СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сен жана сенин убактын.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Сен жана сенин убактын.»

Сабактын темасы: Сен жана сенин убактын.

Сабактын максаты: 1. Ар бир кунду туура пландаштыруунун пайдалуу жактарын тушунушот. 2. Убакытты туура пайдаланууга конугот. Пайдалуу иш аракет менен алектенуунун артыкчылыгын сезет. 3. Озун озу тарбиялоого уйронот. Эстетикалык тарбия алат.

С а б а к т ы н ж у р у ш у :

І. Уюштуруу : Жакшы маанай тартуулоо. Ар бир окуучу жанындагы окуучуга жакшы каалоолорун айтат.

ІІ. Киришуу : Мугалим : Балдар , бугунку темада «Биз убактыбызды кантип пайдаланып жатабыз?» жана «кунду пландаштыруу деген эмне?» сыяктуу суроолорго жооп издеп коробуз. Адегенде бул суроолорго озунор жооп берип коргуло: -Убакыттты туура пайдалануу деген эмне? -Убакытты текке кетируу дегенди кандай тушуносунор? -Бир кундо эмнелерди аткарууга болот? -Бир кун бою эч нерсе кылбасан озунду кандай сезесин? -Маданий эс алуу деген эмне? Балдардын жоопторун угуп, ар бир жооп боюнча башкалардын оюн сурап, талкуу жургузууго болот.

ІІІ. Конугуу иштоо: Бир кунду кантип откоробуз? Силер азыр окуучу болгондуктан, планынардын эн негизги болугуно мектептин расписаниесин койууга болот. Анда планыбызды экиге бололу: мектепке чейин, мектептен кийин. Мектепке чейин албетте убакыт аз, бирок кээ бир нерселерди аткарууга болот. Мисалы, денени чыныктыруучу конугуулор, машыгуулар. Буларды аткарууга улгуруу учун оз убагында туруу жана шайдоот кыймылдоо керек. Ал эми уйкудан кеч тургандар же эрте турса да илен-салан кыймылдагандар тамактанганга да улгурбой калышат. Кайсы учурда убакыт текке кеткенин озунор айта аласынар. Мектептен кийинки убакыт бир топ кенири. Ошондуктан бул убакытты бош убакытка жана созсуз аткарылуучу иштерге болууго болот. Созсуз аткарылуучу иштерге сабактарга даярдануу, уйтиричилигине жардам беруу, жуунуу ж.б. лар кирет. Эми бош убакыт жонундо кенири суйлошолу. - Эч нерсе кылбагандык менен бош убакыт дегенсоздор бирдей маанини билдиреби? - Силер кантип эс алганды жакшы коросунор?- Эч нерсе кылбаган учурда кандай эс аласынар? Бул суроолор боюнча окуучулардын ой-пикирин угуп, талкуулайбыз. Эми негизги маселе ушул бош убакытты кантип откоруу жонундо болмокчу. Бош убакытты да экиге болууго болот: эч нерсе кылбай эс алуу жана маданий эс алуу.

Бош убакыт – бул адамдын оз эрки менен , оз каалоосу менен, башка бироонун буйругусуз, озунун эркин иш аракетинен турат. Бул убакытты адам маданий иш-чаралар менен откоруп озунун акылынын осушуно , денесинин чыналышына аракет кылуусу керек. Китеп окуу, теле беруудон, интернеттен пайдалуу маалыматтарды алуу акыл эсинин, интелектуалдык денгээлинин осушуно таасирин тийгизет. Спорттун турлору менен алектенуу, таза абада сейилдоо ден соолугуна он таасиирн тийгизет. Ушинтип биз ар бир кунубузду озубузду туура багытта онуктурууго пайдалана алабыз. -Убакытты текке кетируу деген эмне? Бош убактыбызда эч нерсе кылбай ашыкча уктап, максатсыз эле нары-бери басып, арак ичип, бироолор менен жон эле талашып тартышып, мушташып журсонор деле убакыт отуп кетет. Бирок бул иш- аракетинерден силерге эмне калды? Боштук, конул калуу, жакындарынарды капа кылуу ж.б. Ал эми озунордун акыл-эсинердин осушуно эч нерсе кошулбады. Ден соолугунарга зыяны тийди.

ІV. Убакыт жонудо макал-лакап, учкул создор: *Убакыт деген учкан куш. *Бекер олтурганча, бекер иште. *Эрте тургандын ырыскысы коп болот. *Бугунку ишти эртенкиге калтырба. *Откон омур-очкон от. *Текке кеткен бир саатты, жыл бою кууп жетпейсин. *Ар нерсенин оз убагы бар. *Уктаганы жатып тураарынды ойлон. *Убакыт алтындан кымбат. Ар бир айтылган накыл создордо терен ой жатат . Ошондуктан бул создор кылымдан кылымга отуп калбай келе жатат. (Ар бир макалды талкуулоо керек).

V. Жыйынтыктоо : Убакытты туура пайдалануу менен биз озубуздун он сапаттарыбызды онуктурууго, эмгекчилдикке, сергек жашоого мумкунчулук алабыз. Элибизде илгертен калган убакытка байланыштуу айтымдарды да кайталап койолу. *кеч киргенде ыксыз кулбойт, *беймаал убакта чач албайт, *карангыда кузгуго каранбайт, *тан азанда ыйлабайт, *кечинде оорулуунун абалын сурабайт, *карангыда туш жоорубайт, *кун чыкканча уктабайт, *беймаал убакта жатпайт, *танкы наарды(тамакты) таштабайт. *бироонукуно барсан, кечки тамагын кутпо ж.б.

Уйго тапшырма:

Бир кундук регламент тузуп келуу


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!