берем.

Биринчиден,фотосинтез процессинин жаратылышта абдан чоң олу бар.фотосинтез процессии – биүул жашыл өсүмдүктөрдүн хлоропластарында күн нурунун таасир этишинин натыйжасында,көмүр кычкыл газы менен суудан органикалык заттардын жана кычкылтектин пайда болуу процесси.бул процесс төмөндөгүдөй теңдеме боюнча жүрөт:

6СО2 + 6Н2О жарык,хлорофилл С6Н12О6 + 6О2

Бул процесс болбосо биз картошка,буудай,күрүч ж.б. ала алмак эмеспиз. Бизде таптакыр углеводдор болмок эмес жана биз алда качан ачкачылыктан өлмөкпүз.

Экинчиден,жылуланубу же тоңуубу,кайсынысы жакшы экендиги бизге белгисиз. Академик А.Л.Яншин 1992-ж. далилдегендей, парник эффектине Жана жылуулануууга Караганда,тоңуу бир топ реалдуу.Азыркы мезгилде Жер бетинин орточо температурасы +14 оС. Эгерде атмосферадан көмүр кычкыл газы жок болуп кетсе, анда бул температура -20оС га жакын болуп каларын эсептөөлөр көрсөтөт.Жер шарынын айрым точкаларында температура кандай болорун элестетип көрөлүчү.

/чүнчүдөн, көмүр кычкыл газы болбосо үлпүлдөгөн жумшак нандар,торттор,печеньелер болмок эмес.

Нан бышырганда ал ачыткылардын таасири астында,ачуу процессинин негизинде глюкозадан пайда болот.

С6Н12О6 ачыткы2Н5ОН + 2СО2

СО2 канчалык көп бөлүнсө,нан ошончолук үлпүлдөк жана даамдуу болот.

Кодитердик буюмдарды бышырууда аш соодасын уксус (уксус кислотасынын суу эритмеси) менен «өчүрүшөт».

Демонстрациялык тажрыйба №6

NaHCO3+ CH3COOH ---- CH3COONa+ H2O + CO2

Аш содасы уксус кислотасы


Мында да көмүр кычкыл газы бөлүнүп чыгат.

Төртүнчүдөн, көмүр кычкыл газысыз жакшы минералдык суу болбойт. Кана ким минералдык суну жакшы көрбөйт? Алардын даарылык касиети болгондуктан, ар түрдүү ооруларды дарылоодо колдонулат. (Минералдык суулар куюлган бөтөлкөлөрдү көрсөтөт). «Боржоми», «Есентуки», «Нарзан», «Джалалабад суусу», «Кара шоро» - минералдык суулардын бул бардык түрлөрүндө көмүр кычкыл газы болот.

Мен сөзүмдү аяктап жатып, айыпталуучунун адамдын жашоо тиричилигиндеги жана жаратылыштагы абдан зор жакшы жактарын эске алып, анны актап эркиндикке чыгарууңарды суранам.

Судья. Сөз экинчи жактоочуга берилет.

Экинчи жактоочу. Мен бүгүн соттолуучу Көмүр Кычкыл газынын катарына же болбосо анын ордуна адамды отургузууңарды сунуш кылат элем.Байыркы мезнилдерде көмүр кычкыл газынын бөлүнүп чыгышы жаратылыш катаклизминин:вулкандардын атылып чыгышы,өрттүн ж.б. негизинде болуп турган.Ал эми бүгүнкү күндө болсо вулкандын ролун Адам аткарып калды.Жыл сайын адамзат 4 млрд. т. Ашык күрөң жана таш көмүрдү,3,5 млрд т. Ашык нефт, нефт продуктуларын жана башка отундарды жагышат.Отундар жагылат,ал эми алардан чыккан таштандылар кармалып калынбайт. Аларды адамдардын кайра иштетүүсү начар абалда калууда.Коопсуз жана экологиялык таза отундарды ойлоп табу боюнча иштерди алып барууга мезгил жетти деп эсептейм. Көптөн бери мындай отун катары суутекти сунуш кылышууда,бирок инженерлер анын коопсуз абалда күйүшүн камсыз кылуучу жабдууну азырынча түзө албай жатышат.

Адамзат тарабынан токойлорду, айрыкча тропикалык токойлорду жоготуп жаткандыгын айтпай кетүүгө болбойт. Акыркы 20 жылдын ичинде токой массивдери эки эсеге кыскарган.Жашыл өсүмдүктөр Жердин «өпкөсү» экендиги баарыбызга жакшы белгилүү.

Менин айткандарымды эске алып,коюлган айыпты соттолуучу менен адамга туура бөлүштүрүп берет деп ойлоймун.

Судья. Гражданин Көмүр Кычкыл газынын үстүнөн болгон сот прокурордун, күбөлөрдөн, сотолуучунун, жактоочулардын бардык көрсөтмөлөрүн укту.Обьективдүү жана калыс чечим чыгаруу үчүн протоколдорду берүүңүздөрдү суранамын.

Сот чечим чыгаруу үчүн чыгып кетет.

Жооптуу катчы.Көңүл бургула! Соттук заседания залында газета, радио жана телевидениеден келген журналистер отурушат.Алар радио жана телеберүүлөргө өздөрүнүн макалаларын даярдоо үчүн, сиздер – соттук заседаниенин катышуучулары менен аңгемелешкиси келет.Журналистер өз ишиңиздерге кирише берсеңиздер болот (Сабакта алынган маалыматарды бышыктоо үчүн «журналистер иштей башташат».Алар суроо берип жоопторун угушат.)

Журналистер:

Сиздер соттолуучу жөнүндө эмне айта аласыздар?

Кимдер гражданин Көмүр Кычкыл газы соттолушуна макул? Макул болгондор колуңарды көтөргүлө. Сиздер эмне үчүн анын соттолушуна макулсуздар?

Көмүр Кычкыл газынын боштондука чыгышына далил боло турган бир нече фактыларды атагылачы.

Сбакка катышкан конокторго суроо: «Бүгүнкү сот процессин сиздер кандай баалайсыздар?»

Айыпталуучуга боор ачыгандар барбы? Эмне үчүн?

Бул сот процесинде катышкан судьянын прокурордун,күбөлөрдүн, жактоочулардын иш аракеттерин сиздер кандай баалайсыздар?

Жооптуу катчы. Ордуңардан тургула сот келе жатат.

Судья. Отуруңуздар!

Т.Жумабаев атындагы орто мектебинде гражданин Көмүр Кычкыл газынын үстүнөн жүргүзүлгөн сот төмөндөгүдөй чечим чыгарды:

1. Гражданин Көмүр Кычкыл газынын келип чыгышын жана анын абдан чоң оң жактарын эске алып, сот аны эркиндикте калуусуна чечим чыгарды.

2. Акыркы мезгилдерде атмосферада Көмүр Кычкыл газынын топтолушун ал фотосинтез процессине активдүү катышкан деп эсептейт, ал эми өзүнүн ашыкчасын атайын даярдалган идиштерге бөлүп чыгаруу менен бүткүл дүйнөдөгү мектептер үчүн бор даярдалган.

3. Сот адамды күйүүчү отундарды иштетүүдө чарбасыздык менен мамиле кылгандыгы үчүн күнөөлөйт жана экологиялык таза отунду ойлоп табышын талап кылат. Отун күйгөндө бөлүнүп чыккан ис газын кармап калуучу жабдууларды түзүүнү сунуш кылат.Адам кыймылдаткычтардын, ТЭЦтин иштешин өркүндөтүү керек.

4. Адам токой массивдерин көбөйтүү боюнча кам көрүүсү зарыл.Ар бир адам өз өмүрүндө экиден көп дарак эгүүсү зарыл.Мына ушуну менен сот өз ишин аяктайт.

II.Жыйынтыктоочу этап.

Конспектилерди иретке келтирип алуу үчүн убакыт берүү керек.Сабакка анализдөө үчүн суроолорду берүү керек. Сабактын ийгиликтүү жана ийгиликсиз учурларын аныктоо.Окуучулардын каалоо-тилектерин жана сын пикирлерин угуу.














Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!