СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Салыштырмалуу атом массасы. Химиялык элементтердин мезгилдик таблицасы.

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Моль  Негизги физикалык чондуктардын бири болуп заттын  саны эсептелинет. Эл  аралык  бирдиктер  системасына (СИ) ылайык,  заттын санынын бирдиги моль болуп саналат. 12 г көмүртекте канча атом болсо, ошончо сандагы структуралык бөлүкчө кармаган заттын санын  моль деп аталган.

Просмотр содержимого документа
«Салыштырмалуу атом массасы. Химиялык элементтердин мезгилдик таблицасы.»

Сабакка чейин

Сабактын темасы: Салыштырмалуу атом массасы. Химиялык элементтердин мезгилдик таблицасы.

Сабактын методу: Түшүндүрүп берүү

Сабактын тиби: Аралаш

Сабактын формасы: аӊгемелешүү

Сабактын максаты

Көрсөткүчтөрү

А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Салыштырмалуу атомдук масса, химиялык элементтердин мезгилдик таблицасын окуп үйрөнүшөт.

  • Салыштырмалуу атомдук масса;

  • химиялык элементтердин мезгилдик таблицасы;

  • Химиялык элементтердин мезгилдик системада жайланышы боюнча мүнөздөп айтып бере алышса.

Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук):

Атом, молекула, химиялык элемент, мезгилдик система, атомдук масса боюнча түшүнүгү өнүгөт. Ынтымактуу болууга тарбияланышат.

  • Атом;

  • Молекула;

  • химиялык элемент;

  • мезгилдик система;

  • атомдук масса боюнча түшүнүгүн айтып бере алышса.

  • Өз алдынча жана топто иштей алышса.

Күтүлүүчү натыйжа:

  • Салыштырмалуу атомдук масса;

  • химиялык элементтердин мезгилдик таблицасы;

  • Химиялык элементтердин мезгилдик системада жайланышы боюнча мүнөздөп айтып бере алышат.

Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет): Салыштырмалуу атомдук масса, химиялык элементтин мезгилдик системадагы орду, химиялык элементтердин мезгилдик таблицасы боюнча маалымат алышат.

Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими (мурунку билими)): мезгилдик система, химиялык элементтер же атомдун түрлөрү, атомдук масса боюнча түшүнүгү бар.

Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.

Убакыт: 45 минута

Убакытты бѳлүштүрүү:Чакыруу этабы:6-8мин

Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):22-25 мин

Ойлонуу этабы (сабакты бышыктоо):12-12 мин

Сабак

Сабактын жүрүшү:

Чакыруу этабы:

Сабактын чөйрөсү: Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.


Жагымдуу маанай түзүү:

Yйдүн сүрөт толук эмес тартылган барактар тартылат.Бул сүрөттү толуктап тарткыла.Тартылган сүрөттөргө карата мүнөздөмө берилет. Окуучулардын ойлору менен бөлүшүү.

Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:

Таблицада берилген химиялык элементтерди жаттоо:

Кээ бир элементтердин аттары, химиялык белгилери жана

салыштырма атом массалары

Элементтин аты

Белгиси

Окулушу

Салыштыр- малуу атом массасы

Классификациясы,

валенттүүлүгү

Азот

N

Эн

14

металл эмес, Ш, V

Суутек

Н

Аш

1

металл эмес, I

Бор

В

Бор

11

металл эмес, Ш

Көмүртек

C

Це

12

металл эмес, IV

Кычкыдтек

O

О

16

металл эмес, II

Фтор

F

Фтор

19

металл эмес, I

Натрий

Na

Натрий

23

металл, I

Магний

Mg

Магний

24

металл, II

Алюминий

А1

Алюминий

27

металл, III

Кремний

Si

Силициум

28

металл эмес, IV

Фосфор

Р

Пе

31

металл эмес, V

Күкүрт

S

Эс

32

металл эмес, IV, VI

Хлор

Сl

Хлор

35,5

металл эмес, I

Калий

К

Калий

39

металл, I

Кальций

Са

Кальций

40

металл, II

Скандий

Sc

Скандий

45

металл, III

Банадий

V

Ванадий

51

металл, V

Хром

Сг

Хром

52

металл, III, VI

Марганец

Мn

Марганец

55

металл, П, IV, \ГП

Темир

Феррум

56

металл, II, Ш

Жез

Сu

Купрум

64

металл, I, П

Цинк

Zn

Цинк

65

металл, II

Бром

В

Бром

80

металл эмес, I

Күмүш

Аg

Аргентум

108

металл, I, Ш

Калай

Sn

Станнуы

119

металл, II, IV

Түшүнүү этабы(сабактын негизги болүгү):

САЛЫШТЫРМА АТОМДУК ЖАНА САЛЫШТЫРМА МОЛЕКУЛАЛЫК МАССА.

Моль Негизги физикалык чондуктардын бири болуп заттын саны эсептелинет. Эл аралык бирдиктер системасына (СИ) ылайык, заттын санынын бирдиги моль болуп саналат. 12 г көмүртекте канча атом болсо, ошончо сандагы структуралык бөлүкчө кармаган заттын санын моль деп аталган. Атомдор, молекулалар, иондор, электрондор ж.б. реалдык структуралык бөлүкчөлөргө кирет. 0,012 кг көмүртектин 12С изотобунда 6,023⋅1023 сандагы атом бар. Ар кандай заттардын 1 молунда ушундай эле сандагы атомдор, иондор же молекулалар кармалат. 6,023 ⋅⋅⋅⋅ 1023 - саны Авогадро саны деп аталып, негизги физикалык турактуулук болуп саналат. Бир моль заттын массасы, молярдык масса деп аталат. Ал М тамгасы менен белгиленип, г / моль же кг / моль бирдиги менен өлчөнөт, мисалы, суунун молярдык массасы М=18 г / моль. «Моль» түшүнүгү бардык заттар үчүн бирдей колдонулат. Мисалы: 1 моль суутектин атомунда 6,023⋅1023 атом суутек бар. 1 моль суутектин молекуласында 6,023⋅1023 суутектин молекуласы бар. Салыштырма атомдук масса «Салыштырма Атомдук масса» жана «салыштырма молекулалык масса» деген түшүнүктөр, алардын так маанисин аныктап үйрөнгөнгө чейин эле киргизилген. Кандайдыр бир химиялык элементтин атомунун массасына болгон катышы менен аныкталуучу салыштырмалуу чондукту атомдордун жана молекулалардын массасы түрүндө туюнтуу кабыл алынган. 1966-жылы мындай салыштырма чондук катарында көмүртектик бирдик - көмүртектин 12С изотобунун массасы, атомдук массанын чен бирдиги катарында (шкала) кабыл алынган. Ага чейин кычкылтектик бирдик (шкала) менен иштеп келишкен. Көмүртектик бирдик боюнча массанын атомдук бирдиги (м.а.б) көмүртектин 12С - изотобунун массасынын 1/12 бөлүгүнөн канча эсе чон экендигин көрсөтөт.

Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):

Мугалимдин иш аракети:

Суроо-жооп, аӊгемелешүү менен сабак лекция түрүндө өтүлөт.

  1. Атомдук масса деген эмне?

  2. Салыштырмалуу атомдук масса деген эмне?

  3. абсалюттук атомдук масса деген эмне?



Үйгѳ тапшырма:

  1. Төмөнкү заттардын кайсынысынын салыштырмалуу молекулалык массасы, жездин салыштырмалуу атомдук массасына барабар? а) SO3 ; б) SiO2 ; в) SO2 г) CO2 д) NO2

  2. Алюминий сульфатынын 5 молунун массасы канча болот?

Баалоо:




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!