СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сандар дуйнону башкарбайт, кантип башкарууну уйротот

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Математикалык кеченин иштелмеси (Студенттер учун)

Просмотр содержимого документа
«Сандар дуйнону башкарбайт, кантип башкарууну уйротот»

Сандар дүйнөнү башкарбайт, кантип башкарууну көрсөтөт” аттуу математикалык кеченин программасы.

Мен бүгүн сиздерге “Сандар дүйнөнү башкарбайт, кантип башкарууну көрсөтөт” аттуу математикалык кечени сунуштамакчымын. Кеченин максаты: Окуучулардын сөз байлыгын өстүрүү, математиканын улуулугун сездирүү, о.э. окуучуларды шайырдыкка, тапкычтыкка, өз алдынчалуулукка, аракетчилдикке, активдүүлүккө үйрөтүү. Анда көңүлүңүздөрдү бурабыз.

Сандар дүйнөнү башкарбайт, кантип башкарууну көрсөтөт”

1.Улуттук бий. (1-курс)

2.Саламдашуу.

3.Доклад. (Математиканын тарыхы)

4.Математика турмушта.

5.Ыр (практикант агай)

6.Кызыктуу оюн

7.Сандар жөнүндө ырлар.

8.Макал- лакаптар.

9.Математикалык фокустар.

10.Пародия ырдалат.

11.Логикалык маселелер.

12.Викторинанын суроолору.

13.Табышмактар.

14.Улуу математиктердин нуска сөздөрү.

15. Жыйынтыктоо.



1.Улуттук бий.

2.Саламдашуу.

Ажымурат: Арбаңыздар, арбаңыздар өнөр баалап, өнөр баккан улуу кыргыз элинин урпактары.

Бактыгүл: Бар болуңуздар, санаты санга жеткен, дастаны алыска кеткен улуу кыргыз журтум.

Ажымурат: Салам айтабыз адегенде биз сиздерге,

Салам айтуу салт экен биздин элде.

Саламдашпай өтүп кетсек башка кепке,

Айып болуп калатго анда бизге.

Бактыгүл: Саламдашпай сөз баштаба,

Деген кеп бар кыргызда.

Демек таазим кылабыз,

Мугалим эже баарыңа.

Ажымурат: Атанын улуу салтынан,

Акыйкат заман наркынан.

Жалындуу салам айтабыз,

ЖИТИнин студенттеринин жамаатынан.

Бактыгүл: Апанын ыйык салтынан,

Билимдүүлөр атынан.

Эсендик салам айтабыз,

Жалпы математиктердин атынан.

Ажымурат: Айлана теребел салтанат,

Мына эми кечебиз башталат.

Билимге жаңыдан кол сунган,

Бактылуу жаштарыбыз жаш талант.

Бактыгүл: Анда эмесе сиздердин дүркүрөгөн кол чабууңуздардын коштоосунда “Тарых жана маданият” жылына арналган “Сандар дүйнөнү башкарбайт, кантип башкарууну көрсөтөт” атту математикалык кечебизди ачык деп жарыялайбыз. Бүгүнкү кечени ачып берүү үчүн сөз кезегин “Математика жана аны окутуунун технологиясы” кафедрасынын кафедра башчысы, профессор Канышай Макишевнага сөз беребиз.

Ажымурат: Математика илими ушул күндө,

Жайылды жер жүзүнө, бүт дүйнөгө.

Кызыгат дүйнө эли бүт адамзат,

Математика илимин үйрөнгөнгө.

Бактыгүл: Бакыт деген тоголок, аны токтотууга эп керек,

Мээнет деген жалпак, аны көтөрүүгө күч керекк.

Математика деген сырты туюк, ичи чексиз,

Аны түшүнүп өздөштүрүүгө акыл жана мыкты мээ керек.

Ажымурат:Бактыгүл.

Математика – тил,

Аны менен так илимдер сүйлөшөт.

Математика-күч,

Буксирге алып алга карай сүйрөшөт.

Математика жөнгө салып мээ кыртышын,

Далай түркүн акыл сеезим үйрөтөт.

Ажымурат: Математика илими мындан бир нече кылым мурун пайда болгон жана адамзат жашоосунда негизги ролдк ойноп келет. Анда баарыбыз биргеликте “Математиканын тарыхы” темасындагы докладка көңүлүнүздөрдү бурабыз.

Бактыгүл: Байыртадан ата-бабам тандап көрүп,

Илимдердин падышасы атка конгон.

Математика илими эң керектүү,

Жашоого ушул илим керек болгон.

Ажымурат: Кийинки кезекти “Математика турмушта” аттуу сценкага беребиз.

Бактыгүл: Математикада болот жети амалдар,

Жетөөнүн тең укмуштуудай сыры бар.

Жеткиликтүү илим менен билимге,

Жеткиретго биздин эже-агайлар.

Ажымурат: Анда эмесе сиздердин дүркүрөгөн кол чабууңуздардын коштоосунда, биздин ардактуу эже-агайларыбызга арналган жагымдуу музыка “практикант агай” кабыл алыңыздар .

Практикант агай"
Күндөрдүн биринде чочуп, тайсалдап,
Биз окуган класска кирди практикант
Топ кыздар чурулдап, азил сөз чубап,
Кызартып агайды, ар нерсе сурайт.

Кайырма:
Эх, практикант агай чууну салдыңыз,
Кыздардын жүрөгүн ээлеп алдыңыз.
Эх, практикант агай чууну салдыңыз,
Кыздардын жүрөгүн ээлеп алдыңыз.

Төртпү же беш жашпы бизден улуураак,
Сүрдөнүп сөзүнөн улам адашат.
Ансайын шок кыздар сүйгөнүн сурап,
Агайдын шаштысын кетирген убак.

Кайырма:

Жагымдуу сөздөрү, назик күлкүсү,
Дүрбөтүп сезимге салды бүлүктү.
Кыздарды кызганып, балдар күйүктү,
Агайга тийишип араң жүрүштү.

Бактыгүл: Билесиңби кесиптеш адам жашоосунда 5мин. Күлсө 5 жылга жашарат экен. Биз дагы кызыктуу оюндарды ойноп өмүрүбүздү узартсак кандай дейсиң.

Ажымурат: ООба, туура айтасың. Кезек кызыктуу оюнда. Уюштуруучулар Таалай кызы Гаухар жана Берболот кызы Медина.

Бактыгүл: Сан миң кылып санжырасын сактаган,

Бийик кылып улуу салтын данктаган.

Айтылуу кыргыз элинде,

Макал айтуу салт калган.

Ажымурат: Анда баарыбыз биргеликте биздин математика илими макал-лакаптарда кандай орун алды болду экен чогу көрөлү.

Бактыгүл: Кийинки кезек “Математикалык фокуста”. Уюштуруучу Таалайбек уулу Илгиз.

Математикалык фокус:

  1. Залда отургандарга шакекти бармактарыңыздардын белгилүү муунуна кийгизиниздер. Мен сиздердин кайсы бармагыныздардын, канчанчы муунунда, кайсы адамда экенин таап берем.

  1. Шакек салган адамдын номерин 2 ге көбөйтөбүз

  2. Чыккан санга 5 ти кошобуз

  3. Чыккан санды 5 ке көбөйтөбүз

  4. Чыккан санга шакек салынган манжанын номерин кошобуз.

  5. Чыккан санды 10го көбөйтөбүз

  6. Чыккан санга шакек салынган муундун номерин кошобуз

  7. Чыккан санды айтабыз

(Чыккан сандан 250 нү кемитебиз. Акыркы цифра муундун номери, экинчи цифра манжанын номери, үчүнчү цифра кишинин номери).

Ажымурат: Кесиптеш биздин студенттер оз колдору менен математикага арналган пародия жазышыптыр. Кезекти пародияга берсек кантет.

Бактыгүл: Анда кезек пародия музыкада. Кол чабуулар

Эсеп эсеп чайнайт башынды.

Мен сабакка барбай башым катыды,

Балким өзү сезер,мейли сезбесин,

Аягына жазалбайм чыккан санымды,

Ай ким билет, ким билет

Голованы чиритет

Сиз мугалим мен студент

Отуз эсеп не керек.

Ошол математика,

Баш оорутат дайыма, Ал бизге эмес башкага

Ай терек неге термелет,

Аягын табалбай оюм термелет.

Атымды атап сабак сураса,

Коркконумдан жаным алкымга келет.

Бактыгүл: Билесиздерби урматтуу көрүүчүлөр .1.Аарынын 5 көзу болот экен.

2.Эмен дарагы урук алганча 50 жыл өтөт экен. .Бирге бирди көбөйтсо бир. Бирок 111.111.111. өзүнө көбөйтсө, ушунча 12345678987654321 чыгат.

Ажымурат: Бул айтылгандар сандар аралашкан кызыктуу маалыматтар болду.

Бактыгул: Кийинки кезек Логикалык суроолордо.

Логикалык суроолор.

1.эгерде түнкү саат 12 де жамгыр жаап жаткан болсо, 72 сааттан кийин күн чайыттай ачык болобу? (жок.Себеби 72 сааттан кийин кайрадан эле 12 болот)









Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!