Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык саат Жомоктордон кандай тарбия алабыз»
Тарбиялык саат
5б-класс
Тема: Жомоктордон кандай таасир алабыз
(«Өнөрлүү бала» жомогу аркылуу )
Таңкы маанай үчүн
Бул жигиттер эмне менен кылып жатышат?
Кыргыз эли мал менен өсүп-өнгөн эл. Ошондуктан малдын чүкөсүн (каржиликтин башына ашташкан кичинекей сөөк) байыртадан эле пайдаланышкан. Кыштын узак түндөрүн чүкө ойноо менен өткөрүшкөн. Оюнда элдин ички, тышкы душмандарынан коргонуу ыкмалары, аскердик өнөрдүн элементтери (таамай атууга көнүгүү, көздүн курчтугун өөрчүтүү ж.б.), тактык, тыкандык, тез эсептей билүүчүлүк, шамдагайлык, тапкычтык, кылдаттык, чеберчилик, устаттык, кыраакылык, кыймыл, адеп сактоо сыяктуу көптөгөн учурлар колдонулат. Оюн ушунусу менен кызыктуу да, ушунусу менен баалуу. Чүкө оюндары жөнүндө элдик фольклордо, «Манас» эпосунда, жазуучулардын чыгармаларында кеңири маалыматтар бар .
Жаңы темага өбөлгө түзүү
Тапшырманы суроо
Эртеси хан суракка алды.
Бала минтип сүйлөдү: — Менин атамдын бир түп алмасынын эң учуна мөмөлөгөн жалгыз алмасы бар эле, ошону атам жеген сайын жашарып турчу. Алтьш куш төрт жылдан бери жеп кетип, ошондон бери атам карып калды.
— Сен атаңдын иши үчүн жүргөн бала экенсиң, алтын кушту берейин, бирок мындан аркы жактагы хандын алтын жалдуу, алтын куйруктуу аты бар, ошону алып келип, менин колума ѳткөрсөң гана берем — деди хан.
Бала ыйлап келип, хандын сөзүн карышкырга айтты. Карышкыр баланы үстүнѳ мингизип, дагы бир жерге келгенде: «Көзүңдү ач» — деди. Бала көзүн ачты.
— Кырк адырдан ѳткѳн соң бир сарай бар, ошол сарайдын ичинде алтын жалдуу ат байланып турат. Анын чылбырынан кармабай, жалынынан кармап жетелеп чык,— деди карышкыр баланы дагы жөнөттү.
Бала кирип барып, бирок мурдатан үйрөнгөн адаты боюнча, атты чылбырынан кармап, ошондо кандайдыр коңгуроо кагылып баланы кармап, кароолчулар ханга алып барышты. Бала эмне үчүн келгенин айты. Хан угуп туруп:
— Эмесе ушундан аркы хандын эң сулуу кызы бар, ошону алып келсең атымды берейин,— деди
Өтүлгөн теманын үстүндө иштөө
Сабактын максаты:
- «Өнөрлүү бала» жомогу жана андагы каармандар менен таанышабыз. Жомок жөнүндө түшүнүгүбүздү кенейтебиз
- Көркөм окууга үйрөнөбүз, ой сезимибизди өстүрөбүз
- Боорукер болууга, өнөр үйрөнүүгө, ата-энебизди сыйлоого тарбияланабыз .
Тапшырма
- 1. Жомокту көркөм окууга үйрөнүү
- 2. Жомок боюнча сүрөт тартуу
- Диалог менен окууга үйрөнүү
- Окуу китебиндеги жаңылмачтарды жаттоо
Эң мыкты окуучу болом!!!
Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат! Саламатта бололу!