СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык саат Нооруз

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык саат Нооруз»

Сабактын темасы : Бар бол, Нооруз! Сабактын максаттары: окуучуларга Нооруз майрамы, анын тарыхы , жылнаамасы, сүмөлөктүн келип чыгышы, даярдалышы тууралуу кеңири маалымат берилет. . ыймандуулукка , адептүүлүккө, улуу муундарды сыйлай билүү, ата-бабадан келе жаткан тарыхты,каада-салттарды унутпоо керектиги тууралуу ой-пикири калыптанат. . окуучулардын чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүгө шарт түзөт Сабактын формасы : адабий –музыкалык кече . Сабактын жабдылышы: дубал газета,улуттук буюмдар, түстүү сүрөттөр ж.б. Сабактын жүрүшү: Уюштуруу Сахнага Умай эне арча түтөтүп,Умай эне чыга келет. Залды кыдыра “Алас ырын “айтат :

Алас, алас, алас,

Ар балээден калас!

Желин айрылып сүт чык,

Жер айрылып көк чык.

Жаңы жыл жакшылыгын баштай берсин,

Эски жыл жакшылыгын таштай берсин.

Шириндик тартсын тилиңди,

Отко тазарт дилиңди.

Алас,алас, алас,

Ар балээден калас!

Нооруздун ушул күнүндө,

Арча түтөп ар үйдө.

Шаттык , күлкү жаңырып ,

Шаң жаңырсын көктөмдө!

Алас,алас,алас,

Ар балээден калас.

Айдан аман, жылдан эсен бололу,

Жакшылыкты теңир берди.

Жарык күндү кеңири берди,

Орообуз данга толсун.

Оозубуз нанга толсун!

Омийи! Баары чогуу бата кылышат .Андан соң алып баруучу Нооруз майрамы тууралуу ыр саптарын көркөм окуйт: Нооруз майрам өзүнчө бир керемет,

Мына бүгүн күн менен түн теңелет.

Таттуу уйкунун кучагынан ойгонуп,

Жер энебиз бир калыпта термелет.

Баба дыйкан шаймандарын белендеп,

Кошко чыкты кара жерди тилем деп.

Үрөн себет бир Аллага жалынып,

Урпактарга кенен токоч берсе деп.


Караңгыны жарга такап жарыктык.

Мына бүгүн күн аба дагы талыкшып,

Кас душмандар достошууга кез келди.

Көралбастык , жек көрүүнү багынтып. Окуучулар Нооруз майрамынын тарыхы, келип чыгышы,от менен Нооруздун байланышы, жылнаама, Нооруз тамагы сүмөлөк , майрамдык дасторкон тууралуу маалымат беришет : 2-окуучу: Нооруз майрамы

Байыркы бабаларыбыз табиятты дайыма өлүп-тирилип туруучу жандуу нерсе катары баалашкан. Чындыгынды эле, ошондой.Күз мезгилинин келиши менен жер жүзүндө жаратылыш өзүнүн мурдагыдай көркөмдүгүн жоготорун көрүп жүрөбүз. Март айынын 21-22-синен тартып күн акырындап узарып, түн кыскара баштайт . Жаратылыштын мына ушул кыймылга кирүү мезгилин күтүшкөн ата-бабаларыбыз жыл эсеби башталган улуу күндү Нооруз деп атап, аны жаңы жыл, жаны кун деп белгилешкен. Бул күнү кыргыздар арча түтөтүп ,үй ичин жана короо-жайын аласташкан. Аны менен бирге, кыргыздар бири-бирине жакшы каалоолорун билдиришкен, белектерин тартуулашкан. 3-окуучу Нооруздун тарыхы: “Нооруз “ деген сөз байыркы фарс тилинин “науризи”деген сөзүнөн алынып бизче “нау”-“жаңы”,”рузи”-“күн”деген маанини билдирет. Демек,”Нооруз” “Жаңы жыл” же “Жаңы күн” деп которулат.Бирок эл ичинде буга чейин “Нооруз- жаз майрамы” майрамы деген түшүнүктөр болгон. 4-окуучу Ал эми бизде.... Кыргыз эли байыртадан Нооруз майрамына чоң көңүл буруп,эски жылды узатуу, жаңы жылды тосуу үчүн ар кандай камылга көрүп келген 5-окуучу Майрамдык дасторкон Нооруз майрамында дасторконго да өзгөчө көңүл буруу керек. Айта кетсек, дасторкондо жети түрдүү даамдан турган тамак болуусу шарт. Бирок бул ар бир үй- бүбүлөнүн жеке мүмкүнчүлүгүнө жана улуттук өзгөчөлүктөрүнө жараша болот. 6-окуучу Жылнаама Тарахчылардын божомолунда , бул жылнаама чыгыш элинин илимпоздору тарабынан мындан бир канча кылым илгери берилген экен. Мугалим : Ноорузга арналган тамак-аштын эң сыйлуусу , өткөрө сыйлуусу сүмөлөк менен чоң көжө болгон. Сүмөлөктү даярдоонун жолдору Сүмөлөктү даярдоонун камылгасы жаңы жылга 10-15 күн калганда башталат .Алгач 5 же 7кг жакшы сапаттагы буудай тандалып алынгандан кийин тазаланып жуулат да , бир күн сууга чыланат . Эртеси көбө түшкөн буудайды супуранын тактайдын бетине жайыш керек. Өтө кургап кетпеш үчүн улам суу чачып, ал жылуу жерде кармалат. Качан буудай өнүп, жарым карышка жакын калганда сокуга салынып жанчылат. Абдан эзилген буудай чараларга салынып,суу куюлат.Алгач бышыраарда уютулган буудай 5кг болсо ,казанга 10 кг акталган май куюлат. Майга 7 токоч бышырылып ,аксакалдар куран окугандан кийин жешет.Даярдалып куюлган буудайдын ширелүү суусун казанга куюлат. Айылдын сыйлуу адамдары атайын сүмөлөк даярдалып жаткан уйгө чакырылат.Түн күтүп ,сүмөлөктү бышыра башташат . Сүмөлөк бышканда казандын үстү жылуу жабылып 5-6 саатча демделет. Айыл аксакалдары , байбичелер келишип, маркумдарга куран окуп бата тилешкенден кийин казандын капкагы ачылат. Алып баруучу: Достор ,Нооруз майрамы жакшылык алып келип , жергебизге берекенин ,жакшылыктын, молчулуктун нуру төгүлсүн.Айдан аман, жылдан эсен бололу!

Нооруз майрамыңыздар кутту болсун,

Үйүңөргө бакыт консун.

Башыңарга баш кошулуп,

Даныңарга дан кошулсун. Окуучулар жалпы айтышат: Арыба, Нооруз!

Келе бер, Нооруз!

Элибиз айдан аман, жылдан эсен болсун!

Талаабызга ак нан берсин!

Алдыбыздан ак дасторкон,

Башыбыздан бак-дөөлөт.

Ырыс-кешик, ынтымак,

Узун өмүр ырашкерчилик кетпесин!

Үйгө тапшырма:

Нооруз майрамы, кыргыздын улуттук тамак-аштары, улуттук кийимдери , буюмдары, кол өнөрчүлүгү, каада- салттары ж.б боюнча ар кайсы булактардан маалыматтарды таап келүү.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!