СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык саат: Шартка көнүп үйдө сабак окушум

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык саат: Шартка көнүп үйдө сабак окушум»

Сабактын темасы:  Шартка көнүп үйдө сабак окушум, Мекенге кошкон үлүшүм

Сабактын темасы:

Шартка көнүп үйдө сабак окушум,

Мекенге кошкон үлүшүм

Сабактын максаты: ОКУУЧУЛАР ӨЛКӨБҮЗДӨГҮ КЫРДААЛГА ЖАРАША ҮЙДӨН САБАККА КАТЫШЫП ЖАТКАНДЫКТАН САБАКТАРГА ТАРТУУГА, ӨЗ УБАГЫНДА ТАПШЫРМА АТКАРУУГА, АТА-ЭНЕСИ МЕНЕН БИРГЕЛИКТЕ БИЛИМ АЛУУГА, ҮЙДӨН БИЛИМ АЛУУДАГЫ ЭРЕЖЕЛЕРДИ САКТООГО ЖАНА ӨЗ МЕКЕНИНЕ ТАТЫКТУУ БИЛИМ АЛЫП САЛЫМ КОШУУГА, ПАТРИОТТУУЛУККА ТАРБИЯЛОО.

Сабактын максаты:

ОКУУЧУЛАР ӨЛКӨБҮЗДӨГҮ КЫРДААЛГА ЖАРАША ҮЙДӨН САБАККА КАТЫШЫП ЖАТКАНДЫКТАН САБАКТАРГА ТАРТУУГА, ӨЗ УБАГЫНДА ТАПШЫРМА АТКАРУУГА, АТА-ЭНЕСИ МЕНЕН БИРГЕЛИКТЕ БИЛИМ АЛУУГА, ҮЙДӨН БИЛИМ АЛУУДАГЫ ЭРЕЖЕЛЕРДИ САКТООГО ЖАНА ӨЗ МЕКЕНИНЕ ТАТЫКТУУ БИЛИМ АЛЫП САЛЫМ КОШУУГА, ПАТРИОТТУУЛУККА ТАРБИЯЛОО.

Бүгүнкү күндө урматтуу окуучулар коронавирус пандемиясы жана өлкөдө жарыяланган өзгөчө кырдаал, айрым аймактардагы өзгөчө абал режимдерине байланыштуу IV чейректи үйдөн онлайн, тактап айтканда, аралыктан окутуу программасынын негизинде окуп жатасыңар. Андыктан ар бириң өзүңөр үчүн мүмкүнчүлүк болсо сабак окуганыңарга өзүнчө бир бөлмөнү даярдап, мектептегидей атмосфера түзүп алууңар же ата-энеңердин түзүп берүүсү зарыл. Ал бөлмөдө силердин дене боюна ыңгайлашкан үстөл, отургуч болушу талапка ылайык. Мындан сырткары үстөл терезеге жакын коюлуп, жарык, күндүн нуру ага жакшы тийип турушу шарт. Колдоно турган китеп, дептер, калем саптары үстөлдүн үстүнө алдын ала даярдалып коюлушу зарыл. Ал эми компьютер же смартфонду улам башыңарды бура бербешиңерди эске алып аларды бет маңдайыңарга, көздөн 60-70 сантиметр алыс аралыкта жайгаштыруу керек. Бул нерсе көздүн көрүүсүнүн начарлап кетүүсүнөн сактайт.

МЕКТЕПТЕГИ РЕЖИМДИ САКТООГО АРАКЕТ КЫЛ.   Сабак башталганга чейин 1-2 саат мурун ойгонуп, дене боюңу жазып, курсагын тойгузуу – ата-эненин милдети деп билбей өз алдыңарча аркет кылып үйрөнгүлө. “Үйдө окуп жатам, ким көрмөк эле?” деп пижамачан, чачыңды тарабай отуруп коюу да туура эмес. Мектеп формасы болбосо да, тыкан кийинип, чачы-башыңы тарап, мектептегидей атмосфера түз. Сабак бүткөн соң өзү каалаган кийимиңи кий.   Онлайн сабакта олтурганда мугалим жана классташтары менен кантип байланышууну, аларга кандай сүйлөөнү билишиң шарт. Атайын түзүлгөн группага сабакка тиешелүү эмес нерселерди жөнөтүүдөн алыс болушуң керек.  Ар бир сабак ортосунда 5-10 мүнөттүк танапис болот. Бул учурда сүзсүз үстөлдөн туруп, көңүлүңү башка нерсеге буруу керек же таза абага басып кел, дене бойду жана көздү эс алдыруучу көнүгүүлөрдү жасоону унутпа. Бул ыкмалар чарчап жана тажап кетишиңдин алдын алат.

« Адамдын организмин көп убакытка чейин кыймыл-аракетсиздиктей эч нерсе буза албайт »-деген Аристотель.  Андыктан үйдөн билим алууда ата-энеге бардам берүүнү унутпайлы.

« Адамдын организмин көп убакытка чейин кыймыл-аракетсиздиктей эч нерсе буза албайт »-деген Аристотель.

Андыктан үйдөн билим алууда ата-энеге бардам берүүнү унутпайлы.

 Ата-энеси менен ынтымакта жашаган уул батасын алат, тил укпаганы батадан калат, нааразы кылат. Ата-эне менен ынтымакта жашоого эмне жетсин! Кызыкчылыгыңар туура келбей калган учурда ата-энеңерге карата сабырдуу болгула. Ата-энеге карата да толеранттулук керек. Дөөлөткө жетиш үчүн эң оболу кишинин АДАМ болушу керек.

Ар бирибиздин туулуп өскөн, тарбия көргөн, агарып көгөргөн жерибиз, элибиз, коомубуз – бул Мекен. Камкор атабыздын, он ай көтөрүп, омурткасы сыздап, төрөгөн, ак сүтү менен оозанткан, бешик ырын ырдап, тилибизди чыгарган, карегибиз менен тең айланып, арзуу-тилегин тилеп, уядан учурган апаларыбыздын, чоң энелерибиздин эли-жери. Мекен – бул дүйнөгө алып келген бабалардын мурасы, ал Кыргызстан деп жүрөгү соккон жалпы калкыбыздыкы. Бала төрөлгөндө мамлекет тарабынан анын саламаттыгы, ырыскысы камкордукка алынат, тамга үйрөтүлөт, билим берилет ж.б. Ошондуктан ар бир жарандын Мекен алдында милдети бар.

Мен мекенчилмин, патриотмун, улутумдун күйөрманымын, деген сөздүн маанисин түшүнөсүңөрбү? Мекенчилдик, улутту сүйүү, татыктуу жаран болуу канчалык оор, татаал, ошол эле мезгилде сыймыктуу милдет экенин аңдайсыңарбы? Бүгүнкү күндө Мекенге кантип салым кошосуңар?
  • Мен мекенчилмин, патриотмун, улутумдун күйөрманымын, деген сөздүн маанисин түшүнөсүңөрбү?
  • Мекенчилдик, улутту сүйүү, татыктуу жаран болуу канчалык оор, татаал, ошол эле мезгилде сыймыктуу милдет экенин аңдайсыңарбы?
  • Бүгүнкү күндө Мекенге кантип салым кошосуңар?
Балдар ден соолуктун коопсуздугун сактоо максатында төмөндөгүлөрдү сунуштайм:   - балдарга өрт коопсуздугу боюнча эрежелерди туура сактоону (электр приборлорун жана башка турмуш-тиричилик техникаларын колдонууну);  - эл көп топтолгон жерлерге (театрлар, кинотеатрлар, оюн-зоок ж.б.) барбоого;  - коомдук транспорттор менен жүрбөөгө;  - коомдук тамактануучу, оюн-зоок жана бош убакытты өткөрүүчү (компьютердик клубдар ж.б.) жайларга барбоого;  - кошумча билим берүүчү сабактарга (ар кандай билим берүүчү курстар, спорттук секциялар, бий студиялары ж.б.) барбоого;  - убакытты туура бөлүштүрүүгө, ошондой эле уюлдук телефон, компьютер ж.б. менен убакыт өткөрүүдө туура колдонууну;  - өнүгүүсү жана өз алдынча билим алуу үчүн билим берүү жана көркөм адабий китептерди окууну, билим берүүчү телесабактарды өз убагында көрүүнү;

Балдар ден соолуктун коопсуздугун сактоо максатында төмөндөгүлөрдү сунуштайм:

- балдарга өрт коопсуздугу боюнча эрежелерди туура сактоону (электр приборлорун жана башка турмуш-тиричилик техникаларын колдонууну); - эл көп топтолгон жерлерге (театрлар, кинотеатрлар, оюн-зоок ж.б.) барбоого; - коомдук транспорттор менен жүрбөөгө; - коомдук тамактануучу, оюн-зоок жана бош убакытты өткөрүүчү (компьютердик клубдар ж.б.) жайларга барбоого; - кошумча билим берүүчү сабактарга (ар кандай билим берүүчү курстар, спорттук секциялар, бий студиялары ж.б.) барбоого; - убакытты туура бөлүштүрүүгө, ошондой эле уюлдук телефон, компьютер ж.б. менен убакыт өткөрүүдө туура колдонууну; - өнүгүүсү жана өз алдынча билим алуу үчүн билим берүү жана көркөм адабий китептерди окууну, билим берүүчү телесабактарды өз убагында көрүүнү;

Үйдө компьютерде эртеден-кечке иштөө ден соолукка зыяндуу экени талашсыз. Өзгөчө көздүн көрүүсүн начарлатат. Бирок учурдун талабына ылайык компьютердин маңдайынан чыкпай окууңарга туура келеүүдө. Мындай учурда ден соолукту сактоо үчүн кандай аракеттерди жасоо керек экендигин эсиңерге салып өтөйүн

- 2 саат сайын 10-15 мүнөттөн тыныгуу керек. Тыныгууда көздү эс алдыруучу көнүгүүлөрдү жаса. Бул үчүн түз отуруп, өйдө-ылдый, оңго-солго, сааттын жебесинин багыты боюнча жана сааттын жебесинин багытына каршы карап, көзүңүздү кыймылдат. - Андан кийин колдун манжасын көзгө туштап тиктеп туруу керек да, анан акырындык менен кароону эң алыс турган бир чекитке багытта. Алыс турган чекитти толугу менен карагандан кийин кайра акырындык менен көздүн кароосун манжага бурабыз. Муну 2 мүнөттөй отурган абалда кайтала. Андан соң көздү жумуп, денени бош ташта. - Абадан кере дем алып, колдун булчуңдарын чоюу менен керил. Эки колду жогору көтөрүп, артты көздөй кер. Бир калыпта 20-30 мүнөттөн ашык отурууга жана турууга болбойт. Дайыма кыймылда бол. - 2 саат сайын эс алуу учурунда бөлмөнүн эшик-терезесин ачып, ичин желдетип абаны алмаштырып тур.

ТЕЛЕФОНДУ КОЛДОНУУ ЭРЕЖЕСИ 1. Коңгуроого 4 секунд ичинде жооп бербеңиз, себеби бул убакта электромагниттик толкундардын таасири өтө күчтүү болот жана тарайт. 2. Сүйлөшүп бүткөндөн кийин телефонду кулактын түбүндө кармап туруп өчүрбөңүз, себеби өчүргөн кезде толкундар заматта кулакка тарайт. 3. Чагылган тийип кетүү коркунучу жогору болгондуктан, мүмкүн болушунча жамгырлуу күндө телефонду колдонбоңуз, магниттик күчү көп болот 4. Телефон менен эң узак дегенде 15 мүнөттөй сүйлөшүңүз. 5. Уктаган кезде 1,5 же 2м алыс жерге коюш керек. 6. Чөнтөктөн бөлөк, сумкада же болбосо колуңузда кармай турган болсоңуз, коргоо капчыгына салып жүрүңүз. 7. Сүйлөшкөн кезде наушник менен сүйлөшүү. 8. Телефон төшөгүңүздө жатпаш керек. Нерв системасына зыяндуу таасир берип, уйкуну бузат. Эртең менен баштын жана белдин ооруганы ошондуктан. 9. Телефонду белде, көкүрөккө кармоого өзгөчө шымдын же төш чөнтөктөргө салууга болбойт. Толкундар организмдин ички мүчөлөрүнө зыян келтирет.

ТЕЛЕФОНДУ КОЛДОНУУ ЭРЕЖЕСИ

1. Коңгуроого 4 секунд ичинде жооп бербеңиз, себеби бул убакта электромагниттик толкундардын таасири өтө күчтүү болот жана тарайт.

2. Сүйлөшүп бүткөндөн кийин телефонду кулактын түбүндө кармап туруп өчүрбөңүз, себеби өчүргөн кезде толкундар заматта кулакка тарайт.

3. Чагылган тийип кетүү коркунучу жогору болгондуктан, мүмкүн болушунча жамгырлуу күндө телефонду колдонбоңуз, магниттик күчү көп болот

4. Телефон менен эң узак дегенде 15 мүнөттөй сүйлөшүңүз.

5. Уктаган кезде 1,5 же 2м алыс жерге коюш керек.

6. Чөнтөктөн бөлөк, сумкада же болбосо колуңузда кармай турган болсоңуз, коргоо капчыгына салып жүрүңүз.

7. Сүйлөшкөн кезде наушник менен сүйлөшүү.

8. Телефон төшөгүңүздө жатпаш керек. Нерв системасына зыяндуу таасир берип, уйкуну бузат. Эртең менен баштын жана белдин ооруганы ошондуктан.

9. Телефонду белде, көкүрөккө кармоого өзгөчө шымдын же төш чөнтөктөргө салууга болбойт. Толкундар организмдин ички мүчөлөрүнө зыян келтирет.

Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!