СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

С?р?т сабагынан Улуттук баш кийимдер темасында сабактын иштелмеси

Категория: ИЗО

Нажмите, чтобы узнать подробности

Биз тилибиз менен, улуттук каада салттарыбыз менен, улуттук мамлекеттик символикаларыбыз менен улуттук кийимибиз менен да?азаланабыз. Адамдар болжолу 100 000 жыл илгери сууктан сактануу максатында кийим кие башташкан. Мындан 25 000 ми? жыл мурун байыркы а?чылар айбанаттардын терисинен, куштардын канатынан, ч?п – чарлардан кийим даярдашып кийишкен. Адамдар дыйканчылык менен мал чарбачылыгына ?т?п, пахта, малдын ж?н?н иштетип алардан кийим тигип келишкен. Климаттык жана табигый шарттарга байланыштуу кийимдин ар кандай т?рл?р? пайда болгон. Калктар менен улуттардын калыптанышы улуттук кийимдердин жаралышына алып келген. Улуттук кийимдерден элдин нускалуу салттары, тапкычтыгы, к?рк?м табити, саймачылык ?н?рл?р? менен к?р?н?п турат. Кыргыз элинин улуттук кийимдери к?ркт??, жарашыктуу жана ы?гайлуу. Кийим – адамдын денесин тышкы ч?йр?н?н ар кандай жагымсыз таасирлеринен коргоочу буюм. Кийим элдин чарбалык-маданий жашоосуна жана жашаган ч?йр?г? ылайыкталган, кийим адам баласынын жаш курактарына карата б?л?нг?н. Кыз-келиндер ??? ачык, т?ст?? кездемелерден кийинген. Аялдардын кийимдери жаш ?зг?ч?л?кт?р?н? карата ар кандай кооздуктар, оймо-чиймелер менен к?рк?мд?лг?н. Кыргыз улуттук кийимдеринин символу Ак калпак менен Ак элечек. Кыргыз элинин ?м?р? канча кылымга созулса, кыргыз элинин калпагы менен ак элечегинин ?м?р? ошондой уламалуу санжыра. Азыркы учурда ж?з?б?зд? д?йн?г? тааныткан мурдагы улуттук каада-салттарга, улуттук кийимдерге чо? маани берил??д?. Кыргызстандын модельерлери кийимдердин улуттук колориттеги жа?ы модаларын жаратып, эл аралык конкурс, к?рг?зм?л?рг? катышып, алды?кы орундарды ээлеп келиш??д?.

Просмотр содержимого документа
«С?р?т сабагынан Улуттук баш кийимдер темасында сабактын иштелмеси»

Учурашуу

Ким дежур деп Жоктоо

Балдар биз өткөн сабакта Менин компьютерим деген темада сүрөт тартканбыз. Тапшырманы аткарып келдиңерби? Альбомдоруңарды ачып койгула. Мен карап чыгайын.

Азаматсыңар балдар жакшы тартып келипсиңер.

Суроо:

  1. Компьютердин кандай түзүлүштөрүн билесиңер?

Клавиша, чычкан, колонка, принтер, процессор.

  1. Компьютер адам баласына эмне үчүн керек?

  2. Компьютердин кандай түрлөрүн билесиңер?

Персоналдык компьютер

Ноутбук

Нетбук

Айпот.






Биз тилибиз менен, улуттук каада салттарыбыз менен, улуттук мамлекеттик символикаларыбыз менен улуттук кийимибиз менен даңазаланабыз.

Адамдар болжолу 100 000 жыл илгери сууктан сактануу максатында кийим кие башташкан. Мындан 25 000 миң жыл мурун байыркы аңчылар айбанаттардын терисинен, куштардын канатынан, чөп – чарлардан кийим даярдашып кийишкен. Адамдар дыйканчылык менен мал чарбачылыгына өтүп, пахта, малдын жүнүн иштетип алардан кийим тигип келишкен. Климаттык жана табигый шарттарга байланыштуу кийимдин ар кандай түрлөрү пайда болгон. Калктар менен улуттардын калыптанышы улуттук кийимдердин жаралышына алып келген.

Улуттук кийимдерден элдин нускалуу салттары, тапкычтыгы, көркөм табити, саймачылык өнөрлөрү менен көрүнүп турат. Кыргыз элинин улуттук кийимдери көрктүү, жарашыктуу жана ыңгайлуу.

Кийим – адамдын денесин тышкы чөйрөнүн ар кандай жагымсыз таасирлеринен коргоочу буюм. Кийим элдин чарбалык-маданий жашоосуна жана жашаган чөйрөгө ылайыкталган, кийим адам баласынын жаш курактарына карата бөлүнгөн. Кыз-келиндер өңү ачык, түстүү кездемелерден кийинген. Аялдардын кийимдери жаш өзгөчөлүктөрүнө карата ар кандай кооздуктар, оймо-чиймелер менен көркөмдөлгөн.

Кыргыз улуттук кийимдеринин символу Ак калпак менен Ак элечек. Кыргыз элинин өмүрү канча кылымга созулса, кыргыз элинин калпагы менен ак элечегинин өмүрү ошондой уламалуу санжыра.

Азыркы учурда жүзүбүздү дүйнөгө тааныткан мурдагы улуттук каада-салттарга, улуттук кийимдерге чоң маани берилүүдө. Кыргызстандын модельерлери кийимдердин улуттук колориттеги жаңы модаларын жаратып, эл аралык конкурс, көргөзмөлөргө катышып, алдыңкы орундарды ээлеп келишүүдө.



ШӨКҮЛӨ.



Шөкүлө кыргыз кыздарынын эң эле жарашыктуу баш кийими. Шөкүлө шоңшогой формасы конус түрүндө тигилет. Шөкүлөнү илгери кыздарга тойлордо, майрамдарда аземдеп кийдиришчү.

Шөкүлө турмушка чыгуучу кыздын үйлөнүү үлпөтүндө кийүүчү баш кийим. Кыз күйөсүнүн үйүнө келгенде, шөкүлөнү чечип, ак элечекти кийген.

Шөкүлөнүн төбөсүн бийик кылып, сырты ар кандай оюмдар менен кооздолуп, чокусуна үлпүлдөгөн үкүнүн канаты сайылып же чачык тагылчы экен.




АК КАЛПАК



Ал боз үй, комуз, улуу “МАНАС” эпосу сыяктуу эле ыйык ата мурасы. Аны урматтап мамиле кылуу, ар дайым кийип жүрүү- кыргыз уулдарынын ыйык милдети. Ак калпакты барктабоо – бул ата-бабаларыбыздын мурасын, элдик наркыбызды эске албоону түшүндүрөт. Азыркы кезде көпчүлүк жаштар шляпа, кепке кийип, ак калпагыбызды унутуп коюшкан. Өзүн мен кыргызмын деп санаган инсан үчүн калпак жөн эле баш кийим эмес, эң кымбат символ. Ак калпак биздин тарыхыбыздын символу. Ак калпак ак карлуу кыргыз тоолордун улуулугун, жан дүйнөсүнүн тазалыгын, биримдигин даңазалаган баш кийим. Балдар бизде кандай майрамдар билесиңерби? Жаңы жыл, 21-февраль “Бүткүл дүйнөлүк эне тилдердин күнү”, 23-февраль жоокерлердин күнү, 8-март апалардын майрамы майрамы, 21-март нооруз күнү, ал эми 5-март Ак калпактар күнү белгиленет экен. Ошондуктан балдар башыңардан ак калпакты түшүрбө барктап, урматтап, сыйлай билгиле.



ЭЛЕЧЕК


Элечек улуттук баш кийим. Муну келин курактан бир аз өтүп калган байбиче апалар кийет. Элечек сыртынан саймаланган, шуру-мончоктолуп кооздолот. Ал илгери 40м. Ак сурп менен оролчу, азыр заманбапка жараша, жеңил, ыңгайлуу болуп тигилет.


Үкүлүү топу.


Бул да кыргыз элинин эзелтеден бери колдонуп келген баш кийими. Топу кызыл кездемеден жасалат. Тегерегине жана үстүнө кооз орнаменттер саймаланат. Кыргыз эли топуну жаш кыздар үчүн жасашкан. Анын кооздугун, көркөмдүгүн арттырып турган дагы бир нерсе-топунун төбөсүнө тагылган үпүсү. Ал кыймылдаган сайын үлпүлдөгөн үкү ого бетер көрк берип турат. Азыр топуну жаш кыздар оюн зоокторго, ыр-бий болгондо көп кийишет.



ТЕБЕТЕЙ


Бул — салттуу баш кийимдердин бири. Кыздарга көбүнчө тебетейди суусардан жана кундуздан тигип беришкен.

Анын жердиги көрпөдөн да, суусардан да, сүлөөсүндөн да, түлкүдөн да, кундуздан да, ж.б.у.с. баалуу аң терилеринен тигилген тегерек баш кийим. Анын төрт талаасы болуп, бул төрт бөлүк бычылат. Тебетей тышын адамдын жаш өзгөчөлүктөрүнө карата тигишет. Мисалы, кара, күрөң тыш тебетейлер улгайгандарга, кызыл, жашыл, көк кездеме тыш жаштар кийүүгө ылайыкташат.Тебетейди күн суук мезгилинде кийишет. Ал жылуу, пайдалуу, жеңил жана ыңгайлуу.


ТОПУ


Бул да улуттук баш кийимдердин бири Бул топуну калпактын же тебетейдин ичинен кийилүүчү баш кийим. Анткени ал калпак менен тебетейдин ичин кирдетпейт.


Мына балдар силер улуттук баш кийим жөнүндө кыскача маалымат алдыңар, анда эмесе балдар “Поэзия мүнөтүн” жасайлы. Ыр айтышат жана аны талдап беришет.


Эмесе балдар сүрөт тартууга киришели.


Азаматсыңар балдар сүрөттү жакшы тартыпсыңар.


Видео.


Мына балдар кыргыз элинин эң ыйык буюму бул баш кийими. Кыргыз эли баш кийимин өтө ардакташат. Баш кийимди жерге, тепсендиге таштабайт, атасы баш кийимин баласына гана берет. Эч кимге белекке да бербейт. Керек болсо, баш кийимди олтурган отургучка да койбот.


Анда эмесе балдар мен силерге чакан мода көрсөтөйүн. Биздин улуттук кийимдербизи. Улуттук баш кийимдер аталарыбызга, энелерибизге жана кыздарга кандай көрүнөрүн көрөйлүк.

Көрдүңөрбү балдар кандай жарашыктуу. Көрктүү болуп көрүнөт экен. Мындан кийин улуттук кийимдерибизди кийип аларды барктап, урматтап жүрөлү. Мода көрсөтүлөт.



СУРОО:

  1. Шөкүлө, топуну кыргыз кыздары кайсы убакта кийишкен экен?

  2. Баш кийимдерибизди кыргыздар кандай барктачу экен?

  3. Силер улуттук баш кийимибизди кийгиңер келеби?


КЛАССТЕР ЖАСОО


Мына балдар силер кыргыз элинин улуттук баш кийимдери тууралуу жакшынакай ырлардан айтыңар. Анда эмесе ушул сабакта силерде кандай сезим пайда болду. Сезимиңерди “ЭМОЦИОНАЛДЫК ГРАДУСНИККЕ” билдиргилечи.

1 катар, 2 катар, 3 катар.


1. баш кийимди теппе

2. Баш кийимди жогору илип кой

3. Баш кийимди жерге таштаба

4. Баш кийимди жоготпо аны дайыма урматтап, сыйлап жүрөлү.


Балдар сабагыбыздын акырында өзүбүзгө жагымдуу жагдай түзүп бир куплет ыр ырдап койбойлубу.


Ыр ырдалат жана кол чабылат.


Кемер кур, сайма өтүк, ак калпагың,

Кээ бирөө билбей жүрөт анын баркын.

Элиме белги берип тааныштырган.

Киймиңден кагылайын кыргыз калкым.

Кыргыз калкым, кыргыз калкым.

Атыңдан кагылайын кыргыз калкым.


Үйгө тапшырма бардык улуттук баш кийимдерди тартып келесиңер.

Биздин ата-бабаларыбыз баш кийимди абдан кадырлашкан. Биз дагы ата-баба салтын улап, ар дайым улуттук баш кийимдерди башыбыздан түшүрбөй кийип жүрөлү.

Сабак аяктады. Саламатта баргыла.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!