СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык сабак: Илимге мамиле

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык сабак: Илимге мамиле»

Илим билим ийгиликтин ачкычы.



Сабактын максаты:
- окуучуларга илим, билимдин кадыр-баркын сездирүү, терең билим алуу аркылуу көптөгөн жакшы ийгиликтерге жетишүүгө, түрдүү өнөрлөргө ээ болууга мүмкүн экендигин түшүндүрүү;
- Илимге олуттуу мамиле жасай билууго чакыруу.
- биримдикке, ынтымактуулукка, эмгекчилдикке ж.б. асыл сапаттарга тарбиялоо.


Колдонулуучу материалдар:  Ж.Баласагын "Кут алчу билим", "Макал-лакаптар".

Сабактын жүрүшү:
1. Уюштуруу (класста жагымдуу жагдай түзүү)


2. Киришуу.
Мугалим Жусуп Баласагындын "Кут алчу билим" китебинен үзүндүнү көркөм окуйт.
Айткым келди, о акылман, сөз жайын,-
Окуу, билим пайдасынан баштайын.
            Окуу - түндө алдыңдагы шам чырак,
             Билим алсаң маңдай ачык жаркырап.
Окуу, билим көп нерсеге жеткирет,
Бул экөөнөн урмат-сыйды көп көрөт.
              Сокур дешет билимсизди - жөн дебе,
               Окуу гана жарык чачат дүйнөгө.
Мугалим: Балдар, бул ыр саптары кайсы автордун, эмне деген чыгармадан үзүндү экендигин билесиңерби?
Балдар: Билебиз. Жусуп Баласагындын "Кут алчу билим" чыгармасынан.
Мугалим: Туура айтасыңар, балдар. Силер да окуу, мектеп, билим жөнүндө билгениңерди айтып көргүлөчү?
(Окуучулар билгендерин айтып беришет)
- Билими күчтүү миңди жыгат, билеги күчтүү бирди жыгат.
- Китеп - билим булагы, билим - өнөр чырагы.
- Билимдүүнүн түнү - күн, билимсиздин күнү - түн.
- Акыл айга жеткирет, өнөр көккө жеткирет.
- Китепсиз билим жок, билимсиз өмүр жок.
- Ким көп окуса, ал көптү билет.
- Китеп - мүлк, оокат, нан,
Китеп окубаган адам ал - наадан.
Китеп - билим,
Билимиң менен баалан.
Мугалим: Азаматсыңар, балдар. Силер окуу, билим, билим кени болгон китеп жөнүндө эң жакшы макалдарды, накыл кептерди айтып бердиңер.


     3. Жаны теманы баяндоо.
«Билүү» маанисин туюнткан «илим» сөзү «маалымат», «билим» сөздөрү менен да маанилеш. Классикалык сөздүктөрдө «илим» сөзүнө «Кандайдыр бир нерсенин чыныгы жүзүн аңдоо, чындык менен айкалышкан бекем ишеним, билимсиздиктин (караңгылык) карама-каршысы» деп түшүндүрмө берилет. Ал эми терминологияда «белгилүү бир тармакка таандык системалуу билим жыйындысы» деген маанини туюнтат.
Ислам дини илим-билимге, окууга өзгөчө маани берген. Азирети Мухаммед Пайгамбарыбызга түшкөн эң алгачкы вахийде (Алланын кабарында) окуу, калем жана билүү сөздөрү жөнүндө кеп козголгон. Анда төмөнкүчө буюрулган: «Оку! Жараткан Эгеңдин аты менен. Ал инсанды уюган кандан жараткан. Оку! Сенин Эгең абдан Айкөл-Жоомарт. Ал инсанга калем менен жазууну үйрөткөн. Ал инсанга анын билбеген нерселерин билдирген»(Алак, 96/1-5). Алгачкы эле буйрукта көрүнүп тургандай, Алла Таала адам баласына кандайдыр бир нерсени, кайсыл бир багытты же болбосо, тигини же муну «оку» деп илимди белгилүү бир тармак же багыт менен чектеген эмес. Тагыраак айтканда, динди жана акырет илимдерин гана «оку!» дебестен дүйнөнү, ааламды, табиятты, инсанды, Алланы, акырет жашоосун, дегеле акыл-эсиңе эмне келсе жана сенин эки дүйнөдөгү бактылуулугуң үчүн эмне зарыл болсо, ошонун баарын «оку!» деген.
Ислам дини адам баласынын табиятына ылайык дин болгондуктан, бүтүн мусулмандарга илим алууну парз кылган. Ар бир мусулман өзүнө тиешелүү диний милдеттерин аткара турганчалык илим алуусу, адал менен арамды, чындык менен жалганды бир-биринен ажырата ала турганчалык билимге ээ болуусу зарыл. Бул зарылдыкты Пайгамбрыбыз Азирети Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) өзүнүн куттуу хадистеринин биринде: «Илим алуу - ар бир мусулман эркекке да, аялга да парз»деп белгилеген. Медицина, экономика жана технология сыяктуу коом үчүн керектүү болгон ар кандай илимдерди алуу «парзы кифая» болуп эсептелет. «Парзы кифая» – бул кайсыдыр бир коомдук муктаждыктын коомчулук тарабынан орундалышы зарыл болгон иш. Бул ишти жалпы коом же коомчулуктан айрым адамдар да орундабаса, ага бүтүндөй ошол коомчулук жооп берет. Демек, мына ошондой зарыл илимдер коомчулуктагы муктаждыктарды камсыздай ала турганчалык деңгээлде айрым жарандар тарабынан алына турган болсо, бул парз орундалган болуп эсептелет. Бирок, коомчулукка зарыл болгон ошол илимдерди эч ким албаган болсо, анда ал коомдун ар бир жараны Кудай алдында жоопко тартылат.


     4.  Жыйынтыктоо.
Маалым болгондой, илим – иш-амалдын эң изгиси болуп саналат. Бир сөз менен айтканда, илим шарапаттуулуктун жана байлык-дөөлөттүн дал өзү. Жогоруда илим туурасында айтылып өткөн айрым аят-хадистердин жыйынтыгында Ислам менен илимди бири-биринен ажыратып кароо мүмкүн эмес экендигин айтууга болот.


3



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!