Датасы:______________ 1-2-3-группа
Датасы: ______________ 4-5-группа
Датасы: ______________ 6-группа
Датасы: ______________ 7-группа
Сабактын темасы: Презентация жана слайд. Microsoft Power Point программасы
Сабактын тиби: Жаны тема түшүндүрүү, билимдерди бышыктоо, билгичтиктерди жана көндүмдөрдү калыптандыруу сабагы;
Сабактын максаты:
-
Билим берүүчүлүк- Окуучулар презентация жана слайд жөнүндө маалымат алышат, билимин, билгичтигин калыптандырышат.
-
Өнүктүрүүчүлүк- Microsoft Power Point программасын ачууга, жөнөкөй слайд түзүүгө көнүгүшөт, ой жүгүртүүсүн өстүрүшөт;
-
Тарбия берүүчүлүк- Берилген тапшырмалар аркылуу тапкычтыкка, шамдагайлыкка, өз алдынча иштөөгө, тартынбастыкка мышка менен иштөөгө. Сабакта тынч отурууга жана көңүл бөлүүгө, сылыктыкка, ынтымакка, бирин-бири угууга тарбияланышат.
Окутуу каражаттары: методикалык адабияттар, интернет булагы www.iet.kg, www.infourok.ru
Маалыматтык технологиялар улуттук борбору «Компьютерди үйрөнүү курсу»
Жабдылыштар: компьютер, Microsoft Power Point программасы, слайд,
Сабактын методу: Иновациялык түшүндүрүү,
Сабактын формасы: компьютердик сабак
Сабактын планы:
-
Уюштуруучулук.
-
Мотивация.
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу-Окуучулар менен жылуу маанайда учурашып, журналга белгилөө
Бүгүнкү сабакта биз
-
Өткөн теманы кайталоо, бышыктоо;
-
Жаны тема боюнча маалымат алышат;
-
Бышыктоо үчүн көнүгүүлөрдү аткарышат;
-
Баалоо, үй тапшырма берүү, жыйынтык;
-
Окуучулардан күтүлүүчү натыйжалар: (окуучулар бул сабактын соңунда кандай деңгээлди көрсөтүш керек?)
Компетенциялар/ Деңгээлдер | Маалыматтык | Социалдык-коммуникативдик | Өзүн-өзү уюштуруу жана маселелерди чечүү |
Репродуктивдүү | Окуучу Microsoft Power Point программасын билишет | Окуучулар аталган теманы талкуулашат, ой бөлүшөт | Окуучулар Microsoft Power Point программасын үйрөнүшөт |
Продуктивдүү | Окуучулар Microsoft Power Point программасынын командаларын үйрөнүшөт | Окуучулар бири-биринен үйрөнүшөт жана талкуулайт | Microsoft Power Point программасынын иштерин, элементтерин билишет |
Креативдүү | Окуучулар Microsoft Power Point прогр-нын командаларын айырмалай алышат | Окуучулар Microsoft Power Point программасында иштегенди башкаларга үйрөтө алат | Окуучулар Microsoft Power Point программасын турмушта колдоно алышат |
Өтүлгөн темаларды кайталоо:
-
Microsoft Excel кандай программа?
-
Электрондук таблицада формуланы кантип жазабыз жана кантип эсептѳѳлѳрдү эсептейбиз?
-
Электрондук таблицада кандай функциялары бар?
-
Диаграмманын маанисин ѳзгѳртүү үчүн таблицанын мааниси керектелеби?
-
Электрондук таблицанын текстик редактордон айырмасы барбы? Кандай айырмасы бар?
Жаны тема:
-
Слайд деген эмне?
-
Слайд кайсы учурда колдонулат?
-
Слайд жасоо үчүн кандай иш-аракетти аткарабыз?
-
Слайд жасоочу программа эмне деп аталат?
Слайдды интерактивдүү доскадан, экарандан проектордун жардамы менен көрсөтүүгө болот.
Слайд жасоочу программа- Microsoft Power Point программасы деп аталат.
Power Point — кызыктуу презентацияларды даярдоо үчүн тиркеме. «Power Point» тиркемеси— презентацияларды уюштуруу системаларынын лидери.
Power Point-бул презентациялык программа. Ар кандай чогулуштарда, семинарларда, жыйындарда доклад жасоо үчүн, реферат, буклеттерди, дипломдук иштерди, курстук иштерди, татаал маалыматтарды түшүнүктүү түшүндүрүүдө, көргөзмөлөрдүн электрондук варианттын жасоо үчүн колдонулат.
Power Point программасынын терезесин ачуу үчүн:
Пуск-все программы- Microsoft office- Microsoft Power Point командаларын тандайбыз
Microsoft Power Point программасынын терезесинин структурасы:
«Power Point» тиркемесин иштеткенден кийин дароо эле бирнини слайды бар презентация
т
ерезеси ачылат; тиркеменин тапшырмалар областынын оң жагында «Ишке киришип жатып» тапшырмалар панели көрүнүп турат. Эгер экранда тапшырмалар панели жок болсо, анда меню панелинен «Көрүнүш– тапшырмалар областы» командасын тандаңыз. Оң жактан «Презентация жасоо» бөлүмүн тандаңыз, анда жаңы презентация тургузуунун мүмкүн болгон варианттары саналган:
Форматталбай турган жаңы презентация;
«Жасалгалоо шаблонунан» презентациясы;
мазмунунун структурасы алдын ала берилген «Автомазмун мастеринен» презентациясы;
«Мурунку презентациядан»… презентациясы
Фотоальбом
«Шаблондор» бөлүмүндө төмөнкү пункттар саналып берилген:
«Office Online» түйүнүндөгү шаблондор
Менин компңютеримде
Менин веб түйүндөрүмдө
Даяр темалар менен жаңы презентация түзүү үчүн «Создание презентации» терезесинен «Шаблондор» пунктунан ѳзүбүзгѳ жаккан шаблонду тандайбыз, «Создать» баскычын басабыз. Титулдук барактан турган тема ачылат.
Бул титулдук барак (заголовка жана подзаголовка) деген эки текстик бѳлүктѳн турат.
Калган слайддын барактарын ѳзүңүздүн ой жүгүртүүңүз боюнча кошо аласыз. Ал үчүн Главная менюсунан Создать слайд командасынын жанындагы кичинекей стрелканы бассак слайддын барактарынын макеттери ачылат.
С
лайддын барагынын макеттерин ѳзгѳртүүгѳ туура келсе, анда Главная менюсундагы макет командасынын жардамы менен керектүү барактын макетин ѳзгѳртѳ алабыз.
Презентацияда текстер менен иштѳѳ үчүн текстерди барактын «Заголовок слайда» и «Подзаголовок слайда» бѳлүмдѳрүн басуу менен текст киргизесиз.
Эгер презентациянын барактарында текс толтуруу бѳлүмдѳрү жок болсо анда:
-
Вставить-Надпись командаларынын жардамы менен текст киргизсек болот
-
Вставить-объект фигура- фигурага текст жазабыз
-
Вставить- объект Word Art командаларынын жардамы менен текстерди киргизүүгѳ болот.
Жаны теманы бышыктоо:
Жаңы презентация жасайбыз:
1. Тапшырмалар панелинин «Шаблондор» бөлүмүндө «Природа» пунктун басыңыз. Эгерде компьютер интернетке туташып турган болсо, Природа жѳнүндѳ шаблондор ачылат, ѳзүңүзгѳ жаккан шаблонду тандайсыз.
2. «Презентация түзүү» терезеси ачылат. Нажмите на вкладку
«Презентациялар» бөлүмүн баскыла, андан презентация түзүүнүн ар түрдүү ыкмаларын
көрөсүз.
3.«Жасалгалоо шаблондору» бөлүмүнөн сиз слайддарды жасалгалоонун колдонууга боло
турган тизмесин көрөсүз. «Пиксел» шаблонунун белгисин эки жолу басыңыз. Шаблон
слайдга презентация терезесинде колдонулат
Биринчи слайд структура режиминде ага колдонулган тандалган шаблон менен көрсөтүлөт, а тапшырмалар областында авторазметкалоо жыйнагы бар «Слайды разметкалоо» бөлүмүн тандаңыз. Үлгүнүн бирөөнө мыштын көрсөткүчүн коюңуз, макетти түшүндүрмөлөөчү жылып туруучу менюну көрөсүз. Үч бурчтукту басып, анын оң жагынан сиз мүмкүн болгон командалары бар тизмени ача аласыз («Белгиленген слайддарга колдонуу», «Макетти колдонуу», «Жаңы слайд кошуу»).
4. «Слайдын аталышы» жазуусу бар талааны басыңыз да презентациянын атын киргизиңиз. Биздин үлгүдө бул «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору» деген текст.
5. Негизги атка бир аз түшүндүрмө берүү үчүн «Слайддын аталыштарынын бири» талаасын басып «Кыргыз Республикасынын Парламенти» деп бөлүмдүн аталышын киргизиңиз.
6. «Стандарттуу» куралдар панелинин «Сактоо» кнопкасын басыңыз. Презентацияны сактоо терезеси ачылат.
7. Терезенин сол жагындагы «Жумушчу стол» папкасынын белгисин басыңыз. Андан кийин ар бирибиздин папкабыз жайгашкан «Окуучулар папкасын» ачынызды, ѳзүнүздүн папканызды басыныз.
«Файлдын аты» талаасына «КР мамлекеттик символдору» атын киргизип,
«Сактоо» кнопкасын басыңыз
Үй тапшырма: Кыргыз республикасынын символдорун билип келүү
Билимин баалоо: Сабакка активдүү катышып, берилген суроолорго туура, ойлонуп жооп берүүсүнө, бири-бирине оригиналдуу суроолорду берүүсүнө жана берилген ташырмаларды өз алдынча аткаруусуна жараша оозеки бааланат.