СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Саманчынын жолу"сабактын иштелмеси. 9 - класс

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

"Саманчынын жолу" повестин бышыктоо.Сабактын иштелмеси. 9 - класс.

Просмотр содержимого документа
«"Саманчынын жолу"сабактын иштелмеси. 9 - класс»

Мөөнөтү: ______________ Предмет ______________________________ Класс _________

Сабактын темасы: «Саманчынын жолу» повестиндеги каармандардын мүнөздөрүн

талкуулоо.

Сабактын максаттары:

1. Билим берүүчүлүк: «Саманчынын жолу» повестиндеги каармандарга мүнөздөмө берүү менен алган билимдерин бышыкташат.

2. Өнүтүрүүчүлүк: Каармандардын үлгү сапаттарын айтуу менен өз бойлоруна ошондой сапаттарды алууга көнүгүшөт.

3. Тарбия берүүчүлүк: Турмушта кездешүүчү ар кандай тоскоолдуктарды жеӊе билүүгө багыт алышат.

Сабактын тиби: Алган билимдерин бышыктоо, жыйынтыктоо.

Сабактын методу: Дискуссия сабак. «Блумдун ромашка гүлү» интерактивдүү методу.

Сабактын жабдылышы: окуу китеби, түстүү кагаздар, смайликтер.

Сабактын жүрүшү:

1. Уюштуруу: Жагымдуу маанай. Мугалимин сыйлаган акылман тууралуу окуяны айтып берүү.

2. Үй тапшырмасын текшерүү: Толгонайдын монологу менен Майсалбектин каты жатоого берилген. Окуучулар образга кирүү менен көркөм айтып беришет.

3. Өтүлгөн теманы кайталоо: «Саманчынын жолу» повести түшүнгөндөрүн айтып беришет.

Жаӊы тема:

Окуучуларды түстүү кагаздарды алдыруу менен эки топко бөлүп алам.

1 – топ «Толгонай»

2 – топ «Алиман»

Балдар, биздин бүгүнкү сабагыбыз башка сабактардан өзгөчө болмокчу. Биз дискуссия сабак өтөбүз.

Дискуссия – латын тилинен которгондо «иликтөө, караштыруу, талдоо» дегенди билдирет. Негизги милдет – катышуучулардын суроого же проблемага карата көз караштарынын көп түрдүүлүгүн таап чыгуу жана зарылдыгына карай алардын ар бирине талдоо жүргүзүү.

Эки топко тогуз багыттагы суроолор берилет.

1. Жөнөкөй суроолор – окуучулардын маалыматтык түшүнүгүн текшерүү максатында берилет.

1 – суроо: «Саманчынын жолу» повестиндеги окуя кантип башталат?

2 – суроо: Субанкул менен Толгонайдын жаштыгы кандайча өткөн?

2. Тактоочу суроолор – каралып жаткан чыгармадагы кайсы бир маселени тактоо максатында берилет.

1 – суроо: Эмне үчүн Алиман кайненесин таштап кетип калган жок? Кетип калыш керек болчу. Башка бирөөгө турмушка чыгып, ак никеде баланы жарык дүйнөгө алып келиш керек го?

2- суроо: Толгонай Алиманды үйүнөн кууп чыгыш керек. Анткени кайненесинин төрүндө башка бирөөдөн кош бойлуу болуп калды.Кыргыздын салтына туура келбейт.

3. Багыттоочу суроолор – коюлган маселени чечмелөөгө жардамдаш, көмөктөш максатында берилет.

1 – суроо: Жайнак эмне үчүн өз каалоосу менен согушка кетти?

Кетпегенде, балким, Толгонайдын тагдыры башкача болор беле.

2 – суроо: Ата Мекенди коргоо парзы милдетин аткарыш үчүн согушка суранып кетти.

Бирок, апасынын күнү эмне болорун ойлогон жок.

4. Ойлонтуучу суроолор – окуучуну ойлонууга чакырып, коюлган маселенин үстүндө ой жүгүртө билүүгө көнүктүрөт.

1 – суроо: «Табигаттын жандуудан эӊ бийик жаратканы адам баласыбы, андай экен, бирине – бири мынчалык залал келтирбей, тынчтыкта жашай албайбы?...» деген Толгонайдын суроосуна жооп бергиле.

2 – суроо: «…Согушта доом көп. Атылган ок, төгүлгөн кан – тарыхтын эсебинде, ал эми адамдардын бүлүнгөн өмүрүчү? Аны кайсы эсепке ыйгарып, тарыхтын кайсы бетине жазабыз? Аны үчүн ким жооп берет?» - деген Толгонайдын соболуна жооп бергиле.

5. Чаташтыруучу суроолор – коюлган суроонун туура же туура эместигин иргеп, аныгына жетип, ыкчам жооп табууга машыктырат.

1 – суроо: Анда менин он жетидеги курагым. Ошол жылы орок тартып жүрүп, Касымга жолукпадымбы.

2 – суроо: Нечен эшолондор өттү,бирок биринен да Жайнакты жолуктура албадык.

6. Чечмелөөчү суроолор – «эмне үчүн» деп башталып, мында маселени чечмелөө милдети коюлат.

1 – Суроо: Эмне үчүн Толгонай Жер эне менен сүйлөшөт?

2 – суроо: Эмне үчүн Толгонай балага болгон чындыкты айталбайт?

7. Чыгармачыл суроо – окуучудан чыгырмачыл эмгектин болушун талап кылат.

1 – суроо: Эгер сен Айтматов болсоӊ, «Саманчынын жолу» повестиндеги окуяны кандайча жыйынтыктаар элеӊ?

2 – суроо: Жанболот болгон чындыкты билди, чыгарманы кантип улантаар элеӊ?

8. Баалоочу суроолор – окуучулардын чыгармадагы окуяларга, көрүнүштөргө, фактыларга баа бере билүү көндүмүн калыптандырууга багытталат.

1 -суроо: «Согуштун кесири тийбеген бир да үй – бүлө, бир да адам калган жок», - дейт Толгонай. Согуштун кесири тийген үй бүлөлөрдү, же адамдарды билесиӊерби?

2 – суроо: «Адам жакшылыкты жерден таап албайт,адамдан үйрөнөт», - деп айтылыт повестте. Андай болсо сен «Саманчынын жлундагы» адамдардан эмнелерди үйрөндүӊ?

9. Практикалык суроолор – теория менен практиканын ортосундагы өз ара байланышын аныктоого багытталат.

1 – Суроо: Сен Толгонайдын ордунда болсоӊ, Алиманды кечире алат белеӊ?

2 – суроо: Сен Толгонай болсоӊ, болуп жаткан турмуштун азаптарын кантип жеӊет элеӊ?

Ар бир топ туура жоопторун мугалимдин көрсөтмөсү менен белгилеп турушат.

Топтор бааланат жана активдүү катышкан окуучулар да бааланат.

Үйгө тапшырма берүү: «Саманчынын жолу жана Субанкул менен Толгонай»,

«Торгой жана Субанкул менен Толгонай» деген темада толгонуу дил

баянын жазгыла.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!