СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Т.Усубалиев кечээ,бүгүн жана эртен

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Т.Усубалиев кечээ,бүгүн жана эртен»

«Турдакун Усубалиев: Кечээ,бүгүн жана эртең»

Колума калем сап кармап,бул инсан тууралуу жазаарда,эмнегедир мен көп кыйналбай, оюм оргуштап, чекит коюуга анча ашыкпай турдум. Канчалаган инсандар тууралуу кагаз бетине чиймелеп жүрсөм дагы,алар жѳнүндѳ жазаарда калемимди абдан курчутуп,кѳпкѳ чейин ойлонуп,узак убакытка чейин ой басаар эле, бирок,эмнегедир бул атабыз жѳнүндѳ жазууда курч калем ѳзү даяр болуп, тыным алууга да жетишпей жаткандаймын. Кѳрсѳ, оргуштаган талант, касиет булл атабыз да да бар экен. Бирок,бул оргуштаган талант,кагаз бетинде эле чиймеленип кала бербестен бүтүндөй СССРдин кан-жанына сиңип,калкымдын канатына канат,демине дем берип, шык болуп берген тура. Андыктан, аталарыбыз айткандай: «кой үстүнө торгой уялаган заман» мына ушул атабыздын доорунда болгон экен да деп суктанып коем.

Ким билет? 1919-жылдын күз айларында,кыргыз эли үчүн асмандан нур төгүлүп, күн сууктап кышка тартып калса да,дал ошол 6-ноябрь күнү күн чайыттай ачык болуп, ыңаалаган наристенин добушу тай чабым жерден угулуп,кыргыз элине,деги эле дүйнөнүн төрт бурчунда Манас өңдүү дагы бир инсан көз ачып, жарык дүйнөгө келди. Андыктан,окурманым,сөзүмдү табышмактантпай сиздерге тартуулайын,оргуштаган жазуулар ким жөнүндө экенин тизмектелген саптардан айгинелейин. Анда сөз учугу 1919-жылдын 6-ноябрь күнү Кочкор районунун Теңдик айылында туулган Усубалиев Турдакун атабыз жөнүндө болмокчу. «Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет,карындагы баланын канн болоорун ким билет?»-дегендей, бул атабыз бир билген кишиге, «кыргыздын багына жаралган инсан экендигинде калет жок. «Кеп чынынан бузулбайт» эмеспи,ыраматылык чоң атам айтып калаар эле: «Турдакун жүз жылда бир жаралган адам»,-деп. Ал кезде түшүнбѳгѳн экенмин,баламын да. Ооба,чоң атам булл инсан тууралуу кѳп айтчу,билип алсын дегени го. Сѳзүндѳ калети жок чоң атамдын сѳздѳрүнѳн кийин, мен булл адамды «Акылман Бакай атага» теңээр элем. Чындап эле ,булл атабыз акылмандыгы,ишмердиги жагынан,алдына эч кимди камчы салдырган эмес экен да.

Ошентип,Турдакун атабыз балалыктын бае күндѳрүн эң сонун ѳткѳрүптүр. Ал жѳнүндѳгү китептерди барактап,окуп кѳрсѳм. Алгач эле жакшы окуган окуучулардын катарына кирип,пионер,комсомол уюмдарынын ишинде уюштургуч,иш билги жѳндѳмүн кѳрсѳтүп,курбуларынын,деги эле эле курчап турган чѳйрѳсүнүн сый-урматына татыган экен. Андыктан,ошол кездеги мен сыяктуу окуучулар,бүгүнкү тил менен айтканда,кумир тутушкан бейм. Ошондон уламбы,мен булл адамды бир кѳрсѳм дечүмүн,балким,чоң атамдын үйүндѳ ошол кезде сыналгы болгондо,баардык кыялым кандай болуп ѳзгѳрѳт эле,билбейм?..

Ошентип, Турдакун ата мектепти аяктап,эл катары жаштар менен шаарга агылып,студенттик жашоону башынан ѳткѳрүп,1941-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтту бүтүрүп,1945-жылы КПСС БКнын жогорку партиялык мектепте окуп, 1965-жылы Ленин атындагы Москва мамлекеттик пединститутунда билим алып,билим кудугун кенен казып,ушунчалык жѳндѳмдүүлүгүн кѳрсѳтүп,артынан из калтырууну максат кылып алгандай. Ошондой максаттын даңгыр жолун алгач агартуу ишинен ачып кѳрүүнү ойлоп,эмгек жолун 1938-жылы Кочкор районундагы Кум-Дѳбѳ айылындагы мектепте мугалим болуудан баштаган. Демек,ошол кездин окуучулары «эң бактылуу окуучулар экен» деп ойлоп калдым. Себеби,ушундай гений адамдын колуунан билим-тарбия алууну ѳтѳ чоң сыймык да. Анан, каап,ошол алтын шилекейлер бүгүн да чачырап турса кана деп,бир аз муңайым тартып калабыз. Бирок,башыбыз жер карап калган жок,тескерисинче тѳбѳбүз кѳккѳ жетип,мына минтип,атабыздын 100 жылдык маарекесин ѳткѳрүп, «кыргыз» деген атыбызды дагы бир жолу дүйнѳ элине дүңгүрѳтүп жатабыз. Ушул дагы булл атадан калган ырыскы.

Ошентип,мектеп босогосун аттап,окуучулардын жакасын агартам деп дигирленген агайыбыз,кѳп ѳтпѳй кызмат ордунан кѳтѳрүлүп, Кочкор айылындагы орто мектепте окуу бѳлүмүнүн башчысы болуп,келечек камын ойлоого кату белсенди. Мектеп,окуучу,ата-эне менен эле чектелбей,адаттагы үч бурчтуу фигураны тѳрт бурчтуу фигурага айландыра салды. Демек,муну новатор десек да жаңылышпайбыз. Эл үчүн күйүү,булл бүт денеңди жалындаган отко салу деген тыянакты кату карманып,канатын кең жайып, райондук партиялык комитеттин пропаганда жана агитация бѳлүмүн башкарды. Ошентип,тарыхыбыз дагы бир жолу алтын тамгалар менен толукталды.

Тамгалар сүйлѳйт. Бирок,бул тамгалар алтын менен жазылган тамгаларга айланды да,ошол бойдон түбѳлүккѳ ѳчпѳс болду.айтайын дегеним,булл инсан «Советтик Кыргызстан» газетасынын башкы редактору болуп иштеп,элге маалымат жеткирип турду. Ал маалыматтар бүгүнкү биздин басма сѳз кызматкерлери сыяктуу угуп-укпай,кооздоп-түзѳбѳй,жагалданып-жасанбай эле түздѳн-түз элди шыктандырып,аларга стимул берип,эң негизгиси ынтымакка чакырып,эл ыраазы болгон, окурманга жакан макалалар бадырайып,биринин артынан бири чыгып турду.

Улам мезгил алмашып,жай келип,күз ѳтүп,кышты күтүп,жазга кадам таштаган сайын,Турдакун атабыз,аз уктап,кѳп ойлонуп,ошол оюн ишке ашырууну кыялданып жүрүп,1958-жылы партиянын Фрунзе шаардык комитетинин биринчи катчысы болуп дайындалды,анан булл кызматка келгениэлге дагы, ѳзүнѳ дагы абдан жакты. Ошол келген ырыскыны туура колдонуп калуунун эңсеп,ишке белчесинен эмес,бүт турган турпатын салды. Оор тийсе,окурманым кечирээр,бирок,бүгүнкү күндѳгү атка минерлер сыяктуужеп-ичүүнү эмес,тескерисинче,эч кимге жедирбей,ѳзү да жебей,элге ак кызмт кылуну ниеттенди. Мына ушундай эмгеги элге да,эл бийлеген бийликтегилерге жактыбы дейм,1961-жылдан 1985-жылга чейин Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болуп,Республиканы дээрлик чейрек кылым башкарды. Ошентип,кыргыз эли үчүн бейиштин эшиги ачылгандай эле борбордон бороонго окшогон шамал эмес,алтын шоола болуп тийип турган күн шоолалары кѳрүнѳ баштады. Ал алтын нурлардын айрым шоолаларын бүгүн биз,ал гана эмес,биздин балдар кѳрүп,жүрѳктѳр жылып, эмгектерин баалап, таазим кылуудабыз. Мүмкүн окурманым таң калып жаса керек,кайдагы жомок,булл атабызды биздин балдар эмес,жазарман ѳзү кѳргѳн жок да деп.анда сиз,жаңылышасыз,бүгүнкү жашап жаткан жашоонун ѳзү,жаркыраган борборубуз,ал гана эмес,учу-кыйыры жок жолдорубуз,үшүбѳсүн деп жакан отторубуз, бары атабыздын биз үчүн кылган белеги эмеспи.

Ушундай жакшы иштерди кѳрүп,Турдакун ата жѳнүндѳ жазуу мен үчүн сыймык. Булл Инсандын басып ѳткѳн жолун,эрдиктерин жазып бүтѳ албасак керек. Бирок,мен тарыхтын барактарын кайрадан барактап кѳрүүнү,ал адам калтырган асыл эмгектерди жѳнѳкѳй сѳз менен жеткирүүнү,жасаган иштерине саякатка барууну эп кѳрдүм.

Ойлоп кѳрүңүзчү? Жо-ок,ойгонуп эмес. Ойлонуп. Биздин жашообуз кантип түптѳлүп,кантип силерге жетип жатканын билгиңиз келеби,жаш окурманым? Эгер кааласаңыз калем сабымдан калак, ак барагымдан кайык курайын,болгону мени менен бир аз сапарга чыгып келиңиз,ооба дал ушул убакта. Бул кѳп убакытты талап кылбайт,болгону үйдѳгүлѳргѳ айтып коюңуз,карааныңыз кѳрүнбѳц калып,сарсанаа болушпасын.

Чоң рахмат,анда алгачкы сапарыбыз бизден анча алыс эмес Кара-Кече кѳмүр кенинен башталсын. Канчалаган мезгил боз топурактын астында жаткан кѳмүр кенин ачуу булл эрдик эмей эмине. Ооба,ачып коюу булл боло турган,колдон келе турган иш деңизчи,бирок,бүтүндѳй калкыбыз ушул кѳмүрдүн табы менен колдорун жылытып жатканы,жүрѳктѳрдүн жылыганы эмеспи. Ушунча жылуулукту менин атама, мага, менин балдарыма тартуулаганы үзүн ага таазим кылуудан башка чарам барбы? Андан соң сапарыбыз союздук зор машстабда курулган Токтогул ГЭСинде уланды. Бул гигант ГЭСти курууда канча акча сарпталды,ал акчаны казынадан кантип бѳлдүрүп алды экен дээрсиң. Бирок,мына ушул жерден,анын ары акылмандыгы,ары дипломаттыгы,ары иштерман экендиги дана далилденип турат. Бул ГЭСти куруу менен Турдакун атабыз абдан чоң ачылыш кылган,ал кездеги атка минерлердин ,акуулдуулардын акылдуусу да бул ишке аң-таң берип,кол чаап коштоп туруудан башка аргасы калышкан эмес чыгаар. Айтайын дегеним,канчалаган элдин,канчалаган улуттун,канчалаган мамлекеттин башын бириктирип турган Советтер Союзунда да котур ташы койнунда болгон,алыстан тиштенип,жакындан жол берип турган инсандар четтен чыгып турган. Андан кийинки сапарыбызда ак раморго оролгонрыбызга келдик. Карачы,кандай кооз шаарыбыз бар. Булл шаарды шаар кылып,андагы бир нече үйлѳрдүн,имараттардын,завод-фабрикалардын фундаментин түптѳп,кышын кынаттап коюп чыккан экен. Анан биз ушунча эмгекти баалабай,шаарыбызды булгап отурсак,анда атанын эмегин сыйлабагандык кылабыз да. Демек, толугу тѳгүлбѳй келген уюткунун бүтүнүн бүлдүрбѳй келечекке жеткирүү милдетибиз.

Канча убакыт ѳттү билбейм,окурманым кетүүгѳ камынды. Анны менен коштошуп жатып,анын кѳздѳрүндѳгү ойлорду байкадым. Демек,жаш юолсо да бир нерсени түшүнүп,бараткан багытын жакшы жолго бурду деп кымыңдап калдым. Же, Турдакун атабыз бала кезде кыялдангандай: «келечекте жакшы адам болсом экен» деп,кѳкүрѳгүнѳ кичинекей түйүнчѳк түйүп алдыбы?

Тарыхта канча жолу тайгаландык,канчасы ошол тайгакка туруштук бере албай тѳмѳндү кѳздѳй шыпырылып кетти,ал гана эмес,жок болуп да калбадыбы. Эч ким муну тана албайт. Бирок,чапкан сайын кѳз чыкпайт экен да,буга да туруштук берген алп такачан,алп адам багыбызга келбедиби. Андыктан, Турдакун атабыз замандын оордугуна карабай,кыргыз эллин бир жакадан баш,бир жеңден кол чыгартып,бириктирип турган тура. Аттиң десең, Турдакун атабыз тирүү болгондо,балким,акыркы күчү болсо да кыргыз эллине дем берип, улуулар айтмакчы,калың журтка караан болуп,кыйшайып бараткан түндүгүбүздү тиреп берет эле. Жок дебесе,ошончо кол,ошончо баш баткан чапаны болсо канна? …

24 жыл 5 ай 24 күн башкаруу системасында туруп э ѳндүрүү боюнча Союзда алдыңкы орунду ээлеп,Москва,Ленинград жана башка шаарларды Кыргызстанда ѳндүрүлгѳн эт менен камсыз кылып турганда,ал ишинен да кынтык таап,жумурткадан кыр издегендер кѳбѳйѳ берди. Мейли дедиби же болгон күчүм барында биротоло күрѳшѳйүн артымда калдайган калкым турганда деп,карапайым калкка таянып туруп, бир нече ГЭСтерди,ооруканаларды,маданият үйлѳрүн,китепканалардын бир нечесин куруп таштады. Менимче,мындай ишти куру эмес пландоо эч кимдин оюна келбеген чыгаар,ошол кездин акылмандарына да,бүгүнкү күндүн генийлерине да. Мына ошентип, «Усубалиев доору» муну менен эле чектелип калбай,жасаган эмгектери күн санап ѳсүп,улам арбыгандан арбый берди. 511 миң батирлер курулуп,2,5 миллионго жеткен адамдардын турак жай маселеси чечилип,аларга кубаныч тартуулады. Ал эми карапайым калкым болсо, алма быш оозума түш деп тура берген жок,атабызга колуна кол,бутуна бут болуп беришти. Анан калкымдын ден соолугу мага кымбат,келечегим бүдѳмүк болбосун деп,ѳлкѳ ѳндүрүлүп жанкан апийим менен уран казууну дароо токтотту. Карачы,ансыз да бүгүн эмне болуп баратабыз? Атага миң мертебе рахмат,тукумубуз толук кандуу уланып жатканына,ансыз да ээрден ооп бара жаткан элимди биротоло оодарып түшмѳк,ошол аты жаман апийим менен уран,эгер токтобогондо.

Окурманым,булл жазуулар жан дүйнѳмѳн оргуштап жатканын сезген чыгаарсың. Турдакун ата жѳнүндѳ жазган сайын ошончолук доордон-доор уланып жаткандай. «Балта кѳтѳрүлгүчѳ дѳңгѳч эс алат» эмеспи,булл инсан канчалык иш кылган сайын,артынан улам жаны идеалар оргуштап чыгып турган экен. Мүмкүн булл Калыгул Бай сыяктуу чоң чоң атадан калган касиеттир. Бирок,булл касиет улана берсе болмок экен,отко суу сепкендей токтобой,ээ. Бирок,мейли,ѳзү айткандай: «ушуга сүйүнѳм,башкача болууга мүмкүн эмес»,-деген экен бир маегинде,сиз эмнени ѳзгѳртѳт элеңиз?- десе.

Мындай эмгектерди баалабай коюу мүмкүн эмес да,ооба,аткарылган иштер үчүн атабыз бир нече сыйлыктага ээ болуптур. Бир нече алкыштарга татыптыр. Анан ушундай Кыргыз Эл Баатырына данк дегенден башка дагы эмне айта алабыз?

«Ак ийилет,бирок сынбайт»-деген накыл кеп ѳз күчүн дагы бир жолу тастыктадыбы дейм,канчалаган оор заман болсо да,анын баарын жеңип,аты ѳчпѳй,даңазаланып келе жатат. Эми ошол даңазалоону улантуу биздин милдет эмеспи. Биз дегеним булл даракты мѳмѳлѳткѳн мугалимдербиз да. Биз атадан артык уул тарбиялай албасак да,атага тең уул тарбиялоого кудуретиби жетет да. Жан дүйнѳбүз жабыркап турганда,жүрѳгү ыйманга,намыскѳйлүккѳ,айкѳлдүккѳ толгон балдарды тарбиялоо оорго тураары анык деңизчи,бирок, адамды адам кѳрүп түздѳнѳѳрүн унутпасак!

Кечээки издердин ѳчѳй турганы,бүгүнкүлѳрдүн акылмандыгынан,ал эми эртеңкиге сакталсын десеңиз,тарых барактарын эч качан жаппаңыз. Анткени, «Келечек жаңылбаш үчүн,ѳткѳндү жакшы билиш керек»-деген экен ушул эле Турдакун атабыз. Бүгүнкү күндѳ кооз сүйлѳп элге жаккандар кѳп ,бирок кооз сѳзүнѳ ишин тѳп келтире албагандар канча. Бирок,мен бала кезден кумир туткан,чоң атамдын Бакайы болгон Турдакун ата андайлардан болгон эмес. Ошондой атанын эмгегин баалап,ушундай саамалык уюштуруп жаткан силерге да чоң рахмат. Ар дайым,жакшы адамдарды эскерүү,тарыхты жаңылаганга барабар деп эсептейм. Атымды чыгарам деп,болбогон ишке кол созгон бүгүнкү күндүн Телибай тентектери четтен чыгып жатпайбы. А аларга салыштырмалуу,силер ѳңдүү Дзотко тѳшүн тоскон Чолпонбайларыбыз кѳбѳйѳ берсин. Ал эми жаш окурмандарга,окугула,билгиле,силерсиңер кийинки тарых беттериндеги жазуулар демекчимин.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!