СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялоонун башкы багыты - патриоттук тарбия. (Тарбиялык саат)

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тарбиялоонун башкы багыты - патриоттук тарбия. (Тарбиялык саат)

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялоонун башкы багыты - патриоттук тарбия. (Тарбиялык саат)»

Сабактын темасы : Тарбиялоонун башкы багыты - патриоттук тарбия

Сабактын максаты: Билим берүүчүлүк максаты: Окуучулардын патриоттук тарбия тууралуу түшунуктөрү кеңеет. Өнүктүрүүчүлүк максаты: Жеке кызыкчылыктан жалпы кызыкчылыкты жогору коё билүу жөндөмдүүлүгүнө ээ болушат. Тарбия берүүчүлүк максаты: Алган билимдерин турмушта пайдалана билүүгө тарбияланат.

Сабактын тиби: чыгармачылык бышыктоо

Сабактын формасы: аралаш сабак

Сабактын методу: Маалымат берүү, тушүндүрүү, аңгемелешүү, практикалык.

Сабактын жабдылышы: Кыргыз Республикасынын картасы, Кыргызстандын Герби, Туусу, проектор, ноутбук, слайд, музыка. Сабактын жүрүшү: Уюштуруу.

Мугалим: “Патриоттуулук” деген таяныч сөз менен окуучуларга кластер түзүүнү сунуштайт. (Окуучулардын тарабынан сунушталган сөздөрдүн баары четке какпастан жазылат)








Мугалим: Эң жакшы! Эми балдар, бизди бир өлкөгө бириктирип, атуул кылган нерселер эмне деп ойлойсуңар?

Окуучулардын жооптору: тилибиз, динибиз, улуттук кийимдерибиз, үрп-адат, каада-салтыбыз, маданиятыбыз, туубуз, герб, гимн ж.б.

Мугалим: Азаматсыңар, силер эң туура, мен күткөн жоопторду бере алдыңар.

(Проектордон атайын даярдалган слайд көрсөтүлөт. Кыргызстандын Гимнинин коштоосунда Кыргыз Республикасынын символдору, каада-салт, үрп-адатынан тартып, Ата Мекенге өмүрүн арнаган инсандар тууралуу)

Патриот” деген сөз кайдан келип чыккан?

Бул сөз грек тилинен келген, кыргыз тилине которгондо “патриа” – “Ата Мекен”, “Эл жер” –Ата Мекенге өз эл, жерине болгон сүйүү. Өз учурунда патриот бул – Ата Мекен эл-жери жөнүндө гана кооз сөздөрдү сүйлөө гана эмес, ал жеке керт башынын камын гана ойлобостон, кыйынчылыктарды чечилбеген маселелерди көрүп туруп кабагым кашым дебестен, бардык күч-кубатын жумшап, ошол кыйынчылыктарды чечүү үчүн аракет кылган адам. Бир сөз менен айтканда өз Ата Мекенине, өз элине берилгендик, аларды чексиз сүйүү, ал үчүн ар кандай баатырдыкка, курман болууга даяр тургандык. Мына ошол чыныгы патриоттуулук. Билим берүү тармагынын бардык аракеттерине карбастан мекенчилдик түшунүгү учурда жаш муундардын журөгүнөн түнөк таппай келет. Ал турсун араңарда мекенчил балдарды патриот болгондугу үчүн шылдыңдап, алардын мекенди сүйүүгө болгон ыйык сезимдерин тепселөө учурлары да көп кездешкендиги өкүндүрбөй койбойт. Чындыгында биз азыр батыштын, чыгыштын эч кандай тарбиялык мааниси жок, тасмаларын көрүп, эч кандай сындык тордон өтпөгөн чыгармалар менен көрөңгөбүздү толтуруп жатканыбыз айтпасак да белгилүү.

Кыргыз патриоттуулугунун булагы кайдан башталат?

Ата Мекенди сүйүү, туулган жерди, элди, тилди, улуттук үрп-адаттарга байыр болуу менен көздүн карегиндей сактоо кыргыз элинде тээ алмусткатан бери бар. Курама жыйып журт кылган Манас баатырдын жана башка көптөгөн элдик баатырлардын эл-жери үчүн кашык канын аябаган эрдиги кылымдар бою бизге тарбия. Ошондуктан кургак сөз менен гана “мен патриотмун” ооз көптүрбөй өз Ата мекенине болгон сый урматты, сүйүүнү белгилүү инсандардын өмүрү жана чыгармачылыгы менен таанышуу аркылуу дал ошолордой болууну калыптандыруу керек, алар менен сыймыктана билүү керек. “Азыркы учур менен тең карасак: анад эсибизге төмөнкүнү салышыбыз керек. Ата Мекенге, улуттук маданиятка, эне тилге болгон сүйүү – өз үй-бүлөсүнө болгон, үй-жайына, мектебине болгон сүйүүдөн башталарын эстөө керек. Кийинчерээк бул сүйүү кеңейип олтуруп өз Ата Мекенин, анын тарыхын, мурункуга жана азыркыга, жалпы адамзатка болгон сүйүүгө айланыш керек”, деп жазган академик Д. С. Лихачев

“ Ата Мекенди чоңдугу үчун эмес, өздүк болгондугу үчүн суйушөт” (Луций Сенека)

“Парзыңды унутпа – бул жападан жалгыз музыка. Парз болбосо жашоо да, кумарлык да болбойт. (А. Блок)

“Жашоо-турмуштагы эң бийик ырахат – өз парзыңды аткарганың” (У. Гэзлитт)

“Өз парзынды дайым аткарууга умтул, ошондо сенин ишиң оңунан чыкпай калганда да адамзат сени кечирет” (Т. Жефферсон)

Жыйынтыктоо:

“Патриоттуулук” – бул Ата Мекенине чын дили менен кызмат кылуу, анын кызыкчылыгы үчүн жан аябай күрөшүү.

Үй тапшырма: Асанбек Оторбаевдин эрдиги тууралуу дил баян жазып келишет.










































Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!