СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сүйлөм, анын негизги белгилери. Сүйлөмдүн айтылыш максатына карай бөлүнүшү

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сүйлөм, анын негизги белгилери. Сүйлөмдүн айтылыш максатына карай бөлүнүшү боюнча сабактын слайды 8-кл

Просмотр содержимого документа
«Сүйлөм, анын негизги белгилери. Сүйлөмдүн айтылыш максатына карай бөлүнүшү»

Кыргыз тили 8-класс Мугалими: Мырзагелдиева Э.К.

Кыргыз тили

8-класс

Мугалими: Мырзагелдиева Э.К.

Калем биздин кетменибиз,  Дептер биздин кабыбыз.  Чогултабыз билимди,  Төкпөй-чачпай баарысын.

Калем биздин кетменибиз, Дептер биздин кабыбыз. Чогултабыз билимди, Төкпөй-чачпай баарысын.

Бүгүн сабакта: Сүйлөм, анын негизги белгилери. Сүйлөмдүн айтылыш максатына карай бөлүнүшү

Бүгүн сабакта:

Сүйлөм,

анын негизги белгилери.

Сүйлөмдүн айтылыш

максатына карай

бөлүнүшү

Сабактын максаты: Сүйлөмдөрдүн айтылыш максатына карай төрт топко бөлүнүшү тууралуу бимдерин калыптандыра алышат; Сүйлөм аягына туура тыныш белги коюуга көнүгүшөт.

Сабактын максаты:

  • Сүйлөмдөрдүн айтылыш максатына карай төрт топко бөлүнүшү тууралуу бимдерин калыптандыра алышат;
  • Сүйлөм аягына туура тыныш белги коюуга көнүгүшөт.
Жаңы тема: Сүйлөм Тилдин ички мыйзам ченемдүүлүгүнө ылайык грамматикалык жактан уюмдашылып, кадыресе ойду билдирген кеп бирдиги сүйлөм деп аталат. Буйруктуу сүйлөм Илептүү сүйлөм Суроолуу сүйлөм Жай сүйлөм Илептүү сүйлөм жашоо-тиричиликте болуп жаткан же болуп өткөн ж.о.э. боло турган окуялар, кубулуштар, жөнүндө адамдын чын көңүлүнөн, ички эмоциясынан чыккан сүйлөм. Маалымат, кабар алуу максатында айтылган сүйлөм . Сүйлөөчүнүн айлана-чөйрөдө, чындык турмушта болуп жаткан окуяларга, түшүнүккө, кубулушка ж.б. ар кандай нерселерге болгон оюн жайынча гана баяндайт. Сүйлөп жаткан адамдын, айтуучунун эркин тилегин, өтүнүчүн, буйругун билдирген сүйлөм.

Жаңы тема:

Сүйлөм

Тилдин ички мыйзам ченемдүүлүгүнө ылайык грамматикалык жактан уюмдашылып, кадыресе ойду билдирген кеп бирдиги сүйлөм деп аталат.

Буйруктуу сүйлөм

Илептүү сүйлөм

Суроолуу сүйлөм

Жай сүйлөм

Илептүү сүйлөм жашоо-тиричиликте болуп жаткан же болуп өткөн ж.о.э. боло турган окуялар, кубулуштар, жөнүндө адамдын чын көңүлүнөн, ички эмоциясынан чыккан сүйлөм.

Маалымат, кабар алуу максатында айтылган сүйлөм .

Сүйлөөчүнүн айлана-чөйрөдө, чындык турмушта болуп жаткан окуяларга, түшүнүккө, кубулушка ж.б. ар кандай нерселерге болгон оюн жайынча гана баяндайт.

Сүйлөп жаткан адамдын, айтуучунун эркин тилегин, өтүнүчүн, буйругун билдирген сүйлөм.

  Тилдин ички мыйзам ченемдүүлүгүнө ылайык грамматикалык жактан уюмдашылып, кадыресе ойду билдирген кеп бирдиги сүйлөм деп аталат.  Мисалы : Көргөн жанды суктандырган Ысык-Көлүбүз бар. Эрдик күрөштө туулат.  Сүйлөм деген эмне - бул жөнөкөй тил менен айтканда сөздөрдүн чекитке чейинки жыйындысы десек да болот, бирок тигил же бул деп оюбуздан чыгарбай так маалыматты билип алалы.

Тилдин ички мыйзам ченемдүүлүгүнө ылайык грамматикалык жактан уюмдашылып, кадыресе ойду билдирген кеп бирдиги сүйлөм деп аталат.

Мисалы : Көргөн жанды суктандырган Ысык-Көлүбүз бар. Эрдик күрөштө туулат.

Сүйлөм деген эмне - бул жөнөкөй тил менен айтканда сөздөрдүн чекитке чейинки жыйындысы десек да болот, бирок тигил же бул деп оюбуздан чыгарбай так маалыматты билип алалы.

Сүйлөмдүн айтылыш максатына карай бөлүнүшү  Айтылып жаткан кептин мазмунун, чындыкка карата болгон мамилесин билдирүү максатына жана баяндалып жаткан ойдун кырдаалына карай сүйлөмдөр жай, суроолуу, буйруктуу жана илептүү болуп төрткө бөлүнөт. Жай сүйлөм  Жай сүйлөм сүйлөөчүнүн айлана-чөйрөдө, чындык турмушта болуп жаткан окуяларга, түшүнүккө, кубулушка жана башка ар кандай нерселерге карата болгон оюн жайынча гана баяндайт. Ошондуктан ал жай сүйлөм деп аталат. Мисалы: Жеңишбек менен Микола-Аскер Акиянын колунда. (Т.С.) Токтогулдун санаасы каптагы кумдай чууруду. (А.Т.)

Сүйлөмдүн айтылыш максатына карай бөлүнүшү

Айтылып жаткан кептин мазмунун, чындыкка карата болгон мамилесин билдирүү максатына жана баяндалып жаткан ойдун кырдаалына карай сүйлөмдөр жай, суроолуу, буйруктуу жана илептүү болуп төрткө бөлүнөт.

Жай сүйлөм

Жай сүйлөм сүйлөөчүнүн айлана-чөйрөдө, чындык турмушта болуп жаткан окуяларга, түшүнүккө, кубулушка жана башка ар кандай нерселерге карата болгон оюн жайынча гана баяндайт. Ошондуктан ал жай сүйлөм деп аталат. Мисалы: Жеңишбек менен Микола-Аскер Акиянын колунда. (Т.С.) Токтогулдун санаасы каптагы кумдай чууруду. (А.Т.)

Суроолуу сүйлөм  Маалымат, кабар алуу максатында айтылган сүйлөмдөр суроолуу сүйлөмдөр деп аталат. Мындай сүйлөмдөр угуучуга тике багыттала кайрыла айтылып, суроолуу жана жооп күтүү мүнөздө болот. Мисалы: - Канча араба замбиректин огу бар? -Алты. -Командир кайда? -Сол флангада. (Дм. Ф.)

Суроолуу сүйлөм

Маалымат, кабар алуу максатында айтылган сүйлөмдөр суроолуу сүйлөмдөр деп аталат. Мындай сүйлөмдөр угуучуга тике багыттала кайрыла айтылып, суроолуу жана жооп күтүү мүнөздө болот. Мисалы:

- Канча араба замбиректин огу бар?

-Алты.

-Командир кайда?

-Сол флангада. (Дм. Ф.)

Буйрук сүйлөм  Сүйлөп жаткан адамдын, айтуучунун эркин, тилегин, өтүнүчүн, буйругун билдирген сүйлөм буйрук сүйлөм деп аталат. Мисалы: Окугула! Азыр жооп бересиңер! Токтогула! Кайда бара жатасыңар? Укпайсыңарбы! Өз билгениңди кыл!  Буйрук сүйлөм жайынча гана айтылса, аягына чекит, буйрук иретинде айтылса, илеп белгиси коюлат. Мисалы: Укпайт деп, шыбаба, көрбөйт деп, пара алба. Тынчтангыла! Азыр сабак башталат! Кана эмесе, машинага олтургула! Илептүү сүйлөм  Илептүү сүйлөм жашоо-тиричиликте болуп жаткан же болуп өткөн жана ошондой эле боло турган иштер менен окуялар, кубулуштар менен көрүнүштөр, түшүнүктөр менен нерселер жөнүндө адамдын чын көңүлүнөн жана ички-эрк сезиминен, ички эмоциясынан чыккан кабарды билдирүү максатында айтылган сүйлөмдөр илептүү сүйлөм деп аталат. Мисалы: Ой, бали, чертет экен да! (К.К.)

Буйрук сүйлөм

Сүйлөп жаткан адамдын, айтуучунун эркин, тилегин, өтүнүчүн, буйругун билдирген сүйлөм буйрук сүйлөм деп аталат. Мисалы: Окугула! Азыр жооп бересиңер! Токтогула! Кайда бара жатасыңар? Укпайсыңарбы! Өз билгениңди кыл!

Буйрук сүйлөм жайынча гана айтылса, аягына чекит, буйрук иретинде айтылса, илеп белгиси коюлат. Мисалы: Укпайт деп, шыбаба, көрбөйт деп, пара алба. Тынчтангыла! Азыр сабак башталат! Кана эмесе, машинага олтургула!

Илептүү сүйлөм

Илептүү сүйлөм жашоо-тиричиликте болуп жаткан же болуп өткөн жана ошондой эле боло турган иштер менен окуялар, кубулуштар менен көрүнүштөр, түшүнүктөр менен нерселер жөнүндө адамдын чын көңүлүнөн жана ички-эрк сезиминен, ички эмоциясынан чыккан кабарды билдирүү максатында айтылган сүйлөмдөр илептүү сүйлөм деп аталат. Мисалы: Ой, бали, чертет экен да! (К.К.)

Бышыктоо: 107 бет;  108-көнүгүү.  Окугула. Айтылыш максаты боюнча кайсы сүйлөм экенин ажыраткыла. Суроолуу сүйлөмдөрдү көчүрүп жазгыла .

Бышыктоо:

107 бет; 108-көнүгүү. Окугула. Айтылыш максаты боюнча кайсы сүйлөм экенин ажыраткыла. Суроолуу сүйлөмдөрдү көчүрүп жазгыла .

Жыйынтыктоо: Сүйлөмдөрдүн айтылыш максатына карай канчага бөлүнөт?  Кандай сүйлөмдүн аягына кандай тыныш белгилер коюлат?

Жыйынтыктоо:

Сүйлөмдөрдүн айтылыш максатына карай канчага бөлүнөт? Кандай сүйлөмдүн аягына кандай тыныш белгилер коюлат?

Үй тапшырма: 110-бет;  111-көнүгүү.  Көркөм чыгармалардан жай, илептүү, суроолуу жана буйрук сүйлөмдөрдүн ар бирине экиден мисал жазгыла.

Үй тапшырма:

110-бет; 111-көнүгүү. Көркөм чыгармалардан жай, илептүү, суроолуу жана буйрук сүйлөмдөрдүн ар бирине экиден мисал жазгыла.

Кийинки сабакка чейин саламатта  болгула!

Кийинки

сабакка

чейин

саламатта

болгула!


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!