СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сурот сабагы 4 -класстар учун

Категория: Искусство

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Сурот сабагы 4 -класстар учун»

29.01.2019ж





Колу






Сабактын аталышы: Көркөм өнөр

Классы: Чейреги: III

Сабактын темасы: Эркин композиция «Фантазия жана чыныгы көрүнүш»

Сабактын тиби: билгичтик көндүмдөрүн өнүктүрүү

Окутуунун усулу: көрсөтмөлүү, түшүндүрүү, айтып берүү

Сабактын формасы: топто иштөө

Сабак аралык байланыш: адабият, табият таануу, музыка, технология

Көрсөтмөлүүлүк каражаттар: окуу китеби, альбом, карандаш, түстүү карандаш, боек, түстүү сүрөттөр, слайд

Окуу китебинин аталышы: Көркөм өнөр. Д.Акматов, А.К.Орозбаев



Негизги компоненттүүлүк


1.

Маалыматтык-компетенттүүлүк

НК1

2.

Социалдык-коммуникациялык компетенттүүлүк

НК2

3.

Өз ишин уникалдуу жана көйгөйлүү чечүү

НК3


Предметтик компоненттүүлүк


Композициялык литерди аткаруу чыгармачылыгын өздөштүрүү

ПК1

Жаратылыштагы кубулуштарды айырмалай билүү

ПК2

3.

Фантазия менен чыныгы көрүнүштү баамдай билүү

ПК3

4.

Жашоо тиричилик менен байланыштыруу

ПК4


Сабактын максаттары:

Күтүлүүчү натыйжа

-Композиция жөнүндөгү түшүнүктөрүн бекемдөө;

-түрдүү түстөгү кагаздардан гүлдөрдүн желекчелеринен оюмдардын элесин окшоштуктарды, композиция түзүүнүн жолдорун үйрөтүү;

-жыл мезгилдеринин өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүү.

- Композиция жөнүндөгү түшүнүктөрүн бекемдей алышса;

- түрдүү түстөгү кагаздардан гүлдөрдүн желекчелеринен оюмдардын жана түрдүү жаныбарлардын элесин окшоштура алышса;

-композиция түзүүнүн жолдорун үйрөнө алышса;

Өнүктүрүүчүлүк максаты:


Түстүү кагаздар, жаратылыш материалдары менен композиция түзүүгө болгон кызыгуусун, жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү.

-түстүү кагаздар, жаратылыш материалдары менен композиция түзүүгө болгон кызыгуу жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрө алышса;

Тарбия берүүчүлүк максаты:


Тыкандыкка, эмгектенүүгө, чыгармачылыкка, адептүүлүккө, байкагычтыкка, ынтымактуулукка тарбияланышат.

Тыкандыкка, эмгектенүүгө, чыгармачылыкка, адептүүлүккө, байкагычтыкка, ынтымактуулукка тарбияланышса.

Сабактын жүрүшү:

Сабактын этабы

Мугалимдин иш аракети:

Окуучулардын иш аракети

НК

ПК

баалоо

1.

Уюштуруу:

  1. Саламдашуу. Мугалим менен окуучулар бири-бири менен саламдашат;

  2. Класска жагымдуу маанай түзүү менен шыктандыруу;

  3. «Алтын эрежени» эске салабыз.

1.Саламдашуу.Мугалим менен окуучулар бири-бири менен саламдашат.

2.Класска жагымдуу маанай тузуу окуучулар шыктанышат.

3.Алтын эрежени айтышат.














2.

Үй тапшырманы текшерүү

Өтүлгөн тема боюнча үй тапшырманы текшерүү

Өтүлгөн тема боюнча окуучулар аткарылган иштерин коргозушот.

НК3

ПК2

Калып-баалоо

3.

Жаӊы материалды түшүндүрүү

Композиция жөнүндө түшүнүк берүү. Фантазия жана чыныгы көрүнүштүн айырмасы.

Окуучулардын билгичтик көндүмдөрү калыптанат.

НК1

ПК2

Калып-баалоо

4.

Практикалык иш

Хор: Бишкегим.

Композициялык иштер, фантазия менен чыныгы көрүнүштү айкалыштырууга багыт берүү

Окуучулар композиция түзүүдө өз ойлорун кагаз бетине жайгаштырганга үйрөнүшөт.

НК2

НК3

ПК3

ПК4



Эс алуу мүнөтү: Окуучулардын тандоосуна жараша


5.

Бышыктоо:

- композиция деген эмне экен?

- жасаган иштеринерге жараша ырларды билесинерби?

Окуучулар алган маалыматтарына таянып суроолорго жооп беришет. Ырларын айтып беришет.

НК3

ПК3

Калып баалоо

6.

Жыйынтыктоо:

- азаматсынар, бугунку сабакта эмнени билдик?

- бугунку сабак силерге жактыбы?

Окуучулар суроолорго жооп беришет.

НК3

ПК3

Калып баалоо

7.

Баалоо:

Окуучулардын иштерин баалоо.

Окуучулар күдөлүктөрүнө койдурушат.



Жыйынтык баалоо.

8.

Тапшырма:

Композициялык иштерди аткарып келүү.

Үйгө берилген тапшырманы күндөлүктөрүнө жазышат.

НК3




Жаӊы материалды түшүндүрүү:

-Сүрөтчүлөрдүн жаратылышты, адамдарды, алар колдонгон буюм-тайымдарды полотнонун бетине ырааттуу жайгаштыргандыгын, айтайын деген ой-туюмун канчалык чеберчиликке көркөмдөп чагылдырганын алардын чыгармаларынан көрөбүз.

Композиция (compocsitio) латын тилинен которгондо «түзүү» деген маанини түшүндүрөт. Композиция бардык ырааттуу, жарашыктуу жайгашкан портреттин, пейзаждын, натюрморттун ж.б.көрөкм чыгармалардын негизин түзөт.

Композициянын борборуна чыгарманын негизги «каармандары», анын айланасына калгандары жайгаштырылат.

Бул айтылгандар айрым сүрөтчүлөрдүн чыгармалары менен коштолгону жакшы. Мисалы, Аманкожоев Кубанычбектин «Акындын ыры» деген чыгармасы жана дагы бизге кеӊири белгилүү болгон сүрөтчүлөрүбүз Г.Айтиев, С.Чуйков, Б.Жумакадыров ж.башкалардын да сүрөттөрүн мисал катарында кеӊири талкуу жүргүзсө болот.

Слайд.

Бизди курчап турган жандуу жана жансыз жаратылыштын кооздугу адамды таӊ калтырбай койбойт. Башкача айтканда жылдын ар кандай мезгилине жараша түркүн түстөргө боелуп турганын көрөбүз. Эгер алардын ар бирин өз алдынча карасак өсүмдүктөр, бак дарактар аларга камыр-жумур жашап жаткан ар түркүн жаныбарлар, канаттуу куштар о.э. сууда өскөн өсүмдүктөр жана сууда жашаган жаныбарлар бири-биринен түзүлүшү, өӊү-түсү аркылуу айырмаланап турганын байкоого болот.

Мына ушул жаратылыш кооздугун табияттан алынган каражаттар аркылуу өз колубуз менен жашаганга үйрөнөбүз.


Керектелүүчү каражаттар:

Ар кандай дандар, квелинг, түр кагаз, краска, гуаш, жалбырактар ж.б.

Окуучулардын чыгармачылык ишмердүүлүгү.

Окуучулар 4 топко бөлүнгөн боюнча ишке өтүшөт.

1-топ: Жаз

2-топ: Жай

3-топ: Күз

4-топ: Кыш

Биз бул ишибизди кагаздын бетине иштейбиз.

Бышыктоо:

Бүткөн иштерибизди кластер ыкмасы менен бышыктап алалы.





Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!