СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарых барактарына таасын из калтырган инсан - Касым Тыныстанов

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тарых барактарына таасын из калтырган инсан - Касым Тыныстанов

Просмотр содержимого документа
«Тарых барактарына таасын из калтырган инсан - Касым Тыныстанов»

Самакова Наргиза,Талас областынын Бакай-Ата районунун Капалов Эшимбек атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабият мугалими, Эл агартуунун мыктысы. (11-класс) Сабактын темасы: Тарых барактарына таасын из калтырган инсан- Касым Тыныстанов. Сабактын максаты:а)Билим беруучулук жагы:1937-жылдагы сталиндик реп- рессия курмандыктарынын бири болгон кыргыздын алгачкы агартуучуларынын бири К.Тыныстановдун кейиштуу тагдыры,анын чыныгы адамдык улуу сапаттары,кыргыз мамлекетинин кайра жаралышына, гулдошуно бут жан дилин арнагандыгы,оз элинин илим -билиминин маданиятынын осушуно,огочо тил илимине кошкон салымы жана анын адабияттагы барандуу орду,»Ата- Бейит» мемориалдык комплекси,»репрессия тууралуу кенири маалымат алышат. б) Онуктуруучулук жагы: Окуучулардын оз оюн так ,эркин айта билуусу,ой жугуртуусу,суйлоо маданияты,речи калыптанат, кесип тандоо шыгы ойгонот. в) Тарбия беруучулук жагы: Адамдын жашоо максатын, тарых- таржымалын, кайгы- капасын болушо билууго,келечек учун курошууго, сабырдуулукка, чынчылдыкк, ак ниеттуулукко,жана башка адамдык асыл сапаттарга тарбияланат. Сабакта колдонулган ыкма: Сабак- конференция Сабактын тиби:Кайталап жыйынтыктоочу Предмет аралык байланыш:кыргыз тили,тарых,укук. Сабактын жабдылышы:К.Тыныстановдун портрети,ватманда уй-булолук фото суроттору, архивдик материалдар, альбомдор. Сабактын журушу: 1. Уюштуруу иштери: Саламдашуу менен бирге конференцияга келген конокторду тааныштыруу: 1. 1937-жылдагы каргашалуу окуянын кубосу-Кадыралиева Бубуйра . (окуучу- Саалиева Алия) 2. «Крупская» атындыгы сыйлыктын ээси,кыргыз тили жана адабият сабагынын ардагер мугалими,Эл агартуунун отличниги-Бекбердиева Калима . (окуучу-Каныбек кызы Айчолпон) 3.Кыргыз Републикасынын Эл мугалими –Бектур Исаков . (окуучу-Байсыбаев Эрлан)

4.Медицина илиминин кызматкери, Касым Тыныстановдун уулу- . Эркин Тыныстанов . (окуучу-Канатбек уулу Темирлан) 5.Тарых мугалими,Эл агартуунун отличниги-Капалов Ашымбек Шукурбекович . (окуучу- Алтынбек уулу Элдияр) 6.Тарых мугалими,Эл агартуунун отличниги-Гулнара Сатымкулова . (окуучу- Усон кызы Алина) Алып баруучу(мугалим): 1937-1938-жылдардын залалы дуйнодо очпос,кет- пес так калтырды, кыргыз элинин коптогон чыгаан уулдары жалган жалалуу айыптарга малынып, жашыруун атылып,бир далайга ысымдары куугунтукка алынып,белгисиз бойдон калышты.Канчалаган азаматтарды бейкууноо атып нечен тагдырларды боздоткон кара озгой ниети бузуктардын кыныр иши,ачуу чындыгы 53жылдан кийин Ала-Тоо сыртына чыгып олтурат. 1937-жылы 5-ноябрь куну 40адамды,8-ноябрь куну 98 адамды атып салышкан. Бул 138 адам 30-40 жаштын ортосундагы азаматтар, баралына жаны келип,эми элине кызмат кылып, куч берер кезинде жок кылынды. . «Жерди алса болбойбу, мал- мулукту алса болбойбу, анчалык душман экен,башты алса болбойбу? Бирок адамдын эс- учун алат деген шумдукту ким ойлоп,кимдин колу барды? О,жараткан эгер сен бар болсон, адамдын арам ниетине ушуну кантип киргиздин? Мындан башка жер жузундогу кыяматчылык аздык кылдыбы?» . «Омур бизден отуп кетсе, эл эмгектен эскерсин» деп Аалы Токомбаев айткандай,бугун биз жалган жалаа менен шейит болгондорду жалпы эскеруу менен агартуунун алгачкы карлыгачтарынын бири ,билим беруу ишине зор эмгек синирген,чыгаан педогог-окумуштуу,улкон акын, кужурмон коомдук ишмер Касым Тыныстанов жонундо кенири соз кылмакчыбыз.Анткени, ак журок,чын-чыл,оз мезгилинин алдынкы атуулдарынын омур жолун ачып беруу биздин пар- зыбыз. . Эмесе создун кезегин»Ата-Бейит» корустону тууралуу жана 53жыл жашы- рылган сыр жонундо кеп учугун улоо учун Кадыралиева Бубуйра апага берсек: «Ата-Бейит-Аламудун районундагы Чон-Таш айылынан орун алган, саяссий репрессиядан курман болгон атуулдарга арналган мемориалдык комплекс. Ата-Бейиттин орду 1937-жылга чейин кыш чыгарган цех болгон.Анда мен 12жашта элем. Атам ал жердин кароолчусу болчу.Мен атама тамак алып барып,ал каргашалуу окуянын кубосу болгом.Атам бул окуя тууралуу эч кимге ооз ачпа дегени эсимде.Кийин атам олорундо:»Олорумо аз калды окшойт,алар- ды аткан жерге 2-3 таш белги койгом.Кокус менин козум отуп кетсе,армандуу кетпейин» деп мени ээрчитип барып корсоткон. Алып баруучу:Рахмат, мына ушул Бубуйра эженин билдируусунун негизинде 2000-жылы 14-июлда эстелик ,музейи салтанаттуу турдо ачылган, анын материалдары биздин урпактарга таасын жана айкын сабак болуп калмакчы.Бул музейдин кире беришинде тунгуч президент А.Акаев менен кыргыз Эл жазуучусу Ч.Айтматовдун терен нускалуу созу жазылып турат: «Режим жасаган террор озу- нун ырайымсыздыгы жана колому боюнча тарыхта болуп коргон эмес.Мындай окуялар кайталанбасын учун ыймандуулукка жана ички бийликке баш ийип, Кудайды кокурогунон чыгарбай жашоосу учун колдон келген нерсенин баарын жасообуз керек» деген. Кийинки соз Б.Исаковго бирилди.Ал Касымдын омур жолунан учкай кеп салды: «Жашаган доорунан,оз мезгилинен озуп илгери журуп, замандаштары туя алба- ганды туюп,келечектин куроо тамырын кармап,анын бир кылымдык болумушун боолголоп коро билген корогоч даанышмандар чыгат.Бирок коп учурда андай адамдардын таалайы тайкы болуп, бакты базары тез тарайт, тагдыры кейиштуу аяктайт. Андайлар заман капшабынын курмандыгына чалынып, коп убакыттар бою тарых барактарынын бир буктомундо кала берет. Кийин келечек урпактар, тарыхтын калыс таразасын оз ордуна коюп баалабаса мындайлар убагында оз баасын ала албайт. Дал ушундайлардын бири К.Тыныстанов. Анын омурунун урунттуу жылдарына токтолсом. Ал 1901-жылы 10-сентябрда азыркы Ысык-Кол областынын Чырпыкты айылында туулган.Алгачкы билимди 1909-1912-жылдары диний мектепте алган. 1914-1916-Кара- Кол шаарында озбек мектебинде окуган. 1916-жылы улуттук которулушто урккон эл менен Кытай жерине качып барып, 1917-жылы кайра оз жерине Ысык-Колго кайтып келет да Тепке айылында таякелериникинде туруп калат. Он жетиге чыгып кал- ган боз жигит кыз оюндарга барып, ыр чыгара коюп журуп таякесиникинде буурсун менен жер чийип,оокат кылууга шыгы ойгонуп,болочокту боолгоолоп билген жигитти бул турмуш канааттандыра албады,окууну энседи. Акыры Садыбакас деген таякесинин жардамы менен 1919-жылы Ташкенттеги казак-кыргыз агартуу институтунун даярдоо болумуно алынат.Ойлоп корсо 18ге чыгып далай убакытты откоруп жибериптир.Кийинтакын бул жонундо: . Сулк жатууга журок жанып койбой тур . Бура кысып заман чиркин болбой тур

.Жаш да жетти,иш да жетти иштоого . Коз коркунчаак,коодон тайыз онбой тур . Тупку максат чын чыгырын билемин . Мезгил жетип кулач урбай мухитке . Он сегиз жаш, бекер кетти билемин! – деп жазган . Бул куйомун лирикалык ыры. 1-окуучу Бектур агай айтсаныз,К.Тыныстановдун озунун замандаштарына салыштырмалуу чыгармалары азыраак экенин билебиз, анын кандайдыр бир себептери болсо керек? - Ооба, туура айттынар. Ал 1924-жылы казак-кыргыз институтун бутурот. 1924-жылдан тартып Коммунистик партиянын мучосу, Кыргыз илимий коммиссиянын мучосу, Туркестан АСССРнин Академиялык борборунун жооптуу секретары, 1925-жылдан анын торагас,» Эркин-Тоо» газетасынын редактору, 1927-жылы Кыргыз Автономиялуу Республикасынын Эл Агартуу комиссары болуп дайындалып уч жыл иштейт. 1928-1931-жылдары «Жаны маданият» жур- налынын редактору, 1930-1937-жылдары Кыргыз маданият курулуш институтун- да илимий кызматкер жана директору болуп иштеп , андан тышкары Кыргыз педагогикалык институтунда дарс окуйт. Жергебизде эн биринчи К.Тыныстанов- го 1932-жылы доценттик,1936-жылы профессордук илимий наам берилген. К.Тыныстанов-алгачкы коч баштаган окумуштуу,тилчи,акын-жазуучу,котормочу, журналист,коомдук ишмар. Тилекке каршы,ушунчалык жумуштарды аткарган кишинин адабий-чыгармачылык ишке кобуроок аралашууга мумкунчулугу бол- боптур. Анын коп кырдуу ишмердуулугунун ичинен уюштуруучулугу тилчи-оку- муштуулугу озгочо даана болунуп турат.Анын бизге белгилуу «Ала-Тоо», «жаштарга»,» Кайрат»,»Манас кумбозу» ырлары, «Жаныл Мырза» поэмасы, «Мариям менен кол боюнда» ангемеси белгилуу. Алып баруучу:Рахмат агай, кийинки соз учугун Ынтымак айылында оз омурун балдарга арнап, кыргыз тили жана адабияты боюнча билим берип келген ардагер мигалим «Крупская» атындагы сыйлыктын ээси, Эл агартуунун отлич- ниги Калима Бекбердиева эже уласын: «Мен тилчи катары Касым агайынардын тил илимине кошкон салымы жонундо айтып берейин. 20-30-жылдардыгы агартуу, билим беруу ишине зор эмгек синирген чыгаан педагог, жаш илимпоз, лингивист- Касым Тыныстанов кыргыз тилинин алфавитин иштеп чыгууга абдан активдуу катышкан.Кыргыз тил илимин негиздоодо зор эмгек синирип, ал грамматика,синтаксис,лексикология жагынан эн негиздуу эмгектерди жазып калтырды. 1924-жылы Ташкентте анын « Алиппеден кийин окуу учун хрестоматиясы», 1926-жылы»Чондор учун Алиппе», 1927-жылы»Эне тилибиз», 1933-жылы»тил илиминин терминологиялык созду-гу»,1934-жылы Кыргыз адабий тилинин жаны орфографиясы, Кыргыз тилинин морфологиясы, 1936-жылы «Кыргыз тилинин синтаксиси» жана башка « Жаны айыл», «Тил сабаты» сыяктуу макала эмгектерди жазды. К.Тыныстанов адегенде араб тамгасын колдоп, кийин латын тамгасына, андан орус тамгасына отууго алгачкылардан болуп ундогон,улуттук жазуунун, орфографиянын, пунктуациянын эрежелерин алгач иштеп чыккан да ушу киши болгон. Ошол эмгектеринин акыбети кайтып 1936-жылы алгачкы профессор деген наамга татыктуу болгон. Мындан тышкары К.Тыныстанов драматург,» Манас» эпосун кагаз бетине тушуруучулордун бири жана аны алгач изилдоолорду уюштуруу- чулардан да болгон. 2-окуучу К.Тыныстанов коп тил билгенби? -Ал дунган, озбек, уйгйр, азербайжан тилинде кыйналбай суйлой алган. Мындан тышкары музыкалык аспаптарды да чебер ойной билген. «Манас» эпосунан чон-чон узундулорду жатка айткан.

3-окуучу Мен суроомду Капалов Ашымбек Шукурбековичке бергим келип турат, агай сиз тарыхчы катары К.Тыныстановдун эмне себептен репрессия кур- мандыгы болгондугу тууралуу кененирээк айтып берсениз. Капалов Ашымбек Шукурбекович: 1925-жылы жарык коргон «Касым ырларынын жыйнагы» ошол кездеги жаш адабий коомчулуктун, жаныдан коз жарган жаш сындын да назарын озуно бура албады. Китеп жарык коргондон 3 жыл откондон кийин гана Айткылу Ыбыке уулунун «Касым ырларынын жыйнагы»-деген макаласы «Кызыл Кыргызстан» гезитинин 1928-жылдагы №20чы санына жарыяланды. Акын жонундогу бул макаланын жолу ото катаал болду. Андан кийин 4 жыл бою К.Тыныстанов жонундогу сын пикирлердин изи суугансып, басандай тушту. Кийинчирээк анын жетекчилиги менен жазылган «Академиялык кечелер»театрда коюла баштагандан гана 1933-жылдын 24-февралында А.Токомбаевдин «Академиялык кечесинин тыянагы» деген 2 макаласы басылды озуно карата айтылган бул сын-пикирлерге жооп иретинде жазылган Касымдын «Мен баскан жол, менин чыгармам, менин бетим» макаласы бир жагынан кемчиликтерин мойнуна алып, бир чети озун-озу актаган маанайда жазылган ал макала мурдагы талаштардын чырагына ого бетер май тамызып, кеп учугун кайрадан чубап чыгууга жем таштады. 1920-ж. аягында Убыкеев, Рахматулин, Тойчунов, Мыктыбеков, Дондуров с-туу журналисттер, жаш сынчылар адабиятка келип, ошол учурдагы калемгерлердин чыгармаларынан кандай болсо да кемчилик табууга аракет кылышат. Ырасында да ошол мезгилдин сынын окуп олтурсан эски, акын-жазуучуларга коюлган саясий куноолор, «бай-манапчыл», «улутчул», «контрреволюциячыл». А аргументтер кайсылар? Эгерде чыгармада бай- манаптар суроттолсо, анда автор, бай-манапчыл, откон турмуш корсотулсо «отконду коксойт», «улут» деген соз кездешсе улутчул болгон жана башка экинчиден, алар идеологиялык-саясий каталарды гана издешип, жакшы жактарды, орноктуу салттарды эч бир эске алышкан эмес. Адабият майданында башталган мына ушул жагымсыз корунуштор бара-бара партиялык-мамлекеттик денгээлге которулгон.

Ошентип «Касым ырларынын жыйнагы» менен «Академиялык кечелер» чыгармасына бай-манапчыл, улутчул, эскичиликти коксогон деген айып коюлуп чубалжыган чырга айланат, Касым озуно коюлган айыпка мункурободу, илимдеги уюуштуруучулук, агартуу тармагындагы орошон иштер, анын жашоо тиричилигине ак шоола чачып келечекке умутуу карат ты. Бирок «Касым ырлар жыйнагынын» тегерегинде болгон далай оош-кыйыш создор, усту-устуно айтылган бир беткей каралоолор кайран кишинин журогун тупойул кылып, алдыга койгон максаттарынын аткарылышына кедергисин тийгизди. Мына ушундан кийин ал копко чыгарма жазбай, кийин Кыргыз драм театрында 2-3 ай директор болуп турганда «Академиялык кечелер» пьесасын жазууга башчылык кылат. Аны жазууга коп кишилер катышкан:Касымалы Жантошев, К.Карасаев,Сопиев, Коконов жана башкалар. Ошентип бул пьесанын жазылуу тарыхы ушул кезге чейин так эмес. Кийин бул пьесаны К.Тыныстанов озу орусчага которуп М. Горькийге жиберген. 1932- ж. 4-мартында кайрадан «Кыргыз адабияты» тууралуу резолюция чыгарылды. Анда К.Тыныстановдун ырлары мындан ары пайдаланылбасын деген. Анда кийинки создун кезегин Бакай-Ата районунун тарых мугалими, Эл Агартуунун отличниги Гулнара Сатымкуловага берсек:

Ошентип, Касымдын башына тушкон кара тун улам коюулана берди. Ал жазуучулардын катарынан чыгарылды. Андан сон кетирген катасын мойнуна алып озун- озу сындаган сын жазсын, антпесе партиянын катарынан кетери эскертилди. Ал кезде партиядан чыгуу олум менен барабар болгон. Бул жон эле сес корсотуп, коркутуу эмес экенин Касымдын журогу тупойул туюп турган. Айласы тугонуп, амалы кеткенде кемчилигин мойнуна алып, жыйындарда суйлоду, макалалар жазды, бирок булардын эч бирин он натыйжа чыкпай, обкомдун 1933- ж июнундагы 7-пленумунда Касымга мурдагыдан да катуу айып коюлуп, баш котортпос сокку урулду. Бир болсо ушул кишиден айла болоор деп умуттонгон Касым 1933-ж 8-октя- брында М.Горькийге кат жазды. Катында: «Урматуу Алексей Максимович, жергиликтуу мекемелердин чечими боюнча менин «Академия кечелери» пьесам буржуазиялык-кулактык, улутчулдукту жана бийликке каршы идеяны ачык чагылдырган чыгарма деп бааланып, театрга калууга тыюу салынды.

Ошондуктан менин ошол эмгегим туурасында жогору жакка оз пикиринизди жазып беруунузду сизден искусствонун чон биларманы катары коптон-коп отуном» Андан ары бул чыгармасы учун ото ырайымсыз жазаланганы, жазуучулардын катарынан айрылып, партиядан чыгарыла тургандыгын айткан. «Большевикче ачык айтайын деп улантып, мынча катаал айыптагандай, ал чыгарма аркылуу азыркы тапка кандай кылмыш кылганымды озум да билбейм». Катта Горький ага сосуз жооп берерине, ун кошоруна терен ишенери, эгерде жооп бербесе али тажырйбасыз драматург кыжаалаттанып конулу чогору жонундо да ачык эле соз болгон. Бирок, чон умут менен таяныч, калканыч издеп , андан жардаш болоруна ишенген улуу адам деп эсептеген кишиден жооп келген эмес. Касымдын каршылаштары бул кат жонундо да билип алышып, оздорунун пайдасы учун 1933-ж июнундагы Кыргыз обкомунун 7-кон- ференциясында бул кат туурасында оош-кыйыш пикир айтылган. Мына ушундан кийин, силердин айыбынар туура, мен жанылган экенмин дегенден башка Касымда арга калбай, бул жалаадан кутулуунун амалын издеп жан далбаска тушту. Жанылыштым деп мойнума алсам, бир шыпаа болор деген ой менен «Мурда улутчул болгондугун, бай- манапты мактап, ал заманды телегейи тегиз заман катары ойлорун, элди алдап жургонун,мындан ары эч ким менен байланыш тузпосун, кемчиликтеринен арылып тазалануу учун, партиялык уюмдан жардам берип иш жузундо сынап коруусун» суранат. Бирок мындай актануудан эч нерсе чыкпайт, Касымдын айланасындагы окуялар чиеленип, татаалдана берет. Бул катаал жазалоо менен репрессиядан, алаамат трагедиядан эч ким кутула алган эмес. 1933-жылы катуу азапка малынган К. Тыныстановдун жана башкалардын шоруна 30-жылдын ортосунан баштап «партияны жат элементтерден тазалоо керек» деген буйрукка дал келип, тазалоочулар эч убара болбостон Касым Тыныстановго окшогон адамды даярдап турушту. 1937-жылы 27-февралында партиянын катарын тазалоо боюнча жыйында «Эки жуздуу, буржуазиячыл- улутчул Касым Тыныстанов партиянын катарынан чыгарылсын» деген чечим кабыл алынган. Партиянын катарында калтыруу жонундогу Касымдын отунуч арызы 1927-жылдын 7-майында каралып, мурдагы чечим оз кучундо кала берди . Ал борбордук партия комитетинин алдындагы текшеруу комиссиясына кайрадан кайрылды. Бул жолу ондой берди болуп мучолукко отуудо «Алаш-Ордо» партиясында болгондугун, жашырбагандыгын эске алып Касым партиянын катарында калган. Ошондо ага иштеш учун аз да болсо шарт тузулгондой болот. Ал бардыгын жыйнаштырып таштап, нечендегенден бери толгонуп жургон ойлорун жузого ашыруу максатында Москвага жонойт. Бирок 1937-1938-жылдардын алааматы жакындап. Касым Москадан чакыртылып, 1937-жылы 1-августта камалат. Изин суутпай тез эле Касымды партиядан чыгаруунун себебин корсотпостон 1937-ж 4-августта ал чечимди бекитишет. Адегенде аны коопсуздук комитетинин турмосуно камашат. Андан кийин 1938-жылдын 5-ноябрында СССР Жогорку аскердик сотунун жабык кочмо сессиясында Касым Тыныстановго 1927-ж баштап улутчул , диверсиялык, зыянкеч, чыккынчы террор деген жалган жалаалар менен айып коюлуп, атууга окум чыгарылган. Маалыматарга караганда ал 1938-жылдын 7-ноябрында атылган. 4-окуучу Эркин агай, эгер сизге оор болбосо ошол убактагы уй булонуз тууралуу кыскача айтып берсениз? Алып баруучу : Эмесе кийинки созду медицина илиминин кызматкери агайыбыздын уулу-Эркин Тыныстановго берсек: Касым Апам Турдубу атам экоо он уч жыл бирге жашап уч балалуу болушкан: улуу агам Тендик карындашымдын аты Бура. Агам улуу Ата Мекендик согушка катышып, башынан оор жарат алып, айылга кайтып келип дуйнодон кайткан. Атам камалганга чейин биздин уй-було бакыбат эле жашашкан. Чон атам Тыныстан чарбачыл киши болуптур, ал отургузган алма бак-дарактар мол болуп «Тыныстандын багы» деп аталган экен. Кийин чон атамды да бай- манаптын окулу катары жалган айыпташып Украинага сургунго кочурушкон , атам абакка алынганда, ал бактар кыркылып,жада калса тамдын да пайдубалын бузушуп туздоп эгин айдап салышыптыр. Атам абакта чогуу болгон Мыктыбек Ахун абамдын атам тууралуу айтканы бугунку кундогудой эсимде «Эгер киминер капастан кутулуп чыксанар, менин уйумо барып, аялыма, балдарыма:»Атан эч кандай куноолуу эмес, эч бир ишти мойнуна да алган жок. Элге, Ата Журтка жузум жарык! Балдарым, алган жарым менин ушунумду угуп, дал ушунумду тушунсун!» деген создору журогумдо. Ал эле эмес чон атам Тыныстанды, чон энем Арпабекти да «Эл душманынын ата- энесисинер» деп камакка алып, коп узабай кайра бошотушкан. Мага Мединсти- тутту ийгиликтуу бутургондон кийин Москвага аспирантурага жолдомо берилсе да «Эл душманынын баласысын» деп жибербей коюшканда ото ыза болгом. «Ак ийилет, бирок сынбайт» деген чын экен атамдын козу отсо да кийин акталып кыргыз элинин, силерге окшогон жаш муундардын журогундо туболукко сакталып келе жатканы мени чындыгында чон кубанычка болойт. Алып баруучу:Рахмат, азыр сиздерге окуучулар тарабынан Касым Тыныстановдун абактагы кундорунон бир корунушту сахналаштырып бермекчи. . Касым агай ошол бойдон турдубу? . Тилибиздин пайдубалын курдубу? . Кандай болду? Ага тагдыр буйругу? Автор: 1937-жыл. Шаарга суук эрте тушуп, турмонун мештерине от жагыла баштаган кез. Желдет Касымды желкеден бурдай кармап. Буту мененмештин оозун канк дедире ачты. Капкара комур кыпкызыл чок болуп,алоолой лапылдап куйуп жаткан эле. Дал ошол лапылдаган мештин оозуна Касымды желкеден куушура кармап, башын шыркыраган чокко жакын алып келип тосту. Жузун бура бергенде тобо чачтары шыр эте тутой тушту. Жан керек экен,Касым ток тийгендей артына тарс булкунду. Он кулагы дароо ылжырай тушуп, он кашы калбай куйкаланып кетиптир. Желдет желкеден кармап , Касымды тергоочунун алдына алып келди. Тергоочу: -Айт чынынды?! Касым:- Айтпадымбы?! Тергоочу:- Айтканын ушубу?! Касым: - Дагы кандай айтыш керек?! Тергоочу: - Чынынды айт?! Касым: -Чынымды айтсам ишенбей жатпайсынарбы? Тергоочу: - Мен ишенбей жатамбы? (урат) Стол тартмасынан тергоочу учталбаган карандаш алып желдетке берди. Каран- даштарды желдет Касымдын манжаларынын ортосуна экиден салып, чон колдору менен куушура кысты эле Касым башын дубалга уруп, чынырып ийди, жаны туз эле бутунун учуна чейин чыркырап барып, аерден ичыга албай кайра тобосуно келип чимирилип тургандай, конулу азып, окшугусу келди. Тобосу лукулдап денесинен муздак тер кетти. Тергоочу: - Айтасынбы чынынды? Касым: - Эй, адам баласы, сени да менин энемдей эне тороду эле го, ыя? (Тергоочу желдетке ишарат берди, ал желкеден кармап, жогору тургузду) Тергоочу: - Эй, Бухариндин кучугу! Сени менин энемдей эне торогон эмес, сени кызылдай ит торогон. Эгер чынынды айтпасан, оз колум менен башынды куйкалап соогунду короого илип коём. - Поливанов экоонор идеялаш дос болгонсунар , муну танбайсынбы? Касым: - Танбайм! (Тергоочу ишарат кылды эле желдет темир таяк менен шыйракка урду. Шалк отуруп калды. Желдет он колунун манжаларына алты карандашты саларда) Тергоочу: - Токто, он колунун бизге кереги тийет. Куноосун мойнуна алганда токтомго кол коёт. - Ал мойнуна! Касым: - Эй адам баласы ушундан коро атып салчы? Тергоочу: - Сага ок коротуп жиндиминби? Мойнуна албасан соогуну бут чагам! (Желдетке) - Отургуз биякка! Мына кагаз калем алдында, куноонду мойнума алдым деп кол кой! Азыр десен, азыр коё берем! Касым: (тузолуп) - Гражданин тергоочу жалганды кантип чын деп мойнума алам кантип кол коём!? ( Шашылбай Касымдын жанына басып келип, он колу менен урду эле, камгактай учуп тушту) Желдетке: - Алып кет! Оз убалын озуно. Автор: Мына ушундай аёсуз сурактарга азаптуу кыйноолорго Касым агайыбыз, туруктуулук менен сабырдуулук менен чыдап жатты. Мынтыктар удаа атылды: Касым мандайынын ысый тушконун гана, сезбесе башка эч нерсе сезбеди эки кашынын ортосу саамга кубара тушуп, анан шушундоп кан чыга калды Касым ошентип атылып кетти. Алып баруучу: Эмки кезекти Касым Тыныстановдун ырларынын корком окулушуна кулак тошосок. (Окуучулар Касымдын «Ала-Тоо», «Кайрат», «Жаштарга» жана башка ырларынан корком окушат) Жыйынтыктоо: Мугалимдин созу: « Ак ийилет, бирок сынбайт» дегендей эл озунун чыгаан уулунун эмгегине бийик баа берип 2001- жылы Касымдын туулганынын 100 жылдыгын салтанаттуу турдо, эл аралык денгээлде белгилеш- ти. 90- жылдык юбилейинде Касым Тыныстановдун туулган айылында мемориалдык музей жана бюсту ачылган. Бишкек шаарындагы кочолордун бирине жана Кара-Кол шаарындагы педагогикалык институтуна анын ысымы ыйгарылган. Ошондой эле анын элеси кыргыз акчасынын 10 сомдугуна тушурулду. Ошентип 1964- жылкы чечимге 1989- жылы аран кайрылып, коптогон азап-тозоктун, куроштун аркасында гана Тыныстанов оз элине, кыргыз маданиятына кайрылып келди. (Конференция-сабак мугалимдин Насирдин Байтемировдун «Эшигинерди ачкылачы» деген ырын окуп беруу менен аяктайт): . . Мен укпайын сен айтпачы отконду . Зомбулуктун уусу соокко жеткенди . Ыйык туткан замананын таманы . Дилди эзе, боорду эзе тепкенди . Мен укпайын, сен айтпагын тарыхты . Тарых деген таш тиштеткен карыпты . Айтпасан да билем откон, кеткенди . Кан кустуруп сени атып салышты . Атканына абдан кумарланышты . Озунду атты кара житирди . Актыгынды ата албай калышты . Кеткен эмес элен такыр конулдон . Касым делип кайра чыктын корундон . Баягыдай мээ чытырап ойлоно . Алчы орун адабият торундон







Колдонулган адабияттар: 1. «Кыргыз адабияты» 9-кл. Бектурсун Алымов 2002.

2.«Кыргызстандын тарыхы»11-класс.

11,12,13-параграф «Тоталитардык системанын

Кыргызстанда массалык жазалоолору»

3. «Кутбилим сабак» ноябрь 2002












































































































































































































































































Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!