СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

«Санарип жана бала»

Нажмите, чтобы узнать подробности

«Чили-Сай» орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Бототаева Гулжамалдын «Санарип жана бала» макаласы

Просмотр содержимого документа
««Санарип жана бала»»

«Чили-Сай» орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Бототаева Гулжамалдын «Санарип жана бала» макаласы

Санариптештирүү-бул техниканын тили менен сүйлөө, акылдуу машиналар менен тил табышуу же аларды үйрөтүү. Бул учурдун чакырыгы эле болуп калбай, мезгил талабы да болуп калды. Азыркы глобалдашуу заманында илим менен техниканын болуп көрбөгөндөй динамикалык өнүгүү учурунда айланаңдагылардан бир күн, бир мүнөт кечигүү келечекте жүздөгөн жыл алардын артынан салпактап ээрчип жүрүүгө туура келет. Бизди курчап турган дүйнө секунд сайын өзгөрүп жатат. Ар кандай жаңы ачылыштар эртеси эски моделге айланып жаткандыгына күбөбүз. Бүгүн баштабасак эртең кеч болуп калаары шексиз. Санариптешүү бул жөн гана техниканын тили менен сүйлөө эмес, бул эртеңки күндүн тили. Эгер биз балдарыбызды бала-бакчадан, мектептен баштап жаңы чакырыка даярдабасак, анда эртең күн алар үчүн эмес, балким алдыга озгондордуку болору шексиз. Биздин жер астында бизди бага турган нефтибиз жок, газыбыз жок. Көп-көп мал бакканга кең талаалар, чытырман токойлорубуз жок. Биз деңиздин боюнда да эмеспиз. Эгин талааларыбыз да чектелүү. Бирок бизде окууга ынтызар балдар-кыздарыбыз бар. Мекендин эртеңи биздин балдарыбыз. Алардын келечеги заман чакырыгына жооп бере ала турган билими. Санаптиштерүү бул жөн эле техниканы өздөштүрүү эмес бул аларды алдыда күтулүп турган турмуш сыноолоруна татыктуу турушгтук берүүсү, алардын жашоого даярдыгы. Өткөн кылымда белгилүү совет окумуштуусу академик Вернадскийдин “келечекте адамзат жаңы коомдук өнүгүүгө ноосфералык түзүлүшкө өтөт”-деген. Мына ноосферага келдик мындайча айтканда биздин күнүмдүк жашообузду техникасыз, акылдуу аппаратсыз элестете албй калдык. Ноосфера деген эмне? Жаңы техногендик чөйрө, анын босогосу болгон санариптештирүү деген термин менен техниканын, электрониканын заманына кадам таштадык.

Муну биз каалайбызбы каалабайбызбы бизден эч ким сурабайт, бул замандын талабы, учурдун талабы, жашообуздун өзөгү. Улуу жаратуучу бизге берген жер байлыктарын, кен байлыктарын, ичерибизге берген сууларын, океанда сүзүп жүргөн азыктарын, төгүп-чачып ысырап кылып абаны булгап, кыртышты бузган аңкоолук заман аягына чыгып калды. Көрсө бизге эбегейсиз чоң көрүнгөн жерибиз ааламда козгө көрүнүп-көрүнбөгөн кумдун бир кичинекей күкүмүндөй нерсе экен. Аба булганган эгин талаалары, ууланган токойлор, өрттөлүп, кыйылып кислородду жетиштүү болуп чыгарууга күчү жетпей баратат. Дүйнөдө экология маселеси биринчи орунга чыкты. Ушундай кезде, оор сыноолор учурунда кийинки муундар биздин балдар жашап жана иштеп кетүүгө даярдоо зарылдыгы келип чыкты. Жакынкы отуз-кырк жыл ичинде эки жүз элүүдөн ашык кесипте адамдарга жумуш болбой калат. Роботтор, акылдуу машиналар алардын ордун басат. Дүйнөдө миллиондогон жумушсуздар армиясы пайда болот. Гуманитардык катастрофа, экологиялык, климаттык катастрофа жана техногендик катастрофа же кыйроолор адамзатты дайыма күтөт. Эгер ушуларды болтурбоого, алдын алганга аракет болбосо анда адамзат туңгуюка кептелет. Санариптештирүүнүн негизи ушулар.

Ар бир тамчы суу ар бир грамм топурак, ар бир түп дарак, азык-түлүк баарын рационалдуу пайдалануу адам ресурстарын туура пайдалануу, ашыкча экономикалк чыгымдарды азайтуу зарылдыгы келип чыкты. Санариптештирүү жен ичинен сүйлөшүүлөргө ар кандай коррупциялык иштерге сүт корлука, көз боёмочулуктарга жана бүгүнкү санаиптештирүүнүн башталышы балдарды бул жаңы кадамга баруусуна шарт түзүү бул эртеңки муун жана технология менен бир бүтүндүктү түзүп, жаңы коомдо ноосферада өздөрүнүн татыктуу ордун таап, жашап кетет деген максат жана тилек. Санариптештирүү-бүгүнкү балдардын эртеңки келечеги. Жашоодон болгон үмүтү.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!