СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Саякбай Каралаев

Нажмите, чтобы узнать подробности

Залкар манасчы Саякбай Каралаев тууралуу

Просмотр содержимого документа
«Саякбай Каралаев»

 Саякбай Каралаев  (1894-1971)

Саякбай Каралаев

(1894-1971)

 Улуу манасчы Саякбай Карала уулу 1894-жылы Ысык-Көлдүн Ак-Өлөңүнүн Семиз-Бел деген жеринде туулган.

Улуу манасчы Саякбай Карала уулу 1894-жылы Ысык-Көлдүн Ак-Өлөңүнүн Семиз-Бел деген жеринде туулган.

Үй бүлөсү тууралуу

Үй бүлөсү тууралуу

  • "Атам да, чоң атам да өтө жоош, момун адамдар экен" — деп, эскерет манасчы өзү. Саякбай төрөлгөндөн көп узабай анын үй-бүлөсү оор турмуштун айынан илик кууп Жети-Өгүзгө көчүп барып, болочок манасчынын балалык күндөрү ошол жакта "Көл" деген жерде өтөт. Карала минип жүрүп өлтүрүп алган асый чыкма аттын төлөмөрү үчүн Саякбай 13 жашынан тартып Төлөбай аттуу агасы экөө Жыкы деген дунганга малай жүрөт. Эки адам үч жыл кызматын кылса да сүттү сүткө, майды майга кошуп туудурган байдын төлөмөрүнөн кутула албай коюшат. Акыры Семиз-Белге качкан эсепте кайра көчүп келишет. Карала үй-бүлөсү менен Орто-Токойдогу бекетте сарайчы болуп оокат кылып турушат.
 Таасир  Саякбайдын талантынын эрте ойгонушуна чоң энеси Дакиш түрткү болгон.Ал Суранчы сыяктуу чоң манасчылардан уккан «Манасын» небересинин кулагына куя берген.Саякбай 1924- жылы эң кучтүү манасчы Чоюке Өмур уулуна жолугуп, ага шакирт түшүп, аны ээрчип жүрүп «Манас» үйрөнгөн.Акылбек манасчыдан да таалим-тарбия алган .

Таасир

Саякбайдын талантынын эрте ойгонушуна чоң энеси Дакиш түрткү болгон.Ал Суранчы сыяктуу чоң манасчылардан уккан «Манасын» небересинин кулагына куя берген.Саякбай 1924- жылы эң кучтүү манасчы Чоюке Өмур уулуна жолугуп, ага шакирт түшүп, аны ээрчип жүрүп «Манас» үйрөнгөн.Акылбек манасчыдан да таалим-тарбия алган .

 Түш Адатта чоң манасчыдан тартып чала манасчыга чейин эпостун ар бир айтуучусу өз өнөрүн түш көрүү менен байланыштырат, бирөөдөн үйрөнгөн үчүн эмес, түш көргөн үчүн гана

Түш

  • Адатта чоң манасчыдан тартып чала манасчыга чейин эпостун ар бир айтуучусу өз өнөрүн түш көрүү менен байланыштырат, бирөөдөн үйрөнгөн үчүн эмес, түш көргөн үчүн гана "Манасты" айтып калдык дешет. Бул сөздү башкалар сыяктуу эле Саякбай да айткан. Саякбайдын түшүнө Манас эки жолу кирген экен. Анын өз айтуусу боюнча биринчи көргөн түшүнүн кыскача мазмуну мындай
: Караланын үй-бүлөсү Орто-Токойдогу бекетте турган учурда Кылжыр аттуу адам экөө азыркы Орто-Токой суу сактагычы турган жерде жашаган азык элине жарамазан айтып барышат да, тапкан олжолорун бөлүп алышып, Саякбай түн катып үйүнө кайтат. Жолдо келатып бир кичинекей туура суунун кечмелигинен өтө берерде үйдөй чоң таш бар экен, ошонун жанына жеткенде өзгөчө заар ачуу үн угуп, эси ооп калат. Эңги-деңги эсине келип караса баягы кечмеликтеги чоң таш таш эмес эле чоң боз үй болуп калыптыр. Бир аял: мен Каныкей болом,

: Караланын үй-бүлөсү Орто-Токойдогу бекетте турган учурда Кылжыр аттуу адам экөө азыркы Орто-Токой суу сактагычы турган жерде жашаган азык элине жарамазан айтып барышат да, тапкан олжолорун бөлүп алышып, Саякбай түн катып үйүнө кайтат. Жолдо келатып бир кичинекей туура суунун кечмелигинен өтө берерде үйдөй чоң таш бар экен, ошонун жанына жеткенде өзгөчө заар ачуу үн угуп, эси ооп калат. Эңги-деңги эсине келип караса баягы кечмеликтеги чоң таш таш эмес эле чоң боз үй болуп калыптыр. Бир аял: мен Каныкей болом,

Кол жүрүп, казат башталып баратканда ырас кезикпедиңби. Ошол колго бараткандардын тамагынан түшүп ичип кет, айланайын дейт. Боз үйгө кирген Саякбай чоң-чоң табактарга толтура кылып жылкынын этинен туурап кыдырата коюп койгонун көрөт да чекесинен бир табактагы этти жей баштайт.

Кол жүрүп, казат башталып баратканда ырас кезикпедиңби. Ошол колго бараткандардын тамагынан түшүп ичип кет, айланайын дейт. Боз үйгө кирген Саякбай чоң-чоң табактарга толтура кылып жылкынын этинен туурап кыдырата коюп койгонун көрөт да чекесинен бир табактагы этти жей баштайт. "Ай балам, ар табактан бир чымчымдан ооз тийип чык" — деген аялдын кеңешин аткара албайт: кийгени жаргак шым экен, суу сугарып жүрүп ал улам суу болуп, кайра кургап чолоюп кирип, тизесине чейин чыгып түрүлүп кеткендиктен жылаңач буту көрүнүп турганынан жазганып өйдө туруп кыдырата турган табактарды кыдыра албайт. Аңгыча бир нерсе жарк дегендей болуп, боз үй жок болуп кетет. Тура калса алдында эбегейсиз чоң ат минген бир чоң киши турган болот.

Ал бабаң Бакай мен болом

Ал бабаң Бакай мен болом"— дейт да, көп кол менен жол жүрүп баратышканын айтат. Алты жылдан кийин жомокчу болуп чыгасың, тос балам колуңду, гүлазыктан берейин дейт. Кызыл көөкөрдөн колуна куюлтуп салып берген актаган тарууну атчандын сунушу боюнча жеп жиберүү үчүн оозуна салса кычыраган эле кум экен. "Жут дегенде жут" — деген атчандын талабынан коркуп какап-чакап жатып араң жутат. Бакай Саякбайга жанындагы адамдарды тааныштырат. Манасты көргөзөт.

 Жазып алуу 1935-жылдан баштап «Манастын» көлөмү 500553 саптан турган варианты жазылып алынган.Ал Манас, Семетей,Сейтек болумдөрун улантып Сейтектин уулу Кенендин, анын балдары Алымсарык менен Кулансарыктын окуяларын да жаздырган.1952-жылы 2-жолу «Манас» толугу менен жазылып алынган.1968-жылы эпостун бардык болүмдорүн магнитофондук тасмага түшурулгөн .

Жазып алуу

1935-жылдан баштап «Манастын» көлөмү 500553 саптан турган варианты жазылып алынган.Ал Манас, Семетей,Сейтек болумдөрун улантып Сейтектин уулу Кенендин, анын балдары Алымсарык менен Кулансарыктын окуяларын да жаздырган.1952-жылы 2-жолу «Манас» толугу менен жазылып алынган.1968-жылы эпостун бардык болүмдорүн магнитофондук тасмага түшурулгөн .

Тан каларлык касиети: 12000м киноматериалды жазып алган М.Убукеев анын манасын жаздырып алууда техника да анын талантын батыра албай жондомсуздугун корсоткон экен.

Тан каларлык касиети:

12000м киноматериалды жазып алган М.Убукеев анын манасын жаздырып алууда техника да анын талантын батыра албай жондомсуздугун корсоткон экен.

Ал 1971-жылы Фрунзе шаарында 7-майда 77 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Ал 1971-жылы Фрунзе шаарында 7-майда 77 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Саякбай- жер жузундогү бир гана адам.Эч жер, эч элде жарым млн жолдон турган 30 томдук асыл казынаны жатка айтып бере турган экинчи Саякбай жок.Ал- феномен.Саякбай кыргыз элинин талаттуулугунун айкын далили  Кажым Жумалиев

Саякбай- жер жузундогү бир гана адам.Эч жер, эч элде жарым млн жолдон турган 30 томдук асыл казынаны жатка айтып бере турган экинчи Саякбай жок.Ал- феномен.Саякбай кыргыз элинин талаттуулугунун айкын далили

Кажым Жумалиев

Жазуу адабиятыбыз, китептерибиз болгон эмес дейсинер, мына силердин улуттук китепканаңар –ушул абышка Мурад Бурбуну( алжир жазуучусу)

Жазуу адабиятыбыз, китептерибиз болгон эмес дейсинер, мына силердин улуттук китепканаңар –ушул абышка

Мурад Бурбуну( алжир жазуучусу)


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!