Социалдык педагогдун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары
Социалдык педагогдун ишмердүүлүгүнүн максаты:
баланын инсандык өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
баланын өсүп-өнүгүүсү үчүн комплекстүү көмөк көрсөтүү;
баланы жашоо мейкиндигине коргоо, кам көрүү
№ | Ишмердүүлүктүн багыттары | Мазмуну |
1 | Бардык жаш курактагы балдардын социалдык жана инсандык көйгөйлөрүн аныктоо максатында социалдык-педагогикалык изилдөө | класстардын социалдык паспортун жүргүзүү окуучулардын үй-бүлөдөгү маданий-тиричилик мамилелерин талдоо жана үйрөнүү мектептин моралдык-психологиялык фонун талдоо жана үйрөнүү айылдагы, региондогу социалдык-маданий борборлорду талдоо үй-бүлөлөргө социалдык-педагогикалык диагноз коюу |
2 | Баланын укугун социалдык-педагогикалык жактан коргоо | -социалдык коргоого муктаж болгон балдарды аныктоо (инвалид балдар, зээндүү жаштар, багууга, кароого алынган балдар) -окуучулардын кызыкчылыгын, укугун коргоо (өзгөчө соттордо, педсоветтерде, прократурада) - чоңдор тараптан кысымчылыкка, агрессияга дуушар болгон балдарды коргоо жана жекече колдоо көрсөтүү |
3. | Окуучунун инсадык калыптанышында үй-бүлөгө социалдык-педагогикалык көмөк көрсөтүүнү камсыздоо | жагдайы жок үй-бүлөлөрдү аныктоо толук эмес үй-бүлөлөрдү, психикалык-физиологиялык проблемалары, балдарды багып алган үй-бүлөлөр жөнүндө база түзүү үй-бүлөлөрдө сергек жашоонун нормаларын, педагогикалык-психологиялык нормалар жөнүндө агитация жүргүзүү руханий-байлыктар, баалуулуктар жөнүндө билимдерин жогорулатуу окуу-тарбия процессине ата-энелерди тартуу социалдык-педагогикалык проблемалар боюнча ата-энелер, коомчулук, мугалимдер, окуучулар үчүн “тегерек столдорду”, конференцияларды, семинарларды өткөрүү |
4 | Социалдык-педагогикалык консультациялар | уюштуруу жана өткөрүү окуучуларга кесиптик багыт берүүгө консультацияларды өткөрүү ар кандай социалдык-педагогикалык проблемалар боюнча ата-энелер, мугалимдер, коомчулук, окуучулар үчүн консультацияларды өткөрүү |
5 | Социалдык-педагогикалык профилактика, коррекция, реаблитация | профилактикалык иштерди жүргүзүү “риск тобундагы” балдар менен иштөө окуучулардын арасында сергек жашоо жөнүндө билим берүү жана ар кандай турмуштун кырдаалына туш келген балдарды реаблитация көрсөтүү |
6 | Баланын инсандык өсүп-өнүгүшү үчүн социалдык-педагогикалык чөйрө түзүүгө багытталган иштерге көмөк көрсөтүү | социалдык-педагогикалык, окуу-тарбия иштерин пландаштырууда жана уюштурууда мектептин админинистрациясынын көңүлүн окуучулардын, ата-энелердин, коомчулуктун проблемаларын эске алуусуна түрткү берүү ата-энелер, мугалимдер, окуучулардын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү |
7 | өспүрүмдөрдүн, балдардын социалдык-баалуулук ишмердүүлүктөрүн колдоо (волонтер, долбоор түзүү) | оорулууларга, ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарга, жакырларга камкордук көрүү кары-картаңдарга мээримдүүлүк иштерди жүргүзүү шаарды, айылды, эстеликтерди тазалоо, жашылдандыруу ж.ж.б. ар кандай чыгармачылык жана инсандык баалуулуктарды калыптандыруучу иш- аракеттерди жүргүзүү жана уюштуруу |
8 | Уюштуруучулук –методикалык ишмердүүлүктөр | социалдык-педагогикалык ишмердүүлүктөргө талдоо жүргүзүү жана жалпылоо социалдык-педагогикалык методикалык семинар, конференцияларга катышуу социалдык-педагогикалык проблемалар боюнча окуп-үйрөнүлгөн методикалык адабияттар, методикалык изилдөөлөрдү чогултуу жана база түзүү |
Мындан сырткары эгерде мектепте ата-энеси жок тоголок жетим балдар болсо жана аларды багып алуу проблемалары келип чыкса, социалдык педагог ошол баланын укугун жана кызыкчылыгын көздөш керек. Ар кандай категориядагы балдарды багып алуу, ата-энелердин укугунан ажыратуу, ата-энелердин балага жасаган ырайымсыз мамилелери, балдарды кылмыш ишине тартуу ж.б. проблемалары чыккан убакта атайын нормативдик документтердин негизинде иш алып баруусу зарыл.
Социалдык педагогдун кесиптик сапаттары: ачыктык, кең пейилдүүлүк, эмпатия, деликатуулук, конкреттүүлүк, нарктуулук, табигыйлуулук.
Принциптери: мамиле түзө билгичтүүлүк, инсанга багытталуучулук, инсанды кабыл алуусу, конфиденциалдуулук (сыр сактоо).
Функциялары: талдоочулук-диагносточулук, прогностук, уюштуруучулук-коммуникативдик, коррекциялык, социалдык-профилактикалык, координациялоочулук-уюштуруучулук, социалдык-педагогикалык окуучуларга жардам көрсөтүүчүлүк, психикалык-терапиялык, ортомчулук, өз алдынча билим алуучулук.
Методдору: инсанды, социумду, үй-бүлөнү диагностикалоо методу, оозеки сөз (баяндоо, аңгеме, түшүндүрүү, дискуссия, лекция), тарбия методдору (ынандыруу, үйрөтүү, мактоо, жазалоо, мотивация, иш арактке тартуу), уюштуруучулук-тартипке салуу методдору (инструкция берүү, нормага салуу, көзөмөл, текшерүү, аткаруу, сын-пикир) Бул методдор социалдык педагог жактан төмөндөгүдөй учурда колдонулат:
Баланын проблемасын аныктагандан кийин;
Инсандык өзгөчөлүгүгүнө карата;
Үй-бүлөдөгү мамилелердин деңгээлине жараша;
Адистин өзүнүн кесиптик мүмкүнчүлүгүнө жараша
Социалдык педагогдун ишин пландаштыруу
Социалдык педагогдун пландарынын ар кандай формалары пайдаланылат:
жылдык, жарым жылдык (мындан да чоң мөөнөт менен пландаштырса болот);
чейректик, айлык., жумалык ( бул пландар циклограмма формасында берилсе да болот)
ар кандай ишмердүүлүктөрдүн өзүнчө пландаштыруулусу зарыл
Соцпедагог үчүн төмөндөгү документтер болушу зарыл:
мектептин микросоциумунун социалдык педагогикалык мүноздөмөсү
социалдуу педагогикалык проблемалуу балдардын Медициналык-психологиялык-педагогикалык мүнөздөмөсү (Конфеденциалдуу болуш керек)
мектептин жетекчиси бекиткен стратегиялык план
Соцпедагогдун отчеттулугу:
Отчетто төмөндөгү маалыматтар болушу зарыл:
ата-энесинин кароосузу калган балдардын, мектеп окуучуларынын саны
балдардын кызыкчылыгын жана укутарын коргоо боюнча календардык мезгил ичинде аткарылган иштер жөнүндө
соцпедагогдун карамагындагы балдардын өздөштүрүүсү жана ден-соолугу жөнүндө
соцпедагогдун көзөмөлүндөгү окуучулардын жайкы эс алуулары жөнүндө
жашы жетпеген балдарга көрсөтүлгөн материалдык жардамдар жөнүндө
окуучулардын жана бүтүрүүчүлөрдүн саны
Бул маалыматтар статистикалык маалыматтар менен кошо берилиши керек.
Статистикалык отчеттун болжолдуу формасы:
Мектеби-----------------------окуу жылы----------------------- соцпедагогдун аты, жөнү--------------------- категориясы--------------------------
Жумуш ордунун жабдылышы: кабинет барбы---------------------- компьютер, телефон барбы---------------- абалы--------------------(иштебейт, иштейт)
Ишмердүүлүктөрдүн негизги багыттары:-------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------
Методикалык камсыз болушу: мектеп жайланышкан айылдын, мектептин, класстын социалдык паспорту; социалдык-педагогикалык муктаж болгон балдардын маалыматтык базасы, жекече консультациялар, чыгып сүйлөгөн сөздөрдүн, отчеттук журналдар; методикалык-педагогикалык адабият жрналдар.
Ишмердүүлуктун түрлөрү боюнча:
өткөрүлгөн консультациялардын саны (бардыгы)---------- анын ичинен: башталгыч класстар үчун, кайсы поблемалар боюнча-----------------------------------------------------
орто класстар үчүн-------------------------------------------------проблемалар
жогорку класстар үчүн----------------------------------------------- проблемалар
ата-энелер үчүн----------------- проблемалар--------------------------------------------------
мугалимдер үчүн----------------------------- проблемалар-----------------------------------
түзөөтүүчү сабактардын саны (баары)----------------- анын ичинен жекече-----------------топтук---------------- окуучулардын саны---------------- ата-энелердин саны--------------темалары-------------------------------------------------------------------------------
проблемалар боюнча жүргүзүлгөн диагностиканын саны---------------------------
окуучулардын укук бузууларынын саны--------------статьясы----------------------
кылмыш бузуулардын саны------------------ статьясы------------------------------------
негизги иш-аракеттер (профилактикалык ж.б.)