СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Стандарттык эмес сабактарды уюштуруудагы көрсөтмөлүүлүк

Нажмите, чтобы узнать подробности

Стандарттык эмес сабактар үчүн

Просмотр содержимого документа
«Стандарттык эмес сабактарды уюштуруудагы көрсөтмөлүүлүк»

Стандарттык эмес сабактарды уюштуруудагы көрсөтмөлүүлүк

Мектеп программасында берилген темалардын грамматикалык эрежелерин окуучуларга китептен окуп, жаттатып гана Тим болбостон, мугалим өзү терең талдап билип, аны практикада мисалдар менен айкалыштырып, окуучуларга жеткиликтүү түшүндүрүүнүн жолдорун ойлонуштуруп табуусу керек. Өзгөчө кесибин жогору баалап, өз ишине жоопкерчиликтүү караган мугалимге жалкоолук жат, кайдыгерлик кас болуу керек. Мугалим окутуунун эффективдүүлүгүн көтөрүүдө учурдун талабы болгон окутуунун активдүү формаларын, адатка айланбаган стандарт эмес сабактарды кеңири практикалоосу зарыл.

Адатка айланбаган сабакты өткөрүү үчүн мугалим төмөнкүлөрдү эске тутуусу керек:



-Адатка айланбаган сабак окутуу-тарбиялоонун негизги каражаттарынын бири болуп саналат. Ошондуктан мугалим сабактын билим-тарбия берүүчүлүк жана өнүктүрүүчүлүк максатын жакшы билүүлөр керек.



-Адатка айланбаган сабактын максатына мугалим чыгармачылык менен жыл боюнча ийгиликтүү иштегенде гана жетише алат.



-Адатка айланбаган сабакты өткөрүүдө ар бир окуучунун жана коллективдин (класстын) жекече өзгөчөлүктөрүн толук эсепке алуулары, алардын ар бирине туура мамиле кыла билүүлөрү керек.



-Адатка айланбаган сабакты өткөрүүдө ошол мектепте, райондо, республикада иштеген чыгармачыл мугалимдердин алдыңкы тажрыйбаларын пайдаланууну талап кылат.



-Сабакта окутуунун техникалык куралдарын ж.б. көбүрөөк пайдалануу керек. Сабакты өткөрүүгө окумуштуулар жана методистер, чыгармачыл мугалимдер көбүрөөк жардам берүүгө тийиш.



-Адатка айланбаган сабактын кайсы түрүн өтөрүн, теманын, материалдардын максатына, көлөмүнө карай тандап алат.



-Адатка айланбаган сабактын активдүү формаларын туура уюштуруу жана коюлган максатына жеткирүү үчүн мугалим алардын методикасын жакшы билүүлөрү аздык кылат, аны чыгармачылык менен иштөө гана керек.



Мындай сабактарга мисал катары төмөнкүлөрдү келтирсек болот:



1) Сабак-жомок;



2) сабак-аңгеме;



3) сабак-конференция;



4) сабак-пресс- конференция;



5) сабак-семинар;



6) сабак-сынак (зачет);



7) сабак-таймаш (мелдеш);



8) сабак-комплекс;



9) сабак-лекция;



10) сабак-экскурция;



11) сабак-консультация (жардам берүү сабагы);



12) сабак-практикум.

Бирок, бул сабактардын бардык эле түрүн башталгыч мектепте колдонууга болбойт. Биз төмөндө башталгыч класстарда кеңири практикаланып жүргөн жана окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө туура келүү менен алардын билимге болгон кызыгууларын туудуруп, өтүлө турган материалдын өздөштүрүлүүсүнө оң таасирин тийгизген, көпчүлүк мугалимдер тарабынан жактырылган сабак-жомок формасын кыргыз тилин окутууда сунуштайбыз.

Биринчи сабак-жомок.



Сын атооч жөнүндө жаңы-жомок.



Кыргыз тил сабагында колдонулуучу жомокту балалык кездеги чыныгы жомоктун түрү деш такыр эле болбойт. Тескерисинче, кыргыз тилин терең өздөштүрүү, окуучулардын логикалык ойлоосун, чыгармачылык активдүүлүгүн жогорулатуу, көңүл буруусун өстүрүү үчүн мугалим тарабынан колдонуучу методикалык ыкмалардын, окутуунун активдүү формаларынын бир түрү болуп саналат.



Мугалим сабакта жалаң гана көнүгүүлөрдү, ар кандай тапшырмаларды иштетүү же аткартуу менен гана чектелбестен, жомок түрүндөгү мелдештерди (таймаштарды), конкурстарды (сынактарды), же оюн диктанттарды, оюн тапшырмаларды, жомок-саякаттарды ж.б. колдоно алат. Ачык айтып коюу керек, оюнду ар бир мугалим өзүнүн чыгармачылык шыгына жараша ар түрдүү вариантта өткөрө алат. Себеби баланын табигый жаратылышы жомокту жакшы көрөт. Демек, грамматикалык, фонетикалык ж.б. ар кандай эрежелерди өздөштүрүү жомок мүнөзүндө болсо, анда окуучулар өтүлүп жаткан эрежелерди, материалдарды абдан жакшы өздөштүрүшөрү мектеп турмушунда белгилүү болду.



Кыргыз тил сабагында колдонулуучу сабактын мындай түрлөрү эне тилин окутуудагы негизги натыйжа берүүчү ыкмалардан деп кароо керек. Мындай жомокторду сабактын бардык этаптарында: өтүлгөн сабакты (теманы) кайталоодо, жаңы теманы түшүндүрүүдө, сабакты бышыктоодо ж.б. колдонууга да болот.



Мисалы: Мугалимдин «Сын атооч жөнүндө түшүнүк» деген теманы төмөндөгүдөй мазмунда түшүндүрүшүн сунуш кылабыз.

Мугалимдин сөзү: Кымбаттуу балдар! Бүгүн силер менен «Сын атооч жөнүндөгү түшүнүк» деген жаңы жомокту өтөбүз, жакшылап угуп, кунт коюп, тыңшагыла.



Эң кооз, эң укмуш жана абдан маанилүү асыл мурастарды ата-бабаларыбыз укум-тукумга белек кылып калтырды. Ал - сууга жуулбас, отко күйбөс, алааматтарда кыйрабас улуу сөз. Мына ушуларды биз жакшы билишибиз керек. Бул үчүн биз ата-бабаларыбызга көп-көп милдеттүүбүз, буга макулсуңарбы?

Кана эмесе, кымбаттуу балдар, жаңы жомокту баштайбыз.



Илгери, илгери, өткөн заманда жан-жаныбар аманда өзү сулуу, акылдуу, адилеттүү, жакшы адам болгон экен. Анын аты Сын атооч болуптур. Муну чечмелесек, балдар, аты Сын, атасынын аты Атооч экен.



Күндөрдүн биринде өзүнүн эң жакшы көргөн кадырлаш, санаалаш достору Сапатык сын, Катыштык сын жана балдары Жай, Салыштырма, Күчөтмө, Басаңдатма сындарды ээрчитип, Морфология деген өлкөгө саякатка чыгышкан дешет. Жай айы экен. Күн жылуу болуп, жумшак, коңур, салкын жел согуп туруптур. Айлана жымжырт болуп, кызыл-тазыл, агыш, көгүш, ар түрдүү гүлдөр менен курчалган экен.



Бийик тоого чыгышып, айланага көз чаптырышат. Тоонун этегиндеги аппак жана капкара мрамор менен салынган өтө бийик, абдан кооз Ак үйдү көрүшөт.



Алар аң-таң калышат. – Мындай үйдү ким салган? – дешип, бири-бирине суроо беришет. Анда акылдуу, токтоо Сын атооч ата ойлонуп туруп, бул жерде Зат атооч деген хан жашарын айтат.



Кеч кирип кеткендиктен, Ак үйгө барып конууну чечишет. Хан периштелери аркылуу алардын келерин билип, жолунан тосуп чыгат. Келген конокторду көрүп, абдан сүйүнүп кетет, себеби чоң Ак үйдө ханыша экөө гана жашашчу эле.



Конокторду кооз, узун, кенен, жасалгалуу үйгө киргизет. Сүйлөшүп отурушуп, Зат атооч хан мындай деп, сөзүн баштайт:



-Ханыша, биз көптөн бери жалгыз жашап, жалгыз бойлуктун азабын көп тарттык. Эгер Сын атооч макул болсо, биз аны бала кылып, асырап алалы, чогуу, биргелешип жашайлы, -дейт.



Сын атооч буга макул болот да, бирге жашап калышат. Ошондон улам, заттын өңү-түсүн (кызыл,сары, капкара, көк, жашыл), көлөмүн (чоң, кичине), формасын (тоголок, тегерек, сүйрү, ийри), даамын (ачуу, таттуу, кычкыл), сапатын (жакшы, жаман, сулуу, кооз) билдирип, кандай? кайсы? деген суроолорго жооп берген сөздөр Сын атооч деп аталып калган экен.

Кийинчирээк Сын атооч ата дагы эки балалуу болуптур. Биринин атын Жөнөкөй, экинчисинин атын Татаал деп коюптур. Жөнөкөйүнүн аты бир сөздөн (ак, сары, сонун, кооз, жашыл, күрөң ж.б.), татаалынын аты эки же андан көп сөздөн (ак саргыл, кара кочкул, кызыл ала, кара чаар, көк ала ж.б.) куралыптыр.



Дагы бир кызыгы, балдар, кийинчирээк Синтаксис деген байдын жигити болгон аныктоочтун кызматын ушул күнгө чейин өз эрки менен аткарып калган дешет.



Мугалим сын атоочту түшүндүрүп бүткөндөн кийин бышыктоо максатында төмөндөгүдөй суроолорду коёт: Сын атооч ким экенин чечмелеп бергиле? Сын атооч кимдерди ээрчиткенин, Ак үйдү көргөндө эмне дегенин айтып бергиле? Сын атооч деген ким экенин түшүндүргүлө, алар Зат атоочтун эмнесин билдирерин, ага берилүүчү суроолорун далилдегиле? Сын атоочтун Синтаксис деген байдын жигити аныктоочтун кызматын эмне үчүн аткарып калганын мисал келтирүү менен далилдегиле? Жомоктогу мисалдардын үлгүсүндө Сын атоочко кандай сөздөр кирерин санагыла? Эмне үчүн Зат атооч менен Сын атооч Морфология деген өлкөдө бирге жашап калышты? Жомоктон силер Сын атооч жөнүндө кандай жаңылыкты билдиңер? ж.б.

Мугалим мындай бышыктоодон кийин жогорку жомокту төмөндөгүдөй мазмунда кайра улантат.

Мугалимдин сөзү: Кана, балдар, силер Сын атооч атанын Сапаттык сын, Катыштык сын деген жоро-жолдошторун, Жай, Салыштырма, Күчөтмө, Басаңдатма деген балдарын жакшылап билгиңер келсе, ал мындай экен:



Сапаттык сын деген себеби кандай? деген суроого жооп берип, Зат атооч хандын сапатын билгизип калган экен. Мисалы: кызыл гүл, бийик тоо, сулуу кыз, шайыр жаштар, жакшы бала, ак пахта, кооз килем, кең көчө, бийик үйлөр ж.б.



Катыштык сын атооч болсо, ар түрдүү мүчөлөрдүн жардамы менен жасалган экен. Мисалы: ойчул адам, кумдак жер, маданияттуу бала, келбеттүү кыз, тоодой толкун, алатоолук малчылар, ысыккөлдүк жаштар, көгүлтүр деңиз ж.б.



Мугалимдин мына ушундай жомогунан (жомок-сабагынан) кийин өтүлгөн сабакты бышыктоо башталат. Бышыктоодо төмөндөгүдөй суроолордун берилиши мүмкүн:

Кандай? деген суроого жооп берген сөздөргө оозеки мисал келтиргиле? Аларга мүчө улап, зат атоочтор менен жанаша колдонгула? Аныктооч менен аныктагычка мисал ойлоп тапкыла, аныктоочтун милдетин сын атооч аткарып тургандай болсун. Төмөнкү үлгүгө салып, сөз айкашын түзгүлө: Сын атооч + зат атооч. Андагы сөздөргө суроо берүү аркылуу далилдегиле. Сын атоочко төмөндөгүдөй мүчөлөрдү улап, көчүрүп жазгыла: =чыл, =лак, -луу,



-дай, =лык. Алардын эмне үчүн катыштык сын экенин далилдегиле.



Синтаксис бөлүгүн өткөндө да мугалим жомокту пайдаланып, сабак өтө алат.



Мугалим ІV класстагы айтылыш максатына карай сүйлөмдүн жай, суроолуу, илептүү жана буйрук болуп бөлүнүшүн жомок түрүндө төмөндөгүдөй өтсө да болот.

Экинчи сабак-жомок.



Тыныш белгилеринин талашы жөнүндөгү жаңы жомок.



Мугалимдин сөзү: Кымбаттуу, балдар! Силер бул жаңы жомокту али уга элексиңер жана билбейсиңер. Көңүл коюп угуп, башка балдарга да айтып бергиле. Тээ байыркы өткөн заманда, жан-жаныбар аманда, Пунктуация деген өрөөндө Чекит, Суроо, Илеп деген тыныш белгилери абдан ынтымактуу жашашыптыр, балдар!



Күндөрдүн биринде төртөө ойноп отурушуп, мен күчтүүмүн, сен күчсүзсүң, мен жакшымын, сен жамансың дешип, өз ара катуу талашып кетишкен экен.



Чекит тигилерге карата: - Силерге караганда мен күчтүүмүн, себеби ар бир сүйлөмдү мен бүтүрөм, мен бүтүрбөгөн сүйлөм болбойт. Ал эми жайылма сүйлөм болсо, элге жаңылыкты кабарлайт.



Анда суроо белгиси сөз алып: - Баарыңардан мен күчтүүмүн, менсиз адам баласы жашай албайт. Мен сүйлөмдүн аягына келгенде, дайыма суроо белгимди коём. Адамдар суроосуз бири-бири менен сүйлөшө алышпайт да, -дейт.



Илеп белгиси:-Жок, экөөңөрдүн мактанганыңар такыр туура эмес, баары бир мага жетпейсиңер, - деп сөз баштайт, илеп белгиси. Мен адамдарга жакшы сезим алып келем, менсиз аларда сүйүнүч, кубаныч, өкүнүч жок, -дейт.



Булардын талашын угуп турган Синтаксис чоң ата:

- Айланайын балдарым, мындай чекиликти койгула. Ар дайым ынтымактуу жашагыла! Эл үчүн кызмат кылгыңар келеби? – деп сурайт. Бардыгы: - Ооба чоң ата, дешип жооп беришет. Анда, балдарым, менин жогорку айтканымды уктуңарбы? Баарыңар бирдей эле керексиңер, баарыңардын аткарган милдетиңер, кылган кызматыңар арбын. Бири-бириңерсиз жашай албайсыңар. Чоң атаңар да силерсиз күн көрө албайт, балдарым, - деген экен.



Мугалим жогоркудай жомокту өтүп бүткөндөн кийин бышыктоого өтөт. Оозеки бышыктоодо жомоктун мазмунуна ылайык төмөндөгүдөй суроолордун берилиши мүмкүн.



-Силер бул жомоктон эмнени түшүндүңөр? Жомоктун мазмунун кыскача айтып бергиле? Чекит, Суроо жана Илеп белгиси качан коюлары жөнүндө өз түшүнүгүңөрдү далилдегиле. Чекит, суроо, илеп белгилерине оозеки мисал келтирип, сүйлөм түзгүлө ж.б.



Үчүнчү сабак-жомок.



Ат атооч деген ким эле?



Мугалимдин сөзү: Тээ, байыркы өткөн заманда өзү абдан акылдуу, чынчыл, калыстыгы как жарган Ат атооч деген адам жашаган экен. Аялы күн нуруна күндө жуунуп, таза жүргөн сулуу аял болуптур. Ал сууга чайынып, тарангандан кийин тим эле айдай суйкайып калчу дешет. Бирок булар көп жылы бала көрбөй жүрүшүп, кудайдан көп тилешкен экен.



Күндөрдүн биринде булардын тилеген тилеги кабыл болуп, үч уулдуу, үч кыздуу болушуптур. Үч уулуна атты атасы Ат атооч, үч кызына атты энеси коюптур, балдар!



Балалуу болгон Ат атооч ата көпкө ойлонуп отуруп, заттын атын же алардын белгилерин атабай, аларды жалпылап көрсөтүүчү сөздөрдү тандап коюптур.



Эң улуу уулунун аты Жактама экен. Ага мен, сен, сиз, ал, биз, силер, сиздер, алар деген сөздөрдү, экинчи уулуна Шилтеме деген ат коюп, ага дагы бул, тигил, ошол, тетигил деген сөздөрдү, үчүнчү уулуна Сурама деген ат коюп, ким?, эмне?, кайсы?, кандай?, кайда?, качан? деген сөздөрдү ар бирине атайылап энчилеп бериптир.

Күндөрдүн биринде аялы кыз төрөптүр. Акылдуу эне Ат атоочко кеңешип, сен, уулдарыңарга атты өзүң койдуң, ар бирине тиешелүү сөздөрдү да энчилеп бердиң. Эгер капа болбой, калыстык кылсаң, кыздарыма атты өзүм коёюн, сенин жолуңду жолдоп, мен да кыздарыма өз аттарына ылайык келген сөздөрдү энчилеп берейин, - дептир. Акылдуу ата бул айтылган жүйөөлүү сөзгө абдан ыраазылыгын билдирип макул болуптур. Биринчи кызына Тангыч деген ат коюп, ага эч ким, эч качан, эч кандай, эч кайда, эч бир, эч нерсе деген сөздөрдү, экинчи кызына Аныктама деген ат коюп, баары, бүткүл, бардыгы, өзүм, ар бир, ар кандай, ар кайсы, ар ким деген сөздөрдү, үчүнчү Белгисиз деген кызына кимдир бирөө, кандайдыр бир, алда кандай, алда эмне, качанкы бир деген сөзөрдү энчилеп бериптир. Энеси эң кичинекей кызын эркелетип, Күдүк деп да чакырчу экен.



Күндөрдүн биринде Ат атооч ата уул-кыздарын чакырып алып:



- Силердин кызматыңар, иштеген ишиңер да болуп жатат. Кошумча дагы баш (ээ, баяндооч) жана айкындооч мүчөлөрдүн (аныктооч, толуктооч, бышыктооч) милдетин аткарасыңар. Бул силердин эл үчүн кылган зор кызматыңар болот, – дейт. Буга Ат атооч атанын балдары макул болушат. Ошентип, Ат атоочтор ошондон баштап, сүйлөм мүчөлөрүнүн милдетин аткарып, жыргап жатып калышкан экен.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!