СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тамекиден баш тартуу-туура жашоо чечими

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тамекиден баш тартуу-туура жашоо чечими»

Сабактын темасы: Тамеки чегүүдөн баш тартуу- туура жашоо чечими

Максаты:

А) Билим берүүчүлүк-окуучуларды тамеки чегүү көйгөйүнө жана андан баш тартуу кеңештери менен тааныштыруу

Б) Өнүктүрүүчүлүк- өз ден соолугуна карата туура чечим кабыл алуу көндүмдөрүн калыптандыруу

В) Тарбия берүүчүлүк-тамеки чегүүнүн альтернативаларынын мисалдырын келтирүү, тамеки тартпоого тарбиялоо

Усулдары: мээге чабуул, кичи-лекция, топтордо иштөө.

Сабактын жабдылышы: кагаз барактар, фломастерлер, класстык доска,бор.

Сабактын жүрүшү:

Классты уюштуруу жана сабактын темасы менен тааныштыруу

Жаңы тема:

Тамеки чегүүгө кынык алуу көбүнчө өспүрүм куракта өзүн-өзү бекемдөөгө болгон зарылчылык келип чыкканда , бир нерсени жасап көрүүнү каалаганда пайда болот. Кээ бир өспүрүмдөр тамеки чегүүгө кынык алып калышса, кийин ал зыяндуу адаттан баш тартуу адат болуп калат. Бирок тамеки чегүүнү таштоо эч качан кеч эмес. Кимде-ким тамеки чегүүнү эстүүлүк менен таштоону чесе, ал анын өз ден соолугу үчүн болгон тандоо. Тамеки чегүүнүн зыяндуулугу дайыма эсте болуш керек.



  1. Мээге чабуул-5мин.

Суроо: “Тамекини кантип таштоого болот?”

Окуучулардын ой-пикирлери талкууланат. Мугалим жаңылайт.

  1. Мугалимдин маалыматы-10 мин.

Тамеки – баалуу техникалык өсүмдүк. Жалбырагынан сигарет папирос даярдалып, никотин, лимон кислотасы, никотинстутусульфат инсектициди алынат. Кургак жалбырагынын курамында 1,9-3,76% никотин бар. Тамекиде 7,5% белок, 10% углевод болот.



Тамекиден кайсы органдар зыян тартат?

-мээ

-өпкө

-жүрөк

-табарсык

-омуртка

-кекиртек

-ашказан

-жыныстык система

-тил

-кан тамырлар

-түйүлдүк

-жатын



  1. Топтордо иштөө-20 мин.

Окуучуларды үч топко бөлүп , тапшырма берүү керек:

Тапшырма №1. Никотинге каршы эң мыкты ураан ойлоп табуу.

Тапшырма №2. Тамекини таштоону каалагандар үчүн пайдалуу кеңештерди ойлоп табуу.

Тапшырма №3. Тамеки чегүүгө альтернативалардын мисалдарын келтирүү. Тапшырмаларды талкулоо жана жоктоо.

Тапшырманын аягында мугалим жыйынтык чыгарып , тамеки чегүүнүн зыяндуулугун белгилей кетиши керек.

  1. Сабакты анализдөө жана жыйынтыкто -5 мин

Мугалим:”Тамеки чегүү көйгөйү актуалдуубу?”,-деп сурайт жана окуучуларга өз ой-пикирлерин айтууга мүмкүнчүлүк берет.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!