СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сылык, сыйчыл муноз адамды ажарлантат

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тарбиялык сабак

Просмотр содержимого документа
«Сылык, сыйчыл муноз адамды ажарлантат»

СЫЛЫК, СЫЙЧЫЛ МҮНѲЗ АДАМДЫ АЖАРЛАНТАТ

Сабактын максаты:

Сылыктыкты үйрөнүшөт. Бирөөнү сыйлоо сапаты калыптанат.

Сабактын жабдылышы:

Мугалимдин баяндамасы залкар ойлор жазылган ватмандар ж.б.

Сабактын жүрүшү:

1-кадам: Мугалимдин баяндамасы.

Кыргыз эли эзелтеден эле кѳчмѳндүү жашоого ылайыкташкан, ѳзгѳлѳрдѳн айырмаланып турган ыйман-адепке тарбиялоонун жолу ѳсүп-ѳнүгүп, алар элдин каада-салтына, үрп-адатына чѳгѳрүлгѳн. Улууну урматтоо, кичүүнү ызаттоо, аксакал адамга акаарат кылбоо, сылык, сыйчыл мүнѳз болуу жана башка күнүмдүк турмушка керектүү жүрүш-туруш эрежелери ар бир коомдун жаш мүчѳсүнүн акыл сезимине күн сайын сиңириле берген.

Адам турмушунда коомдун ѳнүгүү нугу кандай түргѳ келип, кандай ѳзѳккѳ бурулбасын, ар убакта тарбиянын таасирдүүлѳрүнѳн элдик “Адеп мектеби” болуп саналган оозеки чыгармачылык кызмат ѳтѳп келет. Бешик ыры, терме, санат-насыят, салт ырлары, жомоктор, макал, лакап, учкул сѳздѳр, тамсилдер, комуз күүлѳрү сыяктуу улуттук маданияттын асыл байлыктары ар бир жаш жеткинчектин кулагына куюлуп, кѳкүрѳгүнѳ туюлуп, анын калыптанышына ѳбѳлгѳ түзѳт. Элдик оозеки чыгармачылыктын асыл байлыктары кылымдап чогулган казына болсо, ар бир жаш ѳспүрүм туулгандан ошол кѳѳнѳрбѳс байлыктын кѳркѳм дүйнѳсүн аралап, жандүйнѳсү үчүн күлазык чогултууга кѳмѳктѳшүү ар бир ата-эненин ыйык парзы. Ар бир ата-эне ѳз балдарына: “Бирѳѳнүн башына келген жакшылыгына жан дүйнѳң менен ыраазы болуп, анын ийгилигин ичиңден тең бѳлүшүп турсаң бул сенин пейилиңдин кеңдиги. Жаныңдагы адамдын бактысына кѳз артпаста, кандай учур болсо да ѳз жардамыңды аябай жүр. Жакын адамыңдын кайгысын тең бѳлүшсѳң, ал азаят, андай жамандык сенден да алыс болот, кубанычын тең бѳлүшсѳң ал сага да жугат. Улууну улуудай, кичүүнү кичүүдѳй сыйлап, айкѳл, боорукер, сылык болгула, садагаларым”, - деп айтышса керек.

Урматтуу окуучулар, “Кичинекей ханзаада” деген жомок эсиңерде болсо керек. Ал жомокту окуудан эч качан тажабоо керек. Жомок болгону менен камтыган окуялары сени жакшы адам кылып тарбиялаары талашсыз. Ошол жомоктогу кичинекей канзааданын түлкү менен сүйлѳшкѳнүн эсибизге салалычы.

-Түлкү, түлкү, кел экѳѳбүз ойнойбуз, - деди кичинекей ханзаада, -болбосо кѳңүлүм чѳгүп, абдан зеригип кеттим.

-Жок, жо-ок, балакай, мен сени менен ойной албаймын. Анткени, сен мени ѳзүңѳ үйүр алдырган эмессиң да.

-Ой, кечирип койчу, - деди кичинекей канзаада, анан азга ойлонуп туруп, - а үйүр алуу деген эмне? –деди таңдана.

-Сен али билбесең керек, балакай, ал деген –ынактык, бизди бири-бирибизге жакындаткан ысык мамиле. Болбосо, сен мен үчүн жүз миңдеген балдардын бирѳѳ болсоң, мен сага тоо-ташты аралап жүргѳн миң сандаган түлкүлѳрдүн бири катары эле сезилемин. Ал эми экѳѳбүз үйүр алышып кетсек, бир-бирибизге ынактыгыбыз артып, бирибизсиз бирибиз жашай албоочудай эңсешип, жүрѳгүбүздѳн чыккан эң аруу, эң ыйык сезимдерди бир-бирбизге арнашат элек.

-Менин бир түп роза гүлүм бар эле, менимче ал экѳѳбүз ынак болсок керек… …Түлкүнүн осуятын ойлоп кѳрсѳк:

-Мына менин купуя сырым, жүрѳк менен туйганды кѳз менен туя албайсың. Роза гүлүңдүн сага кымбат сезилгени –ал үчүн сен бүт жан дүйнѳңдү арнап койгонсуң, роза үчүн жоопкер ѳзүң экендигиңди эсиңден чыгарба, балакай.

-Ооба, мен розам үчүн жоопкермин, жоопкермин, - деди кичинекей ханзаада ушул сѳздү унутпаш үчүн улам-улам кайталап.

Биз дагы ушул ханзаададай жакшы үмүт менен сыпаалыкка үйрѳнсѳк. Сылыктыгыбыздан жазбай элибизде айтылып жүргѳн “Сиз деген сылык сѳз, сен деген сенек сѳз” деген макалды жадыбызда бекем сактасак.

2-кадам: Окуучулар ролдоштуруп окушат.



Ата менен балаБаласы:Ата, мага жомок айтып берчи?

Атасы:Сиздин жомок уккуңуз келип калган гоээ?

Баласы:Ооба, айтсаң эми.

Атасы:Жомогум түгѳнүп калды.

Баласы:Анда сен ат болчу, экѳѳбүз ойнойлу.

Атасы:Балам, убактым жок.

Баласы:Эмне үчүн убактың жок?

Атасы:Анын сага тиешеси жок, андан кѳрѳмашинаңды сындырбай ойногун.

Баласы:Ата, мага карышкыр менен эчкижѳнүндѳгү жомогуңду айтып берчи.Атасы:Балам, колум бош эмес, кѳрүп турасыңго…Баласы:Кана?

Атасы:Аны сага түшүндүрүп олтуруугаубактым жок.

Баласы:Эмне үчүн?

Атасы:Жумушум кѳп. Балам жатып эс алчы.Анан балам, сиз дегенге үйрѳнчү.

Бала томсоро түштү. Ал эриккенинен атасы менен ат болуп ойногусу келген эле. Бирок ал анча деле эриккен эмес, атасын кечке сагынганынан ошентип сезилген. А атасы болсо убактысы жок, баласы менен ат болуп ойногонго колу түк бошобойт. Же эмне атасы сенсиреген сѳз үчүн таарындыбы? Бала ошону да ойлоду.

Суроолор:

  1. Сылыктык дегенди кандайча түшүнѳсүң?

  2. Сыйчыл мүнѳз адам деп кандай адамды айтабыз?

  3. Ата менен баланын сүйлѳшүүсүнѳн эмнени байкадың?

3-кадам:Залкар ойлор талкууланат.



Залкар ойлор

Сылыктыктын белгиси алыш-бериш.


Сыйга –сый, сыр аякка –бал.



Сыйдын чеги болбойт.



Сыйлаганды билбеген сыйпалаган кѳрсокур.



Сыйлашпаган тууганың, сыр айтпагандушмандай.

Эл оозунан



Үйгө тапшырмалар:

  1. Ата менен баланын ортосундагы диалогду ролдоштуруп аткаргыла.

  2. Залкар ойлорду анализдегиле.


















Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!