Просмотр содержимого документа
«Тазалык темасы. 2-класс. Тазалык темасында сабактын иштелмеси»
Предмет: Адеп 2-класс
Сабактын темасы: Таза тыкан жана бүйрө болуу
Сабактын максаты:
Тарбия берүүчүлүүк: Окуучуларды таза жүрүүгө, тазалык эң маанилүүлүгүн түшүндүрүү. Жакшы жана адептүү болууга үйрөтүү.
Билим берүүчүлүк: Тазалык адамдын өмүрүн узартышын , тазалыктын пайдасын түшүндүрүү.
Өнүктүрүүчүлүк: Окуучлардын аң-сезимин пикирлөөсүн, кеңири пикир алмашууга көнүктүрүү.
Сабактын тиби: Интерактив, аралаш
Сабактын жабдуусу: Сүрөттөр, китеп, кроссворд, видеоматериал
Сабактын жүрүшү:
Уюштуруу
Үйгө тапшырманы суроо
Жаңы тема
Суроолор
Бышыктоо
Баалоо
Үйгө тапшырма
Саламдашуу, окуучуларды белгилөө. Азыр кайсы сабак экендигин эскертүү. Үйгө тапшырманы суроо: Үйгө берилген тапшырма: “Телефон менен сүйлөшүүнүн адеби”. Бул тема боюнча окуучулар алган маалыматтарын айтып беришет. Суроолорго жооп беришет.
Жаңы тема: “Таза тыкан жана бүйрө болуу”. Жаңы тема окуучуларга китеп аркылуу түшүндүрүлөт. Китептеги аңгемени окушат. Сүрөттөргө карап тазалык эмне экендигин, кандай кылып таза жүрүүнүн жолдорун, ден-соолукту чыңдоо үчүн эмне кылуу керек экендигине маани беришет. кылган иштерин аныктап алышат. Таза бала, тазалык жөнүндө проектор аркылуу мультфильм көрүшөт.
Окуучулар сүрөткө карап жооп беришет.
Суроолого жооп беришет:
Тазалыктын бизге кандай пайдасы бар?
Таза жүрүү үчүн эмне кылуу керек?
Тамактанудан мурда эмне кылабыз?
Тамактанып бүткөндөн кийин эмне кылуу керек?
Тишти кайсы учурда жуушубуз керек?
Бышыктоо үчүн кошумча маалыматтар окуучулардан суралат.
Баалоо: Окуучулар бааланат.
Үйгө тапшырма: Таза тыкан жана бүйрө болуу
боюнча макал табуу.
Жыйынтыктоо: